Жаштардын мүдөөсүн аткарган “Жаш кыял”

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун “Жаш кыял” элдик, үлгүлүү бий ансамблинин уюшулганына быйыл туптуура 20 жыл толду. Алгач борбор калаадагы №68 мектептин базасында ийрим катары уюшулган ансамбль 20 жылдын  ичинде бир эле Кыргызстанга эмес, жакынкы жана алыскы мамлекеттерге аты да, даңкы да чыкты. Ансамблдин негиздөөчүлөрү жубайлар Жаныбек жана Анара Чилетировалардын  кыргыз тилин, дилин, бийин таанытуу максаттары ишке ашып, алар жаш муундарга бий өнөрүн гана үйрөтпөстөн, кыргыз маданиятына, тарыхына, таалим-тарбиясына  басым жасап келишет.

 

Жаныбек Чилетиров, “Жаш кыял” элдик, үлгүлүү бий ансамблинин жетекчиси:

  • Балдардын кыялы жаш болуп турсун деп “Жаш кыял” деп атын койгонбуз. Алгач бий ийримин №68 мектептин базасында уюштурганда башкы максатыбыз – кыргыз бийин өркүндөтүп, ийкемдүү кыймыл-аракет менен байытуу эле.Мен окуучу кезимде Каракөлдөгү “Энергетик” маданият үйүндөгү  бий студиясына барчумун.  Москвадан, Питерден келген эң күчтүү мугалимдерден сабак алгамын. Студияда 30дан ашык бала болсо, анын ичинен үч эле бала кыргыз элек. Мектепти бүткөндөн кийин, сөзсүз кыргыз балдарды бийге үйрөтөм деп максат койгом. Менимче, окуучулук кыялым ишке ашты.  Биздин ансамбль көп кырдуу. Бир эле кыргыз бийин эмес, башка улуттардын бийлерин да үйрөтөбүз. Жакында эле Түркия, Индия мамлекеттерине барып келдик. Ал жердеги жаштар жалаң гана  өздөрүнүн бийин бийлеп, башка улуттардыкына маани бурушпайт экен. “Жаш кыялдын” кыздары түрк, индия бийлерин бийлеп чыкканда, алар абдан таң калышты.

    “Жаш кыялчылар” кайсы гана мамлекетке барбасын, Кыргызстандын желегин желбиретип, намысын коргоп, кыргыз маданиятынын туу чокусун көрсөтүп келатышат десем ашыкча болбостур. Чет өлкөлүк хореографтар нукура кыргыз музыкасын укканда, кыргыз бийин көргөндө “Кыргызстанды эми көрдүк, кыргыз бийин эми түшүндүк” деп айтышат. Маселен, жакында Кабардин-Балкарияда өткөн фестивалга барганда, эң күчтүү деп таанылган балетмейстер “кыргыздын музыкасын, бийин, костюмдарын эми түшүндүм” деди. Ошол фестивалда “Жаш кыял” ансамблине баш байге ыйгарылып, Борбордук Азиядагы этнохореография боюнча “Эң мыкты бий коллективи” деген наам берилди.

    Сабакка келгенде ар бир тарбиялануучуга анын жүрүш-турушу, этикасы, кыргыз тилинде так сүйлөөсүнө көңүл бурабыз. Анткени бизге көбүнчө окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерден келишет. Азыр бий терминдерин кыргыз тилине котортсок деген оюбуз бар. Көбүнчө терминдер орус жана француз тилинде.

    “Жаш кыялдын” тарыхына кайрылсам, 1994-жылы борбор калаадагы А.Осмонов атындагы №68 мектептин базасында бий ийримин ачып, окуучуларга кыргыз бийин үйрөтө баштаган учурда касиеттүү Ысык-Көлдө “Манас 1000 жыл” иш-чарасына барып катышып калдык. Манас атабыздын руху, Ысык-Көлдүн касиети колдодубу, айтор, ошол жерден Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунун директору Сабира Челпакова биздин бийлерди көрүп, борборго чакырды. Ары ойлонуп, бери ойлонуп жубайым Анара экөөбүз “Сейтекке” келдик. Келген күндөн баштап Сабира эже бардык шартты түзүп берди. Айрым бирөөлөр айткан: “Силер кыргыз бийине басым жасап жатыптырсыңар, эч ким келбейт” деп. Ириде 30 бала келген, кийин 100гө жетти, анан кичи, орто жана жогорку тайпаларга чейин ача баштадык. Балдар көбөйгөн сайын, бийлердин түрү да көбөйдү. Учурда 370 бала тарбияланып жатат.

Анара Чилетирова, “Жаш кыял” элдик, үлгүлүү бий ансамблинин негиздөөчүсү:

  • 20 жыл ансамбль үчүн аз да эмес, көп да эмес. “Жалгыз дарак бак болбойт” дегендей, жалгыз Жаныбек экөөбүз эч нерсеге жетмек эмеспиз, эгерде бизди ыраматылык менин апам колдобосо, “Сейтек” борборунун директору Сабира эже шарт түзүп бербесе, жалпы жамаат “жеңилин жерден алып, оорун колдон албаса”, мүмкүн бүгүнкүдөй даражага жетмек эмеспиз. 20 жыл мурда жалындап турган жаш кез эле, ата-энелер менен иштегенди билчү эмеспиз. Айрым учурларда эшикти тарс жаап, эртеси жумушка келбечүдөй болуп кетчү элек. Бирок үйгө келгенде апам экөөбүзгө ар кандай суроолорду берип, жооп алып, акырында эртеси кайра жумушка бара тургандай чечимге келчү элек.Кыскасы, ыраматылык апамдын сүрөөсү менен чыктык десем болот. Андан сырткары, Сабира Муслимовна бизге ишенип, биздин анча-мынча кыялдарыбызды көтөрүп, жаман жагыбызды жаап, жакшы жагыбызды көрсөтүп келди.  Чыгармачылыкта туруктуу орун алып калганга ушул адамдар, биздин жамаат колдогон үчүн  ушул убакка чейин келдик. Албетте, эң биринчи салым ата-энелердики деп ойлойм. Анткени алар балдарын бизге ишенип алып келишти. Негизи эле бийге, искусство дүйнөсүнө кирген балдардын мүнөздөрү, жүрүш-турушу өзгөрөт экен. Биздин ансамблге ата-энелер өзгөчө ыраазычылыктарын билдиришет. Анткени басым кыргыз бийине жасалат, демек, кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, тили, дили, тарыхы тууралуу кенен маалыматтар берилет. Кыздардын чачынын узун, боебой, өзүнүн табигый түсүндө болушун талап кылабыз. Эң башкысы, биздин балдар тамекиден, ичкиликтен алыс болушат. Керек болсо, ошол балдарды тарбиялап жатып, өзүбүз да бир топ кыргыздын маданиятын окуп, үйрөнүп чыктык. Макал-лакаптарды мурда эле билчүмүн, бирок балдарга үйрөтүп жатып бир топ сөз байлыгымды өстүрдүм десем болот. Чет жаккага чыкканда балдар кыргыз тилинде гана сүйлөшөт.

    Ар бир бийдин мүнөзүнө, музыка менен кыймыл-аракетке жараша костюм тигилет. Бий топторун түзгөндөрдүн көбү биздин балдар. Көбүнчө бүтүрүүчүлөр “Ак-Марал” улуттук бий ансамблине барышат.

    Лилия Мельникова, хореограф:

  • “Жаш кыялга” келгенде жетекчилер балдар менен кантип иштөө ыкмаларын үйрөтүштү. Анткени ар бир ансамблдин бий үйрөтүүдөгү өзгөчө системасы болот.Жаңы эле бий үйрөнөм деп келгендерди алып, аларды станокко турганга, буттарынын туура коюлушу, манжаларынын туура иштешин үйрөтөм. Бий өнөрүнүн негизин окутам десем туура болот. Көп убакытыңды бергениң менен жыйынтыгында балдардын, ата-энелердин ыраазычылык билдирген көздөрүн көргөндө бардык кыйынчылыктар унутулуп калат. Ар бир баланын мүнөзүн карайбыз, айрымдарын мактасак, кээ бирөөнө катуу айтууга болот.

     

    Мээрим Абдрасулова, КММАнын 1-курсунун студенти:

  • “Жаш кыялда” 14 жыл бийледим. Быйыл май айында буюрса, сертификат алабыз. Бий адам баласынын ички дүйнөсүн ачат. Эң башкысы,  адам катары ачыласың. Агай-эжейлер бизди бийлетип койбостон, адамдык жакшы сапаттарга тарбиялашат. “Бийлеп жатканда ички дүйнөңдү көрсөтүп бийлешиң керек” деп үйрөтүшөт. Кээде көңүлүм чөгүп, бирөөгө таарынычым болсо, класска киргенде эле бардык терс нерселер эшикте калат. Жалаң гана бий менен алектенип, музыка кулакка угулганда башка бардык нерселер унутулат. Ансамблде тилге, каада-салтка басым жасалат.

Айнура Джибикеева, эне:

  • Кызымдын аты Сезим – 10 жашта. “Жаш кыялга” келгенибизге үч жыл болду. Ушул аралыкта 7-8 бий үйрөндүк. Кызымдын мүнөзү өзгөрүлдү, абдан жоопкерчиликтүү болуп калды. Жамаатка ата-энелердин атынан ыраазычылык билдиремин. Анткени борбордо жакшы тарбия берилет. “Жаш кыялды” тандап алган себебиз, бул жерде кыргыз маданиятына көп маани бурулат.Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*