Коррупция менен күрөшүү жемишин бере баштады

DSC08281

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин “Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Бишкектеги К.Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинин жамаатынын аткарып жаткан иш-аракеттери бүгүнкү күндө жемишин бере баштады. Үч жылдын ичинде бул окуу жайдын окутуу процесси, материалдык-техникалык базасынын чыңдалышы мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Өткөн жумада орто кесиптик окуу жайларынын жетекчилеринин башын бириктирген семинар-кеңешмеде бул тууралуу билим берүү жана илим министри Канат Садыков баса белгиледи. Автомобиль-жол колледжинин тажрыйбасын жайылтуу максатында өткөн жыйында жетекчилер, студенттер министр мырзага көйгөйлүү суроолорун берип, андан жооп алышты.

Иш бар жерде, ийгилик жаралат
“Эшигин көрүп, төрүнө өт” дегендей, К.Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинин дарбазасынан киргенде эле, окуу жайдын ичинде бир топ өзгөрүү болгонун байкадым. Чу дегенде эле студенттердин ийилип учурашканы, таза, аппак көйнөк, кара костюм кийингени көзгө урунду. Көрсө, бул окуу жайда бир эле адистикке окутуп койбостон, ириде таалим-тарбияга өзгөчө басым жасалып жатыптыр. Экинчи кабатта студенттердин отуруп алып, Wi-Fi аркылуу интернетке чыгып, сабакка даярданганга мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Ошондуктан окуу жайдагы студенттердин сабакка катышуусу 90% чыккан. Экинчиден, 80 ашык жерге видеокөзөмөл орнотулуп, ал бир эле студенттерди эмес, мугалимдерди да тартипке салып, сабак учурунда чыгып кетпегенге, кечикпегенге, изденүүчүлүк менен сабак өткөнгө түрткү болгонуна күбө болдук.

Менеджер жетекчи
Мындан үч жыл мурун Автомобиль-жол колледжине директор болуп келген Асылбек Алымкулов ишти жаңылануудан баштаган. Мугалимдер менен бирге окуу жайда кетирилген кемчиликтерди аныктап, коррупцияга каршы иш-чараларды иштеп чыгышкан.
– Биз мактаналы дегенден алыспыз. Кесиптештерибизге иштин оң жагын көрсөтүп, тажрыйбабыз менен бөлүшөлү дедик. Анткени аз убакыттын ичинде кантип ушундай өзгөрүүлөргө жетиштиңер, каражатты кайдан алдыңар деген суроолор түштү. Биз ички ресурстарыбызды эле пайдаланып жатабыз. Айтайын дегеним, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды түзүп, ишке ашыра баштадык. Ириде окуу жайдагы болгон кемчиликтерди анализдеп, көйгөйлүү маселелерди аныктап чыктык. Алар: Эмгек акынын төмөндүгүнөн мугалимдердин жетишпегендиги, сапаттуу билим берүүгө шарт түзүлбөгөндүгү, студенттердин сабакка келбегендигин алып чыктык. Мен директор болуп келгенимде сабакка катышуу эң начар болчу, абдан таң калгамын. 397 студентти сабакка келбеген үчүн окуудан чыгарганбыз. Бул биздин бир жайкы кабыл алуубуз экен. Ички сессия учурунда да маселе абдан көп экен. Студенттик өзүн-өзү башкаруу кагаз жүзүндө гана калган, Камкордук кеңеш түзүлгөн эмес, тарбия жана жумуш берүүчүлөр менен иштин солгундап кеткендиги, ошондой эле эл аралык байланыштарга такыр көңүл бөлүнбөгөндүгүн аныктап, ушул тарапта иш алып барууну чечтик, – дейт К.Көлбаев атындагы автомобиль-жол колледжинин директору, орто кесиптик окуу жайларынын директорлор ассоциациясынын жетекчиси Асылбек Алымкулов.

Мугалимдерге, студенттерге түзүлгөн шарттар
Ошентип, өз кызыкчылыгын ойлобогон жетекчи мугалимдердин оюн угуп, кайсы жол менен барса туура болот деп, алардын жардамы менен “2011-2016-жылга чейин өнүгүү концепциясын” жазып, аны педагогикалык кеңешмеде кабыл алышты.
– Биринчи жолу мугалимдердин эмгек акысын көтөрдүк. 2011-жылы төмөнкү айлык 2900 сом, жогорку айлык 5600 сом экен. Азыркы күндө төмөнкү айлыгыбыз 8700 сом, жогорку айлыгыбыз 17600 сом болду. Мурда класс жетекчиликке 150 сом төлөнсө, биз аны 1500 сомго чейин көтөрдүк. Эң негизги маселелерди так ушул класс жетекчилер менен старосталар чечишет экен. Студенттик кеңешке 12 кишиден турган мүчөлөрүн тандап алдык, – дейт колледждин жетекчиси.
Коррупцияга каршы күрөшүү үчүн ириде ал ар бир группанын старостасын кастинг аркылуу тандап алып, 72 студентке 280 сомдон стипендия төлөй башташты. Кабинет жетекчилер мурда 50 сом алса, азыр 500 сомго чыккан. Ошондой эле эмгек жамааттын, Камкордук кеңештин чечими менен он үчүнчү эмгек акыны киргизип, аны январь айында берүүнү чечишкен. Анткени бул мезгил сессиянын учуруна туура келгендиктен, студенттерден акча чогултпай, андан көрө “таман акы, маңдай теринин” акысын, иштөөгө стимул берүү чечимин ишке ашырышканын жетекчи жашырган жок. Мындан сырткары, бардык кабинеттер, лабораториялар ремонттон өтүп, керектүү, заманбап технологиялар менен жабдылган. Студенттердин ден соолугун чыңдоо үчүн жасалма кичи футбол талаасы курулган.
– Студенттерди окууга кызыктыруу максатында электрондук китепкана ачып, лимити жок интернет, Wi-Fi койдук. Тестирлөө борборун ачтык. Бул мугалим менен студенттин ортосундагы сүйлөшүүнү такыр жокко чыгарат экен. Сабак окубаган студенттер биринчи жолу эч ким менен сүйлөшпөй туруп, экзамен берсе боло тургандыгына ишеништи. Видеокөзөмөл коюп, тарбия иштерин жүргүзгөндөн кийин, студенттердин сабакка катышуусу болуп көрбөгөндөй өстү. Өзүм дагы ишенген жокмун. Учурда жалпы билим берүү бөлүмү боюнча катышуу 95%, автомобиль бөлүмү – 81%, организация бөлүмү – 85% , жалпы колледж боюнча 90% түздү. Комиссия түзүп алып, кыдырсак 25 бала сабакта отуруш керек болсо, 23 бала отурат, экөө оору же себеби бар. Мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлгөндөн баштап, сабакта инновациялык ыкмалар колдонулуп, сапаттуу сабак бериле башталды. Баардык маселени чечип койдук дегенден алысмын, кемчиликтер бар, бирок мурда кетирилген кемчиликтердин 80% чечилди деп ойлойм, – дейт Асылбек Алымкулов.
Дагы бир жаңылык, Автомобилди оңдоо жана тейлөө боюнча эл аралык аттестациядан өтүштү. Жетекчинин айтуусунда, бул аттестациядан коркпой эле өтүш керек экен, анткени алар кемчиликтерди көрсөтүп, керектүү сунуштарды беришет. Мындан сырткары, Томск университет менен келишим түзүп, 14 баланы акысыз окутуп жатышат. Ошондой эле, “Кумтөр”, “Шоро”, “Газпром” ири компаниялар менен байланыш күчөтүлгөн.

“Билим берүүдөгү коррупциялык көрүнүштөр коомдун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат”
Канат Садыков, КРнын Билим берүү жана илим министри:
– Коррупциялык көрүнүштөр, өзгөчө, билим берүү системасында болушу келечекке, коомубуздун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатат. Ички иштер министрлигинин статистикасы боюнча, башка мекеме, уюмдарга караганда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн саны боюнча 3-орунда турат экенбиз. Анткени бир жарым миллион эл билим берүү системасына түздөн-түз тиешеси бар. Ал оңой эле статистика. 1 млн. 18 миң – 1-11-класстын окуучулары, 75 миң мугалим, 30 миңдей жож менен орто кесиптик окуу жайлардын окутуучулары, 200 миңден ашуун жогорку окуу жайлардын, 100 миңден ашык орто кесиптик окуу жайлардын студенттери.
Коррупциянын биринчи булагы – окуу жайларга кабыл алуудан башталат. Орто кесиптик окуу жайларга ички кабыл алуу экзамен аркылуу өтүп жатканына байланыштуу, коррупциялык көрүнүштөрдүн тенденциясы ошол бойдон эле сакталууда экенин ата-энелер бизге кабар берип жатышат. Биздин министрликтин көз карашы боюнча, орто кесиптик окуу жайлардагы экзамендерди борборлоштурулган тестирлөө аркылуу уюштуруу керек. Экинчи булагы – ички сессия учурундагы көрүнүштөр. Андыктан окуу процессиндеги технологияларды өзгөртүшүбүз керек. Модулдук-рейтингдик технологиялар жакшы эле иштеп жатат. Модулдук-рейтингдик система студенттин убагында иштегенге, тапшырмаларды туура аткарганга түрткү бере турган жакшы система. Орто кесиптик окуу жайларда дагы бул системаны өнүктүрүү керек.
АУЦАда Академиялык тазалыкка кол койгондон кийин, курстук, дипломдук иштерин биринен бири же интернеттен көчүрүп алып, “менин ишим” деп көрсөткөн үчүн окуудан чыгып кеткен студенттерди мен билем. Эгерде орто кесиптик окуу жайлардын көбүндө тазалыкты принцип катары колдонсо, терс көрүнүштөр болбойт эле. Жетекчилер тартипти кармабаса, жыйынтык болбойт.
Коррупция космостон келген вирус эмес. Качан гана окуу жайдагы ички тартип, принципиалдуулук жана мугалим менен студенттин ортосундагы мамиленин тазалыгы эки тараптан сакталганда, иштер алдыга жылат.
Мен айтаар элем, биз өзүбүз таза болбосок, коррупцияны эффективдүү токтотуу же болбосо жок кылуу маселесин чече албайбыз. Жетекчи өзүнөн баштап, ал башкаларга үлгү болуш керек. Маселен, Автомобиль-жол колледжинин жетекчилиги үч жыл мурда алмашылган. Үч жылдын ичиндеги киргизилген жаңылыктар баарыңарга белгилүү болуш керек. Жакшы тажрыйбаны, өнүп жаткан жакшы нерсени жалпы пайдалансак жакшы болот эле.
К.Көлбаев атындагы Автомобиль-жол колледждинде деле мурда проблема боло берген. Бирок ал проблемаларды жаңы жетекчи туура чече баштаганда, бир топ өзгөрүүлөр болду. Жетекчилердин демилгеси менен гана терс көрүнүштөр тазаланат.
Колледж – орто кесиптик адистикке диплом берүүчү жай катары сезилет. Бул жагынан бир топ аткарылчу иштер бар. Окуу жайлардын лицензиясы профилге туура келбеген адистиктерди кайра чакыртып алабыз. Экинчи маселе, жогорку окуу жайлардын алдында ачып алган орто жана орто кесиптик окуу жайлардын саны көбөйүп кетти. Бул дагы эле жогорку окуу жайга өтпөй калган студенттерди убактылуу кармап турган жайга айланган. Бул жагын биз токтотобуз. Окуу жайлардын максаты – сапаттуу билим берүү менен балдардын профессионалдык жагын өстүрүү.

Суроо-жооп
? Максат Дүйшөбаев, Бишкектеги курулуштагы архитектура жана менеджмент колледжинин директору:
Мага көп ата-энелер, студенттер стипендия жөнүндө кайрылып жатышат. Ушул тууралуу маалымат берсеңиз.
Канат Садыков: 2005-жылдан баштап стипендия жардам берүүчү, стимул берүүчү эмес бир башкача формада болуп калган. Ачык айтышыбыз керек, жогорку окуу жайларда жалаң “5”ке окуган студенттер 276 сом алса, “4” окуган бала 257 сом алчу экен. Айырмасы 15-17 сом. Жогорку Кеңештин протоколдук чечими, депутаттын тапшырмасы боюнча токтом чыгардык, стипендияны көбөйттүк, жалаң “5” окуган студенттерге, аспиранттарга стипендиясы үч эсеге көтөрүлдү, жетим студенттердики 700 сомго жакындап калды.

? Алман Тохлуков, Политехникалык колледждин директору:
Кызыл диплом алгандардын баарын таланттуу деп ойлойсузбу? Экинчи, мектептерде жогорку, профессионал физика, математика мугалимдери жетишпейт. Айрым мугалимдер Пифагордун формуласын, Омдун закондорун билишпейт. Менин суранычым мугалимдердин талабын жогорулатуу керек.
Канат Садыков: Бүтүрүүчүлөрдүн көрсөткүчтөрүн ички анализ кылып көрсөк, бир эле күчтүү мугалим райондун, облустун көрсөткүчүн көтөрүп коет экен. Анын айлыгын өзгөчөлөнтүп көтөргөн жокпуз, же өзгөчөлөнтүп шарт түзүп берген жокпуз. Менимче, бул ар бир мугалимдин өзүнөн. Мугалимдин профессионалдык жагынан өстүрүүгө көңүл бурушубуз керек деген быйылкы жылдын чакырыктарынын бири. Мугалимдердин сапатын өстүрүү жагынан ички ресурстарды пайдаланса болот. Жакшы мугалимдер жок эмес.

Студенттердин сунуштары, суроолору
– Коррупцияны ооздуктоо үчүн ар бир окуу жайга сырттан келип, көзөмөл кылган ишенимдүү адам керек.
– Коррупция менен кармалган адам кызматынан бошотулушу керек. Топтогон байлыгынын 50% мамлекетке төгүп бериши зарыл. Себеби мамлекеттен жеген акчага бутуна турган. Кийинки жетекчилерге сабак болот эле.
– Мектептен начар билим алганыбызга байланыштуу, колледждин мугалимдери кошумча сабак өтүшсө, аларга кошумча эмгек акы төлөнүп берилеби?
– Мугалимдерди аттестациядан өткөрсө болобу?
Канат Садыков: Ишенимдүү кишиси болсун деген жакшы. Министрлик тарабынан жоболорду иштеп чыгууга тапшырма берилди, кошумча сессия эмес, ошол курсту эмдиги жылы окууга мүмкүнчүлүк түзүш керек.
Аттестация эмес, мугалимдерди профессионалдык жагынан сертификациялоо кылуу керек. Диплом деген болгону билим бар деген кеп. Мугалимдердин профессионалдык жагын көтөрүү үчүн шарттарды түзүп берүү зарыл. Тилекке каршы, бардыгы каражатка байланыштуу нерселер тез арада аткарылбайт экен.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*