Айыл мектептери да заманбап шарттан куру эмес

Жаӊы жылдын алдында Ысык-Көл районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абировага  Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен “Даӊк” медалы ыйгарылды.

 Эмесе, жигердүү жетекчи жөнүндө учкай кеп кылалы.

Дамира Абированын эмгек жолуна кылчайсак, 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийин  Ысык-Көл районунун  Темир айылындагы орто мектепте орус тили жана адабияты сабагынын мугалими болуп иштөөдөн баштаган экен. Кийин, 1982-жылы ушул эле мектепте окуу-тарбия иштери боюнча мектептин директорунун орун басары, 1986-жылдан Ысык-Көл районундагы К.Орозов атындагы Корумду орто мектебинде директор, 1997-жылдан Ысык-Көл облусунун билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2000-жылдан облустук билим берүү институтунда директор, 2003-жылдын октябрь айында Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын өткөргөн конкурсунда жеӊип чыгып Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Анын жөнөкөй мугалимдик кесипте иштеп чогулткан тажрыйбасы кийин жетекчилик кызматка келген мезгилинде чоӊ пайда берди. Себеби, элеттеги мектептин көйгөйлөрү ал үчүн жаӊылык эмес эле. Мындай шарт жагдай жалпы педагогикалык майданда мугалимдер менен жагымдуу маанайды жарата алды. Ошентип, иштин көзү табылып, ириде билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу негизги максатка айланып келет.Арийне Дамира Абирова 35 жыл эмгектенген билим берүү тармагында, анын 30 жылы билим берүү мекемелеринин жетекчилик кызматында  иштеген мезгилдердин ичинде өзүн ишин тыӊ билген, билим берүү системасын мыкты түшүнгөн  профессионал катарында көрсөтө алды десек аша чапкандык болбос.  Жогоруда баса белгилегендей, Дамира эжей жөнөкөй мугалим болуп иштеп жүргөндө эле, тандап алган кесибине берилген, иштерман, жеткинчектерге орус тилин жана адабиятын сүйүп окууга талбай үйрөтүп, окуучуларын келечекте өз ордун тапкан, мекенчил инсандардан болууга тарбиялап келди. Бул  аракеттерин К.Орозов атындагы Корумду мектебинин директору болуп турганда да андан ары улантты. Мектепти жетектеген 11 жылда мугалим, тарбиячы, жетекчи катары да мол тажрыйбага ээ болуп, райондо начар көрсөткүчтүү мектепти алдыӊкы мектептердин катарына кошуп, мугалимдер  жамаатын кыйынчылыктарды  жеӊе билген, бекем жана ынтымактуу коллективге жеткире алган. Окуучулардын билим сапатын бекемдеп жана өркүндөтүүгө зор салымын кошкон жана аларды жогорку маданияттуулукка үйрөтүп, бирдей мектеп формасынын дайыма сакталышына жетише алган. Дамира эжей өзүнүн бүтүндөй педагогикалык ишмердигинде мугалимдердин аӊ-сезимин жана алардын өз ишине болгон мамилесин өзгөртүп,  келечектин ээлерин тарбиялоодо шалаакылыктан жоопкерчиликтүү болууга, кош көӊүл мамиле кылуудан алыс болуп, өз элин, жерин сүйгөн азаматтарды тарбиялоого  үндөп, ошонун үстүндө талбай иштеп келди.

Ушундан улам Дамира Абировага чоӊ ишеним көргөзүлүп, 1997-жылы Ысык-Көл облустун билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына дайындалган. Ал бул кызматта турганда бүтүндөй облустун билим берүү тармагына чоӊ жоопкерчиликтүү мамиле жасап,  билим берүү тармагындагы топтолгон алдыӊкы тажрыйбаны, ыкмаларды мектептерге жайылтууга жигердүү аракетин жасады. Мында облустун мектептеринде окуучуларды окутуп тарбиялоого жаӊыча мамиле жасап, окутууда мезгилдин талабына жараша инновациялык технологияларды киргизүү менен билим сапатын бекемдеп жана жогорулатууга көп күчүн жумшады. Облустун билим берүү институтунун директору кызматында  мектептерде  методикалык ишти мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууга, өз билимин өркүндөтүү аркылуу билим сапатын көтөрүүгө багыттап, аналитикалык-долбоорлону системага айландырган. Облуста убагында, башкача айтканда1997-2003-жылдары окуучулардын  билим деӊгээли жогорулап, республикалык олимпиадаларда, облустар арасында дайыма биринчи орундарга жетишип келген.

Дамира Абирова 2003-жылы Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын  бош ордуна Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясынын өткөргөн тандоо конкурсуна катышып, төрт талапкерди жеӊип, конкурстук комиссиянын сунушу менен Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Райондук билим берүү бөлүмүн жетектеп келген 10 жылдын ичинде окуучуларга бекем жана сапаттуу билим-тарбия берүүнү өркүндөтүүгө жана билим берүү мекемелеринин окуу-материалдык базасынын чыӊдалышына көп чыгармачыл аракеттерди жумшоонун аркасында ийгиликтерге жетишип, натыйжада таланттуу балдар менен иштөө өз жолуна коюлган.

Д.Абированын айрыкча белгилеп кетүүчү сапаттарынын бири – бул мектеп жетекчилеринин жана анын администрацияларынын алдына айкын милдет, талаптарды коюп, ийгиликке жетишүүсүнө үндөп келиши. Ал жетекчи катары окуучулардын татыктуу билим алуусуна жакшы шарттарды уюштурууга зор көӊүл бөлө билет. Эгерде райондун билим берүү мекемелерине 2005-жылы 5 миллион гана инвестиция кирсе, бул көрсөткүч 2011-жылы 34 миллион сомго жеткен. Эл аралык уюмдардын гранттык долбоорлору менен иштиктүү мамиле түзүүнүн аракети аркасында ишке ашып, мектептерге интерактивдүү доскалар, электрондук китептер киргизиле баштады. Мектептердин 50 пайызы интернет булактары менен камсыз болушту. Билим берүүнүн сапатын арттырууга жаӊыча мамиле жасап, мугалимдердин иш шартына, алардын эмгегинин стимулдашуусун негиз кылып мектептерди жаӊы типке, статусунун өзгөрүүсүнө, айрыкча мамиле жасагандыктан, ушул күндө райондо бир билим комплекси, үч гимназия, үч лицей мектептери окутуунун алдыӊкы ыкмаларын колдонуу менен ийгйликтерге жетишүүдө. 

Ошол аракеттердин негизинде райондун мектеп окуучулары облустук предметтик олимпиадаларда акыркы алты жылы бою биринчи орундан түшпөй келет.

Республикалык олимпиадаларда да облустан биринчи орун алган окуучулар байгелүү орундардан калбайт. Эки жолу райондун окуучулары Кыргыз Республикасынын Президентинин “Алтын сертификатына” татыган. Бир окуучу 2011-жылы Сингапурда өткөн Бүткүл дүйнөлүк олимпиаданын катышуучусу. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында район тесттик баллдардын орточо көрсөткүчү менен облуста 2009-жылдан бери биринчи орунда.

Үстүбүздөгү жылы да район, облуста “Мыкты райондук билим берүү бөлүмү” наамын жеӊип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасына татыган.

Дамира Абирова райондун коомдук иштерине да жигердүү катышып келет. Райондук тил комиссиясынын төрагасынын орун басары. Райондун “Ардактуу атуулу”. Көп жылдык талыкпас эмгеги үчүн Билим берүү министрлигинин, областык, райондук мамлекеттик администрацияларынын бир нече жолу Ардак грамоталары менен сыйланууга татыктуу болгон. Кыргыз тилин өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын тил комиссиясынын  Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыктысы”, ”Профсоюздук кыймылынын мыктысы” наамдарынын ээси. Жаӊы жылдын алдында ага мамлекет алдындагы өзгөчө эмгеги үчүн Президенттин жарлыгы менен “Даӊк” медалы ыйгарылды.

Элеттеги балдарга заманбап билим берүүдө бардык күч аракетин жумшаган мугалимдердин колуна кол, бутуна бут болуп, жеӊилин жерден, оорун колдон ала билген жетекчинин бул ийгиликтери менен биз да чын дилден куттуктап, Дамира Эсеналиевнага иштерине ийгилик каалап кетели.

 М.Кайыпов, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*