Изденген жетекчи ийгилик жаратат

Жапаров

Ысык-Көл облусундагы Т.Сатылганов атындагы мектеп-лицей- интернаты аймактагы мыкты мектептердин бири. 2012-жылдан бери мектепте “Ийгиликтин паспорту” программасы ишке ашыры­лып жатат. Бул окуу программасынын максаты — жаштарга жардам берүүгө багытталган. Ошондой эле өзүнө болгон ишенимдүүлүк, адамдар менен баарлаша билүү, чечим кабыл алуу жана алдыга максат коюу сыяктуу жеке сапаттарды жакшыртуу менен сала­маттыкты сактоо боюнча маанилүү маселелер тууралуу жаштарга маалымат берүү, ишке орношуу үчүн туура жүрүш-турушту, жа­маат менен иштеше билүү, кызматташтык сыяктуу көндүмдөрдү үйрөтүү, жергиликтүү коомчулуктардын маселелерин чечүүдө социалдык долбоорлорду пландоо жана аларды ишке ашыруу иш-чараларына катышууну көздөйт. Эки жылдын ичинде долбо­ордун алкагында 41 бала окуп-тарбияланып чыкты. Долбоордун ишке ашырылышы, мектептеги устат-шакирттин иштеши, ата-эне­лерди мектепке тартуу ж.б.у.с. маселелер тууралуу окуу жайдын директору Алтынбек ЖАПАРОВду сөзгө тарттык.

— Алтынбек Дүйшеевич, “Ий­гиликтин паспорту” окуучулар­га эмне берди?

— “Ийгиликтин паспорту” дол­боору балдар үчүн абдан керектүү жана пайдалуу болду. Биздин балдар эки раундда тең катыш­ты. Долбоор балдардын эртеңки турмушка болгон көз карашын калыптандырып, ар кандай кыр­даалдан чыгууга, эмоцияга ал­дырбоого, адамга керектүү нерсе­лерге үйрөттү. Биздин окуучулар ушул программага катышкандан кийин кадимкидей лидер болуп чыкты. Мектептеги 620 окуучу­нун ичинен долбоордун балда­ры көзгө көрүнүп калды. Булар өзүлөрүн эркин алып жүрө баш­тады, орто окуган балдар удар­ник, отличникке чейин чыгышты. Себеп дегенде, алар мугалимге өзүнүн оюн эркин айтып, “жакшы окусам эртеңки күнү кыйын адам болом” деген максатта кызыгуу башталды. Жеке эле сабактар­дан эмес, мектептен сырткаркы иштерге да активдүү катыша башташты. Аларга тапшырма берип койсок, сабактан сырткар­кы иш-чараларды өздөрү өтүп жатышат. Мисалы үчүн, Жаңы жылды, “Мен бийчимин” деген сы­накты “Ийгиликтин паспортунун” бүтүрүүчүлөрү бизди кийлигиш­тирбей жогорку деңгээлде өтүштү. Бул балдардын жасап жаткан иштерин көргөн башка окуучулар дагы кызыгып, “мен дагы жакшы окусам, мен дагы ушундай лидер болсом” деп калышты. Былтыр 1-раунд бүткөндөн кийин, 2-ра­ундга окуучулар мугалимдерге келип, кезекке туруп, “мен дагы окугум келет, мен дагы долбо­орго катышкым келет” дегендер көп болду.

Мени таң калтырганы “эртеңки күнү менин жашоомо керек болот, студент болсом ошол группанын лидери болгонго мен даярмын, же болбосо чет мамлекетке барып окусам, мен эч кандай кыйнал­баймын, анткени аларда дагы эмоция, конфликт бар, ал кырда­алдан кантип чыкса болоорун мен билемин. Анткени бул программа дүйнөлүк жаштарга жазылган” деп жогорку деңгээлде сүйлөгөн окуучулар менен сүйлөшкөндө айтышты. “Мен Президент болсом таалим-тарбияны бала бакчадан баштайт элем. Анткени чоңдордун туура эмес мамилесинен бала бакчадагы балдар стресске ка­былып, мүнөзү түнт болуп, анын ички даремети, таланты ачылбай калганына өкүнөмүн. Мен дагы ошондой болчумун” деди про­граммага катышкан бир бала.

— Сабак берүүчү машыкты­руучуларды ким даярдады? Программанын жыйынтыгы кандай болду?

— Машыктыруучуларды “Бал­дар институту” коомдук фонду өзү окутуп, даярдап берди. Ал­бетте, баары машыктыруучудан көз каранды. Мисалы, биздин мектептин машыктыруучусу Эл мугалими, менин устатым Жибек Өзүбекова сабактарды жогорку деңгээлде өттү. Биринчи раунд­дун бүтүрүүчүлөрү “Эрудит” или­мий коомун түзүштү. Суктанчу эле балдар болду. Айрым мугалимдер “Ийгиликтин паспорту” долбоору­нун темаларын класстык сааттар­га коюп, өткөнүн айтып жатышат. Болгондо да тарбиялык саатты класс жетекчилер өтпөй, програм­маны бүткөн окуучулар өтүшкөн. Алар эч нерседен коркпой, тай­манбай, өздөрүнүн билгендерин курдаштарына үйрөткөндөн та­жашпайт. Окуучуларды биз көп учурда угуучу катары кабыл ала­быз. Ал эми “Ийгиликтин паспорту­нан” чыккандан кийин, программа­ны өткөн окуучу мугалимди угуучу катары кылып коет экен. Азыркы күндө 42 бала окуп бүтүштү. Бул команданы “Эрудит” деп койсок бо­лот. Эми дагы 20 баланы окутуп ал­сак, акырындык менен бүт мектепти ушул программанын алкагында тар­биялап, окутуп чыгат элек. Анткени мектеп, мугалимдер үчүн окуу жай­ды алдыга тарткан ийгиликтүү оку­учулар пайда болмок. Мына “Ийги­ликтин паспортун” бүтүргөндөрдүн он чактысы быйылкы предметтик олимпиадага катышат. Алар окууга дилгир болуп, мугалимдин артынан сая түшүп, мейли сабакка, мейли олимпиадага, мейли иш-чарага жоопкерчиликтүү болуп калышты. Буларга “жоопкерчиликтүү болсоң, кыйын инсан болосуң. Баарына так болсоң, баары сени сыйлайт” деген түшүнүк калыптанып калат экен. Иш-чараларда жүргөндөр чын эле жоопкерчиликтүү экенин көрсөтүшөт. “Мен мектептин на­мысын коргойм, олимпиада дагы мен үчүн күрөш, мен ушуга да ту­руштук бере алышым керек, бул дагы бизге түзүлгөн кырдаал, мен эң негизгиси эмоцияга берилбей, өзүмдү токтоо кармашым керек” деп калыптанып калган. Азыр­кы учурда окуучу окуучуну окутуп калды.

Биз жатак-мектеп болгондон кийин, жатаканада иштеген тарби­ячыларга семинар-тренингдерге катышуу боюнча график түзүп кой­гонбуз. Анткени темалар жалаң жашоого ылайыкталган. Жатака­нада жашаган 260 баланы 10 тар­биячы карайт. Кээде мугалимдер окуучуну стресстен кантип чыга­рууну билбей калабыз. Тарбиячы энеси катары биринчи жардамды бериши керек.

— “Устаттан шакирти өтөт” дегендей, Жибек эженин жасап кеткен иштерин өнүктүргөндөн сырткары, мектепке кандай жаңылыктарды киргиздиңиз?

— Жибек эже бир топ жыл мени директорлук кызматка даярда­ды. Болгон тажрыйбасын үйрөттү. Чындап келгенде шакирт болуш кыйын экен. Директорлук кызмат­ка келгенде корктум, Эл мугалими жетектеп жүргөн мектепти алып кетемби деп. Эжеден азыр деле жардам сурап, кеңешип турам. Эженин бардык иштерин токтот­пой улантып кеттим. Мугалимдер дагы айтат, “башка киши келгенде өзүнүн билгенин жасап, билген са­ясатын жүргүзмөк” деп. Эже деле “Устаттан шакирти өтүш керек” деп айтып калат.

Мен Америкага билимим­ди жогорулатуу курсуна барып, америкалык мектептердеги окуу процесси менен таанышып, таж­рыйба топтоп келдим. Америкада мектептин ишине ата-энелерди кийлигиштирет экен. Ата-энелер канчалык активдүү болсо, ошон­чолук билимдин сапаты өсүп, мектептин аброю да көтөрүлөт экен. Америкадан келгенден кий­ин, биринчи 24 кишиден турган ата-энелер комитетин чакырдым. Тренинг өттүм. Ар бир комитет­тин мүчөсү класстагы ата-энелер менен иштеп берүүсүн өтүндүм. Ата-энелерди мектепке тартып, сабактарга катыштырганга же­тиштик. Былтыр ата-энелердин мектепке катышуусу 50% жетсе, быйыл планыбызда ата-энелерди 65% тартабыз дедик. Азыр макса­тыбызга жете элекпиз, бирок 40% тегерегинде болуп калды. Албет­те, ата-энелерди күзүндө жана жазында айылда жумуш кайнап турган учурда тарта албайбыз. Ноябрдан мартка чейин алар ме­нен көп иштейбиз. Мисалы, да­рыгер ата-энеге кайрылсак, ал дарыгерлерди алып келип, СПИД, жугуштуу оорулар кандай жугат же болбосо тиш оорулар боюн­ча тарбиялык сааттарды өздөрү өтүшөт. Укук коргоочу ата-эне­лер келип, окуучулардын укугу, кылмыштуулуктун алдын алуу, мыйзам тууралуу тааныштырып кетет. Анткени ата-энелердин айтып бергени балдарга абдан таасирдүү болот экен. Ошон­дой эле аларды педагогикалык кеңештерге катыштырып, биздин ийгиликтерди ата-энелер аркылуу келбеген ата-энелерге билдирип турабыз. Мисалы, Дубайга кетчү спортсмен баланын жолун төлөп берүүгө ата-энелер демөөрчү болушат. “Ийгиликтин паспорту” программасы ата-энелерди дагы ойготту. “Мугалим – окуучу – ата- эне” болуп иштесек, анда сөзсүз билим сапаты жогорулайт.

— Мектеп жетекчилери акыр­кы жылдары окуу процесси­нен алыстап, менеджер болуп калышты деген ойго кандай карайсыз?

— Туура эле айтылган. Ага чы­чалабашыбыз керек. Чарбалык жумуштун баары биздин мойну­бузда. Кыргызстандын мектеп­теринин эскилиги жетип калды. Мектеп директору жүгүрүп, бар­дыгын ордуна коюп берсе, билим сапаты көтөрүлөт деп ойлойм. Директор сырттан инвестиция тартып, долбоорлорго проект жа­зып, жаңы технологияларды алып келип, жабдыганга аракет кылат. Кумтөрдүн 1% Ысык-Көл облусу­нун социалдык объектилерин ку­рууга жумшалат. Былтыркы окуу жылында ошого проект жазып, 1956-жылы курулган мектептин сыртынын шыбагы түшүп, кара­рып турчу, терезелери абдан эски эле. Беш миллион сомго жакын ка­ражат тартып, пластикадан тере­зе койдуруп, сыртын шыбаттым. Азыр жыргап эле калдык. Мектеп директору заманбап болуш керек. Албетте, биринчи кезекте стату­стуу мектеп болгондон кийин, му­галимдин, окуучунун интеллектин биринчи орунга коем. Интеллекти­си күчтүү балдар жерде калбайт. Азыркы заманда фирма ачабы, депутат болобу, айтор, колунда болгон мезгилде билим алган уя­сына учуп келип, жардам берет дейм. Мектеп мындан да жаркы­райт деп ойлойм.

Учурда бүтүрүүчүлөр менен мектептин сайтын ачтык. Бир бүтүрүүчүбүз Америкада маги­стратурада окуп жүрүп, баскетбол аянтчасын жасап берди. Келе­чекте бүтүрүүчүлөрдүн ассоци­ациясын түзүп, окуучулар менен белгилүү болуп калгандарды жолугуштурсам деген оюм бар. Насаатчылар жаш мугалимдер­ге тажрыйбаларын берип кетиши керек. Биз жаштар дагы жантала­шып алып калсак деген оюбуз бар. Жаштарды үйрөтүп калышыбыз керек. Анткени мектепке эртеңки күнү биз калабыз. Окуучулар дай­ыма боло берет, андыктан патри­от, билимдүү, интеллекти жогору, эрудит окуучуларды чыгарсам деген максатым бар.

Маектешкен

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Маалымат үчүн:

Мектеп-лицейдин негизги философиясы: Социалдык-эконо­микалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу, сапаттуу билимге ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү даярдаган, педагогдордун квалификаци­ясын системалуу жогорулатып жана коомчулук менен социалдык өнөктөштүктө болгон, Ысык-Көл облусунун билим берүү кызмат­керлерине консультативдик тейлөө көрсөтө алган маалымдуулук жана билим берүүчү инновациялык борбору бар профессионалдык өнүккөн мектепке айлануу. Бул философияны ишке ашыруу үчүн төмөнкү сапаттарга ээ болгондой лицейчилер тарбияланат.

Инсандык сапаттар

Ишмердүүлүк сапаттар

Өзүн-өзү өнүктүрүүгө ына­нышы

Интеллектисин жогорулату­уга карата умтулуусу

Толлеранттуулугу

Адамгерчиликтүүлүгү

Билим алууга дилгирлиги

Ачык

Жоопкерчиликтүү

Өз пикири бар

Өз мекенинин патриоту бо­лууга ынанышы

Лидер болууга умтулуусу

Чыгармачыл болууга умтулуусу

Коллективде иштей алуусу

Ар түрдүү кырдаалга карата адап­тацияланышы

Атаандаштыкка жөндөмдүү

Баарлаша билүүсү

Маалыматтар менен иштей алуусу

Ар түрдүү оор кырдаалдан

чыгууга карата жолдорду издөө

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*