ЭМГЕК АКЫНЫН ЭСЕП-КЫСАБЫ: Экинчи сабак

2011-жылы мугалимдердин эмгек акысы жогорулап, анда мектептин кызматкерлерин шыктандыруу максатында дем берїїчї фонддор дагы тїзїлгєн. Бул фонддон эки жылдан ашуун убактан бери мугалимдердин аткарган ишинин натыйжасына жараша эмгек акысына кошумча акы тєлєнїп келет. Бирок бир катар мугалимдер, єзгєчє айыл жериндеги мектептердин мугалимдери бул фонд єз максатына жетпей жаткандыгын айтып, нааразы болушууда. Андыктан гезиттин кабарчысы тарабынан дем берїїчї фонддун максат, милдеттери жана аны натыйжалуу бєлїштїрїїнїн жолдору Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын дем берїїчї фондунун мисалында чечмелеп берїїгє аракет жасалды.
Дем берїїчї фонду 2011-жылдын 1-майынан баштап мугалимдердин эмгек акысынын жалпы фондунун 10% єлчємїндє белгиленген. Токтомго ылайык фонд 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап 20% єлчємїндє, анын 10% чейинкиси билим берїї уюмдарынын структурасын жана тармагын, окуу пландарын жана программаларын оптималдаштыруунун натыйжасында бошотулчу каражаттардын эсебинен тєлєнїїгє тийиш болгон. Бирок учурда бул фонд 10% єлчємїнєн аша элек. Негизинен фонддун эсебинен тєлємдєр кепилденген эмгек акы болуп саналбайт жана аткарылган иштин натыйжасы боюнча белгиленип, иштин сапатына жараша бааланат.
Мектептин кызматкерлерине дем берїїчї фонддун єлчємї эки жол менен аныкталат: 1-педагогикалык персонал боюнча – кепилденген эмгек акыны дем берїїчї эмгек акынын коэффициентине жараша эмгектик катышуу коэффициентине кєбєйтїї жолу менен; 2-администрациялык-башкаруу, чарбачылык жана кємєкчї персонал боюнча – дем берїїчї эмгек акынын абсолюттук єлчємїн белгилєє жолу менен же кызматкерлердин дем берїїчї эмгек акы фондунун чегиндеги кепилденген эмгек акысынын бирдей коэффициенти боюнча.
Дем берїїчї эмгек акынын коэффициенти дем берїїчї эмгек акы фондун кепилденген эмгек акы фондуна бєлїї жолу менен эсептелет. Дем берїїчї эмгек акы фонду тємєнкїдєй бєлїштїрїлєт:
— 75% кем эмеси – педагогикалык персоналды кїтїїгє;
— 25% ашык эмеси – администрациялык-башкаруу, чарбачылык жана кємєкчї персоналды кїтїїгє.
Башталгыч мектептин педагогикалык персоналынын дем берїїчї эмгек акы фонду — 70% жана интернат мектептердин педагогикалык персоналынын фонду — 35%, администрациялык-башкаруучу персоналдыкы – 30% ашык эмес, кємєкчї персоналдыкы — 65% ашык эмес єлчємдє бєлїштїрїлєт. Администрациялык-башкаруу, чарбачылык жана кємєкчї персоналга дем берїїчї эмгек акы фонду жетиштїї болгондо мугалимдер їчїн дем берїїчї эмгек акынын їлїшї кєбєйтїлїшї мїмкїн.
Эмгекке катышуу коэффициентин эсептєє

Эмгекке катышуунун коэффициентин аныктоо предметтик-усулдук бирикмелер боюнча жїргїзїлєт. ЭКК аныктоо їчїн мектептин директорунун окуу, окуу-тарбия иштери боюнча орун басарынан, кесиптик бирлик комитетинин єкїлїнєн, экономисттен же бухгалтерден, усулдук бирикмелердин єкїлдєрїнєн турган Мектептин эксперттик кеўеши тїзїлєт. Ар бир кызматкердин эмгекке катышуусунун коэффициенти ай сайын, усулдук бирикмелердин мугалимдеринин эмгектик паспортторун толтуруу боюнча комиссия толтурган эмгектик паспорттордогу маалыматтын негизинде аныкталат. Эмгектик паспортторду толтуруу боюнча комиссия усулдук бирикмелердин мїчєлєрїнїн чогулушунда шайланат. Усулдук бирикмелердин кызматкерлери боюнча эмгекке катышуунун арифметикалык орточо єлчємї бїткїл усулдук бирикме їчїн эксперттик кеўеш тарабынан аныкталган эмгекке катышуу коэффициентине барабар болот. Эмгекке катышуу коэффициенти ар бир мугалимге карата аныкталат жана коэффициенттердин жыйындысынан турат. Алардын ар бири окуу процессиндеги, мектептин сабактан тышкаркы ишиндеги жїктїн деўгээлин, окутуунун натыйжалуулугун окуучулардын билиминин сапатын, аткаруучулук тартипти чагылдырат.
ЭККны аныктоо їчїн сунушталган индикаторлор:
— иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу;
— тарбиялык жана класстан тышкаркы иштин сапаты;
— конференция, семинар, педагогикалык кеўештерди даярдоого жана єткєрїїгє катышуусу;
— окуучуларды олимпиадаларга даярдоо;
— автордук программаларды иштеп чыгуу жана киргизїї;
— усулдук иштер;
— кабинеттердин абалы;
— администрациялык жазалардын жоктугу;
— документтерди сапаттуу жїргїзїї;
— аткаруучулук тартип.
Мектеп жогоруда сунушталган индикаторлорду кыскартууга же кошумчалоого укуктуу. Ал эмгек акы тєлєє боюнча ички жобо менен бекитилет. Биринчи иштин татаалдыгы жана ургалдуулугу индикатору боюнча ЭКК адегенде ар бир педагог боюнча, кийин усулдук бирикме боюнча класстагы окуучулардын ченемдик жана иш жїзїндєгї толушун салыштыруу менен эсептелет. Предметтер жана педагогдор боюнча базалык окуу планын саат боюнча бєлїштїрїї окуу жылынын башталышына карата жїргїзїлєт жана окуучулардын санынын орчундуу єзгєрїшїнє байланыштуу туураланышы мїмкїн. Базалык жобого ылайык иштин татаалдыгы жана ургаалдуулугу индикатору боюнча ЭКК класстардын толуу ченеми боюнча жїктї ашыкча аткаруунун ар бир беш пайызы їчїн 0,1 єлчємїндє эсептелет. Толуу ченеми биринчи жана экинчи баскыч їчїн шаардык мектептерде – 30 окуучу, айылдык мектептерде — 25 окуучу, їчїнчї баскыч їчїн шаардык мектептер їчїн – 25 окуучу жана айылдык мектептер їчїн – 20 окуучу болууга тийиш.
ЭККны сунушталган индикаторлор боюнча бєлїштїрїї мектептин эксперттик кеўеши тарабынан бул же тигил кєрсєткїчтєр боюнча жасалган ишти эске алуу менен кабыл алынат. Усулдук бирикмелер боюнча ЭКК єткєн квартал їчїн иштин жыйынтыктары боюнча мектептин эксперттик кеўеши тарабынан аныкталат жана директордун буйругу менен бекитилет. ЭККнын бекитилген єлчємдєрї ар бир мугалимге иш жїзїндє иштеген убакыт їчїн ЭККны аныктоо їчїн усулдук бирикмелердин эмгектик паспортторун толтуруу боюнча жетекчилерге жана комиссияларга берилет. Усулдук бирикменин комиссиясы тарабынан белгиленген ЭКК єлчємдєрї мугалимдерге маалымдалат.

№ Усулдук бирикменин аталышы Мугалимдердин саны Усулдук бирикменин ЭККсы ЭККнын суммасы
1 Гуманитардык Кыргыз тили 11 1,2 13,2
2 Так илимдер Математика 9 1,2 10,8
3 Орус тили 17 1 17
4 Табигый, тарых, физика, информатика 20 1 20
5 Немец тили 15 1 15
6 Англис жана кытай тили 14 1 14
7 Эстетикалык 10 0,9 9
8. Чыгармачыл ийримдер 18 0,5 9
9. Башталгыч класс 21 1,2 25,2
Бардыгы: 135 9 133,2
10 Административдик персонал 9 1,0 9
11 Чарба жана УСП, лаборант, АЧД муг. 23 0,1 2,3
12 Китепканачы 2 0,5 1
13 Психолог 1 0,2 0,2
14 Соцпедагог 1 0,2 0,2
Бардыгы 36 2 12,7
Жалпы 171 11 145,9

Эскертїї: ЭККнын суммардык эсеби ай сайын усулдук бирикмелердеги мугалимдердин санына жараша єзгєрїп турат.

— Биздин мектепте усулдук бирикмелерге ЭКК эмгекке жараша бєлїштїрїлгєн. Мисалы, кыргыз тили жана математика мугалимдеринин тїйшїгї кєп болгондуктан аларга эў кєп ЭКК каралган. Калган сабактарга дагы тїйшїгїнє жараша бєлїштїрїлгєн. Себеби єзгєчє кыргыз тили мугалими дептер, жат жазуу, дил баяндарды текшерїї їчїн кєбїрєєк убакыт, эмгек сарптайт, — дейт мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Мырзаева Рыскан.
Токтомго ылайык эгерде мугалим ар кайсы усулдук бирикмелерге кирген бир нече предметтен сабак берсе, анда ага ЭКК усулдук бирикмелердин ар биринде толтурулат. Сааты бар администрациялык кызматкерлерге (директор, директордун орун басары, китепканачы ж.б.) да усулдук бирикме боюнча ЭКК коюлат. Негизинен администрациялык башкаруучу, чарбачылык жана кємєкчї персонал їчїн дем берїїчї эмгек акыны эсептєє принцибин мектеп єзї аныктайт.
Эмгектик паспортун толтуруу жолдору

Усулдук бирикмелердин эмгекке катышуу коэффициентин аныктоодон мурун усулдук бирикмелерде ар бир мугалим їчїн эмгектик паспорту толтурулат.
Анда мугалимдердин санына бєлїнгєн ар бир усулдук бирикменин мугалимдери боюнча суммалык ЭКК мектептин эксперттик кеўеши белгилеген ЭККга барабар болушу керек. Эмгектик паспортун толтурууда жогоруда сунушталган индикаторлор эске алынууга тийиш. Комиссия кызматкерге дем берїїчї эмгек акыны бербей коюуга да укуктуу. Мындай учурда бул чечимдин себеби милдеттїї тїрдє эмгектик паспорт толтуруу боюнча комиссиянын протоколунда да чагылдырылат. Пикир келишпестиктер болгон учурда талаш-тартышты чечїї мектептин эксперттик кеўешине єткєрїлїп берилет. Ал эми толтурулган жана комиссия тарабынан кїбєлєндїрїлгєн эмгектик паспорттор контролдоо жана текшерїї їчїн мектептин эксперттик кеўешине берилет. Кеўеш эмгек паспортторун толтуруунун тууралыгын текшергенден кийин жана пикир келишпестиктер чечилген соў, дем берїїчї эмгек акыны эсептеп чыгуу їчїн бухгалтерияга жєнєтєт.
Мугалимдердин эмгектик паспорту тємєндєгїчє толтурулат
(№69 ОТКГнын 2013-жылдын октябрь айына карата кыргыз тили мугалимдери їчїн тїзїлгєн эмгектик паспорту)
№ Мугалимдин аты-жєнї Иштин татаалдыгы жана интенсивдїїлїгї Тарбиялык жана класстан тышкаркы иштин сапаты Конференция, семинар, педагогикалык кеўештерди дярдоо жана єткєрїї Окуучуларды олимпиадага даярдоо Автордук программаларды иштеп чыгуу жана киргизїї Усулдук иш Кабинеттердин абалы Дептер текшерїї Сабактын планы Документтерди сапаттуу жїргїзїї Администрациялык жазалардын жоктугу Аткаруучулук тартип (нєємєтчїлїк, кошумча жїктєм) ЭКК суммасы
Ченем Факт Ченемден алынган % ЭКК
1. Абдрахманова Салия 25 26 1 0 0,2 0 0 0 0,1 0,1 0,2 0,2 0,2 0,1 0,1 1,2
2. Анарбекова Зуура 25 28,7 3,7 0 0,2 0 0,1 0 0,1 0,1 0,2 0,2 0,1 0,1 0,1 1,2
3. Дїйшекеева Кїлїм 25 25,8 0,8 0 0,2 0 0,1 0 0,1 0,1 0,2 0,2 0,1 0,1 0,1 1,2
4. Карыпова Салкын 20 21,2 1,2 0 0 0,1 0,1 0,1 0,2 0,1 0,2 0,2 0,1 0,1 0,1 1,3
5. Касымкул кызы Бурулкан 21,4 25 3,6 0 0,2 0 0,1 0 0,2 0,1 0,2 0,2 0,1 0,1 0,1 1,3
6. Курманбаева Жумагул 25 28,7 3,7 0 0,2 0 0 0 0,1 0,1 0,2 0,2 0,2 0,1 0,1 1,2
7. Осмонкулова Мая 24 26,7 2,7 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0 0
8. Бектемирова Назгул 25 26 1 0 0,2 0 0 0 0,1 0,2 0,1 0,1 0,1 0,2 0,1 1,1
9. Жумалиева Кундус 25 27,6 2,6 0 0,2 0 0 0 0,1 0,1 0,2 0,2 0,1 0,2 0,1 1,2
10. Токтобекова Гїлнара 25 25,3 0,3 0 0,2 0 0 0 0,1 0,2 0,1 0,1 0,1 0,2 0,1 1,1
Жалпы 0 1,6 0,1 0,4 0,1 1,1 1,1 1,6 1,6 1,1 1,2 0,9 10,8

Белгилїї бир мезгил аралыгында мугалим жумуш ордунда жок болгон учурда (ооруп калса, єргїїдє жїрсє, окууда же башка себептер менен) дем берїїчї айлык акыны эсептєєдє тийиштїї тєлємдєрдїн суммасы анын кепилденген эмгек акысынан алынып салынат.
— Жогоруда кєрсєтїлгєн эмгектик паспорт ар бир мугалимдин ишке катышуусуна жараша толтурулган. Мисалы, ушул таблицадагы Осмонкулова Маянын индикаторлорунун баардыгында нєл деген цифра турат, ага эч кандай ЭКК берилбейт. Демек, ал бул ай їчїн дем берїїчї эмгек акы албайт. Себеби ал мугалим белгилїї же белгисиз себептер менен бир ай бою эмгекке катышкан эмес же болбосо тийиштїї иштерди аткарган эмес. Эгерде бул мугалим коюлган ЭККга нааразы болсо, єз убагында мектептин эксперттик кеўешине кайрыла алат. Ал кеўеш себептерин аныктап берет. Кээде айрым мугалимдердин кээ бир индикаторлору бирикме жетекчиси тарабынан толтурулбай дагы калышы мїмкїн. Андай учурда эксперттик кеўешке кайрылып, аныктап чыгып, кайра эсептетїїгє болот, — дейт Рыскан Мырзаева.
P.S. Гезитибиздин ушул жылдын 24-январындагы №3 (10557) санында чыккан «Эмгек акынын эсеп-кысабын билесизби?» аттуу макала жарыялангандан кийин редакцияга кєптєгєн телефон чалуулар болууда. Ал макала боюнча топтолгон суроолорго тийиштїї жоопторду гезиттин эмки санынан ала аласыздар.
Чолпон КИЙИЗБАЕВА, «Кутбилим»

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*