Бакыт Ашыралиев: “Атабыз адамгерчилиги бийик, асыл адам эле”

026

Өмүрүнүн кырчын курагын агартуу тармагына жана кыргыз журналистикасына арнаган таланттуу калемгер Таштанбек Ашыралиев көзү тирүү болсо быйыл 8-майда 80 жашка чыкмак.
“Атам бизди кара жумушка бышырып, айыл турмушуна аралаштырып чоңойтту”
1989-жылы “иш десе ишке, аш десе ашка тойбой” турган 55 жаш курагында Таштанбек Ашыралиевди шум ажал күтүүсүздөн арабыздан алып кетти. Тагдыр экен, ал киши жарык дүйнөгө келген өзүнүн туулган күнүндө, кубанычтуу күндү кайгыга айлантып, жакындарын арманга салып кетти.
Уулу Бакыт Ашыралиевге атасы тууралуу эскерүү жазып берүүсүн өтүнүп кайрылганыбызда, ал өткөндү эстеп бир толкунданып алганын, мындан дээрлик 50 жылга жакын убакыт мурда болгон окуяларды дагы бир жолу көз алдынан өткөргөнүн айтып, атасы тууралуу эскерип отурду.
– Атамды эстегенде менин балалык кезиме жуурулушкан анын элеси менен бирге тоого барып кой кайтарып, кой кыркканыбыз, чөп чаап, жыйнаганыбыз, иш ортосунда талаада тамактанганыбыз, айтор, айылымдын түйшүктүү турмушу көз алдыма тартылат. Ишемби, жекшемби күндөрүн, жайкы эс алуу учурларын көбүнчө өз айылыбызда өткөргөндүктөн, кара жумуштарды жакшы билчүбүз. Атам жарыктык, эмне иш кылсак да, бизге көрсөтүп гана тим болбостон, кошо аралашып кетээр эле. Жайында бир маал пионер лагерлерине эс алууга жөнөтчү. Бизди гана эмес, бир туугандарынын, досторунун балдарын да биз менен кошуп жиберээр эле. Менин футболго болгон кызыгуумду байкаган атам футбол тобун сатып берип, өзү менен кошо “Спартак” стадионуна ээрчитип барган учурлары – мен үчүн эң кымбат күндөрүмдүн бири.
Атамдын: “колуңдан келген жардамыңды аяба, жакшылык жерде калбайт” деген накыл сөзү эс тартканы жадымдан кетпейт. Ал өзү жасаган иштери менен бизге үлгү болчу. Айылдаштарын, туугандарын көргөндө кубанып, аларга эмне иш болсо, жардам бергенге аракеттенчү. Айылдагы шыктуу, жөндөмдүү балдар-кыздарды колдоп, шаар көрсүн, окууга умтулсун деген максат менен үйгө туугандардын, айылдаштардын балдарын алып келип, шык-жөндөмүнө жараша окуу жайларды сунуш кылганын кийин ошондогу улан-кыздар, азыркы урматтуу эже-агалардын өз ооздорунан угуп сыймыктанып калабыз.
Биз бала кезде 1-Май, 7-ноябрь майрамдары чоң салтанат менен майрамдалаар эле. Ошол майрамдарда үйлөмө шардан көп-көп сатып алып, ар бир үйдөгү балдардын санына жараша таратып берчү. Ага өзү фотоаппарат менен тарткан сүрөттөрүн кошуп койчу. Мен да аралашып, сүрөт чыгарышып калгандыктан, эсимде жакшы сакталып калыптыр. Жаңылбасам, айылдагы көп эле үйдө ошол сүрөттөр бар болсо керек.
Атабыз мүнөзү жумшак, катуу айтпаган адам болгону менен тартипти сүйгөн, талапты катуу кое билген сапаты бар эле. Мен мектепке чейин чоң ата-чоң энемдин колунда тарбияланып калгандыктанбы, атамдын талаптарын так, оюндагыдай аткарчумун. Ал эми менден кийинки иним Медет оюнкараак болуп, анын айтканындай кылбай, көп тил угуп калчу. Кийин ошол балалык жоруктарыбызды эстеп, күлүп калчубуз. Атамдын кыз балага мамилеси өзгөчө болчу. Бул балким үйдө жалгыз кыз болгондуктан болсо керек. Ошондон улам Медет экөөбүз үйдөгү кыздар жасоочу жумуштарды “катырчубуз”. Анын “бир эле кызым бар” деп армандаганы кудайга угулганбы, кийин келинчегим Клара экөөбүз үч кыздуу болгондо атамдын кубанганы алигүнчө көз алдыбызда. Кыздын баркын жакшы билгендиктенби, ал келиндерине да ар дайым аяр мамиле жасаар эле.
– Атамдын дагы бир өзгөчө сапаты – улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, баарынын тилин табаар эле. Туугандар менен болобу, жоро-жолдоштору менен болобу, отуруштарда учкул сөздөрдү, тамашаларды айтып, баарын күлкүгө бөлөчү. Атам айылдагы, тууган ичиндеги жакшылык, жамандыктардан калбаган, өзгөчө тууганчыл боло турган. Бизден да ошону талап кылып, бардык иш-чараларга кошо ээрчитип жүрчү. “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” деген сөздүн бекер айтылбагандыгын кийин түшүндүм. Атабыздын ошол сапаты бизге өтсө керек, биз да айылдагы, тууган арасындагы жакшылык-жамандыктардан калбай катышууга аракеттенип келатабыз.
Атам 1989-жылы 8-майда 55 жаш курагында күтүүсүздөн каза болду. Атабыздын көзү өткөнүнө быйыл туура 25 жыл болуптур. Атам өзү айткандай, жакшылык жерде калбайт экен, 1992-жылы айылдаштары бир добуштан өзү жашаган көчөгө анын ысымын ыйгарышкан.
“Жамандыкты амандык жеңет” дегендей, турмуш өз нугунда уланып келет. Артында калган урпактары, биз атабыздын орундата албай калган иштерин улап келатабыз. Атабыз көрбөй кеткен жакшылыктарга, балдарынын ийгиликтерине апабыз күбө болуп, карылыктын бакубат төрүндө узак жашаса деп тилейбиз. Азыр ал 13 неберенин 8 чөбөрөнүн мээримдүү чоң энеси, таянеси.
Атаганат, бири кем дүйнө деген ушул экен. Көзү тирүү болгондо быйыл атабыз 80 жашка, бир тууганыбыз Медет 50 жашка чыгышмак. Тирүүлүктүн, атуулдуктун милдетин аткарып, асыл адамдарыбызды эскерүү кечесин өткөрүп, элден бата алып коюуну туура көрдүк, – дейт уулу Бакыт Ашыралиев.
Таштан агай үй-бүлөлүк баалуулуктарды ыйык туткан адам болчу
Таштанбек Ашыралиев 1934-жылы 8-майда Ысык-Ата районундагы Сын-Таш колхозунун Бириккен (азыркы Өтөгөн) айылында төрөлгөн. Ал апасынан эрте айрылып,турмуш түйшүгүн эрте тартып чоңойду. Окууга дилгир улан 1950-1952-жылдары педагогикалык окуу жайдан, андан кийин 1954-1958-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинен жогорку билимге ээ болуп, алгачкы эмгек жолун алыскы Кара-Кулжа районундагы Алай-Куу айылындагы мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган. Андан соң Чүй районундагы Дөң-Арык орто мектебинде эмгектенип жүрүп, өзүнүн табият тартуулаган шык-жөндөмү үстөмдүк кылдыбы, тез эле журналистика тармагына өтүп, 1960-жылдан тарта көзү өтүп кеткенге дейре ушул кесипте эмгектенген.
1960-жылы “Кыргызстан пионери” газетасында жооптуу катчы болуп 1976-жылга чейин үзүрлүү иштеген. Ушул мезгил аралыгында Т.Ашыралиевдин калеминен “Баатыр пионер баяны”, “Чукотка операциясы”, “Алар пионер болушкан” деген сыяктуу 20дан ашык китеп жана котормолор жаралып, өз окурмандарына тартууланган.
Ал 1977-жылдан тартып чыгармачылык эмгек жолун республикалык “Мугалимдер газетасында” (азыркы “Кутбилим”) уланткан. “Мугалимдер газетасында” бирге иштешкен калемдеши, белгилүү акын Калбүбү Сариева аны жеке эле өз ишин мыкты билген кызматкер эмес, адамгерчилик сапаты жогору, үй-бүлөлүк баалуулуктарды ыйык туткан камкор ата, жолдошчулукка бекем, сый-урматка татыктуу адам эле деп эскерет.
– Таштанбек Ашыралиев сексенинчи жылдары “Мугалимдер газетасында” жооптуу катчы болуп иштеди. Ал кезде “Мугалимдер газетасы”кыргыз-орус тилинде дубляж болуп чыкчу. Жооптуу катчылык иште биринчи кезекте журналист гана эмес, адамдар менен иштеше билген мыкты уюштургуч болуш керектигин гезит кызматкерлери жакшы билишет. Анын үстүнө анда азыркыдай компьютер жок, материал терүү, аны версткалоо сыяктуу жумуштар кол менен жүргүзүлгөн шартта көп түйшүктү талап кылчу.
Таштанбек агай ага чейин “Кыргызстан пионери” деген көркөм жасалгалоону талап кылган гезитте иштеп келгендиктен болсо керек, өз ишин өтө жакшы билчү. Адам катары да көтөрүмдүү, токтоо мүнөзү бар эле. Качан, кандай иш менен кайрылбайлы, түшүнүү менен, адам көңүлүн оорутпай маселени чечип берчү. Катардагы жаш журналисттерге карата редактор менен редактордун орун басарынын катаал талабын жумшартып, чабуулунан коргоп да коер эле. Керек учурда кайра “чоңдорду” да кырдаалдан чыгарып кетчү. Ушуга байланыштуу бир окуяны айтып берейин. “Кыргызстан пионеринде” иштеп жүргөндө бир жолу 8- март майрамын редакцияда отуруп тосушат. Анда азыркыдай кафе, ресторандар кайда. Майрамдан тараган соң бир кызматкер андан ары улантып майрамдап кетсе керек, айтор, милицияга түшүп калат. Ал кезде талап катуу эмес беле, редакцияга телефон чалышса, жооптуу катчы Таштан агай бар экен, аны милиция бөлүмүнө чакырышат. Таштан агай барып, редакцияда чогуу майрамдашканын айтып, ал-жайды түшүндүрүп, аны соолуктуруучу жайга түшүрбөй чыгарып кетет. Бирок, эртеси башкы редакторду жогору жакка чакырып, партиянын жетегинде жүргөн гезиттин редакциясында отуруп ичимдик ичкен маселесин карамак болушат. Редактор эч кандай майрам тосуу, ичимдик ичүү болбогонун айтат. Анда Таштан агайды чакырышат, агай өзү үчүн уят болсо да “эч кандай майрам тосуу болгон эмес” – деп көшөрүп отуруп абалдан чыгарып кетет.
Эсимде, “Мугалимдер газетасында” иштеп жүргөндө дагы бир майрам тосууда, капыстан келип калган бир жазуучу Жунай Мавляновго ыр кесе сунуп калды. Редактор чындап эле ырдап көрбөгөнбү, же улуу-кичүү кызматкерлеринин арасында ырдоону эп көргөн жокпу, кысылып туруп калды. Таштан агай “агайыбыз үчүн мен ырдап коеюн” деп, кесени алып айтылуу “Ала-Тоонун кыздары” деген ырды ырдап, агайды кысталыштан куткарып кетти. Биз ошондо Таштан агайдын жакшы ырдаарын билип калганбыз.
Таштанбек Ашыралиев өзү чарба ишине бүйрө адам эле. Ишемби, жекшемби күндөрү Ысык-Атадагы туулуп-өскөн айлына, улгайган ата-энесине барып, чарба иштерин бүтүрүп келгенин айтып калчу. Улгайган атасынын көзү көрбөй калганда шаарда чогуу туруп калышты. Иш маалында үйүнө телефон чалып, тез-тез абалын сурап турчу. Улгайган адамдын жаш баладай болгон жорук-жосундарын сүймөнчүлүк менен бизге айтып берип, күлүп калчубуз. Таштан агай мына ушундай адам болчу, – дейт Калбүбү эже.
Узун сабак санжырадай эстелээр,
Уланып кыз, уулдарында өмүрү…
Агартуу тармагындагы жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия берүүдөгү үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, ал бир нече Ардак грамоталар, “Эмгектеги күжүрмөндүгү үчүн” медалы, “Ардак белгиси” ордени менен сыйланып, “Эл агартуунун отличниги” деген агартуучулар үчүн эң ардактуу наамга ээ болгон. Таштанбек Ашыралиев өмүрлүк жолдошу Сайнаш апа менен бирге беш баланы – бир кыз, төрт эркекти тарбиялап чоңойтушту. Аларга боорукер ата, неберелерине сүйкүмдүү чоң ата боло алды. Беш баласынын жогорку билимдүү, таалим-тарбиялуу болушуна, “атанын уулу” аталышына кам көрүп, аларды эл керегине жараган эр-азамат кылып тарбиялап эрезеге жеткирди.
Таштанбек агай менен Сайнаш эженин эркелетип эрезеге жеткирген уул-кыздары учурда ал киши тилегендей эле эл керегине жарап, ата журтуна кызмат өтөшүүдө. Улуусу Сагын азыркы кезде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин тажрыйбалуу музыканты. Тун уулу Бакыт 20 жылдан ашык убакыттан бери бизнес чөйрөсүндө, Кыргыз-Герман биргелешкен ишканасын жетектейт. Андан кийинкиси Медет эмгек жолун айылдык мектептин катардагы мугалиминен баштап, директордун орун басары, мектеп директору, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап жүргөн кезде кырсыктан көз жумган. Артында эки кызы калды. Андан кийинки уулу Назар республикалык Эсеп палатасынын инспектору болуп эмгектенет. Ата-энесинин көкүрөк күчүгү Данияр ата журтунда, айылдагы үйдүн кожоюну. Учурда Данияр Сын-Таш айылдык кеңешинин депутаты, төрагасы, өзү АРИС системасында эмгектенет.
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Зухра Жамангулова таякеси Таштанбектин улуу-кичүүгө бирдей ызаат көрсөткөн адамгерчилигин, жакындарына төккөн мээримин өз ырларынын саптарында түбөлүк сактап калды:
…Томсоргон өң, тоң жүрөктү эритер,
Мээрбан эле таякемдин көңүлү.
Узун сабак санжырадай эстелээр,
Уланып кыз, уулдарында өмүрү…

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*