БИРГЕЛЕШКЕН АРАКЕТ БИЛИМ САПАТЫН КӨТӨРӨТ

Нарын райондук билим берүү бөлүмү 2012-2013-окуу жылында Кыргыз Республикасынын “Билим берүү”, “Мугалимдердин статусу”, “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын ысык тамагын уюштуруу”, “Мектепке чейинки билим берүү” жөнүндөгү мыйзамдарын, мамлекеттик программаларын жана токтомдорду турмушка ашыруу багытында иш алып барды.

КОШУМЧА ӨНӨР БАЛДАРДЫН ЖӨНДӨМҮН ӨРКҮНДӨТӨТ

Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Белеков Нарын районунун Жерге-Тал айылындагы балдардын чыгармачылык билим берүү борборунун балдарды тарбиялоодо өзгөчө ролу чоң экендигин белгилөө менен, борборго кошумча штаттарды ачып берүү өтүнүчү менен КР билим берүү жана илим министри К.Садыковго кайрылуу кат жолдогон. Анда айрыкча окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары, усулчу, чарбалык иштер боюнча директордун жардамчысы, сүрөт тартуучу адис, жаңы технологияларды үйрөтүүчү адис, кароолчу, техникалык кызматкер сыяктуу борбордун ишин толук жүргүзүүгө шарт түзүүчү кошумча штаттарды ачуу зарылдыгы айтылат.
Учурда борборго 180 окуучу тартылган. Анда комузчулардын ”Сайра комуз”, кол өнөрчүлүк “Устат-шакирт”, узчулук “Туюм башаты”, зергерчилик “Алтын кол” ийримдери, “Атай” фольклордук ансамбли иштейт.
“Атай” фольклордук ансамбли райондук жаш таланттардын кароо-сынагында Гран-Прини жеңип алып, түстүү телевизор менен сыйланса, республикалык деңгээлдеги кароо сынакта болсо байгелүү үчүнчү орунга чыгышкан. Ал эми жаш жыгач усталар Кыргыз патенти өткөргөн кароо-сынакта 25 миң сомдук аспапты тартууга алышкан.

ДЕМӨӨРЧҮЛӨР ДЕМ БЕРЕТ

Райондогу бир катар мектептерге демөөрчүлөр жакындан колдоо көрсөтүп турушат. Атап айтканда, Керимбай уулу Сарыбай, Ө.Токтосунов, Түгөл уулу Усупбек, Ж.Мамбетов, Б.Бекжанов, Т.Байбураев, Мамбет уулу Дүрбөлөң, Актан Тыныбек, Э.Токсобаев, А.Табалдиев, М.Иманалиев атындагы орто мектептерде мугалимдердин иштөөсүнө ылайыкташтырылган усулдук бөлмөлөр демөөрчүлөрдүн колдоосу менен заманбап үлгүдө жасалгаланган. Ага жалпысынан 950,0 миң сомдон ашык акча каражаты жумшалган. Ошону менен катар окуу кабинеттерине эмгек алдыңкыларынын, ардагер мугалимдердин ысымдары берилип, ал кабинеттер үй-бүлөлөрү тарабынан жасалгаланып, окуу эмеректери менен камсыздалган. Алсак, Т.Байбураев атындагы орто мектептеги кыргыз тили жана адабияты кабинетине ардагер мугалим Асек Көбүкеевдин ысмы ыйгарылып, ал кишинин үй-бүлөсү тарабынан учур талабына ылайык ремонттолуп, шкаф, парта, отургучтар, доска, аудио-видео аппаратуралар менен камсыздалган. Ага 350,0 миң сом жумшалган. Ошондой эле М.Байдөлөтов атындагы орто мектебинде математика кабинети ачылып, ал Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Жанбоевдин колдоосунда 120,0 миң сомго заманбап жасалгаланды. Ушул эле мектепте географиялык аянтча жана Улуу Ата мекендик согушта курман болгондорго арналган эстелик ачылды.

2013-ЖЫЛДЫН МЫКТЫЛАРЫ

Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Муратбековдун демилгеси менен уюштурулган “Мыкты мектеп – 2013” кароо сынагында Ө.Токтосунов атындагы орто мектеби, М.Байдөлөтов атындагы орто мектеби акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ал эми “Мыкты бала бакча – 2013” кароо сынагына активдүү катышкандыгы үчүн “Эмгекчил келечеги” бала бакчасы да акчалай сыйланып, сынактын баш байгесин – Дубайга жолдомону Жерге-Тал айылындагы Р.Өмүракунова атындагы бала бакчасынын жетекчиси Дилбар Апышова жеңип алган.
Байма-бай өткөрүлүп келген “Жыл мугалими”, “Жаш мугалим” райондук конкурстары салт катары 2013-жылы да өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. “Жыл мугалими – 2013” конкурсунда райондогу Т.Байсалов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Абыкеева жеңишке жетишти. Ал эми облус боюнча өткөн “Жыл мугалими – 2013” сынакта К.Абиров атындагы орто мектебинин биология мугалими Б.Курманов үчүнчү орунга чыккан.

КӨМӨКЧҮ ЧАРБАДАН КӨП ПАЙДА ТАБЫШАТ

Мектептердеги көмөкчү чарбалар көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөш болооруна көздөрү жетип, мектеп администрациялары улам кийинки жылга план түзүп, зор ынтызар менен иш алып барышууда. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен жер тилкелерин алышып, аны жаратылыш шартына жараша иштетип жатышкан мектептердин саны жыл сайын көбөйүп баратат. Алар түшкөн кирешени сырттан жардам күтүп отурушпай, өз муктаждыктарына жумшашат. Гектарлап жер айдап, чөп, жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүшүп, түшкөн кирешени мектептин ички керектөөсүнө, ал тургай банкка сактап жаткан мектептер бар. Алсак, Актан Тыныбек атындагы мектеп карамагындагы 1,5 гектар аянтка табигый чөп айдап, тапкан каражатын мектептин ремонтуна жумшаган. Өрнөк айылындагы Ж.Өмүралиев атындагы мектеп жамааты да түшкөн кирешесин мектептин ички керектөөсүнө кетирген. Ал эми Ак-Талаа айылындагы Ж.Мамбетов атындагы мектептин жамааты карамагындагы 4 гектар жерге көп жылдык чөп айдап, тапкан 39 миң сомун банкка салып койгон. Нарын шаарындагы Ү.Асанов атындагы мектеп лицейи көмөкчү чарбасына 850 кило картошка өстүрүп, аны жатаканадагы балдардын тамак-ашына пайдаланууда.

ДЕМОКРАТИЯ КАДАМДАРЫ МЕКТЕП ПАРТАСЫНАН КАЛЫПТАНАТ

Райондогу Достук, Актан Тыныбек жана Ө.Токтосунов атындагы мектеп окуучуларынын өзүн-өзү башкаруу уюмдарын демократиялаштыруу боюнча Европа биримдиги менен Ага Хан фондусунун биргелешкен долбоору ийгиликтүү иштөөдө. “Биз ар түрдүүбүз, бирок биргебиз!” долбоорунун алкагында жогоруда аталган мектептерге семинар уюштурулуп, ага райондогу ар бир мектептен бештен окуучу, экиден мугалим жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү тартылган. Ал семинарда мектеп парламентинин түзүлүшү боюнча түшүндүрмөлөр, аны ишке ашыруунун жолдору айтылды. Натыйжасында бардык мектептерде парламенттик шайлоолор өтүп, алгачкы кадамдар аткарылды. Мындан тышкары аталган үч ресурстук мектеп керектүү жабдуулар менен камсыздалган. Алсак, аларга компьютер, фотоаппарат берилди. Актан Тыныбек атындагы мектептин парламенти долбоор жазып, айыл өкмөтүнүн имаратына чач тарач ачкан. Ал эми М.Бекмуратов атындагы орто мектеп долбоор аркылуу компьютер алган.

“ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОЙЛУ ЖАНА САКТАЙЛЫ”
ЖЕ ОКУУЧУЛАРДЫН КАРОО-СЫНАКТАРДАГЫ ЖЕҢИШТЕРИ

2013-жылы өткөрүлгөн мектеп окуучуларынын облустук олимпиадасында орус тили жана тарых сабагынан үч окуучу биринчи орунга татыктуу болсо, республикалык олимпиадада М.Кенжакунов атындагы орто мектебинин окуучусу Сабыркул уулу Жоодар (мугалими Ш.Макеров) тарых сабагынан 1-орунга татыктуу болду.
Окумуштуу-физик Мамбет уулу Дүрбөлөңдүн ысымына арналган физика боюнча мектеп окуучуларынын райондук олимпиадасы өткөрүлүп, ага өрөөндүк олимпиаданын жеңүүчүлөрү, 7-11-класстардын 25 окуучусу катышып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар жана дипломдор менен сыйланышты.
“Жаратылышты коргойлу жана сактайлы” деген аталыштагы райондук экологиялык олимпиада өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар жана грамоталарга татыктуу болушту. Олимпиада райондук билим берүү бөлүмү менен “Кара-Тал-Жапырык”, “Салкын-Төр” райондук токой чарбасы жана экология инспекциясы менен биргеликте өткөрүлгөн.
Райондун окуучулары ар түрдүү тематикадагы кароо-сынактарга активдүү катышуу менен, өз өнөрлөрүн, билимдеги жогорку жетишкендиктерин көрсөтүшүүдө. Атап айтканда, таланттуу окуучуларды тандап алып чыгуу жана шыгына жараша багыт берүү, өнүктүрүү, колдоо максатында өткөн жылдын апрель айында “Жаш таланттар” фестивалынын республикалык сынагында дастан айтуу боюнча К.Абиров атындагы мектептин окуучусу Бактыгул кызы Раниера жана Манас айтуу боюнча Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучусу Ажыгулов Өрнөк үчүнчү орунга татыктуу болушту. Ушул эле А.Табалдиев атындагы мектептин окуучусу Жыргалбек уулу Самат да окуучулардын көркөм окуусу боюнча сынакта байгелүү үчүнчү орунга жетишсе, “Манас таануу” теледолбоорунун облустук кароо сынагында Актан Тыныбек атындагы орто мектебинин командасы үчүнчү орунга ээ болду.

СПОРТ МЕНЕН ДОСТОШОБУЗ!

Өткөн жыл нарындыктар үчүн спорт жаатында да ийгиликтүү жылдардын бири болду. Алар мектеп окуучуларынын Нарын облустук спартакиадасында спорттун 11 түрү боюнча райондор арасында үчүнчү орунга чыккан. Окуучулар арасында спорттун бокс түрүнө кызыгуу артып баратканын баамдашкан жетекчилер жана жергиликтүү ишкерлер аларга ыңгайлуу шарт түзүп берүүнүн камында. Алсак, А.Жутакеев атындагы мектепте бокс боюнча ринг, күрөш залы, Т.Байбураев жана Ө.Токтосунов атындагы орто мектептерде спорттук тренажерлор бар. 13 мектепте атайын спорт залдар, 34 мектепте спорттук жана гимнастикалык аянтчалар уюштурулган.
А.Жутакеев, Ж.Иманалиев, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектептеринин жаш боксчулары облустук, республикалык, Эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга ээ болушууда. Мындан тышкары грек-рим күрөшү боюнча да өткөн жылы өзгөчө ийгиликтерге жетишишти. Апрель айында өткөн Нарын облусунун мектеп окуучулар арасындагы Спартакиадада грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Нарын районунун командасы биринчи орунга жетишип, салмактык чен бирдиктери боюнча алты спортчу – биринчи орунга, үч спортчу – экинчи орунга озуп чыгышкан. Райондун балдары эркин күрөш боюнча да командалык экинчи орунду камсыз кылышты.
КЫЗДАР-БАЛДАРЫБЫЗДЫ КЫЛМЫШТУУЛУКТУН КЫЛТАГЫНАН САКТАЙЛЫ
Нарын районунун мектептериндеги өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча КР ИИМ, КР ББИМ, Нарын РИИБ, РБББнүн мектептердеги жаш өспүрүмдөр менен жекече профилактикалык иштерди уюштуруу, жаштар арасында укук бузууларды алдын алууга арналган тиешелүү документтеринин негизинде райондо ай сайын иш-чаралар байма-бай жүргүзүлүп келет.
2012-2013-окуу жылында райондун аймагындагы мектептерге райондук ички иштер бөлүмүнүн ЖӨИИнын кызматкерлери менен биргеликте “Өспүрүм”, “Лидер”, “Рэкетке каршы”, “Допинг”, “Камкордук” аталыштагы профилактикалык иш-чаралар, рейддер уюштурулуп, ата-энелер, окуучулар, мугалимдердин катышуусунда коомдогу терс көрүнүштөрдү талкуулаган жолугушуулар өткөрүлүп турат. Алсак, Б.Бекжанов атындагы орто мектепте өткөн жыйналыш “Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, баланы тарбиялоодо ата-эненин, мектептин, коомчулуктун орду, бүгүнкү күндө ислам дини жана кыргыз улуту” деген темага арналган.
Азыркы учурда жашы жете элек өспүрүм кыздардын турмушка чыгып жаткан фактылары көп болуп жаткандыгына байланыштуу А.Аралбаев атындагы орто мектептин 9, 10, 11-класстарынын кыздар арасында алардын апаларынын катышуусунда түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Мындан тышкары Ж.Мамбетов атындагы орто мектепте “Тынч айыл, тынч көчө” деп аталган тегерек стол уюштурулуп, “Милиция элдин коопсуздугунда” аталыштагы ачык эшиктер күнү райондук ички иштер бөлүмүндө өткөрүлгөн. Ага Ө.Токтосунов атындагы мектептин “Адеми” бийчилер тобу, Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин “ЮИИД” командасы, А.Табалдиев, М.Иманалиев, Д.Мамбетов ж.б. мектептердин окуучулары катышты. Окуучулар милициянын турмушуна арналган атайын сүрөт көргөзмө уюштурушуп, милиция кызматкерлерине арналган ырларын окуп беришти.
Мектеп администрациялары тартип коргоочулар менен биргеликте мектепте белгиленүүчү “Акыркы коңгуроо”, бүтүрүү кечелери сыяктуу ар түрдүү иш-чараларды мыйзамдын чегинде чыр-чатаксыз, кайгы-капасыз өткөрүүгө күч-аракеттерин жумшашууда.
БӨБӨКТӨРГӨ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК

Райондо кенже бөбөктөрдү мектепке чейин окутуу ишине зор көңүл бурулууда. Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жашына чейинки балдарды 240 сааттык программанын алкагында окутуу иш-чарасын турмушка ашыруу максатында 47 класс комплекти түзүлүп, ага 951 бала тартылды. Анын ичинен 85 бала балдар бакчасында окутулган. Мектептер, бала бакчалар тиешелүү эмеректер жана усулдук колдонмолор менен камсыз болушту.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондусу тарабынан колдоого алынган “Жайлоо бала бакчалары” алты жерде уюштурулуп, ага 105 бала тартылган.
Ага Хан фондусунун биргелешкен долбоорунун көмөктөшүүсү менен Орто-Саз айылында жаңы бала бакчанын имараты курулууда. Ага 3,5 млн. сом каражат жумшалган. Ошондой эле аталган фонд Таш-Башат айылындагы Э.Сопуев атындагы бала бакчанын имаратына 2 млн. сом, Кеңеш айылындагы “Аруу-Тилек” бала бакчасына 2 млн. сом жумшап, капиталдык ремонттон өткөрүүдө. Орто-Нура айылындагы “Чоң эне” бала бакчасында курулуп жаткан күнөсканага Ага хан фондусу 225500 сом бөлүп берген.
Мындан тышкары Нарын районунун беш мектеби Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу россиялыктардын колдоо көрсөтүүсүнүн негизинде башталгыч класстардын бир маал тамагын жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында иш алып барууда. Район боюнча Т.Байбураев, Түгөл уулу Усупбек, М.Иманалиев, А.Табалдиев, Р.Усубалиев атындагы орто мектептер пилоттук мектеп болуп киришкен. Бул долбоорго айыл өкмөт башчыларынын, ата-энелердин жана демөөрчүлөрдүн да салымдары чоң. Алар долбоорго катышуу үчүн жалпысынан 120,0 миң сом чогултуп беришкен. Учурда аталган мектептер ашканага керектүү жабдуулар менен жабдылып, мектеп жетекчилери атайын окуудан өткөрүлүп, балдардын шашке тамагы жаш жеткинчектердин организмине зарыл болгон витаминдүү азыктар менен камсыз болушуна терең маани беришүүдө.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*