Мыктылар озуп чыкканда

28-февралдан 1-мартка чейин Бишкек окуучуларынын олимпиадасы И.Раззаков атындагы КТУнун жана №4 гуманитардык-укуктук гимназиянын базаларында өттү. Сынакка райондук турдан 1-орунга суурулуп чыккан 430 эң мыкты окуучулар келип, күч сынашты. Быйыл корей тили боюнча каалоочулар үчүн да мелдеш өткөрүлдү.  Олимпиаданы ачык-айкын, таза өткөрүү максатында жазуу иштерине жашыруун шифрди коюуга жана аны сейфке бекитүүгө ар бир предметтин калыстар тобунун төрагалары милдеттендирилди.

Тил билсең, дил билесиң

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Зоя Пактын айтымына караганда, быйылкы сынакка англис тили гана киргизилген. Ал эми башка чет тилдерди ар бир аймак өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша киргизген. Маселен, Бишкек шаарынын окуучулары немец, француз тилдеринен сырткары, корей тили боюнча да күч сынашты.

  • Шаардык окуучулардын тил боюнча деңгээлин сыноо максатында быйыл кошумча корей тилин киргиздик. Биринчиден, балдарды корей тилине кызыктыруу максатында, экинчиден, Кыргызстанда жашап жаткандан кийин корей элинин тилин, маданиятын, тарыхын окутуу парз. Сынакка Кыргызстандагы Корея, Франция мамлекетинин элчиликтери, корей фондулары демөөрчү болушту. Быйылкы окуучулардын арасында таланттуу балдар көп экенин калыстар тобу белгилешти, — дейт Зоя Пак.

     

    Апелляциялык комиссия

    Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назира

    Сынташеванын маалыматына таянсак, биринчи жана экинчи тур аяктаары менен сынактын жыйынтыгы чыгарылып, тактага окуучулардын алган баллдары көрсөтүлүп, илинип турду. Калыстар тобунун чыгарган чечимине нааразы болгон окуучулар апелляциялык комиссияга арыз жазып, ата-энеси же мугалими менен кирип, предметтик комиссиянын төрагасынан жооп алышты.

  • Айрым предметтер боюнча өзүнүн күчүнө ишенген окуучулар кайра апелляцияга кирип, жооптору туура экенин тастыктаган учурлар болду. Кээ бир окуучуларга төрт баллга чейин кайра кошулду. Бул жерден күнөөлүүлөрдү издөөнүн кажети жок. Бул жюрилердин сынакка абдан жоопкерчиликтүү караганын далилдейт, — дейт Н.Сынташева. – Экинчиден, ар бир окуучунун жообу видеого тартылып, диктофонго жазылган. География сабагы боюнча алган баллдарына макул эмес экенин жети окуучу билдирген. Аларга предметтик комиссиянын төрагасы жюри мүчөлөрү менен окуучулардын ар бир суроосуна жооп беришти. Эгерде бул апелляциялык комиссиянын жообуна канааттанышпаса, андан жогору турган көзкарандысыз апелляциялык комиссия да түзүлгөн. Анын курамына окуучусу катышпаган мугалимдер, мектеп жетекчилери кирген.

Канчалык таза өттү?

Быйыл сынакты таза өткөрүү үчүн окуучулардын жазуу иштерине шифрди предметтик комиссиянын төрагалары өздөрү коюп, сейфке салышты.

  • И.Раззаков атындагы КТУда жыл сайын табигый так илимдер таза жана ачык өтөт. Ал жерде окуучулардын жазуу иштерине шифрди жюринин төрагасы коюп, ачкычы да өзүндө болот. Ушул ыкманы биз туура көрүп, гуманитардык циклга да пайдаландык. “Эгерде республикалык сынакта Бишкек шаары жакшы жыйынтык бербесе, буга конкреттүү предметтердин төрагалары күнөөлүү болот” дедик. Андыктан бул жолу абдан таза өттү деп ойлойбуз. Мындан сырткары, шаар боюнча 30 мектепте корей тили окутулат экен. Андыктан быйыл корей тилин киргиздик. Эмдиги жылы кытай тилин киргизүүнү пландаштырып жатабыз, — дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси.

Ошентип, эки күн бою билим сынагында күч сынашкан таланттуу балдардын жоон тобу 12-мартта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүүчү салтанаттуу аземде баалуу сыйлыктар, Ардак грамоталар менен сыйланышат.

Калыстар жана катышуучулар эмне дейт?

 

Гүлнара ЖУМАКУНОВА, тереңдетилип окутулгананглис тили боюнча калыстар тобунун төрайымы:

  • Тереңдетилип окутулган англис тили боюнча 10-класстан 9 бала, 11-класстан 9 бала катышты. Биринчи турда грамматика, окуп түшүнүү жана угуп түшүнүү боюнча сынак  өттү. Балдардын англис тили боюнча деңгээлин текшерүүдө, ачык-айкын баалоо үчүн Тынчтык корпусунун волонтерлору Азия Хоккинс жана Фулбрайт мугалими Грейс деген кызды чакырдык. Жергиликтүү мугалимдер менен бирге отуруп, ар бир кирген баланы төрт критерий боюнча бааладык. Биринчиси, грамматикага көңүл бурсак, экинчиси – ээн-эркин сүйлөөгө, үчүнчүсү — так сүйлөөсүнө, төртүнчүсү – маанисине карадык. Ошентип, ар бир окуучуга комментарий жазып, баа коюп туруп, комиссиянын үч мүчөсүн чогултуп туруп, орто баасын чыгардык.

     

    Азия ХОККИНС, Тынчтык корпусунун волонтеру:

  • Ысык-Ата районунда иштейм, жашайм. Англис тили ийримине айылдык окуучулар катышып, тилди жакшы билишет жана так сүйлөшөт. Шаарда тилди бат үйрөнүү үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан сынакка катышкан окуучулар тилди жакшы билишет экен. Англис тили кыйын, грамматикасы абдан татаал.

     

    Руслан АКМАТОВ, география предмети боюнча калыстар тобунун төрагасы:

  • 1-турда тесттик тапшырмалар берилди. Тесттик тапшырмаларга шифрди мен өзүм коюп, сейфке бекиттим. Комиссия мүчөлөрү кимдин ишин текшерип жатканын дагы билишкен жок.  10-класстан 12 катышуучудан 2-турга алты окуучу өтсө, 11-класстан он экисинен жетөө 2-турга өтүштү. Айтып коюу керек, тесттик тапшырмаларда конкреттештирип берилбеген айрым маалыматтар бар экен. Аны отчетко жазып, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлүнө тапшырдык. Сынак учурунда эки бала араң эки, беш балл алышты. Алар кантип шаардык сынакка өткөнүн билбейбиз. Ошол эле учурда 52 баллга чейин алган окуучулар болду. Айрым окуучулар мугалимдерден да күчтүү экенин көрсөтүштү. Буларга алкыш гана айтабыз.

     

    Гүлмира КЫРБАШЕВА, № 66 ОТК кыргыз тили мугалими:

  • Дүйшенбекова Айпери деген окуучум биринчи турдан 82 балл алып, экинчи турда да жакшы көрсөткүч менен чыкты. Окутуу орус тилиндеги мектептин окуучулары үчүн кыргыз тили жана адабияты боюнча суроолор абдан оор болду. Анткени балдар биринчи орус тилинде ойлонуп, анан гана жазышат. Булар ойлонгучакты, убакыт кетип, балдарга кыйын эле болду.

     

    Бекназар АБДИМАМАТОВ, кыргыз-түрк балдар лицейинин окуучусу:

  • Кыргыз тили жана адабиятынан сынакка катыштым. Мен кыжаалат болдум, анткени мен 1-класстан бери орус тилинде окуйм. Бирок сынактын тапшырмалары кыргыз мектептерине ылайыкталып түзүлүптүр.  Орус класстарга деп тапшырма бөлүнүш керек болчу. Бизге абдан кыйын болду, анткени биз суроолор келген тапшырмаларды окуган эмеспиз. Мисалы, мага “Майдан” чыгармасы боюнча эссе жазыш керек болду. Бирок бул чыгарманы ким жазганын да билбейм, биз сабакта өткөн эмеспиз. Биз башка маалымат менен даярданганбыз. Катачылык чыгып калды окшойт. Мугалимдер бизди кандай даярдаса, ошол боюнча келгенбиз.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*