Англис тили ааламга жол ачат

 

 Мектеп окуучуларынын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу жана англис тил мугалимдерин шыктандырып, дем берүү максатында республикада биринчи жолу англис тили жумалыгы өтүүдө.

Улуу Британиянын Британ кеӊешинин англис тилин өнүктүрүү боюнча аймактык менеджери Нейл Уинстон мугалимдерге тренинг өтүүдө. Жумалыктын алкагында ар бир мектепте окуучулар арасында конкурстар, көргөзмөлөр, жолугушуу-лар, конференциялар, викторина сыяктуу иш-чаралар, 5-11-класстын окуучулары үчүн “Англис тили – эл аралык баарлашуунун тили” аттуу ачык сабактар, англис тилиндеги ырлардын сынактары өткөрүлүүдө. Герман Гмайнер мектебинде англис тилиндеги ырлардын фестивалы өтүп, анда 1-класстан баштап 11-класска чейин окуучулар жалаӊ англис тилиндеги ырларды ырдап, англис тилинде сахналаштырылган оюн-зоокторду көрсөтүштү. Кечеде конокко барган Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Рози Таппер менен окуучулар англис тилинде котормочусуз ээн-эркин сүйлөшүп, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты. Окуучулардын англис тилинде эркин сүйлөп, элчиликтин өкүлүнүн айт-кандарын өздөрү түшүнүп, ага суроолорду англис тилинде берип жаткандыгы кечеге келген конокторду, анын ичинде бизди дагы таӊ калтырбай койгон жок. Бул мектепте башка мектептердегидей эле англис тили 1-класстан баштап жумасына эки сааттан гана окутулат. Мектепте болгону эки англис тилчи мугалим иштейт. Бирок жумасына эки саат гана окуган окуучулардын минтип англис тилинде эркин сүйлөп жаткандыгынын сырын сураганыбызда, мугалимдер эч кандай деле сыр жок экендигин, болгону методиканы жакшыртуу керектигин айтышты.

– Биз сабакка киргенде эле балдар менен ээн-эркин сүйлөшкөнгө өтөбүз. Ырдачу жерден ырдатып, сабакты сүрөттөр, картиналар менен өтүп, оюндарды ойнотуп, кыскасы, окуучуларды сөздөрдү зордоп жаттатуу менен эмес, оюн аркылуу жаттатууга, баарлашууга үйрөтөбүз, – дейт Герман Гмайнер мектебинин англис тили мугалими Гүлжан Сейтакунова.

   МУГАЛИМДЕР ӨЗДӨРҮ ЖАЛКООБУ?

 Герман Гмайнер мектебинин англис тил муга-лимдеринин айтымында, окуучуларды англис тилинде сүйлөтүү үчүн алгач мугалим өзү сабаттуу, тажрыйбалуу болуп, англис тилинде эркин сүйлөшү керек. Гүлжан Сейтакунова болсо талбай изде-нип, тажрыйба топтоо үчүн семинар-тренингдерден калбай барып, бош убактысын текке кетирбейт. 1999-жылы Шотландияга барып, окуп келген. Респу-бликанын кайсы жеринде кандай семинар-тренинг өткөрүлбөсүн, барып катышып, тажрыйба топтоп, ал жактан үйрөнгөнүн окуучуларына үйрөтөт. Жанына дайыма шакирти, жаш мугалим Бекбоева Надираны ээрчитип алат.

– Биз шакиртим экөөбүз “Форум” Англис тили мугалимдеринин бирикмеси өткөргөн семинарлардын бирөөнү дагы калтырбайбыз. Андан сырткары башка иш-чаралар болуп калса дагы калбай барып тура-быз. Себеби мугалимдин өзүнүн билим деӊгээли, методикасы жакшы болбосо ал эч качан окуучуга тил үйрөтө албайт, – дейт Гүлжан Амантаевна. Тилекке каршы, мугалимдердин баардыгы эле бул мугалимдердей мүмкүнчүлүктөрдү, колдогу ресурстарды туура пайдалана алышпайт. Айрым мугалимдер минтип күн сайын изденип, күн сайын жаӊы нерселерди үйрөнгөнгө аракет кылып жатса, эптеп күн өткөрүп, “өгүз өлбө, араба сынба” деген жашоо менен күн кечирип келаткан мугалимдер дагы жок эмес. Беш жылда бир кесиптик чеберчилигим-ди жогорулатып койсом ошол эле жетет деп уктап жаткан, же эки-үч жылдан бери эч кандай семинар-тренингдерге катышпай, ал тургай акыркы жолу качан билимин жогорулатуучу курстарга барганын эстей албаган мугалимдер четтен чыгат. Таластык англис тилчи Жылдыз Анарбекова эки жыл мурун Бишкекке жайкы лагерге барып он күндүк курстан өтүп келсе, ысык-көлдүк Айнура Байболотова дагы бир топ жылдан бери борборго келип кесиптик чеберчилигин жогорулата элек. Бирок экөө теӊ райондо, облуста өткөн семинарларга катышып турушат. Бишкектеги №41 мектептин мугалими Надежда Николаевна Прилепская болсо борбордо жашаса дагы башка мугалимдердей болуп жума сайын кесиптик чеберчилигин жогорулатып турууга убактысы жетпейт. Себеби ал иштеген мектепте 600дөн ашуун балага болгону эки мугалим сабак берет. Бирөө сабакты таштап кетсе экинчиси ордуна сабак өтө албайт. Анын үстүнө эки мугалимдин бири бир күнгө кетсе беш-алты класска сабак өтүлбөй калат. Андыктан ал башка мугалимдердей дайыма курстарга, семинар-тренингдерге катыша албайт. Айылдык мугалимдердин көбүнүн “Форум” Англис тили мугалимдеринин бирикмеси өткөргөн тренингдер, Америка элчилиги, Улуу Британия эл-чилиги, Британия кеӊеши сунуштап жаткан акысыз онлайн конференция, семинар-тренингдер туура-луу түшүнүгү жок. Алар биринчиден, өтө эле жалкоо, экинчиден, мектепте интернет жок, үчүнчүдөн, ашыкча акча жана убактысын короткусу келбейт, төртүнчүдөн, маалыматтан артта калышат.

– Биздин айыл тоо этегинде болгондуктан көп маалыматтар жетпей калат. Райондогу англис тилчи мугалимдер менен жолугушканда гана тренинг-семинарлар болгонун угуп калабыз. Көбүнчө жол жээгиндеги айылдардын мугалимдери гана катышып калышат, – дейт Айнура Байболотова. “Форум” Англис тили мугалимдеринин бирик-месинин вице-президенти Гүлнара Акунова болсо көп нерсе мугалимдердин өздөрүнөн көз каранды экендигин, керек болсо борбордогу мугалимдердин тренингдерге келбей жаткандыгын айтат.

– Биз негизинен тренингдерге бардык мугалим-дерди  чакырабыз.  Тилекке  каршы,  биздин  дем алыш күндөрү өткөрүлө турган тренингдерге мугалимдердин көбү келбей коюшат. Себебикөбү той-топурдан, үй түйшүгүнөн бошобойт. Биз өзүбүздүн жер-жерлерге барып тренингдерди өткөргөнгө ча-мабыз жетпейт. Мамлекет тарабынан эч кандай колдоо жок. Жок дегенде биздин жол киребизди төлөп беришсе, алыскы аймактарда ар кандай иш-чараларды өткөрүп турмакпыз, – дейт Гүлнара.

 ИЗДЕНГЕН МУГАЛИМГЕ МҮМКҮНЧҮЛҮК КӨП

Чын-чынына келгенде изденген мугалим үчүн тил үйрөтүүдө кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, методиканы өздөштүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр көп. Мисалы, алыс барбай эле “Форум” Англис тили мугалимдеринин би-рикмеси ар бир айдын экинчи, төртүнчү жана алтынчы күндөрү К.Баялинов атындагы китепканада өткөрүп жаткан акысыз тренинг, семинарларына катышса болот. Өздөрү демилге көтөрүп бирикменин облус, райондор-догу филиалдары, Тынчтык корпусунун волонтерлору өткөрүп жаткан тренингдерге катышып, тажрыйба топтосо болот. Мындай тренингдерди англис тили мугалимдеринин бирикмесинин аймактардагы филиалдары ай сайын өткөрүп турушат. Бирикме жакында эле Бишкек шаарындагы англис тилчи мугалимдерге сабакта ыр жана музыканы колдонуу менен окуучуларга англис тилин үйрөтүү боюнча методикалык семинар өткөрдү. Бул пилоттук долбоор болгондуктан семинар Кантта, Таласта жана Ошто өттү. Эгерде ал жакшы жыйынтык берсе, бүтүндөй республиканы камтыйт. Учурда англис тилин билген, методиканы жакшы өздөштүргөн муга-лимдер үчүн Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги ТЕА программасы аркылуу Америкадан барып окуп келүү мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Баса белгилей кетүүчү жагдай, бул программага жеке англис тилинин мугалимдери гана эмес, бардык сабактын мугалимдери катыша алышат. Ал үчүн мугалим англис тилин, окутуунун методикасын, план түзгөндү, сабакта тийиштүү материалдарды тандаганды, колдонгонду мыкты билиши керек. Программага өткөн мугалимдер алгач Америкага барып билим алып, тажрыйба топтоп, ошол жерден англис тилдүү окуу-чуларга сабак өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан сырткары англис тил мугалимдери үчүн АКШ элчилиги бир топ программаларды сунуштайт. Учурда Америкадан келген адистер Ош мамлекеттик жана Кыргыз улут-тук университеттеринде иштеп, алар студенттерге англис тилинде сабак өтүүдөн сырткары мугалимдерге окутуунун методикасын, программа түзгөндү ж.б. үйрөтүп, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорула-туу курстарын өтүп, ар кандай кеп-кеӊештерди берип, аймактарга чыгып тренингдерди өтүүдө. Андан сырткары элчилик тарабынан аралыктан окутуу курстары уюштурулган. Анда Орегона университетинин адисте-ри тарабынан сунушталган курстар камтылган. Англис тилин окутууда сынчыл ойлом, тесттер, кенже курактагы балдарга англис тилин окутуу, интернеттин жардамы менен окутуу тажрыйбасын өнүктүрүү, атайын максат үчүн англис тили, проекттерди колдонуу менен англис тилин окутууну жакшыртуу деген курстар сунушталат. Бул курста кошумча билим алуу үчүн ар бир катышуучуну заманбап технологияларды колдонуу жана Кошмо Штаттардагы эксперттер менен түз байланыштырып окутуунун жаӊы методикалары, ыкмалары менен тааныштырышат. Кыргызстандан беш жылда бул курстан 70 мугалим окуган. “Shaping the way we teach English” Вебинар дистанттык онлайн курсу аркылуу дагы мугалимдер коммуникативдик методика боюнча кесиптик чеберчилигин жогорулатса болот. Курс бир жылда төрт жолу өткөрүлөт жана ага бардык региондордун мугалимдери катыша алат. Бул вебинарга катышууну каалаган ар бир мугалим http://www.shapingenglish.ning.com сайтына кирип, катышуунун жолдору менен тааныша алат. American English On Line англис тилин окутуу жана үйрөтүү электрондук сайты (http://americanenglish.state.gov/) аркылуу дагы бир топ зарыл материалдарды тапса болот.

 БРИТАН КЕӉЕШИ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ БЕРЕТ

Улуу Британиянын Британ кеӊешинин англис тилин өнүктүрүү бо-юнча аймактык менеджери Нейл Уинстон 10-февралда Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтокан Ашымбаева менен жолугушуп, мугалимдер үчүн сунушталып жаткан программалар, келечекте ишке ашырыла турган пландар менен ой бөлүшүп, андан соӊ англис тилчи мугалимдерге тренинг өттү.

– Биздин Кыргызстанга келген максатыбыз англис тилчи мугалим-дердин жана тилди окутуунун деӊгээлин билүү, ошого жараша про-граммаларды иштеп чыгып, сунуштоо болуп саналат. Кыргызстанда 100 инновациялык мектеп долбоору иштеп жатканы жакшы. Ушул мектептер бирдиктүү түйүн түзүп, алыскы аймактагы мектептерди өзүнө тартса, Британ кеӊеши усулдук жактан жардам берүүгө жана ар кандай конференцияларга келип катышып берүүгө даяр, – дейт

Нейл Уинстон. Британ кеӊеши англис тилин үйрөтүү жана окутуу үчүн окуучуларга, студенттерге жана мугалимдерге бир топ акысыз веб сайттарды сунуш-тайт. Алар Би-Би-Си менен биргеликте англис тилин үйрөтүү боюнча радио программа иштеп чыккан. Министрликтер үчүн дагы атайын программа бар. Ал мугалимдердин деӊгээлин жөнөкөй деӊгээлден баштап эӊ жогорку деӊгээлге чейин көтөрүүгө багытталган. Анда ар бир тепкичте мугалим кайсы талаптарга жооп бериши керек, англис тилин кандай деӊгээлде билиши керек, окуучуларга класста жана класстан тышкаркы сабактарда сабакты кандай өтүшү, эмне деп сүйлөшү, сабакты түшүндүрүүдө кандай аракеттерди көрүшү керектиги камтылган. Дүйнөлүк деӊгээлде кабыл алынган программаларда баш-талгыч класстардан баштап жогорку окуу жайларынын мугалимдери үчүн дагы программалар каралган. Курстарга катышуу үчүн мугалим тренерлер менен бетме-бет отуруп иштесе да, онлайн режиминде окуса да болот. Ал үчүн болгону мугалимде интернетке кошулган компьютери болууга тийиш.

– Курстар комплекстүү түрдө пакет менен берилет. Бирок Кыргыз-станда бардык мугалимдер интернетти пайдалана албагандыктан, азыр курстарды көчүрүп алып пайдалануу жагын караштырып жатабыз. Буга чейин бир топ курстарды телефондон пайдалана алгыдай кылып жасап чыкканбыз. Аны каалаган киши интернеттен телефонуна көчүрүп алып пайдалана берсе болот, – дейт Нейл Уинстон.

 Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим”

1 Kомментарий

Добавить комментарий для Медетова Гүлнура . Жалал- Абад ш. Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*