Билим системасынын өтөлгөлүү багыттары

2012-03-07_14-16-39_747360-2

 

Билим берүү чөйрөсү

 

Жалпы билим берүү уюмдарынын билим берүү чөйрөсү 2020-жылга карата төмөнкү параметрлер менен мүнөздөлөт:

 

– окутууну уюштуруунун институттук шарттары бардык балдарга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга негизги жалпы билим алууга жана 10-11-класстарда окугусу келген окуучуларга орто билим алууга мүмкүндүк берген билим берүү уюмдарынын тармагын камтыйт. Институттук чөйрөнүн бир бөлүгү болуп мектептердин окуу куралдары, интерактивдүү/электрондук окутуу каражаттары менен камсыз болушу, мектептерди Интернет тармагына туташтыруу, ошондой эле пилоттук мектептерде «Интерактивдүү мектеп» комплекстеринин иштеши (2012-жылдан баштап – 192 млн. сом өлчөмүндө каржылоо менен жыл сайын 100 мектепти камсыз кылуу) эсептелет;

 

– сапаттык мүнөздөмөлөр функциялык сабаттуулуктун заманбап стандарттарын, ошондой эле артыкчылыктуу багыттарда озуп окутуу мүмкүнчүлүгүн жана таланттуу окуучуларды колдоону камсыз кылат.

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим берүү чөйрөсү диний эмес мүнөзгө ээ, мында мектепте диндик мүнөздөгү сабактар да окутулушу мүмкүн. Сабактарды ЖОЖдордун же квалификацияны жогорулатуу борборлорунун базасында квалификацияны жогорулатуунун тиешелүү курстарынан өткөн педагогикалык билими бар адамдар (мугалимдер) гана берет.

 

Билим берүү чөйрөсү көп маданияттуу мүнөзгө ээ, бул бир билим берүү уюмунда ар кандай этностогу балдардын жагымдуу окушун камсыз кылат, көп тилдүү билим берүүнү уюштурууну, «бирге жашоого үйрөнүү» принцибине ылайык көп маданияттуулук компетенттүүлүктөрүн, сабырдуулукка тарбиялоону куррикулумга киргизүүнү билдирет.

 

Электрондук билим берүү чөйрөсү да түзүлдү, бул окуу процессине маалыматтык технологияларды киргизүүнүн эсебинен камсыз кылынат. «Интерактивдүү мектеп» программасы, окуучуларды нетбук жана/же башка электрондук окутуу каражаттары менен камсыз кылуу программасы ишке ашырылат.

 

Билим берүү чөйрөсүнүн тарбиялык милдети бар, бул Кыргызстандын азыркы коому туу туткан негизги нарк-дөөлөттөрдүн (патриоттуулук, демократиялык жана жарандык укуктарды жана эркиндиктерди кабыл алуу, кеп түрдүүлүк; сабырдуулук, активдүү иштөөгө даярдык ж.б.) негизинде инсанды калыптандырып жана эркин өнүктүрүүнү болжолдойт.

 

Билим берүүнү башкаруу системасынын реформалары

 

 Системалуу реформалар билим берүүнүн бардык деңгээлин камтыйт. Алар ар бир деңгээлде өзгөчө мазмунга жана ишке ашырууга ээ.

 

Системалуу реформалар каржылоо, билим берүүнү жана кадр саясатын башкаруу чөйрөсүн камтыйт.

 

Каржылоо

 

Билим берүү системасынын коомду инновациялык жактан өнүктүрүү үчүн негиз катары иштешин камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

 

1) жалпы билим берүү уюмдарын иштетүү жана өнүктүрүү муктаждыктарына жараша Бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарын түзүү жана мектептердин өнүгүүгө болгон муктаждыктарына ылайык анын өлчөмүн жогорулатуу жагына кайрадан карап чыгуу;

 

2) мектептерди жан башына каржылоо Бюджеттик каржылоонун минималдуу стандарттарын 100 пайыз жаап, негизги жана реинвестицияланган каражаттардын эсебинен өнүгүүгө кеткен үлүштү 10 пайыздан кемитпей көбөйтүү;

 

3) окутуунун сапатына болгон талаптарды бир эле учурда жогорулатууда педагогика кызматкерлеринин эмгек акысын системалуу түрдө жогорулатууну камсыз кылуу;

 

4) мектептерди жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу, китеп чыгаруу ишине дем берүү үчүн окуу жана окуу-методикалык адабиятты чыгарууну уюштуруунун жаңы формаларын киргизүү;

 

5) 2020-жылга карата билим берүү системасынын бардык деңгээлинде жан башына каржылоого өтүү, бул каражаттарды бөлүштүрүүдө окуу жайлардын автономиясын күчөтөт, анын ичинде каражаттарды кайрадан инвестициялоо, кийинки жылга которуу мүмкүнчүлүктөрү ж.б.;

 

9) мектептердин чыгашаларынын натыйжалуулугун жогорулатуу, каржы ресурстарын билим берүү саясатын ишке ашыруу каражаты катары концентрациялоо максатында билим берүү секторунда каржылоо агымдарын оптималдаштыруу;

 

10) билим берүүгө инвестиция салууну стимулдаштыруу, анын ичинде бизнес-сектор үчүн салыктык преференциялардын эсебинен.

 

Башкаруу түзүмү

 

Билим берүү системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн билим берүүнү башкаруунун ийкемдүү, натыйжалуу системасын түзүү зарыл, ал жогорку сапаттагы билим берүүгө, анын вариативдүүлүгүнө, өлкөнүн жана инсандын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталышына кепилдик бериши керек.

 

Азыркы этапта билим берүүнү башкаруу системасын реформалоонун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

 

1) Бардык деңгээлдеги билим берүүнү башкаруу органдарынын компетенцияларын, ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин так аныктоо, бирдиктүү мамлекеттик билим берүү саясатын жүргүзүү максатында алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

 

2) билим берүү процессин уюштурууда жоопкерчиликти бөлүштүрүү: мамлекет стандарттарга жетишүүгө жооп берет; стандарттан тышкары берилген билим ата-энелердин, бизнес-түзүмдөрдүн жана башка кызыккан жактардын жана уюмдардын жоопкерчилиги чөйрөсү болуп саналат;

 

3) менчик түрү, формасы, билим берүү методологиясы боюнча ар түрдүү болгон билим берүү уюмдарынын иштеши үчүн шарт түзүү;

 

4) билим берүү системасын тескеп башкаруудан жөндөп башкаруу системасына өтүү, ал үчүн:

 

маалымдалган чечимдерди кабыл алуу үчүн мониторинг жүргүзүү, маалымат чогултуу жана жаңыртып туруу системасы түзүлгөн;

 

билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы түзүлгөн, ал өз кезегинде комплекстүү божомолдоо системасынын иштешине мүмкүндүк берет (демографиялык жана башка факторлорду эсепке алуу менен жаратылыш кырсыктарына көңүл буруудан баштап билим берүү объектилерин курууну болжолдоого чейин);

 

бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарында кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын баалоо үчүн жаңы каражат иштелип чыгып, колдонулуп жатат;

 

билим берүү уюмдарын стратегиялык жана оперативдик башкаруунун жаңы мамилелери, башкаруу кадрларын ротациялоонун механизмдери киргизилген. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери мамлекеттик билим берүү кызматын аткарууга жалданган менеджер болушат, алар тиешелүү жободо белгиленген ошол уюмда кызмат ордун эки мөөнөттөн ашпаган убакытка ээлөөгө укуктуу;

 

бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоонун жана аттестациядан өткөрүүнүн натыйжалуу системасы түзүлүп, колдонулуп жатат.

 

Билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик-коомдук формаларын өнүктүрүү

 

Билим берүү системасы үчүн артыкчылыктуу багыттарды аныктоодо коомчулуктун ролун жогорулатуу үчүн билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик-коомдук формаларын өнүктүрүү каралган, алар билим берүү системасында – министрликтерден тартып райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жана башкармалыктарына чейин, билим берүү уюмдарынын жана башкаруу түзүмдөрүнүн ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатат.

 

Билим берүү уюмдарынын деңгээлинде коомдук органдардын (камкорчулар кеңештери, студенттердин жана окуучулардын өз алдынча башкаруу органдары же башка формалары) алдында балдардын, ата-энелердин жана региондун керектөөлөрүнө жооп берген билим берүү суроо-талаптарын аныктоого катышуу, коомдук органдардын финансылык каражаттарынын жана ресурстарынын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана отчеттуулук милдети турат.

 

Билим берүү системасында башкаруу түзүмүнүн деңгээлинде (коомдук байкоочу кеңеш форматында) стратегиялык башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик орган менен жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү болушу керек.

 

Коомчулук катышкан органдардын курамына бизнес-түзүмдөрдүн, коомдук уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү тартылат.

 

Кадрдык саясат

 

Квалификациялуу кадрларды ишке тартуу жана педагогика кызматкерлеринин статусун жогорулатуу стратегиясы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча мамлекеттик билим берүү мекемелеринин, уюмдарынын жетекчилерин дайындоо тартиби кадрдык саясаттын негизин түзөт.

 

Мектептерди квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу үчүн бир топ субъекттер ортосунда мугалимдерди тартууга бөлүштүрүлгөн жоопкерчиликти камсыз кылуу зарыл:

 

– кесиптик окуу жайлар жана кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу системасы – педагогдорду даярдоо деңгээлине жооп берет;

 

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана билим берүүнү башкаруу органдары – мугалимдерге болгон муктаждыктарга мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылууга жана педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоодо заказды жана тең каржылоону аныктоого жооп берет;

 

– мамлекет – мугалимдерге кепилденген деңгээлде эмгек акыны камсыз кылууга, кесиптик өнүктүрүүгө дем берүү системасынын социалдык кепилдиктерин берүүгө жана колдоого жооп берет.

 

Миң жылдыктын өнүгүү максаттары

 

Билим берүү тармагынын өнүгүшүнө тиешелүү негизги эл аралык документтер ( чакырыктар)

 

Адамзат алдындагы келип чыккан глобалдуу көйгөйлөрдү чечүү максатында Бириккен Улуттар уюму (БУУ)  2000-жылы Миң жылдыктын өнүгүү максаттары (ЦРТ) деген аталыш менен белгилүү болгон, бардык өлкөлөр үчүн актуалдуу өнүгүү максаттары каралган программа кабыл алган. Программа 189 өлкөнүн өкүлчүлүктөрү ( 147 өлкө жетекчиси) катышкан Миң жылдык Саммитинде кабыл алынган. Кошумча дагы мамлекеттер, жыйырма үч эл аралык уюмдар колдоого алышкан. Ошондой эле Кыргызстан да миң жылдыктын декларациясын кабыл алган. Бул декларация дүйнөлүк коомчулуктун дүйнөлүк маселелерге, коопсуздукка, өнүгүүгө, айлана-чөйрөгө, адам укуктарына, башкарууга болгон көз караштарын чагылдырат. Өнүгүп келе жаткан жана жарды мамлекеттердин аракетине кошумча колдоо берүү боюнча чакырыктар камтылган. ЦРТ 8 максаттан туруп,  аны аткаруу шарты болуп 21 милдет эсептелет. 2015- жылга карата төмөнкү максаттар коюлган:

 

Жакырчылыкты жана ачкачылыкты жоюу, жалпы башталгыч билимди камсыз кылуу, эркектер менен аялдардын тендигин колдоо жана аялдардын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, балдар өлүмүн кыскартуу, энеликти коргоону жакшыртуу, ВИЧ/СПИД, малярия жана башка оорулар менен күрөшүү, курчап турган чөйрөнүн туруктуу өнүгүшүн камсыздоо, өнүгүү максаттары үчүн глобалдык өнөктөштүктү калыптандыруу.

 

Билим берүү тармагындагы түздөн түз милдеттер болуп  2015 -ж. дүйнө жүзүндөгү бардык балдарга, эркек балдарга жана кыздарга, толук көлөмдө мектепте башталгыч билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү; башталгыч жана орто билим алууда кыздар менен балдар ортосундагы теңсиздикти 2005- ж., жана 2015 -ж. бул теңсиздикти билим берүү тутумунун бардык дэңгээлинде жоюу.

 

Улуттук жана глобалдык өнүгүү пландарынын көңүл чордонунда жана коомчулук кабардар болуп туруусу үчүн ЦРТ жетишкендиктеринин  мониторинги  БУУда  жана ар өлкөнүн деңгээлинде жүргүзүлүп турат.

 

           ЦРТ принциптери болуп ар бир мамлекеттин ЦРТ боюнча жыйынтыктардын мониторгингин жана отчеттерду даярдоо боюнча жоопкерчилиги, ошондой эле ар бир өлкөнүн деңгээлинде улуттук мониторингдин жана отчеттуулуктун тутумун түзүү эсептелет.

 

 

 

             “Бардыгы (бардык адамдар) үчүн билим берүү” (ОДВ) бүткүл дүйнөлүк декларациясы 1990-ж. Тайланддын Джомтьен шаарында билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк конференцияда кабыл алынган. Конференцияны ПРООН, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО , Бүткүл дүйнөлүк банк ж.б. эл аралык уюмдар  уюштуруп, ага билим берүү чөйрөсүндөгү абалды талкуулоо үчүн 155 мамлекеттин жетекчилери катышкан. Конференцияда 2015-ж. карата сапаттуу базалык билим берүүнү камсыз кылуу боюнча жалпы милдеттенмелер кабыл алынган. 2000-ж. Сенегалдын Дакар шаарында өткөрүлгөн билим берүү боюнча Бүткүл дүйнөлүк форумда ОДВ аткарылышы талкууланган  жана Джомтьенде кабыл алынган коллективдүү милдеттенмелерди көпчүлүк мамлекеттер аткара алышпагандыгы белгиленип, ОДВ максаттары такталган. Ал алты максат:

 

–  кенже курактагы балдарга, өзгөчө калктын аялуу катмарынын балдарына,  ар тараптуу билим берүүнү жана камкордук көрүүнү кеңейтүү жана сапатын жакшыртуу ;

 

–   2015 -ж. карата бардык балдардын, айрыкча кыздардын, кыйын шартта жашаган жана этникалык азчылыкты түзгөн балдардын толук акысыз  жана милдеттүү билим алуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу;

 

–   жаштардын жана чоң адамдардын билим алууга карата муктаждыктарын алар үчүн тиешелүү билим берүүгө жана зарыл турмуштук көндүмдөргө окутуу программаларына тең мүмкүнчүлүктү түзүү аркылуу камсыз кылуу;

 

–   2015 ж. карата чоң адамдардын, өзгөчө аялдардын, сабаттуулугунун деңгээлин 50%ге жеткирүү, ошондой эле чоң адамдар үчүн базалык жана үзгүлтүксүз билим алууга тең мүмкүнчүлүктүн жеткиликтүүлүгү;

 

–   2015-ж. карата башталгыч жана орто билим берүүдө гендердик айырмачылыктарды жоюу жана башкы көңүлдү  сапаттуу базалык билим берүүнү камсыз кылууга буруу менен билим берүү чөйрөсүндө гендердик теңчиликке жетишүү;

 

–   сапаттуу билим берүүнүн бардык аспектилерин жакшыртуу жана аны жалпы билим берүүдөгү жалпыга таанылган, баарынан мурда сабаттуулук, элементардык математикалык билимдер жана турмуштук маанилүү көндүмдөр багытындагы натыйжаларга жетишүү аркылуу камсыз кылуу.

 

           Дүйнөлүк дээрлик бардык мамлекеттер ОДВ максаттарынын аткарылышына ынтызарлыгын билдиришкен жана анын 6 максатына жетүү үчүн коллективдүү милдеттенмелерди алышкан. Ал үчүн төмөнкүдөй багыттарда зарыл стратегиялык чараларды белгилешкен:

 

  • финансы каражаттары жана аларды бөлүштүрүү;
  • жергиликтүү деңгээлде ата-энелердин жана жалпы жамааттын катышуусу;
  • окутуунун мазмуну жана методикасы;
  • балдардын айрым топторунун коомдон обочолонуп калуусуна каршы күрөшүү;
  • балдарды кароону жана алардын кенже куракта өнүгүүсүнө камкордук көрүүнү уюштуруу;
  • нормативдик базаны жана методиканы көзөмөлдөө.

    Кыргызстанда 2002-ж. ОДВ боюнча иш-аракеттердин Улуттук форуму өтүп, анда иш-аракеттердин Улуттук планы жактырылган. Иштелип чыккан Улуттук план КР өкмөтү тарабынан бекитилген.

 

Чолпонбек Тиленбаев

 

 

 

 

 

1 Kомментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*