“Ийгиликтин паспорту” адамдык сапатты калыптандырат

“Балдар институту” коомдук фонду жатак-мектептердин балдарын келечекке багыт берүү максатында “Ийгиликтин паспорту” программасы менен эки жылдан бери окутуп келет. Программанын талабы боюнча  долбоорго социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары, тоголок жетим, толук эмес жетим окуучулар камтылган. Бишкек шаарындагы  А.Каниметов атындагы №1 жатак-гимназиянын директору, билим берүүнүн мыктысы Нуркалый  БАЙМАТОВ  “Ийгиликтин паспорту” долбоорунун балдарга тийгизген таасири, окуу жайдагы ийгиликтер, окуучулардын чыгыш тилине болгон кызыгуусу ж.б. тууралуу “Кутбилим” гезитинин мектептер бөлүмүнүн редакторуна айтып берди.

Окуучуларды боорукердикке тарбиялаган долбоор

Нуркалый Байматовдун айтымына караганда, “Ийгиликтин паспорту” окуучулардын адамдык сапатынын калыптанышына багыт бере турган бирден-бир программа.  Бул долбоордон  окуучулар көп нерсени алышкан.

  • Башында мен түшүнгөн эмесмин. Көрсө,  адамдын жекече инсандыгын белгилеген паспорт сыяктуу эле,  адам өзүнүн сапатына, кулк-мүнөзүнө жараша багыт алат экен. Келечекте кандай болуш керек, эмне кылыш керек, кайсы убакта ким менен кандай мамиле түзүш керек, эмнеге багыт алыш керек деген нерселерге үйрөнүштү. Программанын талабы боюнча 21 окуучу тандалып алынып, алар сабактан кийин программага бөлүнгөн саат боюнча окушту. Алар менен жолугуп, сүйлөшкөндө: “Өзүбүздү коомдук жерлерде кандай алып жүрүш керек экенин үйрөндүк.  Келечекте ким болгубуз келет деген суроого жооп алып, кесипти тандоого жолдун ачылышын багыттап алдык” дешти. Балдардын келечекте адамгерчиликтүү, боорукер болуп, социалдык жактан бири бирине жардам бергени мага абдан жакты. Алсак, турмушубузда канчалаган байларды, олигархтарды көрүп жүрөбүз, ошолордун баары эле боорукер болуп кеткен жок. Ал эми “Ийгиликтин паспорту” долбоору окуучулардын кулк-мүнөзүн, психологиясын, көз карашын өзүнөн ашса,  бирөөгө жардам бергенге багыттайт экен, – дейт мектеп жетекчиси.

“Ийгиликтин паспорту” программасын окуган балдар эми башка балдарга сабак бере башташкан. Анткени балдар мугалимге караганда окуучунун айтканын тез кабыл алат. Бул маселе да методикалык кеңеште каралып, талкууланган. Долбоордун бүтүрүүчүлөрү “Балдар институтуна” проект жазып, андан каражат утуп алып, Балдар үйүнө барып,  жардам беришкен. Ошондой эле Карыялардын үйүнө барып, талкаланып, каралбай калган бөлмөнү оңдоп беришти. Эми, жатак-мектептин балдарын, кыздарын турмушка даярдаш үчүн жетекчилик училищалар менен келишим түзүп,  бир бөлмө даярдап бермек болду. Эгерде санэпидемстанция уруксат берсе, каалоочу кыздарды, балдарды ашпозчулукка даярдашат.

 Канча тил билсең, ошончо дил билесиң

Окуу жайда балдарды келечекке багыттаган бир дагы программа болгон эмес. Бирок интернаттын балдары буга чейин эле бири-бирине боорукер болуп келген. Анткени алар бир жатаканада жашап, бир казандан  аш жеп, бир чөөгүндөн чай ичип чоңоюшат, бир жерден билим алышат, кыскасы, жашоолору бир.

  • Бир сутканын 24 сааты болсо, 24 саат бою баары чогуу. Бир жылда он эки ай болсо, анын 10 айы чогуу жүрүшөт.  Үйдөкүлөрүнө караганда,  булар бири-бири менен абдан жакын. Жатак-гимназияда  учурда 451 бала окуса, анын  420 жатаканада жатып окугандар. Калгандары чыгыш тилдерин окуганы келгендер. Жатак-гимназияда  1992-жылдан бери япон тили окутулат. Анын  жыйынтыгы жакшы. Окуп бүткөн балдар келечегине шарт түзүп берген үчүн жамаатка ар дайым ырахматын айтышат, – дейт Нуркалый агай. – Союз тарагандан кийин, куран араб тилинде жазылгандыктан, “биз мусулманбыз” деп көбүнчө жаштар молдо болуп, билерман боло башташты. Ошондо бир ой кетти, булар туура багыт берип жатабы деген. Анын залакасын кийин медреселерде болгон окуялардан көрбөдүкпү. Кандай кылганда буларды токтото алабыз деген ой пайда болду. Эгерде биздин окуучулар араб тилинин грамматикасын  жакшы окуп, анализ жасаганды үйрөнсө, “чала молдолорго” конкурент пайда болуп, тыяла баштайт деп араб тилин окутуу топторун ачтым.

Ошентип, балдардын келечегине кам көргөн камкор жетекчи Кувейт университети менен тыгыз байланышып, араб тилин сабаттуу окутуу үчүн ошол окуу жайдан бир окутуучу менен келишим түзөт.  Учурда жатак-мектептин окуучулары  араб тилинин маданиятын, тарыхын, экономикасын окуп, бир сөз менен айтканда тилди терең үйрөнүп жаткан учуру. Мындан сырткары, изденген жетекчи окуу жайдын жамааты, методикалык кеңеши менен сүйлөшүп,  кытай тилин окутууну көздөйт.

  • Кытайдын экономикасы аябай өнүгүп жатат. Кайда барба Кытайдын товары жүрүп жатат. Демек, экономикасы өнүккөн мамлекеттин да тилин окуш керек. Бир жолу Бишкектеги “Таатан”  соода комплексине барсам, жалаң эле уйгур менен дунган балдар отурат. Бир дагы кыргыз баласы жок. “Гоин” соода дүкөнүнө келсек, ал жерде дагы ошондой көрүнүш. “Жунхайга” барсак,  ал жерде деле ошондой.

    Дунган менен кытайдын тили бири-бирине окшош келээрин билбептирмин. Кызыктым, “канча айлык аласыңар котормочу болгонуңарга?” десем, “300 доллар” дешти. Ал кезде 300 доллар чоң акча болчу. Ойлондум, “биздин кыргыз балдар эмне үчүн дунгандардай олтуруп, акча таба албайт” деп. Жогорку окуу жайга өтпөсө дагы, окуучуларым  ушундай котормочу болуп, өзүнүн күнүмдүк жашоосуна тапканга жараш керек деп, келээрим менен методикалык кеңеште кытай тилин окуутууну талкууладык.  Окуучуларды үчкө бөлсөк, бир группада 8-9 баладан болот экен. Мугалимге дагы жеңил. Менин сунушумду методкеңеш туура кабыл алып,  төрт  жылдан бери кытай тили окутулат. Азыр бири- бири менен баарлашканга жарап калышты, – дейт мектеп директору

Чыгыш тилдерин жөн эле киргизип койбостон, Кыргызстандагы элчиликтер менен байланышып турушат.  Маселен, Япониянын элчилигине чыгышканда, алар “Достук” өкмөттүк эмес уюм менен байланыштырып, алардан япон тилинде китептерди, көрсөтмө куралдарды алышкан. Кыргызстанга келген учурда уюмдун өкүлдөрү сөзсүз окуу жайга келип, жолугуп турушса, биздин окуучулар кат алып, байланышып турушат. Ал эми араб тилин жакшы өздөштүрүү максатында, Махмуд Кашгари университетинде иштеген мугалимдер аркылуу араб мамлекетиндеги мектептер менен байланыш түзсөк деген оюн мектеп жетекчиси жашырган жок. Ал ушуну менен эле токтоп калбастан,   түрк тилин үйрөнүү ийримин  ачып, Түркиядагы жатак-мектептер менен байланыш түзүп, окутуу ыкмасын, жашоо  системасын үйрөнсөк деген тилеги бар экенин билдирди.

  • Биздин бир окуучу өзү түрк тилин үйрөнүп, мындан эки жыл мурун Түркиядагы атайын аскер академиясына өтүп кетти. Атасы бар, бала 7-класста окуп жатканда энеси каза болуп калган. Атасы келип, бизге ырахмат айтып кетти, – дейт Нуркалый Байматов.

Мажбурланган реформа…

  • Реформаны  буйрук менен мажбурлаган болбойт. Ал өзү келет. Мисалы, мектептерге экономика деген сабак киргиздик, бирок аны окуткан адис даярдалган эмес. Адеп сабагын киргиздик, эмне балдар адептүү болуп кеттиби? Кана?!. Тескерисинче, рэкет күчөдү, бири-биринен басмырлап акча алуулар көбөйдү. Эч ойлонбой туруп, реформа жүргүзүп жатабыз деп эле сабактарды киргизип коюу туура эмес. Окуу программасын эл аралык стандартка жакындатышыбыз керек. Балдардын жүктөмү көп деп айтып жатышат. Анын баары мектеп гигиенасында каралган. Менимче, союздун убагындагы сабактарды кайра алып келүү керек.

    Химия, физика, математика, биология – бул дүйнөлүк олимпиадага катышчу сабактар. Дүйнөлүк стандартта окуган жерлерин алып, кыргызчага которуп коюш керек. Кыргыздын физикасы, же химиясы, же биологиясы деп жазганга  болбойт. Закон, эрежелер, маалыматтар так илимдерде бирдей айтылат, – дейт жатак-гимназиянын  жетекчиси.

Жекече иштөө ыкмасы окуучунун аң-сезимин чектейт

Мектеп жетекчиси Бишкектеги “Себат” эл аралык мекемесинин окуу процесси менен таанышып чыккан. Анткени ал өзү жетектеген окуу жайда түрк лицейлеринин айрым ыкмаларын пайдалансам деген тилеги бар экен. Бирок түрк лицейлеринде жекече иштөө жогорку деңгээлге коюлган. Маселен, бир бала химияны жакшы билсе, аны менен мугалим  3-4 жыл бою химияга гана басым жасап окутат экен. Албетте, ал алдыга чыкпаганда, ким чыгат?

  • Эгерде  биз бир гана сабакка басым жасап койсок, бала башка предметтерди таштап коет. Мисалы, химия жакшы билген бала, биологияны билбей калат экен. Балдар ар тараптуу өнүгүш керек. Бир предметке даярдап, окутуу бардык  эле мектептин колунан келет. Маселен, түрк лицейинин алдыга суурулуп чыккан балдарын башка сабактардан  сынап көрсө, эч нерсе билишпейт. Түрк мектебине барган бала кыргыздын тарыхын, маданиятын жерий баштайт экен. Музыка укса дагы түрктүн музыкасы, окуса дагы түрктүн экономикасы, тарыхын окуйт. Бирок “Манас”, “Ата-Түрк Ала-Тоо” жогорку окуу жайларында  орточо окугандарды алар  иш менен камсыз кылат экен. Бул алардын жакшы жагы. Орточо эмес, жакшы окуган студентти ишке орноштуруу бизде жолго коюлган эмес. Экинчи жагынан алсак, 6-класска чейин жакшы окуган балдардын баарын  мамлекеттик мектеп “уралап”  түрк лицейине берип салышат. “Өзүңөр даярдаган балдарды эмнеге карматып салдыңар?” –  дейм. Бизде деле жогорку деңгээлдеги мугалимдер бар, – дейт Нуркалый агай.

 Окуучу менен жекече иштөө боюнча, окуу жайда “Манас таануу” конкурсуна катышуу үчүн жети окуучу менен иш алып барышат.  Ал окуучулардын манас боюнча билими мугалимдин деңгээлинде.

Жатак-гимназияга  кабыл алуу жолу

Бишкектеги №1 жатак-гимназияга окуучулар 3-класстан баштап кабыл алынат. Кабыл алууда окуйм деп келгендер кыргыз жана орус тилдеринен жат жазуу жазышат. Математикадан да билими текшерилет.

  • 3-класска келип бир минутада 16 сөз араң окуган балдар бар. Аны кайра айтып бере албайт. Союз тараган убакта Баткенде ушундай абал болчу, азыр Талас менен Токтогул району ушундай ахывалда. Анткени дайыма анализ жүргүзүп турам. Кээ бир 5-класска келген балдарды окутсаң  араң 15-20 сөз окуйт. Кошуу, кемитүү, тамганы билсе эле мектепке алабыз, кээде ошону дагы билбей жатышпайбы. Ашып кетсе 30 сөз окушат. Ошолор менен жекече иш алып барабыз. Качан гана баягы бала жакшы окуй баштаган кезде, айрым ата-эне түрк лицейине ала качып кетет. Ата-энелерге дегеле түшүндүрө албай койдум.

    Бизде окуп жүргөндө отличник окубагандар деле жогорку окуу жайларды  кызыл диплом менен бүтүп жатышат. Анализ жүргүзсөм,  биздин мугалимдер реалдуу баа коюшат экен. Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында окуган биздин бүтүрүүчүбү Б.Мамадалиева  эл аралык олимпиадада жеңүүчү болуп келди. Ташмамбет деген балабыз  Кыргыз-Славян университетин  кызыл диплом менен аяктап, Юридикалык академияда мугалим болуп иштеп жүрөт. Дагы бир окуучубуз финансы кредит бөлүмүн  кызыл диплом менен бүттү. Булар деле суурулуп чыккан окуучулар эмес  болчу.

    2013-жылы биздин үч  бала Эл аралык жолдо жүрүүнүн коопсуздугу боюнча  Москвада өткөн спартакиадага барып,  86 команданын ичинен Кыргызстан биринчи орунду жеңип алган. “Манас таануу”  сынагы боюнча алдыңкы орунда келатабыз. Каада-салттар боюнча “Мурас” командабыз бар. Алар дагы ар дайым алдыңкы орундарды бербей келишет. Тогуз коргоол боюнча Казакстанда өткөн мелдештерде кыргыздын намысын коргоп жүрүшөт биздин окуучулар. 3-4 мугалимибиз илимий иштер менен алектенишет, азыр алар аспирантурада окушат. Мектепке ишке кабыл алып жатканда мен көбүнчө артыкчылык диплом  менен аяктаган мугалимдерди алам. Акыркы үч жылда  биздин мектептен “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынакка катышкан эки мугалим ар кайсы номинация боюнча жеңүүчү деп табылган. Биз мактанбайбыз, ийгилигибиз өзүбүзгө буюрсун деп коебуз, – дейт сыймыктануу менен Н.Байматов.

    Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

     

     

     

     

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*