ТҮРКИЯДА БИЛИМ АЛГЫӉ КЕЛЕБИ, АНДА ЧАМДА!

turki

Советтер Союзунун жоюлушу менен тарыхый Түркистан аймагында көз карандысыз Түрк тилдүү республикалар түзүлүп, Түркия Республикасы менен дипломатиялык алакалар башталганы баарыбызга маалым. Бул алакалар өлкөлөр ортосундагы жаӊы иштиктүү мамилелерди, долбоорлорду арбыта алды. Ошону менен бирге  билим берүү тармактарындагы кызматташтык да чыӊдалып, мамлекеттер аралык келишимдер аркылуу тереӊ иш алып баруу процесстери ийгиликтүү жүргүзүлүп келүүдө.  Ошентип, 1992-жылы түптөлүп иштей баштаган Эл аралык чоӊ студенттик долбоор аркылуу Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан миӊдеген студенттер Түркияда бюджеттик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Эске салсак, 1992-жылдан 2012-жылга чейин Түркия Республикасынын Эл агартуу министрлиги тарабынан өткөрүлүп келген (ТЖС) Түрк республикалары жана бир тууган элдер сынагы менен бюджеттик негизде билим алуучу абитуриенттер тандалып алынчу. Бул сынак аркылуу 1992-2012- жылдар аралыгында 3500 дөн ашуун кыргызстандык студенттер Түркияда бюджеттик негизде билим алуу укугуна ээ болушкан. Бүгүнкү күндө Түркияга абитуриенттерди тандап, кабыл  алуу жагын аталган республиканын ЖОЖдору онлайн режиминде жүргүзүп, өздөрү тандап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Демек, ал жакта окуп калуу мүмкүнчүлүгү  абитуриенттин билим деӊгээлинин бийиктигине, материалдык шартына гана жараша болмокчу. Төмөндө биз ал жакта билим алуунун негизги жолдоруна токтолмокчубуз. Эмесе, чамда абитуриент!

Түркияда бюджеттик негизде жогорку  билим алуунун жолдору

Түркия Республикасы тарабынан чет өлкөлүк студенттерге берилген бюджеттик мүмкүнчүлүктөр жана стипендиялар 2012-жылдан тарта “Түркия стипендиялары” аталышындагы чоӊ программага топтолуп, бул программа аркылуу дүйнөнүн 150 өлкөсүндөгү абитуриенттерге Түркияда бюджеттик негизде жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Ушуну менен түрк тилдүү мамлекеттер менен башталган Эл аралык чоӊ студенттик долбоор дүйнөгө ачылып, “Түркия стипендиялары” аталышы менен иштей баштаган. Мында Азиядан Европага, Латын Америкасынан Түндүк Америкага, Африкадан Австралияга чейинки ар кайсы мамлекеттен миӊдеген абитуриенттер Түркияда бюджеттик негизде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жаӊы технологиялар доорунда “Түркия стипендиялары” программасына кабыл алуулар да стипендия программасынын интернет баракчасы аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер стипендия программасынын интернет баракчасынан каттоодон өтүп, өздүк баракча ачышат, бул өздүк баракча аркылуу каалаган стипендиясын тандап, университеттерге тапшыруулары талап кылынат.

Жогорку окуу жайдан кийинки билим алуу багытындагы магистратура жана аспирантура программаларында Кыргызстандагы университеттердин бүтүрүүчүлөрү же акыркы курстун студенттери төмөнкү стипендия программаларына тапшыра алышат: Али Кушчу билим жана технология стипендиясы, Ибн Халдун коомдук илимдер стипендиясы, Теология стипендиясы, Юнус Эмре түрк тили стипендиясы. Магистратура менен аспирантура багытындагы кабыл алуулар жана маектешүү сынактары 2014-жылдын март-апрель айларында өткөрүлүп бүттү. Ошондой эле илимий изилдөөчүлөр жана аспирантурада окуп жаткандарга өздөрүнүн илимий иштерин Түркияда аткаруу максатында кыска мөөнөттүү илимий изилдөө стипендиялары да тартууланат.

Университеттерге тапшыруучу орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнө багытталган бакалавр даражасындагы стипендия программалары: Түрк тилдүү мамлекеттер стипендия программасы, Ибн-Сина медицина тармагындагы стипендия программасы, Теология стипендиясы, Юнус Эмре түрк тили стипендиясы бар. Бакалавр программасына кабыл алуу жана каттоо иштери азыркы убакта улантылып жатат.

Орто мектептин бүтүрүүчүлөрү же акыркы класстын окуучулары 2014-жылдын 18-апрелинен тарта 19-майга чейин “Түркия Стипендиялары-2014” бакалавр программасына каттоодон өтө алышат. Стипендия программасына каттоо www.turkiyeburslari.gov.tr интернет баракчасында жүргүзүлөт. Абитуриенттер стипендия программасынын интернет баракчасынан каттоодон өтүүлөрү зарыл. Талап кылынган документтер: паспорт же ID карта, аттестат же болбосо акыркы класста окугандыгы тууралуу справка менен табель, бар болсо диплом жана сертификаттар, бир сүрөт. Бул документтер котормосуз эле электрондук вариантта абитуриенттердин өздүк баракчасына жүктөлөт, өздүк баракчадагы анкета толтурулат жана каалаган стипендия программасы тандалат, бул программа боюнча 12 университеттен 12 факультет тандоого болот. Каттоодон өткөн абитуриенттердин бааларына жана жетишкендиктерине карата эӊ жакшы көрсөткүчтөрү барлар маектешүү сынагына чакырылат. Маектешүү сынагынын жыйынтыгында эӊ жакшы балл топтогон абитуриенттерге стипендия берилип, бюджеттик окуу мүмкүнчүлүгү сунушталат. Түркия cтипендиялары аркылуу Кыргызстандан 2012-жылы 70 окуучу, 2013-жылы 52 окуучу бакалавр программасында бюджеттик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

 Магистратура менен аспирантура багытындагы программаларга каттоо да www.turkiyeburslari.gov.tr интернет баракчасында жүргүзүлүп, каттоолор 2014-жылдын март айында өткөрүлгөн. Абитуриенттерди тандоо иштери улантылып, маектешүү сынагы да апрель айында  болуп өттү. Магистратура менен аспирантура багытындагы программаларга Кыргызстандан 2012-жылы 41 студент, 2013-жылы 42 студент Түркияда бюджеттик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Азыркы учурда Кыргызстандын жараны катары Түркиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде билим алып жаткандардын саны 524 студент болуп, бул студенттердин 21и кесиптик колледждерде, 340 студент бакалавр программаларында, 97 студент магистратурада,  63 студент аспирантурада жана 3 студент медициналык ординатурада билимин улантып жатышат.

“Түркия стипендиялары” аркылуу бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттерге ай сайын бакалавр программасында 260$, магистратурада 380$, аспирантурада 525$ өлчөмүндө стипендия менен акысыз окуу жана акысыз жатакана мүмкүнчүлүгү берилип, медициналык камсыздоо менен учак билети жана башка социалдык көмөктөр көрсөтүлөт.

Түркиядагы университеттерде контракттык негизде билим алуу кандай?

Дүйнөдөгү глобалдашуу процессинин аркасында өлкөлөр ортосундагы билим алууда чек аралар  да, чектөөлөр да жоюлуп баратат десек аша чапкандык болбос. Учурда өнүккөн билим берүү тармагында жалпы дүйнөнүн кызыгын арбыткан Түркияда чет өлкөлүк ар бир абитуриент каалаган түрк университетинде контракттык негизде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Билим берүү тармагындагы бул өнүгүү тенденциясы Түркиядагы университеттердин абитуриенттерге карата болгон саясатын бир кыйла өзгөртүүгө түрткөн. Бул багытта контракттык негизде жогорку билим алууну каалоочу абитуриенттерди кабыл алуу мамлекеттик жана жеке менчик университеттер тарабынан жүргүзүлүүдө. Бул университеттер өздөрүнүн сынактары, аттестаттагы баалардын көрсөткүчтөрү жана чет мамлекеттердеги университеттердин кабыл алуу сынактары аркылуу абитуриенттерди кабыл алууда.

Контракттык негизде Түркиядан жогорку билим алууну каалаган кыргызстандык  абитуриенттер төмөнкү сынактар аркылуу тапшыра алышат:

– Аттестаттагы баалар аркылуу: Жалпы орто билим жөнүндөгү аттестаттагы баалар сынак ордуна эсептелип, жалпы орточо баа сынак катарында көрсөтүлөт. Аттестаттагы жалпы орточо баа 5тик системада 3төн кем болбоосу тийиш.

– Жалпы республикалык тест сынагы: Кыргызстандагы ЖОЖдордун кабыл алуу сынагы болгон ЖРТ аркылуу Түркиянын көптөгөн университети абитуриенттерди кабыл алууда. Жалпы тесттен 120 бал алган абитуриенттер Түркиянын университеттерине тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ, бирок кээ бир университеттер мындан жогору балл талап кылышы мүмкүн.

– YÖS сынагы: Түркия Республикасынын жогорку билим берүү башкармалыгы тарабынын жүргүзүлгөн YOS сынагы 2011-жылдан тарта өткөрүлбөй калып, анын ордуна 2012-жылдан тарта ар бир университеттин YOS сынагы өткөрүлүүдө. Бул сынакты Кыргызстанда өткөрө турган түрк университтери төмөнкүлөр: Самсун 19-май университети 2014-жылдын 25-май күнү, Сулейман Демирел университети 2014-жылдын 1-июнь күнү, Кастамону университети 2014-жылдын 7-июнь күнү Бишкекте, Стамбул университети 2014-жылдын 24-май күнү Алматыда  YOS сынагын өткөрөт.

Ал эми Самсун 19-май университети өткөргөн сынактын жыйынтыгынын негизинде көптөгөн мамлекеттик жана жеке менчик университеттер, абитуриенттерди өзүнө кабыл ала берет. Бул бизче түшүндүргөндө Улуттук университеттин сынагынан өтсөӊүз, анын жыйынтыгы менен Кыргызстандагы башка окуу жайга да өтө алат дегендей.  Ошондой эле түрк университеттери Түркияда YOS сынагын өткөрүүдө. Бул сынактар тууралуу маалымат www.yok.gov.tr интернет баракчасындагы студенттер бөлүмүндө жана www.studyinturkey.gov.tr интернет баракчасында кеӊири берилген.

– SAT сынагы аркылуу:

Жогоруда белгиленген сынактар аркылуу Түркиядагы университеттерде контракттык негизде билим алууга болот. Контракт акылары мамлекеттик же жеке менчик ЖОЖ, тандалган факультетке жараша өзгөрүлүп турат. Муну менен биргеликте салыштырып караганда чет өлкөлүк студенттер үчүн Түркиядагы контракт акылары жана башка чыгашалар башка мамлекеттерге караганда бир кыйла төмөн десек болчудай.

Түркиядагы мамлекеттик жана жеке менчик университеттер тууралуу кеӊири маалымат түркчө жана англис тилинде www.studyinturkey.gov.tr интернет баракчасында берилген.

Азыркы учурда контракттык негизде Түркиядагы университеттерде билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин саны 1200дөн ашат. Түркиядан билим алган кыргыз жаштары азыркы мезгилде дүйнөнүн бардык тарабында ийгиликтүү иштеп жатышат. Алардын ичинен өз мекенине кайтып келип иштеп жаткандардын катары да арбып баратат.

 Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү Кеӊешчилигинин берген маалыматтары менен даярдаган М.Токторов, “Кутбилим”  

5 Комментарии

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*