“ЖОЖдордогу талапка жооп бербеген адистиктер ЖРТнын жыйынтыгы чыкканча жабылат”

DSC00973-2

Канат Садыков, Билим берүү жана илим министри:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясаты алкагында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги 15-майда “Министр байланышта” акциясын өткөрдү. Бул күнү министр Канат Садыков жана министрликтин кызматкерлери ММК  аркылуу калкка министрликтин ишмердүүлүгүн жана билим берүү жана илим министринин милдеттери жөнүндө кеӊири маалымат берүү максатында өлкөнүн бардык аймактарындагы элге эфир аркылуу байланышка чыгып, суроолоруна жооп берди. Атап айтканда, бул акциянын жүрүшүндө министр Канат Садыков “Марал,” “Азаттык” радиосунда, ЭЛТР телеканалында түз байланышта болуп, андан соӊ «Кабар» маалымат агенттигинде “КРнын Билим берүү жана илим министринин милдеттери” аттуу темада журналисттерге  пресс-конференция берди.

Ошол эле күнү түштөн кийин аталган министрликте  “Коомдун туруктуу өнүгүүсү үчүн билим берүү системасы” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш-чарага массалык маалымат каражаттарынын жана граждандык сектордун өкүлдөрү  да катышып, ачык диалогдо активдүү баарлашты. Тегерек үстөлгө министр өзү катышып, билим берүүнүн стратегиялык өнүгүүсү жана жакынкы өкмөт тарабынан бекитилип коюлган иш-чаралардын аткарылышы туурасында атайын баяндама менен чыгып, аягында дагы бир ирээт журналисттердин жамгырдай жааган суроолоруна кеӊири жооп берди.  Бешимде министр  КТРКнын «Күндүн темасы» түз эфирдеги программасына да чыгып, коомчулуктун түйшөлткөн суроолоруна жооп узата алды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген иш-планына ылайык КРнын билим берүү жана илим министринин өз милдетин аткаруу боюнча жеке планында негизги маанилүү маселелер белгиленген. Алар: мектепке чейинки балдар уюмдарын көбөйтүү жана балдарды даярдоонун сапаты; билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чакырган жалпы улуттук иш-чараларды ишке ашыруу; мектеп администрациясынын башкарууда жоопкерчилигин жогорулатуу; КРнын ЖОЖдоруна абитуриенттердин тапшыруу механизмин жана ЖОЖдор тармагын  оптималдаштыруу; студенттердин бюджеттик негизде бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу жана практикалык илимий демилгелерди ишке ашырып, илимди өнүктүрүү деп көрсөтүлгөн. Министр негизинен ушул темалардын тегерегинде кеп кылды.

Эл менен болгон түз байланышта министрге негизинен алдыда күтүлүп турган абитуриенттерди ЖОЖго кабыл алуудагы маселелер, анын ичинен  Жалпы республикалык тесттин келечегине байланышкан суроолор басымдуулук кылды.

– ЖОЖго кабыл алууда уюштурулуп келген тестти ата-энелер өздөрү да колдоп жатышат. Себеби жогорку балл алган абитуриент университеттердин экзамен  алчу комиссиясына көз каранды болбой эле өтүп кетишүүдө.  Ошондуктан азыркы жүргүзүлүп жаткан тест жалпы коомчулуктун талабына жооп берүүдө. Ал эми мектептердеги мамлекеттик бүтүрүү экзамендерине башкача ыкма киргизүүнүн, тактап айтканда, аттестатка болгон ишенимди жогорулатуу багытында иш жүргүзүп   жатабыз. Мында алгач Талас облусун пилоттук кылып алып, бүтүрүү экзамендерин жалпы бирдиктүү тест менен өткөрүп көрөбүз. Андан соӊ бул ишти эсептеп көрүп, жалпы республикага жайылтышыбыз мүмкүн, – деди министр.

Министр андан ары аттестаттын таасирдүүлүгү бара-бара өнүккөн өлкөлөрдүн деӊгээлиндегидей  жагдайга жетишерин, азырынча жалпы республикалык тест менен гана иштөө керектигине токтолду. Ал эми учуру келгенде ЖРТнын зарылдыгы жөнүндөгү маселе каралары да айтылды.

Ушуну менен катар ЖРТнын босого баллынан өтпөй калган абитуриенттерге   орто кесиптик окуу жайларга экзамен берип, кирүү мүмкүнчүлүгү калтырылууда. ЖРТнын университеттерге кирүүчү босоголук баллы айылга же шаарга карата делип бөлүнбөй, бирдиктүү мамлекеттик стандарттын гана  шартында белгиленерин министр радио угармандарга жооп берип жатып айтты.

– Орто кесиптик билим алып эле, бир-эки жылда бутуна туруп, жашоосун оӊоп кеткендер көп. Кантсе да биздин жаштар жогорку билим алганга умтулушууда. Максатка, каалоого чек жок дечи. Бирок жылдан-жылга ЖОЖдогу студенттердин саны кыскарууда. Мисалы, эки жыл мурун 230 миӊ студент болсо, быйыл 217 миӊ студент бар.

Биз профили туура келбеген окуу жайларды жаап, студенттердин келечегине ачык жол ачалы деп максат коюудабыз. Экинчиден, бюджеттин эсебинен билим алып, бирок кесибин өзгөртүп, же милдеттемесин аткарбаган бүтүрүүчү мамлекеттен окуу үчүн кеткен чыгымды төлөп берүүсү каралууда, – деди министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жогорку кесиптик билимге байланышкан маселелерде ЖОЖдорду оптималдаштыруу жүргүзүлөрү да баса белгиленди. Чукул арада педагогикалык,  техникалык адистерди даярдаган окуу жайларды бириндетпей ирилештирип, чогултуп, потенциалын өстүрүү, өз миссиясын аткарбаган окуу жайлардын лицензияларын кайтарып алуу иши катуу тартипте жүргүзүлүүдө.

– Мунун баары кургак иш эмес, окуу жайларда атайын бир айлык көзөмөл иштерин жүргүздүк. Ошонун негизинде бир катар окуу жайлардын лицензиялары сот аркылуу токтотулат. Алардын тизмеси ЖТРнын жыйынтыгы чыкканча такталып, министрликтин сайтына илинип, элге жарыяланат, – деди министр.

Аймактарда жайгашкан окуу жайлар жоюлууга дуушар болбойт. Алардын айрымдары чоӊ университеттердин курамына кошулушу мүмкүн. Айрым мыкты, өз милдетин жакшы өтөгөн, талапка жооп берген окуу жайлары өз алдынча калтырылат. Ал эми өкмөттүк программага, токтомго ылайык аймактардагы ЖОЖдордун дээрлик көпчүлүгүнө бакалаврдык гана деӊгээлдеги билим берүү уруксаты берилип, магистратуралык, аспирантуралык, докторантуралык баскычтар чоӊ профилдик окуу жайларга гана ыйгарылмакчы.

– ЖОЖдордун рейтингин аныктоо системасын да иштеп чыгабыз. Быйыл жылдын аягына чейин жогорку окуу жайлары кайсы адистик  боюнча кандай рейтингде турарын аныктап, жарыя кылууну максат кылуудабыз, – дейт К.Садыков.

Министрдин жети максаты бала бакчадан жогорку окуу жайдын маселелерине чейин камтылып, алар мамлекеттин туруктуу өнүгүү стратегиясынын алкагында ирээттүү ишке ашырыла бермекчи.

Мында үстүбүздөгү жылдан тартып бала бакчаларды жетиштүү көбөйтүү максаты коюлууда. Быйыл 50 вариативдик бала бакча ачылып, алар жакында келе турган 12 млн. долларлык гранттын эсебинен жабдылат. Буга 2237 класстык мектептер да кирип, эмеректер менен камсыз болот. Чукулда бүт аймактарда бала бакчалар менен толук камсыздануу шарты түзүлүүдө. Мындан тышкары мектептердин инфраструктурасын көтөрүү, беш жылдык ремонттон өткөрүү, быйыл окуу китептери менен камсыздоону 77 пайыздан 80 пайызга жеткирүү, мектеп формасын киргизүү, 100 инновациялык мектеп долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу, шаардык мектептердеги каржыга байланышкан камкорчулар кеӊешинин укуктук-нормативдик базаларын чыӊдап, ишке киргизүү жана аны кеӊейтүү,  ЖОЖдорду толук оптималдаштыруу, профилдештирүү өӊдүү алдыдагы кечиктирилгис иштердин бүткөрүлүүсү мерчемделүүдө. эмесе, Өкмөттүн эл алдындагы ишенимин жогорулатууну, билим сапатын көтөрүүнү максат кылган министр мырза  Канат Садыковдун ишине ийгилик гана каалайбыз.

 Майрамбек Токторов, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*