Кылымга тете мектеп

Алыскы Ат-Башы районундагы Ой-Терскен орто мектеби быйыл 90 жылдык мааракесин белгилейт. Юбилейди татыктуу өткөрүү максатында мектеп жетекчилиги жыл ичинде аткарылчу иш-чаралар, ошондой эле билим-тарбия берүү иштеринин натыйжасын жыйынтыктоо менен кийинки 2015-2024-жылга чейин билим берүү боюнча Стратегиялык планына  кошумча пландарды киргизүү  тууралуу чечим кабыл алды. Бул туурасында “Кутбилимге” мектептин директору Эшимбек Осмонов маалымат берди.

 Тарых барактарынан

Мектеп директорунун берген маалыматына таянсак, Ой-Терскен мектеби 1924-жылы негизделген. Алгач анда 12 окуучу билим сабатсыздыгын жоюу боюнча Ача-Кайынды, Ой-Терскен жана Жаңы-Талап контондорунан (айыл аймагынан) келип, окуй башташкан. Алгачкы мектеп Ой-Терскен айылындагы мечитте жайгаштырылып, ошондон тарта Ой-Терскен атындагы орто мектеби деп аталып калган. Айдыңда өскөн гүлдүү жашыл талаа «терскен» деп аталат. Ата-бабалар “ушул мектепте окуган балдарыбыз гүлдөй өскөн, дайыма жашарган, өсүп-өнүккөн билимдүү жаштар болсо” деген тилек менен билим уясына атын коюшуптур.

  • Кылымга тете мектеп айылыбыздын жаштарына билим-тарбия берип, талыкпай өзүнүн уясынан билимдүү-илимдүү, мекенине кызмат кылган инсандарды жылда уясынан учурат. Ата мекендик согушта кан-жанын аябаган мекенчил уулдарды, тылда күнү-түнү эмгектенген энелерди, эжелерибизди, согуштан кийинки мезгилдеги катаалчылыкты жеңген эмгекчилерди, 1960-жылдарда жумушчу интеллигенцияны, окумуштууларды, эмгектин алдыңкыларын, жазуучуларды тарбиялап чыкканын кантип эстен чыгарабыз.  Алсак, Ой-Терскен орто мектебин аяктап, кыргыз элине эмес бүткүл СССР учурунда таанылган эмгектин баатырлары: Орозакун Мамбетакунов, Курманалиев Жумабек, Сейитбекова Асылбүбү.  Физика илимдеринин доктору, профессор Кенжебаев Шаршен, география илимдеринин доктору, профессор Чодураев Темирбек, эмгек ардагери Асаналиев Нааматбек, ал эми учурдагы Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев, “КР Эмгек сиңирген дарыгер” Асекова Клара, белгилүү ырчы Асаналиев Токтобек жана башка мекенине кызмат кылып жүргөндөр менен бир эле ачакайындыктыктар эмес, жалпы кыргыз журтчулугу сыймыктанат, – дейт мектеп жетекчиси.

 Билим берүүдөгү бурулуш

Быйылкы 2013-2014-окуу жылында мектепте 815 окуучу 32 класс комплекте окуп, ага 71 мугалим билим-тарбия берип, эмгектенип келатат. Алдыңкы тажрыйбалуу мугалимдердин эмгектенүүсүнүн натыйжасында 173 окуучу окуунун отличниги, 245 окуунун ударниктери болуп саналат.

  • 2011-жылы экс-президент Роза Отунбаева, Билим берүү жана илим министри  Канат Садыков мектепке келип, мугалимдер жамааты менен жолугууда учурдагы билим берүү көйгөйлөрү, жакынкы жылдардагы иш-пландар, мугалимдердин жеке ойлору боюнча кеңири баарлашып, ойлор ортодо айтылган. Ушул жолугушуудан кийин, эмгек жамаат билим-тарбия берүүдө чукул бурулуш жасап, өзүбүздүн мүмкүнчүлүктү көргөзө алчу жактарды анализдеп иш-чара кабыл алдык, – дейт Э.Осмонов.

 Ошентип, изденген жамаат 2011-2014-жылдарга карата мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча билим-тарбия берүүдөгү инновациялык алдыңкы иш-тажрыйбаларды, ата-бабаларыбыздан келаткан акыл-насааттарды, элдик педагогиканы кеңири пайдаланууну көздөп, билим берүү тармагында авторитардык режим сакталып жатканын моюнга алуу менен учурдун талабына ылайыктап сабак өтүү боюнча сунуш- пикирлерди токтом сымал кабыл алып, жобо иштеп чыгып, аны турмушка ашыруу боюнча учурда жалпы жамаат “жеңилин жерден, оорун колдон” алып, бир кишидей эмгектенип жаткан учуру.

Алсак, 2011-жылдан 2013-жылга чейин 13 окуу кабинети жана бир китепкана талапка ылайык ремонттолуп, жасалгаланды. Анткени мектеп 1984-жылдан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Андыктан мугалимдер өздөрү демилге көтөрүп, ремонттоп чыгышты. Бир эле класстын аянтына, жумушчулардын эмгек акысын кошкондо 67 миң сомдон 125 миң сомго чейин каражат жумшалган.

  • Мындан сырткары, «Арис» программасы менен мектептин ашканасы толук реконструкцияланып ишке берилсе, стимулдаштыруу фонддон 2008-2009-окуу жылында жылытуу системасы, 2011-жылы мектептин кошумча корпусунун чатыры 1,304 миң сомго жабылды. 2012-жылга ички чарбалык  эсеп менен, мектепке техникалык жабдууларды алуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айланасын тосуу жумуштары аткарылды. 2013-жылы мектептин ашканасына таза суу киргизүү боюнча жана окуучуларды ысык суу менен камсыздоо менен ашканага инвентарь, тамак-аш менен камсыздоодо «Мерсико» уюму аркылуу 480 миң сомдук жумуш аткарылды. 2008-2009-окуу жылынан бери мектептин өздүк чарбасын өнүктүрүү менен жер иштетип, мал өстүрүп  кошумча киреше табуу менен да материалдык-техникалык базаны чыңдап, 1-4-класстын окуучуларына кошумча ысык тамак берүүнү ишке ашырып жатабыз. Жуманын бир күнүндө сүткө бышырылган каша, бир күнүндө эт менен жасалган ысык тамак берилип жатат, – дейт Э.Осмонов.

 Сапаттуу билим берүүгө умтулуу

Окуучуларга мамлекеттик стандартта сапаттуу билим берүү боюнча мектеп акыркы муундагы техникалар менен камсыз болгон. Мугалимдер заманбап технологияны өздөштүрүп, окуучуларга изденип, чыгармачылык менен иштөөсүнө шарт түзгөнгө аракет кылып жатканын мектеп жетекчиси жашырган жок.

Ар бир окуу жылында 8-11-класстардын мугалимдери билимин жогорулатуу боюнча Нарын жана Бишкек шаарынан курстан өтүп келишет. Ар кандай семинар-тренингдерге катышып, долбоор жазып, мектепке салымын кошуп келишүүдө. Натыйжада, мугалимдер интернетти пайдаланып, иштеп жатышат. Маселен, физика сабагынын мугалими Карагул Маметов өзүнүн проектор, түстүү фотопринтерин мектепке алып келип, ачык сабактарды өтүп, мугалимдерге жаңы технологияны менен иштөөнүн ыкмаларын көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүшүп келет. Анын техникаларын мугалимдер семинар, ачык сабак, тренингдерде пайдаланып жатышат.

  • 2013-жылдын 25-декабрында Билим берүү жана илим министринин буйругун интернеттен окуп, биздин мектеп республикадагы 100 инновациялык мектептин катарына тандалып алынганы биз үчүн чоң сыймык болду. Эми, буюрса, билим берүү, тарбиялоо ишине мындан дагы чоң жоопкерчилик менен мамиле кылып, шыктануу менен эмгектенебиз, – дейт мектеп директору.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*