Коррупциянын тамыры ачык иштебегендикте

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ордо калаанын мектеп, бала бакча директорлору, Камкорчулар кеңешинин төрагалары менен жолугуп, билим берүү мекемелериндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамга, Жалпы билим берүүдөгү типтүү жобого киргизилген өзгөртүүлөр боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Ал эми мектеп жетекчилерин, Камкорчулар кеңешинин төрагаларын ачык-айкын, таза иштегенге чакырды.

Бала бакча балдар үчүн
Министрдин айтуусу боюнча, коррупциялык схема мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен башталат. Маселен, өткөн жылы бала бакчага кабыл алуунун көрсөткүчү 15,4% түзгөн. Ал эми 2000-жылы кабыл алуу болгону 6% болсо, 2010-жылы ал 10% жогорулаган. Үч жылдын аралыгында демөөрчүлөрдүн, донорлордун каражатына жамааттык бала бакчалар ачылып, т.а. 384 мектепке чейинки билим берүү мекемеге көбөйгөн. Бул аралыкта шаарда бир дагы мамлекеттик, муниципалдык бала бакча ачылган эмес. Болгону жеке менчик гана бала бакчалар ачылууда. Бирок алардын төлөмү жогору болгондуктан, бардык эле ата-энелер ага балдарын бере алышпайт.
— Тилекке каршы, шаардык бала бакчаларга жазылуу, кезекке туруу ачык эмес. Коргоо секретариаты, атайын жумушчу топ анализ жүргүзсө, коррупциялык көрүнүш так бала бакчадан башталаарын аныктап чыгышкан. Бала бакчага кирүү үчүн жетекчилердин колу коюлган атайын жолдомо кагазы (направление) берилет экен. Биз ушундай иштөөдөн кутулушубуз керек. Бала бакча бардык балдарга ачык болушу керек. Ал үчүн бала бакчада ата-энелер үчүн жыл ичинде канча бала кабыл алынат, учурда канча кабыл алынган, канча орун жыл ичинде бош болушу ыктымал деген маалыматтар, ошондой эле кезекте турган ата-энелердин тизмеси илинип турушу керек. Коңшу мамлекеттерде ата-эне баласы бир жашка чыкканда эле жашаган же иштеген жерине чукул бала бакчага барып, кезекке туруп коюшат, — деди Канат Садыков.

Ыктыярдуу төлөм
Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жыл сайын коррупцияга каршы күрөшүү, мектепке кирүүдөгү ыктыярдуу төлөмдөр, ошондой эле тестирлөө боюнча буйруктар чыгып турат. Бирок ага карабастан, мектеп жетекчилери мыйзамсыз акча чогултууну токтотпой жатканы тууралуу ата-энелер министрликке кайрылып, маселеге чекит коюп берүүнү талап кылган арыздардын саны азайбаптыр.
— Өткөн жылы ата-энелерден бизге 1567 арыз түштү. Бул эмнени билдирет? Бул деген Бишкек шаардык билим берүү мекемелеринде социалдык маселе абдан курч турганын билдирет. Анткени элиталык мектептерге кирүүдөгү ыктыярдуу төлөмдөрдүн суммасы бир кыйлага жогору болуп, “Төлөсөң мектепке киресиң, төлөй албасаң мектептин эшиги жабык” дегенден кабар берет. Айрым мектептердин Камкорчулар кеңеши тарабынан чогултулган ыктыярдуу төлөмдөр канчалык деңгээлде мыйзамченемдүү экенин мектеп жетекчилери ойлонушу керек. Ырас, көп каражат талап кылган мектептер окуу жайдын айлана-чөйрөсүн тосуп, капиталдык ремонт жүргүзүп, материалдык-техникалык базасын чыңдап алганын көрүп жатабыз. Алардын бизге берген отчетунда чогултулган каражаттын 72% администрациянын жана мугалимдердин эмгек акысына кошумча каражат катары сарпталганы көрсөтүлгөн. Эгерде шаардык мектептердин 90% ата-энелер фондун пайдаланып, анын ичинен 72% мугалимдерди колдоо үчүн керектелип жатса, эмне үчүн мугалимдер менен жолуккан сайын алар эмгек акыны көтөрүү, мектептерге мугалимдердин жетишпегени тууралуу маселени көтөрүп жатышат? Ооба, эмгек акыны үч эсеге көтөрүү боюнча реформаны айылдык мугалимдер сезишти. Бирок Бишкек шаарындагы мугалимдердин айлыгы көтөрүлбөгөндөй сезим калтырылды. Анткени эмгек акыны көтөргөнгө чейин шаардык мугалимдер жергиликтүү бийликтин бюджетинен кошумча акы алып келишкен. Ал эми реформадан кийин бул кошумчаны мамлекет алып салган. Ошондуктан Бишкек шаарынын мугалимдеринин айлык акысын жогорулатуу боюнча бир топ кыйынчылыктарга дуушар болдук. Албетте, шаардык кеңеш, мэриянын жаңы жетекчилиги тарабынан мугалимдерди колдоо боюнча тийиштүү кадамдар кабыл алынат деп ишенем. Мектеп жетекчилери билим берүүнүн сапатын өнүктүрүүдө бир топ жакшы иштерди жасап жатышат. Айтып коюу керек, айрым мектеп директорлору менен жалпы Кыргызстан сыймыктанат. Анткени алардын көрсөткүчтөрү бир эле шаарга, региондорго эмес, жакынкы коңшу мамлекеттерге да белгилүү. Ошого карабастан, билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөр күн тартибиндеги эң орчундуу маселелердин бири, — деди өз сөзүндө министр мырза.

Мектеп жетекчилери от менен ойнобошу керек
— Статустуу мектепке кабыл алуу боюнча, анын жетекчиси менен Камкорчулар кеңешинин төрагасынын чечими башкы ролду ойнойт. Керек болсо, жашаган жери (микроучасток) боюнча мектепке кирүүдө ыктыярдуу каражат төлөгөндөр да жок эмес. Мектеп жетекчилери от менен ойнобошу керек. Ансыз деле шаардык мектеп жетекчилери боюнча сегиз кылмыш иши козголуп, азыркыга чейин сот иштери бүтпөй жатат. Албетте, башкалардан айырмаланып, элиталык мектептердин программасынын талабына ылайык балдар даяр болушу керек. Бирок кирүү сынагы өзү билемдик мааниде жүрүп, акыркы сөздү мектеп директору гана айтып калган. Ошондуктан мыйзамды бузбаган, кесиптин аброюн түшүрбөгөн кандайдыр бир жөнөкөй механизмди иштеп чыгуу зарыл. Жакын арада министрликтин кызматкерлери калкка түшүнүктүү болуш үчүн төлөмдөрдүн ачык-айкындыгы тууралуу өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кайрадан типтүү жоболорду, нормативдик документтерди иштеп чыгышат. Айрым мектеп жетекчилери 2013-жылдын 16-декабрында “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү билишпейт. 2010-2013-жылга чейин тогуз жолу “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам редакцияланган. Акыркы үч жыл ичинде мыйзамдын 35 беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Бул жерде мектептин уставында кандай жол менен каражат чогултулуп жатат, кайсы учурда отчет берилет, кантип отчет берилет ж.б.у.с. так көрсөтүлүшү керек. Мыйзам чегинде иштөө ар бир мектеп директорунун милдети, — деди Билим берүү жана илим министри.
Жакында Билим берүү жана илим министрлиги, шаардык билим берүү департаменти юристтер менен бирдикте мектеп жетекчилерине, ата-энелерге каражатты кантип тартып, кантип ачык иштеш керек жөнүндө семинар-тренингдерди өткөрмөй болушту.

2014-жылда аткарылчу иштер
Министрдин айтымына таянсак, 2014-жылы министрлик тарабынан үч негизги ишке басым жасалат. Биринчиси, билим берүү менен тарбия ишинин айкалышы. Анткени акыркы жылдары тарбия ишине көнүл бурулбай калган. Эгерде 1 млн. 18 миң окуучуну 75 миң мугалимге бөлсө, ар бир мугалимге 13 окуучудан тиет экен. Демек, бир мугалим жыл ичинде 13 бала менен жеке иштесе, аны окуучу эмес, инсан катары кабыл алганда тартип маселеси бир топ деңгээлге жогоруламак. Экинчиси, билим берүүнүн сапаты. Бул жерде мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатууга басым жасалмакчы. Анткени мыкты мугалим бир эле райондун эмес облустун көрсөткүчүн жогорулатып коет экен. Демек, чет өлкөлүк тажрыйбага таянып, мугалимдер бири биринин сабагына кирип, анализ берип, тажрыйба алмашышы керек. Ошондой эле, мектептерде “устат – жаш мугалим” деген принцип иштеши зарыл. Анткени чет өлкөдө устат мугалим мураскерин даярдап, бардык тажрыйбасын мектепке таштап кетет экен. Так ушундай иштөө зарыл экенин министр мырза баса белгиледи.
— Үчүнчүсү – билим берүүдөгү коррупцияга каршы жапа тырмак туруу. Анткени коррупция мамлекеттин коопсуздугуна доо кетириши ыктымал. Ал эми мамлекеттин келечеги — мектеп жетекчилеринин колунда, — деди Канат Садыков.

Суроо — жооп
? Атагы чыккан №13 мектепте ата-энелер эки фонд ачып алышты. Ата-энелердин колуна бийликти берген учурда, ушундай көйгөйлүү маселелерге такалып жатабыз. Ошондуктан, Камкорчулар кеңешинин конкреттүү жобосу иштелип чыкса. Бишкек шаарындагы мугалимдердин айлык акысын жогорулатуу боюнча чечкиндүү реформага барууңузду суранабыз. Көйгөйлүү маселелердин бири — башталгыч класстын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу. Ысык тамак боюнча бир жылда эки жолу тендер өтүп жатат. Так ушул жерде коррупциялык көрүнүштөр бакыйып көрүнүп турат. Тарбиялык иш менен окуу иши чогуу жүрүш керек эле. Мектептерде бир класста 30-45 баладан олтурушат. Окуу китептери жетишпейт. Ушул маселелерди карап берсеңиз.
Канат Садыков: Ата-энелерге кандай жол менен жардам берилет, Камкорчулар кеңешине мектептин кандай тиешеси бар, директор алар менен кандай мамиледе болушу керек ж.б.у.с. маселелер боюнча шаардык билим берүү башкармалыгы менен чогуу семинарларды өткөрүүгө план түзөбүз. Ушул жагынан жардам бербесек болбой калды. Эгерде фонддун иши ачык болсо, мектеп, ата-энелер менен жакшы мааниде иштерди алып барса, толук, ачык иштөөгө мүмкүнчүлүктөрү бар болуш керек. Мен “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамды жогору коюп иштешим керек. Ошон үчүн ата-энелер фонду жөнүндө мыйзамда эч нерсе жок. Камкорчулар кеңеши боюнча 41-беренеге дагы толуктоолор киргизилген түшүнүктөр бар. Ошонун үстүндө жакшылап иштесек болот. Айлык маселесин, китептер фондусун топтоо боюнча маселени өкмөттүн деңгээлинде көтөрдүк.

? Биздин №8 мектепке 30 жыл болду. Ата-энелердин жардамы менен мектептин чатырын оңдоп чыктык, ага 350 миң сом кетти. Жылытуу системабыз жарактан чыкты. Азыр колубузда 25 миң сом турат. Ал эмнеге жетет? Биздин мектепте 60% ата-эне акча төлөбөйт. Эгерде мектептин чатыры түшүп, кышында балдар суукта отурса, ага ким күнөөлүү?
К.С.: 25 миң сом да каражат. Ата-энелер түшүнүп, жардам берип жатканы жакшы көрүнүш. Эксперттердин изилдөөсү боюнча, республикадагы мектептердин 80% катуу жер титирөөгө туруштук бере албайт. Бардык иштерди мыйзам чегинде аткаруу зарыл.

? Окутуу орус тилиндеги мектептерде окуу китептери жетишпейт. Физик мугалимдер жок. Эгерде пенсия курагындагылар кетсе, алардын ордуна ким келет? Жан башына каржылоо системасы көп маселени жаратып жатат. Кантип жана кандайча иштейбиз?
К.С.: Окуу китептерин чыгаруу боюнча кайрадан карап жатабыз. Эгерде физика бөлүмүнө 15 бюджеттик орун берилсе, ага болгону 6-7 гана бала окуп жатат. Анткени жаштар арасында мугалимдик кесип баркталбайт. Биринчиден, айлыгы аз. Экинчиден, тегирмендей болуп мектептен начар даярдалган окуучу жогорку окуу жайга өтөт, кайра начар билими менен мектепке барат. Ушул тегирменди токтотушубуз керек. Маселен, Сингапурда, Финляндияда, Түштүк Кореяда мугалимдин базалык эмгек акысы жогору коюлган, керек болсо бул орунга атайын сынак жарыяланат. Анан дагы эң мыкты бүтүрүүчүлөрдүн 30% мектепке барып иштешет. Анткени мугалимдин айлыгы жогору болгондуктан, ал бардык жагынан камсыз болгон. Бизде дагы мыкты мугалимдер бар, аларды биз сактап калышыбыз керек.

? Бирдиктүү керектелүүчү төлөмдү киргизсек болобу?
К.С.: Шаардык кеңештин бюджети менен мыйзамдуу жолун таап туруп, кабыл алса болот эле. Жергиликтүү деңгээлде чечип койсо болот. Бардык проблема бул төлөм менен чечилет деп ишенбейм.

Гүлнара Тагаева, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси:
-“Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу” жарлыкты ишке ашыруу максатында биздин башкармалык тарабынан бир топ пландуу иштер аткарылды. Алсак, ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, 200 жалпы ата-энелик чогулуш, бир райондук деңгээлде жолугушуулар болду. 2013-жылы ата-энелерден түшкөн нааразычылыктар, арыздардын саны азайды. Анткени ар бир мектепте ишеним почтасы, ишеним телефону иштеп турду. Болгону анонимдүү арыздар түшүп жатты, бирок мыйзам боюнча алар каралбайт. Айтып коюу керек, беш жылдан бери бир дагы арыз түшпөгөн мыкты мектептер бар.
Келген каттарга, арыздарга өз убагында жооптор берилди. Кызмат абалынан пайдаланган үчүн бир нече мектеп жетекчилерине кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарында 94 мектеп, 79 бала бакча иштейт. Эгерде келген каражаттарга кайрылсак, 2013-жылдын капиталдык ремонтуна 140 млн. сом керек болсо, шаардык бюджеттен 22 млн. 400 миң сом бөлүнгөн. Жыл ичинде 20 мектеп, 16 бала бакча жана бир балдардын чыгармачыл борборунда ремонт иштери жүргүзүлгөн. Шаардык иш-чараларга, т.а. “Жүрөгүм балдарда”, Жаңы жыл ж.б.у.с. шаардык бюджеттен 10 млн. сом каралган. Эмеректерди, оргтехникалар менен камсыз кылууга 3 млн. сом бөлүнгөн.
Ал эми республикалык бюджеттен ремонтко 9 млн. 176 миң сом каралса, жан башына каржылоого 1 млн. 836 миң сом бөлүнгөн. Райондук бюджеттен 1 млн. 836 миң сом бөлүнсө, стимулдаштыруу грантка 16 млн. 502 миң сом тартылган. Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулардын наказдары беренеси боюнча 3 млн. 562 миң сом каралган. Ата-энелердин каражаты 21 млн. 220 миң сомду түзөт. Бул деген шаардык бюджет менен тең дегенди билдирет.
Шаардагы 94 мектепте 59 коомдук бирикмелер болсо, айрым мектептерде дегеле ата-энелер тарабынан бир дагы каражат чогултулбайт, андыктан бул мектептерде коомдук бирикмелер жокко эсе.
Ата-энелер тарабынан үч жылдын ичинде 165 млн. сом чогултулса, анын 76 млн. мугалимдердин эмгек акысына кошумча катары жумшалган, 29 млн. сомго эмеректер алынып, 3 млн. сомго оргтехника, 5 млн. сомго жабдыктар жана ремонтко 49 млн. сом сарпталган. Ал эми 2013-жылкы 61 млн. сомдун 24 млн. мугалимдердин эмгек акысына, калган каражаттар техникалык кызматкерлерге, коопсуздук кызматтарга ж.б. сарпталган.
Ата-энелердин жардамысыз мектептер, бала бакчалар жашай албайт. Бул баарыбызга белгилүү. Анткени “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамдын бир нече гана беренелери иштейт. Ал үчүн ата-энелерден түшкөн каражат боюнча ойлонушубуз зарыл.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*