“Манастын айкөлдүгүн, кенен ой чабытын ачып бердик”

Гүлнара Айтпаева, "Манасты" ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү учуру
Гүлнара Айтпаева, "Манасты" ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү учуру
Гүлнара Айтпаева, “Манасты” ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү учуру

Гүлнара АЙТПАЕВА, “Айгине” маданий-изилдөө борборунун жетекчиси, филология илимдеринин доктору, профессор, “Маданияттын мыктысы”:
“Манас” үчилтигин ЮНЕСКОнун 196 мамлекети тааныганы, дүйнөлүк мурастар тизмесине каттоодон өткөнү жалпы кыргыз журтчулугунун төбөсүн көккө жеткирип, кубантып, сыймыктантып турган чагы. Бул ийгиликке жетүүдө ЖКнын депутаты Карганбек Самаков, “Айгине” маданий изилдөө борборунун жетекчиси Гүлнара Айтпаева менен ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлеринин жасаган эмгектери зор. “Манастын” ЮНЕСКОго карай баскан жолу жана жеңиши тууралуу Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын катчылыгы менен 2011-жылдан бери эксперт катары иштешип, расмий эмес кызмат аткарып келаткан Гүлнара АЙТПАЕВАнын маегин окурмандарга тартуулайбыз.
– Гүлнара Амановна, Кытай мамлекети 2009-жылы “Манасты” ЮНЕСКОго каттатып алгандан кийин кыргыз журтчулугун ойготуп койду окшойт…
– Ооба, бир топ ызы-чуулар чыкты – мурасыбызды сактоо жана коргоого багытталган. Ошондо ”айгинечилер” карап көрсөк, ”Манас” боюнча колго алаарлык эч нерсе таппадык: же хрестоматия, же балдарга арналган атайын булактар жок экен. Манас деп ураан чакыргандар, даңазалагандар көп болгону менен, иш жүзүндө өтө аз иштер жасалыптыр. Ошондо олуттуу бир иш жасаш керек экенин баамдап, азыркы манасчылардын айтуусундагы дисктерди чыгаруу боюнча атайын долбоор жаздык. Ошентип, алгач “Манастын” 25 сааттык айтуусундагы видеодисктерин чыгардык. Буга азыркы учурдагы белгилүү манасчылар катышкан. Сапарбек Касмамбетов, Кубан Алымбеков, Салимбай Турсунбаев башында турган 12 манасчынын дастан айтуусу кирди. Андан кийин “Семетейдин” дискин чыгардык. Учурда “Сейтек” бөлүгү басмаканада даярдалууда. Бул чыккан дисктерди өлкө мектептерине, жогорку окуу жайларына даректүү кылып бекер тараттык.
Дисктерди чыгаруудагы эң негизги утушубуздун бири – дисктер сатыкта дээрлик жок болгондуктан, биз аларды интернетке ачык, акысыз жайгаштырганбыз, мындан улам көптөгөн чет элдиктер дастаныбызды интернеттен көрүп, угуп, дисктер аркылуу “Манас” баяныбыз дүйнөгө таанылды десек болот. Мындай ишенимдүү айтканымдын себеби бар. Анткени, интернеттеги манас айтууларына Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун катчылыгы да көңүл буруп, кийинчерээк, 2011-жылы ар кайсы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн турган чоң делегациясы Бишкекке келгенде, алар бизге байланышып: “Сиздерге барып, кыргыз маданияты тууралуу жасаган иштериңиздер менен тааныштыралы дедик эле. Кандай жардам бере аласыздар?” деп сурашканда, алардын акыбалын түшүнүп, макул болуп, өз кеңсебизде меймандап, тосуп алдык. Ал күнү манасчыларды чакырып, тааныштырып, манас уктурдук. Ошондон тартып, биздеги ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын катчылыгы менен тыгыз иштөөм башталган.
– Материалдык эмес маданий мурасты ЮНЕСКОго каттатууда алгач арыз тапшырууну атайын топ даярдайт эмеспи. Бул ишке Сиз кандайча катышып калдыңыз?
– Ырас, арызды атайын жумушчу топ даярдайт. Өз убагында “Манас” номинациясын ЮНЕСКОго жазуу боюнча да жумушчу тобу түзүлүп иштеген. 2012-жылдын башында “Манас” үчилтиги боюнча номинациясы жазылып, ЮНЕСКОнун секретариатына жиберилген. Номинацияны ЮНЕСКОдон алгач жардамчы топ, анан секретариат карайт, андан соң пикир жазышат. Мына ошол пикир келгенде, Кыргызстан үчүн кубанарлык жооп болбогонун ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын катчылыгында материалдык эмес маданий мурас боюнча адиси Сабира Солтонгелдиева мага кабарлап, айрым маселелер боюнча кеңеш сурады. Ал өтө капа болуп, тынчсызданганынан, колуман келген жардамымды берейин дедим. Анын үстүнө, кайрадан арыз тапшырууга өтө эле кыска убактыбыз бар экен. Ошентип, “Манас” номинациясы боюнча кайра башка арызды абдан тез даярдап жазууга туура келди. Бул кыска убакытта мен дастандын өзүнө түздөн-түз байланыштуу бөлүкчөлөрүн толук кайра жазып чыктым. Бир бөлүкчөнү “Айгинеде” иштеген Айбек Самаков деген кызматкерибиз дароо англис тилинде жазып бүтүрдү. Сабира болсо, мамлекетке тиешелүү – дастандын сактоо, өнүктүрүү, таратуу боюнча бөлүкчөлөрүн кылдаттык менен кайра иштеп чыкты.
– Мурдагы жумушчу тобу даярдаган арыздын кандай жазылганы менен таанышып чыгып, анан өзгөртүү киргиздиңизби же жаңы жазып чыктыңызбы?
– Мен ЮНЕСКОдон келген сын-пикирди гана карап чыктым. Ал эми мурунку арызды карап чыгууга, чынымды айтсам, убакытым болгон жок. Сын катты окуганда, жазылган номинация техникалык жагынан да күмөндүү экенин түшүндүм. Мисалы, арыз бир нече бөлүкчөлөрдөн турат. Ошол ар бир бөлүкчөнүн ичинде канча сөз камтылышы керек, мазмундун багыты кандай болуш керек экени белгиленет. Эгер “200 сөздөн ашпоого тийиш” деген жерде 201 сөз кетип калса эле ЮНЕСКОнун комиссиясы аны ачып да карабаганга акысы бар. Биринчи жазылган номинацияда мындай талаптар толук сакталбаптыр. Ошентип, тез арада кантип туура арыз жазуу керектиги боюнча гана ойлондум: ”Манас” 2009-жылы Кытай тарабынан катталып калган, ал ЮНЕСКОдо бар, ошол үчүн биз “Манастын” башка жагын, анын кайталангыстыгын, өзгөчөлүгүн, Кытай тарап көрсөтпөгөн жагын алып чыгышыбыз керек эле. Биздин максатыбыз – номинацияны шырдактай кылып талаш-тартышка түшүрбөө эле. Анткени, шырдак беш көрсөткүчтүн бирөөсүнөн өтө албай, аз жерден калганбыз. Эреже боюнча бир нече талаптарга камтылып жазылган номинация кемчилиги менен жазылган күндө деле карала берет, бирок, добушка келгенде кыйын болот. Беш көрсөткүчтөн эскертүүсүз түз өтүп кетүү – жазып жаткан ”Манас” номинациясы үчүн башкы максатыбыз болду. Төртөөнөн өтүп, биринен суроо-жооп талашына түшсө эле биздин сунушубуз өтпөй калышы мүмкүн болчу, анткени ЮНЕСКОнун тизмесинде Кытай сунуштаган “Манас” турат да. Биз арыздын ар бир бөлүгүн кынтыксыз жазууну, ”Манасты” дароо “макул” кылып өткөрүүнү көздөдүк. Мындай шартта ЮНЕСКОнун Улуттук комиссиясынын жетекчиси Элнура Корчуева менен Сабира Солтонгелдиеванын эки жолу бар эле. Же макул болуп номинациянын мурунку боюнча калтырып талаш-тартышка салуу, же кыска мөөнөттө жаңысын жаздыртып, ЮНЕСКОго салып жиберүү. Жаңы арызды жаздыргандары – Улуттук комиссиянын мойнуна алган чоң жоопкерчилиги болду. 9-январь 2013-жылы Сабира менен бирге Бишкектеги манасчыларды “Айгинеге” чакырып, иштин акыбалын түшүндүрдүк. Аларга айтып коюу – менин милдетим, парзым эле.
Биз даярдаган арызда үчилтикке тиешелүү түздөн-түз маселелер жазылды. Айкөлдүн чачылганды чогултуп, кыргыз улутун кураган адам экени баса белгиленди; экология боюнча маселесинде жайчылыкты, андагы адам менен табияттын ортосундагы зор байланышты ачып бердик; кытай элинен келген Алмамбет менен Манастын, тажик кызы Каныкей менен Манастын мамилесине токтолуп, эл аралык жагын белгиледик; манасчылыктын жана манастын өнүгүп турган жандуу, тирүү нерсе экенине, кыргыздарга гана эмес, башка элдерге да пайдасы тиерине көңүл бурдурдук; Манастын айкөлдүгүн, өздөрүнө жана башкаларга болгон кенен ой чабытын ачып бердик; руханий жана улуттук өзөгүн кармап турган маданий көрүнүш экенин, Союз учурунда канчалык куугунтук жебесин өнүгүп-өсүп сакталып калганын, манасчылар болбой манас болбостугун, азыркы учурда кандай жолдор менен муундан муунга берилерин айттык. Аян, касиет, кайып дүйнө деген, манасчылар жана манасчылыкка эзелтен байланыштуу түшүнүктөрдү дагы киргиздик.
– Арызды ЮНЕСКОго салып жибергенден кийин өзүңүз кандай ишенимде болдуңуз?
– Өзүм жазган бөлүкчөлөр ЮНЕСКОнун талаптарына жооп берээрине толук ишенип турдум. Анткени, бир четинен, манасчылар менен эң аз дегенде он жылга жакын иштеп жүрүп, көп байкоолор пайда болуп, иликтөөлөр жүргүзүлдү. Башка жагынан, биз көп жылдар бою эл аралык долбоорлорду жазып, бир топ тажрыйба топтогонбуз. ЮНЕСКОнун арызы – бул эл аралык талаптарга ылайыктуу жазыла турган арыз болчу. Кайсы гана долбоор же арыз болбосун, – ал жөнөкөй кагаздын бир нече эле барактары да. Ошол барактарды кандай “тирүү”, “жандуу”, ынанымдуу кылып жазып берүү – ушул максатты башынан аягына чейин эстен чыгарган жокпус.
1-декабрда Азербайжанга баратканда беш көрсөткүчтөн тең өткөнүбүздү бир-эки киши билгенбиз. Бирок ар кандай күтүлбөс тоскоолдуктар болушу мүмкүн деген сак ойдо болуп, Бакуга ички даярдык менен барганмын. Жол сапарында тынчсызданбай койгон жокпуз. Тигил жакка жеткенде да баарыбыз түпөйүл болуп жаттык. “Кытай жазганыбызга каршы чыкса, эмне деп жооп беребиз?” деп улам бири менден сурап коюшат. Аларга “бирдеме кылабыз” деп коюп, кантип коргоп, жактаарыбыз тууралуу өзүм тынымсыз ойлоно баштадым. Бактыбызга жараша, үчилтигибиз үч мүнөттө эле өтүп кетти. Ал эми биздин алдыбыздагы Иран мамлекети өздөрүнүн салттык, элдик медицинасын 40 мүнөт жактаса да өтпөй калышты. Бул мисал биз өзүбүздүн арызыбызды кайра иштеп чыгып, талашка салбаганыбыз – абдан туура аракет болгонун ошондо баарыбыз даана көрдүк. Негизи, кыргыз журтчулугунун ЮНЕСКОдо кандайдыр бир жолу болуп турат деп айта алам. Анткени ала кийиз жана шырдак номинациясы 2012-жылдын декабрында каралып, ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитеттердин маданий мурастар боюнча 7-жыйынына, Парижге Карганбек Самаков, Динара Чочунбаева, Сабира Солтонгелдиева болуп барып калдык. Ал эми үчилтик ал убакта алгачкы тепкичтердин сынагында турган.
Төртөөбүз барганда эле ЮНЕСКОнун секретариатын башкарган секретарь Сесиль Дюваль айым бизге айтып калды “силерден адис катары эки киши келген турбайбы, бирөөсү президиумга олтурсун” деп. Ал жерде олтурган адамдын милдети – президиумда олтуруп, талкууга алынган кагаздардын баарын текшерип, ар бир сөздү өз ордуна коюу керек. Бир сөз менен айтканда, иш кагаздарына жооп берчү адам. Ушундай жооптуу кызматка мени олтургузуп коюшту. Бул мен үчүн чоң тажрыйба болсо, биздин кийинки жылдагы үчилтигибизди жактоого чоң сабак алуу болду. Анткени жогору жакта олтуруп, бардык иш жүрүшүн көз алдымда көрүп, түшүнүп, президиумдун өзүндөгү ишти да жакшы түшүнүп калдым. Жети күн бою бардык ишти алаканга салгандай көрүп, 200дөй өлкөнүн өкүлдөрүн, кимиси кандай иштегенин, маданияттын саясаты кандай жүрүп жатканын байкап турасың. Ички ишин билип алгандан кийин, “бир топ киши өтө кылдаттык менен карайт турбайбы, ар кандай маселелер чыгат экен, бир жылдан кийин эмне болобуз?” деп “Манас” номинациясы үчүн бир жыл мурда тынчсыздана баштадым.
Номинацияларды киргизүүдө ЮНЕСКОнун бир канча тизмеси болот. Маселен, “Манас” репрезентативный деген тизмеге туш келди. Бул ошол өлкөгө тааандык деген маанини билдирет . Ал эми шырдак менен ала кийиздин байыркыдай жасоо технологиялары жоголуп бараткандыктан, ”Шашылыш түрдө сактала турган маданий көрүнүштөр” деген тизмеге тиркелген. Шырдагыбыз добушка коюлгандан кийин, беш көрсөткүчтүн бир көрсөткүчүнөн өтпөй калуу коркунуч туулду. Ал көрсөткүч – мамлекет тарабынан сунушталган сактоо планы дегенди жакташыбыз керек эле (бул эми баарыбызга белгилүү нерсе да, биздин мамлекет чындыгында эле ала кийиз, шырдак жана ушул сыяктуу мурастарыбызды сактоого азыр көңүл бура албаганы белгилүү). Ошондо күчтүү адистер – Бразилиядан Адам, Индонезиядан Гаура дегендер бизди тааныбай туруп эле шырдагыбызды жерден алып, көккө илип коюшту. Ошону менен шырдак, ала кийизибиз өтүп кетти. Көрсө, жогоруда мен айтып кетпедимби ЮНЕСКОнун өкүлдөрү Бишкекке келишкен деп, ошондо “Манас” жана башка кыргыз өнөрчүлүктөрү менен таанышып, абдан баа берип кетишиптир. Демек, номинацияларды коргоо ишинде эксперттин иши өтө чоң роль ойнойт экен. Күчтүү эксперттин номинациянын өзөгүн чыгарып, утуп берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экен.
– Бакуга баруудагы жол кире, жатакана ж.б.у.с. ким каржылады?
– Элибиздин намысын коргоодо чоң күч-кубат болуп берген Карганбек Самаков элдин алкышына, батасына арзыйт. Ал киши эки жылдын ичинде манасыбызга өтө чоң кызмат кылды. 2010-жылдан бери 5-6 жолку иш сапарларынын баарын өз каражатына көтөрдү. Чет элдиктерге шырдак баштаган далай кымбат баалуу белектерди берип, сый көргөзүп, дипломатиялык мамилени татыктуу кармады. “Манасты” коргоого Бакуга баргандагы 30 адамдын жол киреси, ал жактагы мыкты мейманканаларга жайгаштыруусу, ЮНЕСКО өкүлдөрүнө тапшырылган белектер эле эмне деген каражат.
Карганбек Самаковдун үчилтик кабыл алынаардагы катуу түйшөлгөнүн, сарсанаа болгонун, 7 манасчыны делегациянын ичине кошуп, барган адамдардын баарына камкор мамиле көрүп, кыргыз баалуулуктарын барктаган, баасын билген, өзү билип-билбей кыргыз касиетин алып жүргөн адам экенин түшүндүм.
Сөздүн аягында айтып кетчү нерсе, бул иштин башталышы тээ 2003-жылда жатат. Ошондо Бексултан Жакиев агай баш болгон топ “Манасты” биринчи ЮНЕСКОнун ошол учурдагы шедевр тизмесине киргизишкен. Улуу Баяныбызды колдоп жүргөн бир нече мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар бар, миңдеген Манастын күйөрмандары бар. Ошолордун иш-аракеттери жана тилектери үчилтигибиздин дүйнө алкагында кыргыздыкы деп таанылганына өз салымын кошту деп толук айта алам.

Гүлнара АЛЫБАЕВА,
“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*