Эмгек акынын эсеп-кысабы

Мугалимдердин эмгек акысынын жогорулаганына жана аны төлөө системасынын өзгөргөнүнө эки жылдан ашуун убакыт өткөнү менен бул маселе боюнча мугалимдерге толук кандуу маалымат жетпей жаткандыгын редакцияга келип түшкөн каттар тастыктап турат. Мугалимдерге эмгек акынын төлөнүшү тууралуу маалымат берүү максатында Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык отчет башкармалыгынын тийиштүү адистерине кайрылганыбызда, алар эмгек акынын бөлүнүшүнөн баштап, салыктардын кармалышына чейин эсептеп беришти.  

КР Өкмөтүнүн  2011-жылдын 19-январындагы Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаӊы шарттарын киргизүү жөнүндө токтомунун негизинде 2011-жылдын 31-майынан тартып жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдери, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттарынын тарбиячылары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окуучулары үчүн саатына карата эмгек акы төлөөнүн негизинде эмгек акы төлөөнүн жаӊы системасы киргизилген. Ага ылайык мугалимдерге эмгек акы мурункудай ставкага эмес саатка жараша төлөнө баштаган. Токтомго ылайык жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептер, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттар) мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына саатына карата эмгек акы төлөөнүн өлчөмү төмөндөгүдөй аныкталган:

Кызматтын аталышы Бир сааттык окутуучулук иш үчүн акы төлөө, сом менен
Орто билим Орто кесиптик билим Жогорку билим магистр
Мугалим, окутуучу 28 40 45 50

 

 

Талап боюнча мугалимдин бир жумалык сааты 30 сааттан, жалпы бир жумалык жүктөмү 49 сааттан ашпашы керек. Мектеп  жетекчилерине болсо мурда алты саат гана берилсе, быйыл ал 12 саатка көбөйтүлдү. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячыларына – 62 саат, мектеп-интернаттарынын, балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына – 52 саат, мектептен сырткаркы билим берүүчү мекемелердин  мугалимдерине – 41, кесиптик окуу жайлардын мугалимдерине – 1240 саатка чейин уруксат берилет.

 

Эмгек акыга кошула турган төлөмдөр

 

Жаӊы токтомдун негизинде мурда төлөнбөй келген кошумча сааттардын киргизилиши менен тажрыйбалуу мугалимдердин эмгек акысы – 2,1 эсе көбөйсө, жаш мугалимдердин эмгек акысы 3,2 эсе көбөйтүлгөн. Мисалы, мурда сабакка даярданууга, чеберчиликти жогорулатууга, методикалык бирикмелерди жетектөөгө эч кандай акча төлөнчү эмес. Азыр болсо ар бир эмгек түйшүгүнө жараша сааттарга бөлүштүрүлгөн:

Класс жетекчилик үчүн жумасына –  4 саат;

–  Жаш мугалимге устат болуу  үчүн жумасына  – 2 саат;

– Мектептин (райондун) методикалык бирикмесин жетектөөүчүн жумасына – 2 саат. Мындан сырткары жумасына кеминде алты сааттан кем эмес педагогикалык иш жүргүзгөн ар бир мугалимге, жетекчи жана администрациялык-чарбалык, окуу-көмөкчү персоналдын ичинен башка кызматкерлерге бул максаттар үчүн сабактык жүгүнө карабастан жумасына эки саат бөлүнөт.

20 сааттык жүктөмү бар жогорку билимдүү мугалимге сабакка даярдануусу үчүн эки саат кошулуп, натыйжада бир айда сабакка даярданууга эле сегиз саатка эмгек акы чыгат. Бул кошумча акы мугалимдин бир жумалык сааты 20 сааттан ашса кошулат, андан аз болсо кемитилет.

Класс жетекчилик үчүн орто кесиптик билими бар мугалимдин жүктөмүнө жумасына төрт саат кошулат. Ошондо бир айдагы 4 саатты х 40 сомго (орто кесиптик билими бар мугалим үчүн саатына 40 сом төлөнөт) х 4,3 жумага=688 сом эмгек акысына кошулса, жогорку билимдүү мугалимдин эмгек акысына 774 сом кошулат.

Токтомго ылайык дептер текшерүүүчүн эмгек акы дагы бир кыйла жогорулады. Мурда бул иш үчүн эӊ көп 65 сом төлөнүп келсе, азыр төмөнкүдөй сааттарга бөлүнөт:

–  башталгыч класстарга – мугалимдин класстагы сабактык жүгүнө карабастан жумасына 4 саат, класста 15 окуучудан кем болсо – 2 саат бөлүнөт. Ошондо 4 саатты  х 45 сомго х 4,3 жумага = 774 сом айына эмгек акысына кошулат. 

– Окутуу кыргыз тилиндеги класстарда кыргыз тили жана адабиятына, окутуу орус тилиндеги класстарда орус тили жана адабиятына, окутуу өзбек тилиндеги класстарда өзбек тили жана адабиятына, окутуу тажик тилиндеги класстарда тажик тили жана адабиятына – жумасына 4 саат, класста 15 окуучудан кем болсо – 2 саат;

– Математикага – 3 саат, класста 15 окуучудан кем болсо  – 2 саат;

– Окутуу орус, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда кыргыз тилине, окутуу кыргыз, өзбек жана тажик тилдериндеги класстарда орус тилине, чет тилдерге класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына – 2 саат;

– химия, физика, биология, география, информатика жана технологияга класстагы окуучулардын санына карабастан жумасына – 1 саат. 

Эгерде мугалим жумасына 20 сааттан ашык сабак  берсе, анда дептер текшерүүгө убакыттын сарпталышы пропорциялуу көбөйөт. Мында сааттын саны бүтүн бирдиктер менен көрсөтүлөт. Сааттын жарымынын жана андан ашыгынын мааниси бирдикке чейин тегеректелет, сааттын жарымынан төмөнкү мааниси алып салынат.

Мисалы, мугалим жумасына 22 саат кыргыз тилин окутат, дептер текшерүүгө убакыт: (22:20) х 4 саат = 4,4 саат = жумасына 4 саатты түзөт, айдагы апталардын орточо саны 4,3.

Мындан сырткары 2011-жылдан бери айыл жеринде жайгашкан мектептердин мугалимдерине жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучуларына жумасына 20 сааттык окутуу иши үчүн, бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиячыларына жумасына 30 саат үчүн, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларына жумасына 36 саат жана айыл жеринде жайгашкан билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысынын ставкасы үчүн айына 1000 сом өлчөмүндө кошумча акы берилет. Эгерде мугалим (окутуучу) же тарбиячы ушул аныкталган сааттан азыраак же көбүрөөк иш аткарса, анда айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы тийиштүү түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.

Мисалы, Москва районунун Төмөн-Суу айылындагы орто мектептин мугалиминин жумасына 18 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар. Бул мугалимдин айыл жериндеги иши үчүн кошумча акы мындай болот:

1000 сом х 18 саат : 20 саат = 900 сом.

Военно-Антоновка балдар үйүнүн жумасына 36 сааттык көлөмдө окутуу жүгү бар мугалиминин айыл жериндеги кошумча акысы мындай болот:

1000 сом х 36 саат : 30 саат = 1200 сом

Мурда алдыӊкы тажрыйбалуу мугалимдерге берилип келген категория 2009-жылдан баштап алынып салынган. Себеби жалпы мугалимдердин 3% гана категориясы жок болсо, калган мугалимдердин 65% жогорку категориялуу. 1-категориядагы мугалимдер 20,3% түзсө, 2-категориядагы мугалимдер 13% түзөт. 

– Бирок окуучунун билим сапатын жогорулатууга анын эч кандай пайдасы тийбей калган. Натыйжада категориялар жасалмалуу түрдө айлыкты көбөйтүүүчүн гана кызмат кылууга өткөн.  Ошондуктан мугалимдердин категориясы жоюлуп, анын ордуна дем берүүчү эмгек акы фонду түзүлгөн. Дем берүүчү эмгек акы фондунун эсебинен төлөө иштин натыйжасы жана сапаты үчүн дифференциялуу өлчөмдө төлөнөт жана гарантияланган эмгек акы болуп саналбайт, – дейт Билим берүү жана илим министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык отчет башкармалыгынын башчысынын орун басары Салмоор Асанов.

Мугалимдердин педагогикалык стажына жараша эмгек акы да кошулат. Мисалы, беш жылга чейин стажы бар мугалимге эч кандай кошумча төлөнбөсө, беш жылдан он жылга чейин стажы барлардын эмгек акысына чектелген сааттын негизинде – 10%, он жылдан он беш жылга чейин стажы барларга  – 20%, 15 жылдан жогору стажы барларга – 30% үстөк акы белгиленет. 

– Бул жерде дагы эмне үчүн жаш мугалимдин айлыгы тажрыйбалуу мугалимдикинен көбүрөөк көбөйдү деп мугалимдер нааразы болушту. Мунун бирден бир себеби, өзгөчө айыл жериндеги жаш мугалимдерди мектепке кармап калуу болуп саналат. Биз азыр айыл жергесинде жаш мугалимди кармап калбасак, кийин орчундуу маселе жаралат. Себеби тилекке каршы, мектеп мугалимдеринин көпчүлүгүнүн жашы 50 жаштан жогору, пенсия курагына жакындап калгандар. Статистикага таянсак, республика боюнча мугалимдердин 62% эмгек стажы 15 жылдан жогору. Беш жылга чейинки стажы барлар болгону 12% түзөт. Ал эми 10 жылга чейинки стажы барлар – 18%. Анан жаштарды өз убагында кармап калбасак,  алардын ордун кантип толтурабыз. – дейт С.Асанов. 

 

Мугалимдерге жана мектеп жетекчилерге

эмгек акы төлөө схемасы

 

Айыл жеринде жайгашкан мектептеги жогорку билимдүү,  16 жылдык педагогикалык стажы бар, жумасына 20 сааттык окутуу ишин алып барган, класс жетекчилик кылган  кыргыз тили мугалиминин эмгек акысы Шаарда жайгашкан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептин жогорку билимдүү, педагогикалык стажы жок, жумасына 20 сааттык жүктөмү менен, класс жетекчилик милдетти аткарган жаш кыргыз тили мугалиминин эмгек акысы Окуучулардын контингенти 600 балага чейинки тоолуу аймакта жайгашкан мектептин директорунун эмгек акысы
– 20 саат сабагы;

– алты саат даярдык иштери, анын ичинен эки сааты сабакка даярданууга, төрт сааты дептер текшерүүгө бөлүнөт;

– алты саат сабактан сырткаркы иштер үчүн, анын ичинен төрт сааты класс жетекчиликке жана эки сааты чеберчиликти жогорулатуу үчүн каралат.

Ошондо мугалимдин бир айлык эмгек акысы төмөндөгүдөй эсептелет:

(20 саат сабагы х 45 сом х 1,15 кыргыз тили мугалиминин коэффициенти + алты саат сабакка даярдык х 45 сом + алты саат сабактан сырткаркы иштер х 22,5 сом) х 4,3 жумага + (20 саат х 45 сом х 1,15+6 саат х 45 сом + 6 саат х 22,5 сом) х 4,3 х 1,3 (педстаж үчүн кошумча) + 20 саат сабак х 1000 сом (айыл жеринде иштегендиги үчүн кошулат) : 20 саат = (1035+270+135) х 4,3 жумага + (1035 сом+270 сом+135 сом) х 4,3 жумага х 1,3 + 1000 сом =  6192 + 1858 + 1000 = 9050 сом.

 

– 20 саат сабагы;

– алты саат даярдык иштери, анын ичинен эки сааты сабакка даярданууга, төрт сааты дептер текшерүүгө бөлүнөт;

– алты саат сабактан сырткаркы иштер, анын ичинен төрт сааты класс жетекчиликке жана эки сааты чеберчиликти жогорулатуу үчүн каралат.

Ошондо мугалимдин бир айлык эмгек акысы төмөндөгүдөй эсептелет:

(20 саат сабагы х 45 сом х 1,15 кыргыз тили мугалиминин коэффициенти + алты саат сабакка даярдык х 45 сом + алты саат сабактан сырткаркы иштер х 22,5 сом) х 4,3 жумага = (1035 сом+270 сом+135 сом) х 4,3 жумага = 6192 сом.

 

– 5700 сом – кесиптик оклад;

– 1000 сом айыл жеринде иштегендиги үчүн кошумча;

– 15% – тоолуу аймакта иштегендиги үчүн төлөнөт;

– 1,5 айлык акыга кошумча коэффициенти. Натыйжада айлык акы (5700 + (5700х15%) + 1000 сом) х 1,5=11332 сом 50 тыйын болот.

 

Мугалимдин колуна тийе турган эмгек акысы

 

Айыл жеринде жайгашкан мектептеги жогорку билимдүү,  16 жылдык педагогикалык стажы бар, жумасына 20 сааттык жүктөмү менен иштеген, класс жетекчилик милдети бар  кыргыз тили мугалиминики  Шаарда жайгашкан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептин жогорку билимдүү, педагогикалык стажы жок, жумасына 20 сааттык жүктөмү менен, класс жетекчилик милдетти аткарган жаш кыргыз тили мугалиминики  Окуучулардын контингенти 600 балага чейинки тоолуу аймакта жайгашкан мектептин директорунуку
Жалпы 9050 сомдун

– 905,5 сому социалдык фондго;

– 749,5 сому киреше салыгына;

– 90,5 сому профсоюз уюмуна кармалат.

Жалпы 6192 сомдун

– 619,2 сому социалдык фондго;

– 492,28 сому киреше салыгына;

– 61,92 сому профсоюз уюмуна кармалат.

Жалпы 11332 сомдун

– 1133,25 сому социалдык фондго;

– 954,9 сому киреше салыгына;

– 113,3 сому профсоюз уюмуна кармалат.

Натыйжада 7305,0 сом эмгек акы алат. Натыйжада 5018,6 сом эмгек акы алат. Натыйжада 9131 сом эмгек акы алат.

 

Эскертүү 

 

Салыктар дагы категорияларга жараша кармалат. Мисалы,  01.01.64-жылдан жогору төрөлгөн агайдан, 01.01.69-жылдан жогору төрөлгөн эжейден социалдык фондго 8% кармалса, бул жылдардан кийинки төрөлгөндөрдүн эмгек акысынан 10% кармалат. Эгерде ал кызматкер негизги жумушчу болсо, жалпы акыдан 650 сом алынып коюлуп, анан салыктар кармалат. Эгерде айкалыштыруучу болсо ал салык кармалбайт. Профсоюз уюмуна жалпы айлыктын 1% кармалат. Эгерде кызматкердин 16 жашка толо элек балдары бар болсо, балдарынын мектепте окугандыгы тууралуу справка, мектепте окуй элек баласынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып барып берсе, жалпы айлыктан ар бир балага жүз сомдон алынып коюлуп, анан киреше салыгы кармалат.

Жалпы билим берүүчү уюмдарынын (бардык типтеги жана аталыштагы мектептердин жана мектеп-интернаттардын, балдар үйлөрүнүн) жетекчилеринин эмгек маяналарынын өлчөмү

 

Балдардын саны боюнча жалпы билим берүүчү уюмдар Айлык кызматтык маяналар,  сом менен
Директор Директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Директордун башка орун басарлары, класстан тышкаркы, мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу
100гө чейин 5000 4500 4250
100дөн  600гө чейин 5700 5130 4845
600дөн 1200гө чейин 6400 5760 5440
1200дөн 1800гө чейин 7100 6390 6035
1800дөн көп 7800 7020 6630

 

Натыйжада мектеп мугалиминин эмгек акысы төмөнкү факторлордон көз каранды болот:

– бир жумалык окуу жүктөмүнүн санына;

– билимине;

– иш ордуна (шаардык, айылдык);

– предметинин аталышына: 1. Айыл жана шаар жеринде жайгашкан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлбөгөн мектептин кыргыз тили мугалими жана окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептин орус тили мугалимине чектелген сааттык төлөмдүн көлөмүнөн 15% жогору төлөнөт. 2. Дептер текшерүүгө.

– Мектептердин статусуна жараша (гимназияга – 15%, лицейге  – 20% кошулат.)

– Класс жетекчиликке;

– Насаатчылык;

– Мектептин (райондун) методикалык бирикмелерин жетектөөгө;

– Эмгек стажына;

– Илимий даражасына (илимдин кандидатына – 300 сом, илимдин докторуна – 600 сом);

– Ардактуу наамына (Эл мугалимине – 5000 сом, Эмгек сиӊирген мугалимине – 2500 сом);

– Тоолуу жана алыскы аймакта иштегендиги үчүн – 5%дан 80% чейин;

– Ишинин жыйынтыгы жана сапаты үчүн дем берүүчү фонддун эсебинен.

Жогоруда көрсөтүлгөн факторлорго толук кандуу же жарым жартылай жооп берген мугалимдин эмгек акысы 17000-19000 миӊ сомду түзүшү мүмкүн.

 

 

 

P.S. Урматтуу мугалимдер! Жогоруда берилген эмгек акы төлөө схемасына кимдин эмгек акысы туура келбей жатса же дагы түшүнбөгөн суроолор болсо редакцияга кайрылыӊыздар. 

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим» 

 

10 Комментарии

  1. Саламатсыздарбы. Мен февральдан баштап иштеп баштагам декреттен кийин. Отпуска канча кунго толонушу керек. Билип бере аласыздарбы.

  2. Саламатсыздарбы мен 2жыл стажым бар,орус тил мугалимимин дипломум жогору ,буюрса 27,саат мн ишке кирип жатам тоолуу аймактабыз канча суммада айлык маяна болуп калат эсептеп береаластарбы

    • Мен дагы жаны киргем ушул ноябрьдын башында 15 кун 5сааттан(жумасына 20) 4классты окуттум анан 15нен кийин 3 саат(жумасына 15) мн 0вой класс беришти ошондо канча алып калам айлык

  3. Мен орус тили жана адабият мугалими 25 жыл стаж менен 1,3, 4 жана 5 класстарга 18 саат менен иштейм.Мен 9460 сом айлык алам.Бул айлыгым туурабы, менин оюм боюнча аз деп ойлойм.

  4. Тоолу аймакта жашаймын.Мен жогорку класска 5саат,башталгыч класска 4саат инклюзив.жалпы 9 саат окутам.Айлык акымы эсептеп бериниздерчи

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*