МЕКТЕПТЕН СЫРТКАРЫ КЫЛМЫШКА АТА-ЭНЕ ЖООП БЕРСИН

2013-жылы окуучулар арасындагы кылмыштуулук мурдакы жылга салыштырганда эки эсеге азайды. Бул Өкмөт жана министрликтин, мугалим, ата-эне жана коомчулуктун биргелешип жасаган аракеттеринин натыйжасы болгондугун вице-премьер-министр Камила Талиева Билим берүү жана илим министрлигинин жыл жыйынтыктаган коллегиясында белгиледи.
Өспүрүмдөр катышкан кылмыштардын саны 2012-жылы 3691 болсо, өткөн жылы 1949 кылмыш катталган. Катталган кылмыш саны азайганы көңүл жубатарлык көрүнүш болгону менен кубанууга эрте экендигин маал-маалы менен улам бир жерден “жарылып” чыгып жаткан окуучулар катышкан окуялар тастыктап турат. Базар-Коргон, Өзгөн, Түп, Кочкор райондорунда болгон кейиштүү окуялар бизге сабак болушу керектигин билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан жыйында мисал келтирген вице-премьер-министр К.Талиева кылмыштуу дүйнөдөн окуучулар оолак болушу үчүн бүт күч-аракеттерди биргелешип жумшоого чакырды.
“Окуучу кыздардын арасындагы кош бойлуу болгон учурлардын көбөйүп жатканы жөнүндө айтып келатабыз. Бул жерде эмне үчүн күнөөнүн баарын мугалимге үйүп салып жатабыз. Ошон үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизели, бул үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө тапшырма бердик эле. Мугалимдерди коргоо министр Канат Жалилович экөөбүздүн милдетибиз. Ошондой мыйзам сунуштарын күтүп жатабыз Өкмөттөн. Башка өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбаларын карап көрдүк. Чындыгында ата-энелердин жоопкерчилигин караган катуу мыйзамдар бар экен. Окуучулардын сабактан сырткаркы кылмыштарына ата-эне жооп бериши керек. Мына ушундай мыйзамды быйыл иштеп чыгышыбыз абзел”, – деди Камила Талиева.
Акыркы окуялардан кечээ жакында эле Ноокен районундагы Ноокен жана Сары-Сыя айылдарынын балдарынын мушташы үчүн бүтүндөй эки айыл элинин назары сынып, ортого аксакалдар түшүп, бири-биринин алдынан өтүп, ишти “жең алдына” катышкандыгы башкаларга да сабак болсо деген ой. Айыл аксакалдары, ата-энелер сотко жеткирбей чатактын чуусун баскандарына сүйүнбөй, анын себебин терең иликтеп, мындай терс жоруктар башка дагы кайталанбашы үчүн кандай аракеттерди көрсөк деп, “ийри отуруп, түз кеңешкендери” туура болмок.
Кесиптери ар түрдүү, бирок баардыгы бир милдетти – ата-энелик жооптуу жүктү аркалашкан замандаштарыбыз кичинекейлердин эң чоң көйгөйүн чечүүнүн кандай жолдорун көрүшөт?
Бишкек шаарынын тургуну, кесиби педагог Айчолпон Кудайбердиева баланын билим тарбиясы үчүн бир гана мугалим жооптуу деген ойдон арылуусу керек деп эсептейт. Анын пикиринче, баласынын жүрүм-туруму, анын келечеги үчүн эң оболу эне-атасы жооптуу.
– Мурда балдарын мектепке узатып жатканда “сөөгү меники, эти сеники” деп беришчү деп айтып калышат. Азыр антип айта албайсың, – дейт Айчолпон. – Бирдеме болсо эле баламды какыс-кукус кылып койдуң деп мугалимдерге дооматын артып турушат. Андан көрө менин балама эмне себептен нараазылыктар болуп жатат болду экен деп кызыгышса, үйүндө баласына көбүрөөк убакыт бөлүшсө, чогулуштарга үзбөй барып турушса туура болмок деп ойлойм. Маселен, бир бала экинчи бир баланы уруп койду дейли. “Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт” дегендей, эки тараптын тең аракети бирдей болуп, балдарын корголошот. Маселе мына ушул жерде болуп жатпайбы. Эмне үчүн чыныгы себебине үңүлүп, тактап, ким чындап күнөөлүү болсо ошону жоопко тартууга болбосун? Натыйжада бала өзүн, ата-энесинин бекем коргоосунда тураарын билет да, жасаган терс адаттары үчүн жооп берүүнү ойлобойт. Балким баарыбыз баш катырып, таппай жаткан маселенин түйүнүн чечүү жолу – ата-энелердин психологиясын оңдоо керек болуп жүрбөсүн? – деген пикирин билдирди.
Акыркы кездерде адистер ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу, керек болсо, жашы жете элек балдарынын жасаган кылмыш иштери үчүн ата-энесинин жоопкерчилигин кошо кароо жөнүндө мыйзам кабыл алуу тууралуу сунуштар көтөрүлүүдө. Балким ошондо алар балдарынын жасаган кылмыштарын жаап-жашырып, укук коргоо кызматкерлеринен корголобой, балдарын туура жолго салууга умтулушмак беле дешет алар.
“Кызга кырк үйдөн тыюу” демекчи, үйдө жана коомдук жайларда көзөмөл күч болсо, уулдарыбыз улууларга урмат-сый көрсөтүп, кыздарыбыз жок дегенде окуучулук кезинде кош бойлуу болууга эртерээк кылаарын кулагына илип калышаар беле.
Жалпы билим берүү мекемелеринде жашы жете элек өспүрүмдөр менен иш алып барган инспекциялардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлигинин биргелешкен атайын буйругу чыкты. Тартип сакчылыгында күзөттө тургандарга коомчулук да жакындан жардам берип, татыктуу келечек муунду тарбиялоого жапа тырмак аракеттенсек, натыйжасы да ошончолук жакшы болору айдан ачык.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кутбилим”
52D12D61-D84F-410D-A912-897A039FC56D_mw1024_n_s

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*