Замир КОНОКБАЕВ: “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сабак берген мугалимдердин билимин жогорулаткан бөлүм ачылса”

Чүй облусундагы Дмитриевка көмөкчү жатак-мектепте жеңил даражадагы акыл-эси кем  балдар окушат. Бул окуу жайда 8-класска чейин гана билим, тарбия берилет. Окуу жайдын өзгөчөлүгү – абдан жеңилдетилген программа боюнча окутулат. Бул окуу жайдын окуучулары дагы “Балдардын институту” коомду фонду өткөрүп жаткан  программаларга катышып келишет. Мына ушул тууралуу мектептин жетекчиси Замир КОНОКБАЕВди сөзгө тарттык.

  • Замир Чоконович, кепти окуу жай жөнүндө баштасак.
  • Биздин жатак-мектепте оорукчан, диагнозу боюнча жеңил даражадагы  акыл-эси кем балдар окушат. Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы медициналык-психологиялык комиссиянын чечими менен путевка берилет. Ошонун негизинде гана окуу жайга кабыл алабыз. Учурда 105 бала жатып, окуйт, алардын 99%нын  ата-энеси бар. Негизинен оорукчан балдарды ата-энелердин макулдугу менен окутабыз. Бизде 1-8-класска чейин окуп, 8-классты бүткөндөн кийин кадимкидей күбөлүк берилет. Окуу программасы өзгөчө көмөкчү интернатка ылайыкталган. Биздин милдет – балдар оорукчан болгондон кийин, аларды жазууга, окууга, эсеп-кысапка үйрөтөбүз. Эң негизгиси, эмгек сабагына басым жасалат. Бул сабак тереңдетилип окутулат.
  • Демек, кесип алууга багытталат экен да?
  • Ооба, биздин оорукчан балдар мектепти бүтүп кеткенде, жашоодо өзүнүн ордун тапса деген максатты койгонбуз. Мисалы, кыздар көбүнчө тикмечиликке үйрөнүшөт. Эркек балдарды столярдык кесипке үйрөтөбүз. Мектепти бүткөндөн кийин окуучулардын анча-мынча пайызы жумушка орношушат.  Дегеле биздин балдардын тагдыры оор. Бүтүрүүчүлөргө жардам бергенге дайыма аракет кылабыз.
  • Жатак-мектепти бүткөндөн кийин балдарды атайын кесиптик-техникалык окуу жайларга жайгаштыруу каралганбы?
  • Лицейлерде окугандар бар. Мурда кесиптик-техникалык окуу жайда бекер окутушчу экен. Азыр татаал болуп калды, кабыл алса дагы контракттык негизде окутушат. Ал каражатты көтөрө алган да, көтөрө албаган да ата-энелер бар. Ошондуктан көбүнчө бүтүрүүчүлөр окубай калып, толук кандуу кесипке ээ болбой калууда.  Мурда Кант шаарындагы  №25 лицей кабыл алчу. Азыр алар аз санда эле кабыл алып калышты. Негизи колунда бар ата-энелер окутуп, колунда жоктор окута албай калышты.  Жыл сайын мониторинг жүргүзөбүз. Жылына 20 бала бүтөт. Ошонун 50% окуганы окуп, кесиби боюнча иштегени иштеп калышат. Калгандары кара жумушта иштешет. Ата-энелердин 80%  социалдык жактан аз камсыз болгондор. Биздин окуу жайды бүтүп кеткендердин балдары эле кайра бизге келип окушат.
  • Менимче, бул окуу жайдын өзгөчөлүгүнө жараша атайын адистер даярдалбайт. Балдарга сабакты ким берет? “Ийгиликтин паспорту” долбоору силердин жатак-мектепте да иштеп жатабы?
  • “Ийгиликтин паспорту”  проектиси бизге керек. “Балдар институту” коомдук фондусунун башка долбооруна катышып жатабыз. Ал проект боюнча  мектеп жамаатына, окуучуларга, үй-бүлөлөргө укугун таанып-билүүгө, юридикалык, психологиялык жактан жардам берүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Бул долбоор төрт ай бою иштейт. Эң жакшы жагы – мугалимдердин кесипчилик чеберчилигин өркүндөтүп,  окутуп жатат. Биздин жатак-мектептин мугалимдеринин билимдерин жогорулаткан дегеле курстар, семинарлар өткөрүлчү эмес. “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамда  мугалим беш жылда бир жолу билимин жогорулатып турушу керек. Бизде беш жыл эмес, 10-20  жылдап бери курстан өтпөгөндөр бар. Бул долбоордун  2-3 тренингине өзүм катыштым, көп жакшы нерселер бар экен. Мугалимдерге да жагып жатат. Анткени оорукчан балдар үчүн ылайыкталган даректүү темалардын үстүндө иштеп жатышат. Эң кызыктуусу,  50 баланы тандап алып, алар менен ар кандай темада талкуу жүргүзүп, ар кандай психологиялык суроолор берилип, бири-бири менен пикир алмашып ж.б.у.с. иштер жүрүп жатат.

    Билим берүү жана илим министрлиги  жылына бир жолу жатак-мектептердин жетекчилерин  чогултуп, семинар өтүп, анда иш-пландарыбызды карайбыз. Жылда ар бир интернат тема тандап алып, семинар өткөрүп, республикалык деңгээлде тажрыйба алмашып турабыз.  Кыргыз билим берүү академиясында мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды окутуп жаткан жатак-мектептердин мугалимдеринин чеберчилигин  жогорулаткан бир бөлүм ачылса жакшы болмок. Анткени бизде логопед, психологдор иштешет, дарыгерлер бар. Эң көйгөйлүү маселелердин бири –  алардын чеберчилигин эч ким өркүндөтпөйт. Окуу жайда  29 мугалим, тарбиячы бар, анын ичинен 30% пенсионерлер. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт. Анткени башка улуттагы балдар окушат. Кыргыз класстарды ачуу зарылчылыгы бар. Себеби балдардын көбүнчөсү кыргыздар.  Быйыл  бир кыргыз классын ачсак деп ойлоп жатам. Мындан сырткары, бизге келген балага 2-3 диагноз коюлат. Ошондуктан ар бир баланы диагнозуна жараша тиешелүү адистер карап, окутушса деп тилек кылам.

    Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*