Балдарыбызды кыргызча окутуудан неге кыйылабыз?

Ош шаарындагы №52 мектептин окуучулары сабакта.

Кыргызстанда жашап, кыргыз тилин билбеген башка улуттар гана эмес, өз эне тилин билбеген замандаштарыбыз арабызда арбын. Бул бир убактагы саясатка байланыштуу болсо, эгемендикке ээ болгондон бери деле мекендештерибиздин дилин кыргыз тилине бурууга жасалган далалаттар күтүлгөндөй натыйжа бербей келаткандыгынан кабар берет.

“Кыргыз классы бар үчүн ушул мектепти тандадык”

Жаштар тилди анын популярдуулугуна жараша тандап үйрөнүшсө, алардын ата-энелери балдарын кыргыз мектептерде окутуудан чоочуркап келишет. Көпчүлүк ата-энелердин айтымында, ага кыргызча китептердин жетишсиздиги, болсо да сапаты төмөндүгү жана мугалимдердин тартыштыгы себеп болууда. Натыйжада алар балдары жеткилең билим албай калышат деп кооптонушат.

Бишкек шаарынын тургуну Салия улуу кызы орус тилдүу мектепте билим алгандыгын, бирок кийинки уулу Азаматты башынан эле кыргызча окутууга ниеттенгендигин, анын бул аракети эң ириде эне тилин унутпашы үчүн жасаган далалаты экендигин айтат.

-Тун кызыбыз орус тилдүү мектепте билим алды. Ага өкүнгөнүбүз деле жок, анткени биринчиден, кызыбыз кыргызча таза эле сүйлөйт, экинчиден, кыз баланын кыргыз тилин билбей калышы эркек балдарга салыштырмалуу анча деле маселе жаратпаса керек деп ойлойм. Ал эми Азаматты атайын сураштырып, иликтеп жүрүп жашаган аймагыбыз башка жерде болгондугуна карабай, борбор шаарыбыздагы №67 мектепке бердик. Анткени мектепте кыргыз классы бар экендигин билчүбүз. Буга кошумча тааныштарыбыздан угуп жүргөн башталгыч класстын мугалими Сайра Момунованын мыкты адис экендиги да себепчи болуп кетти. Жашырганда эмне, бардык эле ата-эне адегенде эле жакшы мугалим издейт эмеспи. Азыр болсо балабыздын ушул мектепте, кыргыз классында окуп жаткандыгына аябай ыраазыбыз. Балдарыбыздын келечегине кам көрүп, кыргыз класстарын ачып жатышкандыктары үчүн ириде мектеп жетекчилигине рахмат. Балам тил жагынан чайналган жок. Классындагылардын баары эле кыргызча сүйлөшөт, – дейт Салия айым.

Орус, кыргыз тилинде аралаш окуткан мектептерде окугандардын баары эле чынында Салиядай ыраазы боло беришпейт. Себеби кыргыз класста окуйт дегени менен, балдар мектепте басымдуу түрдө орусча сүйлөшөт. Ага кошумча үй-бүлөдөгү жагдай да таасир этээри талашсыз. Салиянын айтымында, баласы менен кичинесинен бир короодо чогуу өсүп, мектепке бирге барган конушасынын баласы мектепти алмаштырууга аргасыз болгон. Балким бул бала мектепте кыргызча окуса, үйүндө башкалары орус тилинде сүйлөшкөндүгү себеп болгондур деп болжомолдойт ал.

Ата-энелер алгач мыкты адис издешет

Айткандай эле балдардын эне тилин мыкты деңгээлде өздөштүрүүсү үчүн аны кыргыз тилдүү класстарга берип коюу жетишсиз. Баланын кыргыз тилин мыкты өздөштүрүп кетүүсүнө көптөгөн факторлор таасир этет. Алардын бири, бул балким эң орчундуусудур, аны окуткан мугалимдердин жогорку квалификациялуу адис болушу шарт.

Жогоруда биз сөз кылган № 67 мектептин директорунун кыргыз класстары боюнча орун басары Атыркүл Иманалиеванын пикиринче, бул иште да башкалар сыяктуу эле мыкты мотивация болгону жакшы.

–          Акыркы 3-4 жылдан бери кыргыз тилинде окутууну каалаган ата-энелердин саны арбып баратканы байкалууда. Баардык эле ата-энелер балдарын жакшы деп бааланган мектептерде окутууну каалашат эмеспи. Биринчи класстын босогосун жаңы аттаган балдарын да мыкты репутацияга ээ мугалимдин колуна тапшыргылары келишет. Биз ата-энелердин талаптарын туура түшүнөбүз жана бардык күч-аракетибизди балдарга жогорку деңгээлде билим-тарбия берүүгө жумшайбыз. Биздин мектепте башталгыч класстарда – 1-класстан 4-класска чейин “а” жана “б” болуп экиден кыргыз тилдүү класстар бар. Ал эми 5-класстан жогору бирден класс. Класс комплектилери толук. Адеп жаңы киргенде эле коюлган талаптын негизинде орус класстан кыргыз класска же тескерисинче, кыргыз класстан орус класска которбойбуз. Бул биздин шартыбыз. Андыктан, башка класстарга которулгандар жок. Класстар окуу китептери менен толук жабдылган, адистер да жетиштүү. Алдыдагы максатыбыз – континентти сактап калуу жана эгер зарылдык болсо, дагы кыргыз класстарын ачуу. Ал үчүн бардык шартыбыз бар, – дейт Атыркүл Тыбыновна.

Атыркүл Тыбыновна белгилегендей, тил үйрөнүүгө муктаждык сыяктуу маанилүү себептер, жеке каалоосу жана түзүлгөн шарттар түрткү болмокчу. Муктаждык демекчи, Өкмөттүк ж.б. расмий иш-кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүү талабы, Президент А.Атамбаевдин кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча маселени өз көзөмөлүнө алгандыгы жана жөн гана Кыргызстанда төрөлүп, жашап жаткандан кийин бул тилди билишим керек кадыресе каалоо сезими болгону да себепкер болоору шексиз.

Расмий маалыматтар боюнча Бишкек шаарында жалпы билим берүү уюмдарынын саны – 94, алардын ичинен окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн  мектептер – 9 , окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер – 47, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер – 37.  2012-2013-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстардын саны – 897 болсо, 2013-2014- окуу жылында алардын саны 82 класска көбөйгөн ( 979).

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Жамиля Анарбаеванын айтымында,  борборубуздагы №6, 12, 13 ж.б. сыяктуу статустук мектептерде кыргыз тилинде окутуучу катар класстарды ачуу сунушу менен башкармалык жогоруда аталган мектеп жетекчилерине атайын кат жолдогон.

–          Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим, илим жана спорт комитетинин суроо-талабынын негизинде  жаңы  2013-2014-окуу жылында Бишкек шаарынын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн № 6, 12, 65, 9, 26, 23, 13 статустук мектептеринде окутуу кыргыз тилинде өтүүчү катар класстарды ачуу сунушу менен Билим берүү башкармалыгы тарабынан мектептерге кат жиберилген. Мындан сырткары 2013-2014-окуу жылынын башында өткөрүлгөн мектеп директорлорунун кеңешмесинде Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы тарабынан ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, статустук мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарды ачуу сунушталган. Билим берүү жана илим министирлигинин  2013-жылдын 25-октябрындагы катынын негизинде 2013-жылдын 15-ноябрында Билим берүү башкармалыгынын коллегиясында катар класстарды ачуу проблемасы каралып, № 6, 12, 65, 9, 26, 23,13 мектептеринде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарды ачуу милдеттендирилди.

Азыркы убакта Бишкек шаарынын № 39 орто мектебин кыргыз тили жана адабиятын тереңдетип окутуучу мектеп-гимназиясына  өткөрүү боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат, – дейт Ж.Анарбаева.

 

Статустук мектептерде кыргыз класстары ачылат
Көпчүлүк ата-эне балдарын орус тилде окуткан мектептерге бергенин убагында өздөрү тарткан кыйынчылыктарга шылташат. Орусча үйрөнүүдө балам да мендей кыйналбасын, баары бир орус тил басымдуулук кылат деген ойдо орус класска баласын берген Рая аттуу айым мындай дейт:

–          Кыргыз тилинин биз үчүн маанилүү экендигин жакшы билебиз. Бирок уулубузду 1-класска берээрде атасы экөөбүз ары толгонуп, бери толгонуп жатып, мыкты окутат деген мектепке окууга киргиздик. Анын үстүнө балабыздын мектепке келип-кеткен жолунун ыңгайлуулугуна да карадык. Тилекке каршы, ал жерде кыргыз класстары жок экен. Эгерде ал мектепте кыргыз класстары ачылганда, ойлонбой туруп кыргызча окутмакпыз. Азыр деле кеч эмес деп ойлойм. Анткени азыр байкасам, балам оюн же кыргызча толук айта албай,  же орусча айталбай кыйналат. Биз үйдөн кыргызча сүйлө, эне тилиңди унутпа деп талап коебуз, натыйжада кээде күлкү келерлик келегей сөздөрдү айтат. Чынымды айтсам, балама боорум ооруп кетет. Аны кыргыз мектепке которууга да бир нече жолу белсендик. Бирок, мугалимдер өздөрү мектеп которуштуруудан балдар мындан көбүрөөк жапа чегишээрин айтышып, айнытып коюшту. Анын үстүнө башка жактан келген балдарды оңой менен кабыл алышпайт деп да укканым бар. – деп, жүрөгүндөгү кабатыр ою менен бөлүштү.

Алысты жакын кылган – тил

Соңку жылдарда кыргыз тилине тереңирээк маани берип, уул-кыздарынын мекенчил жаштардан болуусуна кам көрө баштагандардын саны арбып баратканын айтышууда. Буга мурда-кийин маани бербей жүрүшсө, эми башка эл-жерге барганда (айрыкча чет өлкөлөргө), козголгон патриоттук сезимдери да түрткү болуп жаткандай. Учурда чет тилдерин билген жана билбеген ар бир атуулдун көксөгөн максаты – алыскы өлкөлөргө барып иштеп, каражат табуу же болбосо жер кыдырып көрүү. Ошондой жаштардын бири -Нурзада. Ал азыр Австрияда иштеп жүрөт. Өзү алыскы Нарын жергесинен болот. Эне тилинен тышкары орус жана бир нече чет тилдерин үйрөнүүгө жетишти. Анткени тил үйрөнүп билүү аркылуу гана өз максатын ишке ашыраарына көзү жеткен. Ал өзүнүн башка курбулары сыяктуу эле иштеп, каражат топтоп, ата-энесине жардам бергиси келет. Мындай максат менен чет жактарда өзүнө окшоп жүргөн курбу-теңтуштары көп. Алар менен маал-маалы менен жолугушуп, кыргызча чер жазыша сүйлөшүп, аз да болсо сагынычтарын таркатып алышат. Бири-бирин тааныбаган алыс жерде аларды кыргыз тили жана Ата-Мекенге болгон кусалыгы бириктирип турат.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

шаарында жаңы ачылган №52 мектептин окуучулары. Мектептин пайдаланууга берилгенине үч ай болду.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*