Билим системасынын өтөлгөлүү багыттары

2012-03-07_14-16-39_747360-2(башталышы өткөн санда)

 XI кылымда Кыргызстандын билим берүүсү үчүн коркунучтар жана проблемалар

 Проблемаларды чечүүдө тез ыңгайлашууну жана ыкмаларды талап кылган тез өзгөрүүчү (глобалдык) дүйнө. Глобалдык дүйнө – бул экономикалык, социалдык жана маданий процесстердин универсалдашуусу жана ылдамдашуусу жүрүп турган дүйнө, мында эмгек рыногу билим берүү кызматынын рыногуна салыштырмалуу кыйла динамикалуу өнүгүшүнө жана адистердин баалоосу боюнча бул ажырым барган сайын дагы өсө беришине алып келет. Ошондуктан адамдардын аң-сезими, алардын кесиптик билиминин жана даярдыгынын деңгээли, ошондой эле коомдун жалпы маданиятынын өсүү деңгээли илимий-техникалык прогресстин темпинен артта калып, улам өзгөрүп турган дүйнөдө адамзат жашоосунун жаңы шарттарына жооп бербей калды. Мунун кесепетинен билим берүү системасын жалпы кризис басты, анын себеби – билим берүүнүн мазмуну, ошондой эле билим берүү системаларынын масштабы жана өнүгүү деңгээли азыркы дүйнөгө адекваттуу эместигинде. Бул кризистен чыгуунун жолу «үзгүлтүксүз билим берүүнүн ийкемдүү, ачык жана өнүгүп жаткан системасын» түзүүдө жатат, бул ар бир адамга керектүү компетенттүүлүктөргө өз алдынча ээ болуп, аны турмушта ар кандай проблемаларды чечүүгө, өзүнүн жеке жана социалдык жашоосун ийгиликтүү курууга колдонуп, жашоонун оош-кыйыш жана кыйчалыш жагдайларына ыкчам ыңгайлашууга көнүктүрөт.

Коомдун экономикалык жана саясий системасынын өзгөрүшү Кыргызстанды коомдук өнүктүрүүнүн парадигмасынын өзгөрүшүнө алып келди, бул бир жагынан советтик билим берүүнүн кыйрашынан (бирок коомдо анча баамдалбайт), ал эми экинчи жагынан – он жыл ичиндеги үзгүлтүксүз реформаларга карабай, кесиптик педагогикалык коомчулук менен да, ошондой эле Кыргызстандын калкы менен да кабыл алынган билим берүүнүн жаңы моделинин жоктугунан келип чыккан билим берүү системасында карама- каршылыктарга алып келди. Мындай кырдаалда өлкөнүн билим берүү системасы дүйнөлүк керектөө деңгээлинен гана эмес, ошондой эле Кыргызстандын өзүнүн коомдук керектөөсүнөн да артта кала берет. Ошондуктан бул сыноого шайкеш даярдыктын жолу билим берүү системасын төмөнкүдөй реформалоодо жатат:

– мектепте милдеттүү билим берүүнүн сапатын жогорулатуу («Бардыгы үчүн билим берүү» (БҮБ) Концепциясынын, «Миң жылдыкты өнүктүрүү максаттарынын» (МӨМ) жана башкалардын алкагында өнүгүп жаткан), анын милдети окуучуларды инсандык жана жарандык өнүктүрүү, кесиптик ишти баштоо үчүн жетиштүү болгон компетентүүлүктөргө ээ болууга даярдоо болуш керек;

– бүткүл системанын деңгээлинде каржылоо, башкаруу, кадр саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү.

Өлкөнүн экономикалык жана билим берүү саясатынын ортосунда өз ара байланыштын жоктугу. Системанын иши эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана болочок адистерге коюлган талаптарга жооп бербей калганда системанын алдында жаңы максаттарды коюу зарылдыгы жаралат, ошондой эле системанын максаттары менен ага жетүүнүн ыкмаларын жаңыртып тууралап тургандай кылып кайра куруп чыгуу керек болот.

Өлкөнүн, региондун, дүйнөнүн маданий көп түрдүүлүгү. Азыркы коомдо маданий жана этникалык көп түрдүүлүк өнүгүүнүн ресурсу катары каралат. Бирок 2010-жылдагы окуялар көрсөткөндөй, алар Кыргызстанда чыр-чатактардын да себеби болушу мүмкүн. Чыр-чатактар мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн көп маданияттуу коомдо жашоого даярдыгы жетишпегендигин, чатактарды сый-сыпаа жол менен чечүүнү билбегендиктерин жана жалпылап айтканда социалдык компетенттүүлүктөрдүн деңгээли төмөн экендигин көрсөттү. ЮНЕСКОнун XXI кылым үчүн билим берүү боюнча эл аралык комиссиясы келечектеги билим берүү үчүн төрт негизги компетенттүүлүгүн аныктады, алардын бири – «бирге жашоого үйрөнүү». Ошондуктан, билим берүү көп этностуу жана көп маданияттуу коомдо биригүүнүн каражаты болгондой кылып, этностук, маданий жана диний ар түрдүүлүктү камсыз кылгандай жолго салып системаны кайра куруп чыгуу керек. Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык баскычтарында көп маданияттуу жана көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү бул сыноого карата көрүлгөн даярдык болуп саналат.

 2020-жылга карата Кыргыз Республикасында билим берүү системасынын көрүнүшү

 Билим берүү системасынын жемиштүүлүгүнүн башкы критерийи болуп турмуштук сыноолордон өтүүгө жөндөмдүү жана өлкөнүн экономикалык, социомаданий жана саясий керектөөлөрүнө жооп берген компетенттүүлүктөргө ээ болгон бүтүрүүчү саналат.

Окуу убагында ар бир окуучу же студент бир катар негизги/базалык жана предметтик/ атайын компетенттүүлүккө үйрөнөт, алар жеке өнүгүүнүн белгиленген бир этаптарында коммуникациялык, кесиптик жана башка иш-аракеттерди ийгиликтүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жалпы билим берүүчү мектептин бүтүрүүчүлөрү окууну улантууга же иштөөгө жана демократиялык мамлекеттин жараны катары өзүнө жоопкерчиликти алууга даяр деңгээлде негизги (маалыматтык, социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүккө, проблемаларды чечүүдө компетенттүүлүккө), ошондой эле предметтик компетенттүүлүктөргө ээ болууга милдеттүү.

Бул учурда 2020-жылга карата билим берүү системасы төмөнкүдөй болот:

– мамлекеттин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүн камсыз кылат;

– адамдык капиталдын наркын жана сапатын жогорулатууга жардам берет.

Билим берүү системасы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

– сапаттуу негизги жалпы билимге кепилденген жетүүнү жана билим берүүнүн башка баскычтарына ар бир адамдын жөндөмдүүлүгүнө жана керектөөсүнө жараша бирдей жетүүнү камсыз кылууга;

– өлкөнүн инновациялык өнүгүүсүнүн маанилүү ресурсу катары таланттуу жаштарды билим берүү системасынын бардык деңгээлинде колдоого;

– Кыргызстандын жаранын үй-бүлө жана коомчулук менен тыгыз жана тең укуктуу кызматташтыкта тарбиялоону камсыз кылууга;

– өзгөчө муктаждыктагы балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүгө басым жасап, билим берүүнүн бардык баскычында инклюзивдүү ыкмаларды киргизүүгө;

– окутуу шартына дифференциалдык мамилени эске алуу менен билим берүүнүн бардык деңгээлинде жана баскычтарында бюджеттик каржылоонун минималдык стандарттарынын негизинде финансы каражаттарын натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кылууга;

– кесиптик өнөрүн дайыма өркүндөтүп турган жана коомдо бийик статусу бар жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрларга ээ болууга;

– академиялык жана чарбалык жактан кеңири өз алдынчалыкка ээ болгон жана билим берүү кызмат көрсөтүүсүнүн сапатына жоопкерчилик алып жүргөн билим берүү уюмдарынын алгылыктуу тармагына ээ болууга;

– билим берүү системасынын бардык деңгээлинде сапаттын кепилдик механизмдерин бекемдөө үчүн билим берүү уюмдарынын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасына ээ болууга.

 Билим берүү системасынын иштөө,  уюштуруу принциптери жана билим берүү баскычтары

  Иштөө принциптери

Билим берүү азыркы учурда адамды жогорку даражада белгисиз болгон жашоо абалына даярдашы керек. Бул жобо үзгүлтүксүз билим берүүнүн жана окуп жаткан коомчулуктун концепциясынын методологиялык негизи болуп саналат, ал адамдын турмушта улам жаңы тоскоолдуктар менен кыйынчылыктарга туш болгондугуна жараша билим берүү системасына анын формалдуу жана формалдуу эмес деңгээлинде көп жолу кайрылып келүүсүнө шарт түзүп берүүгө чакырылган.

Ушуга байланыштуу бүткүл дүйнөдө билим берүүнүн түзүмү, окутуунун мазмуну жана ыкмасы төмөнкүлөргө багытталган:

– окууга үйрөтүүгө,

– иштөөгө жана акча табууга үйрөтүүгө,

– бирге жашоого үйрөтүүгө.

Бул принциптер билим берүүнүн ар бир баскычында уюштуруу жана билим берүү процессин ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүнө жараша өзгөрөт.

Билим берүү системасын уюштуруу принциптери:

– ар бир баскычтын ачыктыгы – негизги жалпы билим алгандан кийин түрдүү типтеги билим берүү уюмдарында билим алууну улантуу жана окууну ар кандай формада (күндүзгү, күндүзгү-сырттан, сырттан, экстернаттык, дистанттык) уюштуруу мүмкүндүгү. Окутуунун ар бир баскычы окуу программасынын өздөштүрүлгөн деңгээлин аныктаган жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация менен аяктайт;

– башталган жолдун бузулбастыгы. Ал төмөнкү ыкмалар менен ишке ашат:

– окутуунун жалпы методологиясы – мектепке чейинки билим берүүдөн тартып чоң кишилерди окутуу системасына чейин билим берүү системасы окуучунун/ бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүктөрүнүн топтомунда чагылдырылган жыйынтыкка багытталган;

– билим берүүнүн жалпы максаттары жана милдеттери – өздүк билим берүү траекториясынын негизинде окуучунун потенциалын өнүктүрүү (инсанга багыттап окутуу);

– уюштуруу шарттары – билим берүүнүн бардык деңгээлинде стандарттардын/ куррикулумдардын жана окутуунун натыйжасына талаптарды аныктаган башка ченемдик документтердин бар болушу;

– аралык жана жыйынтыктоо аттестациялары (4-9-11-класстар) – кийинки баскычта окууга мүмкүндүк берүүчү окуучунун даярдыктын белгиленген бир деңгээлине ээ болгондугунун кепилдиги катары;

-окутуунун натыйжасына болгон жаңы талаптарга ылайык педагогикалык кадрлардын бар болушу;

– билим берүү уюмдарынын инфраструктурасы.

 

Мектепте билим берүүнүн мазмуну

2020-жылга чейинки мезгилде мектеп окутуунун эң массалык деңгээли катары натыйжага багытталган билим берүүгө өтүшү керек, ал үчүн төмөнкүлөр зарыл:

окутууну жаңыча уюштуруунун негизи катары коомдун социалдык заказдары менен макулдашылган бир катар ченемдик документтерди (Алкактык улуттук стандартты (куррикулумду), предметтик стандарттарды/куррикулумдарды, мектептик куррикулумдарды ж.б.) кабыл алуу;

Базистик окуу планын түзүмдүк жактан кайра куруу, ал мамлекеттик жана региондук мектептик компоненттердин болушунун эсебинен балдардын, мектептин жана региондун керектөөсүн эске алуу менен окутуу процессинин ийкемдүү курулушун камсыз кылышы керек;

ар бир бүтүрүүчүдө инсандык, социалдык жана кесиптик милдеттерин аткаруу үчүн жетиштүү болгон жеке компетенттүүлүктөрдүн топтомун калыптандырууга багытталган окутуунун электрондук каражаттарын колдонууну кошо алганда, билим берүүнүн мазмунун өзгөртүү жана окутуунун инновациялык технологияларын киргизүү;

2020-жылга карата мектепте билим берүүнүн жогорку баскычында мектептердин 25 пайыздан кем эмес бөлүгүн окуучулардын болочоктогу ишин тандоо жана атайын кесиптик орто, жогорку кесиптик окуу жайда окууга даярдануу же эмгек рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн профилдүү билим берүүнү уюштурууга өтүү. Өлкөдө жана региондо талап кылынган кесиптерге окуучуларды тартуу жана Кыргызстанда эмгек рыногунда болуп жаткан ажырым көрүнүштөрдү азайтуу үчүн кесипке багыт берүү иштерин күчөтүү;

мектептерди жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу, китеп чыгаруу ишине дем берүү үчүн окуу жана окуу-методикалык адабияттарды басууну уюштуруунун жаңы формаларын иштеп чыгуу;

педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү;

билим берүү натыйжасын тигил же бул сабак жөнүндө билимди өздөштүрүү деңгээли катары эле эмес, ошондой эле окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн инсандык, жарандык жана кесиптик керектөөлөрүн ишке ашырууну камсыз кылуучу ар бир окуучу үчүн негизги жана предметтик компетенттүүлүктү билүүнүн жеке деңгээли катары да баалоого мүмкүндүк берүүчү окуучулардын жетишкендиктерин жаңы система менен баалоону киргизүү (суммативдик, формативдик).

 (уландысы бар)

Чолпонбек Тиленбаев

 

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*