Олимпиада алга сүрөйт

 

Чүй облусу боюнча өткөн республикалык олимпиаданын III турунда 34 окуучу жеңүүчү деп табылды. Алар республикалык олимпиаданын IV туруна катышууга укук берген жолдомого ээ болушту.
Сары-Өзөн-Чүй өрөөнүндөгү сегиз район жана Токмок шаарынан быйыл акыл таймашына 309 окуучу катышты. Жеңүүчүнүн медалы жана атайын даярдалган баалуу сыйлыктардын басымдуусу Чүй, Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата райондору жана Токмок шаарынын жаш акылгөйлөрүнө кетти.
Эки күндүк регионалдык олимпиаданын жүрүшү, жыйынтыктары тууралуу калыстар тобунун мүчөлөрү буларды айтып беришти.
Жеңүүчүлөрдүн келечегине кам көрүшүбүз керек
Сейитбек Жаанбаев, Кыргыз билим берүү академиясынын уюштуруу илимий методикалык бөлүмүнүн башчысы, Чүй облустук регионалдык олимпиадасынын калыстар тобунун төрагасы:
– Регионалдык олимпиада эки багытта өттү. Табигый математикалык илимдер жана гуманитардык, тарых илимдери. Уюштуруу иштери өтө жогору деңгээлде деп белгилегим келет. Эң кызыгы, Чүй облусунда облустук бирикме жок болгондуктан, бул милдет Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлгөн. Андыктан аларга ыраазылык айтып коюш керек.
Олимпиаданын максаты – мыкты, таланттуу окуучуларды таап, баалап, аларды республикалык деңгээлге алып чыгуу экендиги белгилүү. Олимпиаданын тапшырмалары министрлик тарабынан түзүлүп, жабык конвертте келет эмеспи. Быйыл тереңдетилип окутулган менен жалпы массалык билим берүү мектептериндеги тапшырмалардын баары бирдей болуп калганы бир аз оңтойсуздук жаратты. Мындай шартта экөөнү бирдей баалоого болбойт. Бирок мүмкүн болушунча балдардын ишин карап чыгып, өз баабызды бердик. Мисалы, физика сабагы боюнча практика жүзүндө эксперимент өткөрүүнү эле алып көрөлү. Физикадан кара кутучаны бир күндө жасоо кыйын. Анын ичинде электр прибору болот, окуучу аны табыш керек дегендей. Ошондуктан айтаарыбыз – физика, химиядан эксперименталдык тапшырмаларда колдонулуучу приборлор мурдараак берилсе, максатка ылайык болмок.
Катышуучулардын ичинен бизге өтүлө элек темалар келди деген пикирлерин билдиргендер болду. Олимпиада боюнча башка тажрыйбаларга таянсак, эл аралык олимпиадада 9-класс, 10-класс деген болбойт, ал жакта физика, химия деген предметтер гана болот. Бирок Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен жобо бар. Ал жерде аймактардагы мектептер менен лицей гимназиялардын деңгээлдерин эске алуу каралган. Тагыраак айтканда, базалык-массалык мектептердики өзүнчө, белгилүү бир предметтер тереңдетилип окутулган мектептердики өзүнчө түзүлгөн. Быйыл бул түзүүчүлөр тарабынан эске алынбай калган. Бирок жобо боюнча калыстар тобунун шартка жараша 15-20 пайызга чейин тапшырмаларды алмаштырууга укуктары бар. Айрыкча, табигый математикалык илимдер боюнча кошумча пайдалануучу жабдуулар менен жабдылышына алдын-ала убакыт керек. Алсак, ар бир кесиптик аспаптарды тараза ташынан бери Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмү ар бир мектептен чогултууга мажбур болушту. Мурда алардын тизмеси бир жума мурда берилчү. Быйыл андай болгон жок. Көпчүлүк жагдайлар финансы каражатына көз каранды болот эмеспи. Ал каражатты кайсы максатта жумшоо керектигин тастыктаган расмий документ керек дегендей. Андыктан уюштуруучулардын сунушу боюнча Чүй облустук мамлекеттик администрациясы талаптагыдай көмөк көрсөтүүсү үчүн Өкмөттүн болобу, министрликтин болобу, мыйзамдын негизинде бөлүштүрүлүп пайдаланууга уруксат берген расмий документи болсо дурус болоор эле.
Олимпиада – класстан-класска көчүрүү же мектепти аяктаганда берүүчү экзамен эмес. Олимпиада – бул таланттуу балдарды издеп табуу. Тагыраак айтканда, ал – таланттуулардын мелдеши, күрөшү. Олимпиадага күчтөп, күнү-түнү үзбөй даярдануу керек, анын жеңиши – ошол эмгектин үзүрү, натыйжасы. Мисалы, дагы эле физиканы алалы. Бул тармактагы бардык темалар боюнча мүмкүн болгон бардык булактардан алып даярдануу зарыл. Казакстан, Россиянын тажрыйбасы абдан жакшы. Казакстанда “Дарым” деген долбоор бар. Алар бардык мектептерден олимпиадага келген балдарды атайын иргеп тандап алышат да, атайын программа менен даярдашат.
Бизде калыптанып калган бир көз караш бар. Олимпиадага катышкан балдардын санына жараша мектептердин, мугалимдердин билим деңгээлин аныкташат. Бирок бул туура эмес. Биз жогоруда белгилеген анын түпкү максатын чаташтырбашыбыз керек. Арийне, жалпы массалык сынак болгондон кийин, аргасыздан мектептердин билим берүү деңгээлинин көрсөткүчү катары бааланып келүүдө.
Орус мектептеринде кыргыз тилин окутуу өзүнчө, атайын стандарт окуу программасы менен кеткендигине карабай, аларга кыргыз тилинде окуткан мектептердики менен бирдей тапшырма берилгендиги боюнча айтылып жаткан пикирлерге мен да кошулам. Муну мен түзүүчүлөр тарабынан кеткен мүчүлүштүк катары баалайм, андыктан, келерки олимпиадаларда эске алууну сунуштайм.
Дагы бир сунушум – олимпиада жеңүүчүлөрү боюнча. Бизде да башка мамлекеттердей болуп олимпиадада жеңишке жетишкен балдарды өзүнчө окутуп, андан ары тереңдетип даярдашса сонун болоор эле. Регионалдык олимпиадалардын жыйынтыгы менен республикалык, эл аралык олимпиадалардын катышуучуларын табабыз. Ар бир райондон эң мыктылардын саны ашып кетсе, беш же он бала болот. Ошолорду каржылоону жергиликтүү бийликтерге жүктөп, өзүнчө окутсак. Маселен, Чүйдө, Нарында балдардын жатак-мектеби бар. Нарындагыны акча жок жабабыз деп жатышат. Андан көрө таланттуу балдардын интернаты катары уюштуруп, олимпиададан жакшы көрсөткүч көрсөткөн балдарды алып барып окутсак, даярдасак. Ошондо биздин олимпиаданын жыйынтыгы көрүнөөр эле. Себеби, олимпиадада жеңген балдардын көбүнүн келечеги белгисиз бойдон калат. Окутуудан акча аябаш керек. Дүйнө жүзүндө таланттуу, мыкты балдарды тандап алып окутуу практикасы кеңири жайылтылган.
Жарышты жакшы каржыласак
Токтобүбү Ашымбаева – Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: – Ар бир өткөрүлгөн олимпиаданы чоң жоопкерчиликте, жогорку деңгээлде уюштурууга умтулабыз. Мындай иш-чаралардын талаптагыдай өтүшү биринчи кезекте каржы маселесинен, анан адамдык ресурстардан көз каранды болот. Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн адистерине чоң жоопкерчилик жүктөлгөнүнө карабай, кошумча штат да, каражат да каралган эмес. Анткени бизде башка облустардай борбор жок болгондуктан, облустун милдетин да аткарууга туура келет. Бул маселени көптөн бери көтөрүп келатабыз, Билим берүү жана илим министрлиги чечип бергенге аракеттерди көрүп жатат. 2014-жылдын ичинде чечилип калат деп ишенип турабыз.
Уюштуруу жагына токтолсок, каржы маселесин кепилдик каттын негизинде министрликке ишеним артуу менен аткардык. Былтыр болсо олимпиада куп болоор алдында чечилген. Таймаш болгондон кийин жеңүүчүлөр болот эмеспи. Аларды шыктандырган сыйлыктарды даярдоо – негизги шарттардын бири. Андыктан жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдордон сырткары баалуу сыйлыктар тапшырылды. Аны КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппараты уюштуруп берди. Алар балдарга кооз жана пайдалуу китептерди белекке тартуулашты.
Олимпиаданын шарты боюнча жеңүүчүлөр келерки туруна жолдомо алышты. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мыкты ийгиликтерге жетишкендердин баардыгын сыйлыктары менен куттуктап кетким келет. Балдардын баардыгы тең мыктылардын ичинен тандалып келгендиги талашсыз. Көп жылдык тажрыйбадан улам жакшы билебиз, окуучу эки турда эки башка жетишкендиктерге ээ болуп, натыйжада күтүлгөндөй жыйынтык чыкпай калышы да толук ыктымал. Андыктан, таймаш деген таймаш, анын үстүнө бул акылдуулардын жарышы. Быйыл орун алган кемчиликтерди келерки жылы жоюп, мында да мыкты даярдануу мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарбаганга аракеттенүүлөрүн каалайм.
Айнагүл Кашыбаева

DSC03693

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*