Кыргызыма күрөө тамыр ыргагы, Дүйшө уулу Шайлообектин ырлары!

fon_shapki

 

 Сабактын максаты: а) Окуучулар акындын өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат  алышат. Акындын ырлары менен таанышышат.

                                           б) Окуучулар акындын ырларын акылы менен кабыл алып, кан-жанына сиңиришет, ой-идея ойготушат жана сүйлөө речин өстүрүшөт. Көркөм айтууга көнүгүшөт.

                                             в) Окуучулар  патриоттуулукка, адилеттүүлүккө, боорукерликке, элдик каада-салтты баалай билүүгө тарбияланышат.

Сабактын формасы: Кече-сабак

Сабактын  жабдылышы: Баннер, “Отко чуркаган бала”  көркөм тасмасы, акындын китептери

Сабак аралык байланыш: Кыргыз тили, тарых, адеп

Мугалим:  Кыргыз  Республикасынын Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, Б.Сарногоев атындагы Эл аралык адабий сыйлыктын, Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзу менен Нарын облустук журналисттер  уюмунун Сулайман  Мамбеталиев сыйлыгынын, ”Замандаш”  журналынын  “Жылдын өнөр табылгасы”  номинациясынын, Манас орденинин ээси, биздин бүгүнкү сабагыбыздын ардактуу коногу  Шайлообек Дүйшеев.

           Ш. Дүйшеевдин чыгармалары улуттук сезимди козгоп, ар намысыңа келтирип, пастыктан бийиктикке, арамдыктан аруулукка, маңкуртчулуктан манасчылыкка, бөлүнүүдөн биримдикке үндөп турат.

            Ш. Дүйшеев – эң  ириде лирик акын, Ш. Дүйшеев – публицист акын, Ш.Дүйшеев – новатор акын, Ш. Дүйшеев – эпик акын, Ш. Дүйшеев – сүрөткер  акын, Ш. Дүйшеев – журналист акын, Ш. Дүйшеев – эң негизгиси  улутчул акын. Бүгүнкү күндө мектеп окуучуларына улуттук баалуулуктарды урматтоо  аба менен суудай керек. Ушул максатта биз акынды жакындан таанып билүү  жана поэзияга окуучуларды  кызыктыруу  жагын эске алып, Кыргыз  Эл акыны Ш.Дүйшеевди  чакырып отурабыз.

          Мугалим:  Акчаң болсо аким болуш бир замат,

           Акын болуш жанга бүтпөс  кыямат.

           Кыргыз Манас, Манас Чыңгыз экенин,

           Каның менен жазыш керек сыялап!

    Шайлообек агай-эпик акын. Ал” Кошой менен Жолойдун кармашын” жазган. Убагында өзү да Манас айткан. “Манас”  эпосунан   үзүндү.  ”Каныкейдин Тайторуну  чапканы” окуучунун аткаруусунда.

           Мугалим:Мөмө бышпас болсо дагы чарбагы,
Караан кылган бак-дарагы карганы,
Базар десе баарын таштап жүгүргөн,
Кыйын  келет  Ат-Башынын балдары!…

 Биздин сабагыбыздын кадырлуу коногу Ш.Дүйшеев  Ат-Башынын кулуну.

 ЫР: Ат-Башы.  Сөзү Ш.Дүйшеевдики, обону А.Карымовдуку(окуучулардын аткаруусунда)

Мугалим: Ойго салып оор турмуш  кайдагы,

Очогу өчүп, күйүп күйбөй жан-жагы,

Оодарылып ташы өйдө кулаган,

 Дүйшө уулу Шайлообекти айталы.

 Барактайлы ал өмүрдүн барагын,

Баатыр мына оң жагымды карагын.

Кыргызым деп, кыргыз тил деп жан күйгөн,

Кыйын акын Шайлоо агай ардагым!

Окуучулар Ш. Дүйшеевдин  “Эне тилин унуткандар”  ырын окушат

Мугалим: Чылгоо сымал кончко батпай суурулган,

Жолдор ээрчийт  таман кесип  туурулган.

Апам  дагы балам бар деп ойлобой,

Жалгыз таштап көчүп кеткен туурунан.

Ата жытын сезбей калган эркелеп,

Жакыр заман жеңден тартып желкелеп.

Айтылган сөз октой тепчип баланы,

Канымгүлдүн  баласы да, деп келет!

Ш. Дүйшеев,  “Энем  жана мен”.  Ыр окулат

Мугалим: Намыс десе наар албай балалык,

Мезгил жылып күндөр айга саналып.

Тагдыр мизин бырчалады сезимдер,

Атасынын Дүйшө экенин таанытып!

Ш.Дүйшеев  “Аппак кар”,  хор (башталгыч класстын окуучулары), обону С.Момбековдуку

Мугалим: Дүйшеевдин анан болду иниси,

Арстаныбы, Жолборсубу, кимиси?

Аты уйкашка кетти жаны чыдабай,

Аралашпай аруу дүйнө бириси.

Дүйшеев болуш үчүн көп кыйналды,

Шайы кетти карап күчүн жыйнады.

Көкүрөктү тээп чыгып ыр дүйнө,

Ат-Башы эмес атбай журтка сыйбады!

Ш. Дүйшеев,  “Тозок болду Дүйшеев болуш деген”  ырын окуу.

Мугалим: Кайдыгерлик эзип акын жүрөгүн,

Саптап алып колго акын күрөгүн.

Дыйкан сымал жөөк салып жүрөккө,

Жалгыздыктан тажап жүрсө бирөөлөр!

“Жалгыздыктан жадап бүттүм”  Сөзү Ш. Дүйшеевдики, обону Э.Иманалиевдики

 Ш. Дүйшеев , “Кайдыгерлик”  ырын окуу.

Мугалим: Сакта деди тачка түрткөн баланы,

Айыктырып көңүл төшөп жараны.

Бөлүнбө деп бөлөйт ырыс-кешикке,

Дүйшеевдин ар бир жазган барагы!

Ш. Дүйшеев  ”Ош базарда бир жетим бала жүрөт”, обону С.Бейшекеевдики (окуучулардын аткаруусунда)

Орошондоп ойлору дайра болуп,

Бирде толуп, бирде кургак сайда болуп.

Бөлүнбө деп бөркүн кынап ынтымактын,

Бөдөнөдөй безеленип сайрап болуп!

 

Бөлүнбө дейт,бөлүнгөндөн өлөт кыргыз,

Бөк түшүп жатсаң деле өтөт турмуш.

Акындын ар бир сөзүн эсиңе тут,

Чачырасак,бирөөгө эртең кулбуз!

Ш. Дүйшеев,  “Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз”

Мугалим: Фаридалап жүргөн кезде агатай,

Кыз сулуусун чырайлуулар талашмай.

Жетпей калды сүйгөнүнө бир сары,

Учуп кетти турна моюн карматпай.

Жазса дагы, басса дагы ойдолоп,

Жорго жүрүш калем сабы жорголоп!

Ш.Дүйшеев  “Фаридам”, обону: А.Өзүбеков. Окуучу аткарат. 

Мугалим: Учкул сөздү улап дайым колдогонсуз,

Тоголонуп топ менен ойногонсуз.

Ушул заман келээрин эрте сезип,

Бетке айтып жөн жайына койбогонсуз!

Ш.Дүйшеевдин учкул сөздөрү ( 5-класстын окуучулары)

Бегиң бек болмоюн, чебиң бек болбойт.

 

Жалганда кут болбойт,

Жакырда жут болбойт.

 

Өлүм дартты багынтса,өнөр жатты багынтат.

Айбанды бүргө жейт, адамды түрмө жейт.

 

Көңүлдүн булуту көз менен жаайт.

 

Жылт эткендин баары эле жылдыз эмес,

Жыргагандын баары эле турмуш эмес.

 

Тың чыкпаса көп  жетим, тыңшалбаса сөз жетим.

 

Дарттуу дарак отунга  отун түтүнгө айланат.

 

Калптын асылы болгуча, чындыктын жесири бол.

 

Сөз тил аркылуу, обон үн аркылуу сүйлөйт.

 

Астанасын ойлогон ит багат, ашказанын ойлогон тиш багат.

 

Ант бузулса,  калк бузулат.

 

Сотуң калыс болмоюн, кылмышың алыс болбойт.

 

Бала оруганча, балаа оорусун.

 

Өгүзгө така тийбейт, өнөрсүзгө бата тийбейт.

 

Ырчы болуш бир паста, Ырысбай болуш аста-аста.

 

Карысы калыс болбосо, калкы балык болот.

 

Өсчү калк күндө өзүм дейт, өччү калк күндө өзүн жейт.

 

Көз сүрөт менен, көкүрөк жүрөк менен көрөт.

 

Аары гүлгө калдактайт, аюу балга далдактайт.

 

Той бириктирбейт, ой бириктирет.

 

Суусун саткан суксур, жерин саткан жексур.

 

Тамды салып алат, талантты багып алат.

 

Суунун барар жери сугат, сөздүн барар жери кулак.

 

Аял сыйлай албаган өлкө – апасыз өлкө.

 

Кулаалы куш эмес, кумшекер туз эмес.

 

Кудукта балык болбойт, кулдукта намыс болбойт.

 

Билими качкан дин кезет, билими ашкан жин кезет.

 

Чыңгыз калктан чыккан,

Чындык калптан чыккан.

Мугалим: Кыздын ырын, кыздын сырын эрте сезип,

Ыр дайрасын ылайлабай тунук кечип.

Тууруна конду акын шумкар сымал,

Ааламды чарк айланып дүйнө кезип!

Ш.Дүйшеев” Кыздын ыры”, обону Б.Садыковдуку . Окуучу аткарат. 

Мугалим: Кылым ырын жаңы нукка буруп турган,

Кышын кынап кыргыз тилди куруп турган.

Кара мүртөз кыянаттык кылгандарга,

“Кыргызым” деп  кылычын сунуп турган!

Ш. Дүйшеев,  “Кыянаттык”

Мугалим:  Обончулар от болуп ырларына,

Ой улап кайрык менен сырларыңа.

Гүлкайырды ыр дестелеп сунаар эле,

Асанкалый үн созуп курдашына!

Ш. Дүйшеев “Гүлкайыр”, обону А.Керимбаевдики

Мугалим: Атасына кыздары жанган жылдыз,

Ары-бери калчаса да өтөт турмуш.

Ыры менен жүрөктөрдү тазалаган,

Сыймыктанат Шакем менен ар бир кыргыз!

Ш. Дүйшеев “Атама”. Ыр окуу

Мугалим: Ойлой  берип келечектин бүлбүлдүгүн,

Сакта дедиң дүнүйөнүн бүтүндүгүн.

Ач көздүктүн сазына батып барат,

Элди-жерди саткандардан түңүлгүнүң!

Ш. Дүйшеев “ Сакта”, обону К.Таштаналиеваныкы

Мугалим:  Эштек байке, Эригиң да аралашып,

Элди бөлүп бири-бирин каралашып.

Иштебеген  баштарын кор кылышып,

Ак үйүңдө жүрүшөт каралашып!

 Ш. Дүйшеев “Эсиңе кел!” . Ыр окуу

Мугалим: Отко  чуркайт илебин сезип бала,

Учкундардай  чачырап сезим гана.

Күн болуп кыргызыма күйүп турат,

Акындын ат көтөргүс деми гана!

Акындын өмүрү, чыгармачылыгына арналган “Отко чуркаган бала” көркөм тасмасы

 

Мугалим: Китептери  өрнөк  өмүр  булагы,

Он бир, он үч жашта болуп  курагы.

Арбыныраак  айтып берсин  эмесе,

Анда сөздү  агабыздан  угалы!

Анда эмесе азыркы сөздү бүгүнкү адабий кеченин кадырлуу коногу  Шайлообек Дүйшеев  агайга бермекчибиз!

Мугалим: Кыргызстаным  Алланын бир белеги,

Мындай жерди бирөө бизге береби?

Бар байлыгын келечектин ойлонуп,

Кеч калбайлы  эсибизге  келели!

Ш. Дүйшеев “Кыргызстаным”, обону Г.Эсенгулованыкы

МугалимУшуну менен бүгүнкү адабий кечебизди  жыйынтыктайбыз, Шайлообек агай   сабагыбызга  катышып бергениңизге терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Айзада Салиева, Ж.Баласагын ат.КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун окутуучу

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*