Келечек интеллектуалдуу жаштардын колунда

IMG_25822014-жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында  мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыктоо аземи болуп өттү. IV турга чыккан 298 зээндүү окуучулардын ичинен 105и эӊ таланттуу деп табылды. Командалык зачетто 1-орунга Бишкек шаары (22 сыйлыктуу орунга ээ болушту), 2-орунга Ысык-Көл (14) менен Баткен областтарынын (14) командалары чыгышса, Ош шаарынын командасы 13 сыйлыктуу орун менен 3-орунга ээ болушту. 1-орундун жеӊүүчүлөрүнө Билим берүү жана илим министрлигинин I даражадагы диплому жана планшет,  2-орунду камсыз кылгандарга II даражадагы диплом жана кол саат тапшырылды. Ал эми 3-орундун ээлери III даражадагы дипломго татышты. Сыйлыктарды Билим берүү жана илим министринин орун басары, педагогика илимдеринин доктору, профессор Назаркул Ишекеев тапшырды.

Назаркул Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары:

 

– Олимпиада кыймылы байыркы Грецияда б.з.ч. 776-жылдары башталган. Ал мифологиялык кудай Зевстин урматына ар бир төрт жылда өткөрүлүп турган. Ал жалпы элдик майрамга айланган. Анда арабада жүрүү, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдештер жана мушташ боюнча таймашуулар өткөрүлүп турган. Акырындык менен бул олимпиадалык кыймыл бүткүл адамзаттык баалуулукка ээ болгон. Бүгүнкү күндө ар бирибизге олимпиадалык желек, олимпиадалык от жана олимпиадалык эмблемалар тааныш. Жакында эле Россиянын Сочи шаарында кышкы олимпиада аяктады. Албетте, ага көпчүлүгүбүз көрөрман жана угарман болдук. Натыйжада олимпиадалык кыймыл спорт чөйрөсүнө гана мүнөздүү болбостон, билим берүүдөгү акыл мелдешинде, рухий интеллектуалдык маданиятта да туруктуу орун алды. Ал билимдүүлүктүн, акылдуулуктун, интеллектуалдуулуктун мелдешинин символуна айланды. Адатта билим түшүнүгүнүн эки мааниси бар. Биринчиси, билим – маалымат жана информация. Экинчиси, билим – каражат жана курал. Ошондуктан адам баласы иштеп чыккан батыш менен чыгыштын, Азия менен Европанын, салттуулук менен жаӊычылдыктын, улуттук менен бүткүл адамзаттык илимий-билимий нарк-насилдерди акылга бөпөлөп багып жана жүрөккө бапестеп  кондура алганда гана окуучулар дөөлөткө жетишишет. Ошондо алардын ой чабыттары бийиктеп, логикалары темирдей бекем болуп, тереӊдеп аналитикалык алкакта кадимкидей ой оодаруу маданияты бышып, базар экономикасынын, Арстанбек даанышман айткандай, устаранын мизинде оодарылган замандын катаал шартына, атаандаштыгына туруштук берип, турмуштун зор агымында ийгиликтерге жетише алышат жана ушул сынакта жетише алышты деген ойдомун. Мекендин топурагы кум болсо, алтын деп билип, анын суусу шор болсо кантым деп билип, миӊ жылдыктардын рухий–интеллектуалдык жана адеп-ахлактык чакырыктарына ишенимдүү жооп бере алган жаштар күч сынашты деген аруу тилектемин.

Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын III этабы областтык деӊгээлде үстүбүздөгү окуу жылында 28-февралдан 1-мартка чейин өткөрүлдү. Булар республикага баш ийген эки шаарда жана жети областта уюштурулду. Ага 2695 окуучу 56 район-шаарлардан катышты. Олимпиаданын катышуучуларынын 1757 окуучусу кыргыз тилиндеги мектептерден билим алышкандар болсо, 896  орус тилиндеги мектептин окуучулары, ал эми 42 өзбек тилиндеги мектептердин окуучулары.

Олимпиаданын III этабынын жеӊүүчүлөрү болуп 10 предметтен 298 окуучу таанылып, республикалык сынакта алардын ичинен 105и эӊ мыкты деп аныкталды. Айтмакчы, республикалык турга 2013-жылкы олимпиаданын 17 жеӊүүчүсү дагы катышты. Алар өткөн жылы 10-класстар арасында жеӊишти камсыз кылгандар.

Республикалык олимпиаданын жеӊүүчүлөрүнүн ичинен математика, физика, химия, биология, информатика жана орус тил, адабият предметтери боюнча эл аралык олимпиадага тандап алуу процесси да жигердүү жүрөт. 2011-2013-окуу жылдарында кыргызстандык окуучулардын командасы эл аралык олимпиадада  бир күмүш, тогуз коло медаль жана 45 ардак грамота (4-орун) камсыз кылышкандыгын белгилей кетүү абзел. Бул окуучулардын эл аралык деӊгээлдеги олуттуу жана салмактуу жетишкендиктери деп айтууга толук негиздер бар. Ошондуктан байыркы кыргыз элинде “Билим – адамдын канаты”, “Билимдүүгө дүйнө жарык”, “Билимдүүдөн акыл сура”, “Билимдүү зор, билимсиз кор”, “Билим – кенч, эмгек анын ачкычы” тариздүү макалдар бекеринен кылымдарды карытып айтылып келбеген.

Биздин  ардактуу окуучулар, билимдүү мекенчилдерден болоруна зор ишеним артабыз. Ошондо алардын башаты – мекен болорун; урааны – Манас болорун; тиреги – намыс болорун; тилеги – адеп-ахлак болорун; булагы – билим болорун, руху – айкөлдүк болорун; кыяматы – маӊкурттук болорун; мүдөөсү – ынтымак болорун; мураты – азаттык, эркиндик болорун; туткасы – салт болорун; калысы – калк болорун; бешиги – Ала-Тоо болорун акыл менен да, жүрөк менен да сезишет деген зор үмүттөбүз.

Кылымдарды карыткан олимпиадалык кыймылдын урааны бар. Ал үч сөздөн турат: Тезирээк, Бийигирээк жана Күчтүүрөөк. Акыл таймашка чыккан биздин зээндүү окуучуларга билимине, акылына, интеллектуалдык маданиятына тездик менен ыкчамдыкты, бийиктик менен тереӊдикти, күчтүүлүк менен балбандыкты каалаган элем. Мына ошол тилектер, каалоолор аткарылып, эӊ таланттуу балдар алдыга чыгышты. Ал эми калыстар тобу “кара кылды как жарган” калыстык менен катышуучулардын билимин таза жана так баалап, олимпиада кыймылынын фундаменталдуу баалуулуктары башка кызыкчылыктар менен алмаштырылган жок деп ойлойм.

Марат Усеналиев,

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы:

 

– Быйылкы сынактын катышуучуларынын химия, физика сабактарынан көрсөткүчтөрү күчтүү болду. Жылдан-жылга билим сапаты жогорулаганы байкалып жатат. Жөнөкөй мектептин окуучулары “Себат” лицейинин окуучулары  менен таймашып калды. Быйыл 10 предмет боюнча өттү. Анткени №202 токтомдун негизинде айрым предметтер интеграцияланып, бир эле типтүү предмет болуп калган. Ал эми өзбек, немец жана француз тилдери айрым гана областтарда өтүлүп, бул тилдерди окууга кызыккандар азайып баратат. Ошондуктан 10 предметке өткөнбүз. Негизинен кыргызстандык окуучулар дүйнөлүк олимпиадаларда так илимдер боюнча, т.а. химия, физика, математикадан жакшы ийгиликтерди жаратып жатышат.

Быйылкы олимпиаданын жыйынтыгы боюнча, командалык зачетто биринчи орунду Бишкек шаары (1-3 орунга чейин 22), Ысык-Көл жана Баткен областтары – 14, Ош -13 орунду ээлешти. Дүйнөлүк олимпиадада жеӊишке чыккан орундар эсептелинет. Ошондуктан Ош шаары 3-орунга чыгып калды. Бирок, экинчи жагынан карасак, Оштон келген 8 окуучу 1-орунду камсыз кылыптыр. Ал эми Баткен областынан жеӊишке чыккандардын көбүнчөсү 3-орунду ээлегендер.  Мониторинг боюнча сапаты жагынан алганда, Ош шаары 2-орунга чыгып жатат, бирок жалпы командалык зачетто 3-орунда.

 

 

Мира Баткибекова,

химия предмети боюнча калыстар тобунун төрайымы, академик:

 

– Республикалык олимпиадага химия предмети боюнча тапшырмаларды даярдаганда эле эл аралык олимпиадага даярдыкты көрө баштайбыз. Бул жолу да теориялык тур боюнча тапшырмалар эл аралык олимпиаданын формасында түзүлдү. Ар бир берилген суроо өзүнүн татаалдыгы,  оор салмагы менен бааланат. Химия предмети боюнча олимпиада эки турдан турат. Теориялык турдан окуучулар 60 балл алыш керек болсо, эксперименталдык турда 40 баллга ээ болот. Эки турда теӊ балдар берилген убакытта ойлонуп, жооп беришти. Эми биринчи турда нөл балл алган балдар кездешти. Бирок алардын деӊгээлинин төмөндүгүнө карабай 2-турга киргиздик. Анткени республикалык олимпиадага келгенден кийин, жок дегенде биздин лабораториябызды көрүп, химиялык аспаптарды колдору менен кармап көрүшсүн дедик. Чынын айтыш керек, айылдагы мектептерде лаборатория жокко эсе. Кээ бир балдар бир нече суроолордон нөл балл алышты. Албетте, бул кейиштүү көрүнүш. Бирок жылдан-жылга химия предмети боюнча билим сапаты жакшы болуп баратат. Мектептин мугалимдери дагы көӊүл бөлүп калышты. Мен ректоратка сунуш киргиздим эле, мектепте иштеген химия мугалимдерине эки жумалык сабак өткөрүш керек деп. Ошондо мугалимдердин квалификациясы жогоруламак.

Быйылкы республикалык сынакка катышкан окуучулардын арасында эл аралык олимпиадага татыктуу балдар бар экенине кубандым. Быйыл Вьетнамда өтөт, бирок азыркыга чейин тапшырмалар сайтта жарыялана элек.

 

 

Раиса Султангазиева,

физика предмети боюнча калыстар тобунун төрайымы, профессор:

 

– Быйылкы окуучулардын олимпиадасына 11-класстан 22 бала, 10-класстан 19 окуучу катышты. Деӊгээли жаман эмес. Жылдагыдай эле тереӊдетилген мектептер, кыргыз-түрк лицейинин окуучулары алдыга чыгышты. Анткени түрк лицейинин окуучулары олимпиадага 8-класстан баштап катышат. Маселен, 8-класста 10-класстын эсептерин чыгарышса, 9-класста 11-класстын тапшырмаларын аткарышат. Негизинен олимпиада ушундай болуш керек. Быйылкы сынактын өзгөчөлүгү – 10-11-класс деп бөлбөй, баардыгына бирдей тапшырма, эксперименттерди бердик. Анткени эл аралык олимпиаданын талабы ушундай. Ал жерден базалык же тереӊдетилген деп сурабайт. Керек болсо, чет өлкөдө 7-класстын окуучулары деле олимпиадага катыша беришет.  Билим олимпиадасы деле спорттогудай, эгерде окуучу системалуу даярданса жыйынтык чыгат. Баса, шаардык олимпиадада айрым мугалимдер 10-класска 11-класстын тапшырмалары келип калыптыр деп айтышты. Ал туура эмес. Эл аралык аренага чыкчу балдар оптика, молекулярдык физика, дегеле бардыгын билиши зарыл. Быйылкы сынакка Сингапурга сегиз бала барыш керек. Буюрса, эми уюштуруу иштерин жүргүзө баштайбыз. Ал жерден эӊ мыкты көрсөткүч алган беш бала  Астанада өтчү эл аралык олимпиадага катышат.

10 жылдын  ичинде физика боюнча 3 күмүш, 14 коло медаль алдык. Эл аралык Жаутов олимпиадасына катышкан кыргызстандыктар  2 күмүш, 3 коло медаль алып келишкен. Быйыл алтын медалга жетишет деген үмүт берген балдар бар. Биздин балдар шашпай олтурса эсепти жакшы чыгарышат. Бирок сынак деген сынак, убакыт абдан кыска берилет. Канча жыл даярданып барып, 0,3 балл жетпей калган учурлар болот. Эл аралык олимпиадада 0,1 же 0,2 балл жетпей калганда, жүрөгүӊ ачышат.

Кыргыз-түрк “Семетей”, “Семанын” балдары абдан кыйын. Бизди акыл мелдешине баратканда жакшы жылуу сөздөр менен узатып, кайра дүӊгүрөтүп тосуп алышса, жакшы болмок.

 

Калзада Асангазиева,

Ысык-Көл кыздар лицейинин  10-классынын окуучусу,  кыргыз тили сабагынын жеӊүүчүсү, 1-орун:

 

– 1-турда тест берилип, анда 60 суроо бар экен, анын ичинен 30 суроо тилге, 30 суроо адабиятка берилиптир. Так жооп бердим деп ойлойм.  Мындан сырткары, баян (изложение) жаздык. 2-турда татаал сүйлөмдүн түрлөрү, Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолундагы” Алимандын образы келди. Былтыр катышканда 2-орунга чыккан болчумун, быйылкы сынакта мен билген суроолор келгенине абдан кубанып жатам.

 

 

Гүлнара Самүдүнова,

З.Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин кыргыз тил, адабият мугалими:

 

– Республикалык акыл мелдешине төрт кыз келген. Анын ичинен менин окуучум 1-орунга чыкты. Мен үчүн сыймык. Чоӊ жетишкендик болду. Олимпиада абдан тыкан уюштурулуптур. Өзгөчө №5 УКГнын жетекчилигине жана мугалимдерине чоӊ ыраазычылык билдиребиз. Өткөн сынак окуучулардын ичинен таланттуу, жөндөмдүү балдарды  иргеп чыгып, алардын келечегине жолун ачып, жөндөмүн таразалап, аларга багыт берди деп ойлойм.

 

Даярдаган Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*