ИННОВАЦИЯЛЫК ЫКМА – ОКУУЧУЛАРДЫ САБАККА КЫЗЫКТЫРАТ

Ат-Башы районундагы СССРдин Баатыры А.Чортеков атындагы орто мектепте билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп келет. Мектептин өзгөчөлүгү – кире беришинен баштап окуучулардын каада-салт, үрп-адаттарды билүүсүнө, жолдо жүрүү эрежелерин так сактоого ж.б.у.с. нерселерге басым жасаган дубал газеталары менен атайын жасалгаланган такталар, залда бурчтар бар. Ошондой эле бул мектепте автордук класстар ачылып, демөөрчүлөрдүн жардамы менен ремонттон өтүп, ар бир каана тиешелүү дидактикалык материалдар, техникалык каражаттар менен камсыз болгон.

«Акыл ордо» оюнчулары

Өткөн жумада Ат-Башы ай-ылына  командировкага  барганда  Терек-Суу  айылындагы А.Чортеков атындагы мектепке капысынан кайрылып калдым. Мен барган учурда 7-8-класстар аралык «Акыл ордо» интеллектуалдык оюну болуп жатыптыр. Илгерки советтик мезгилдегидей ак бантик тагынып, ак фартук, күрөӊ форма кийген оюнчу окуучулар мугалим берген суроого биринен экинчиси өтүп, так жооп берип жатканы бул мектепте сабактар учурунда жана өз деӊгээлинде өтөөрүн кабарлады.

«Аалам» усулдук бирикмеси-нин жетекчиси, тарых мугалими Назгүл  Урмалиеванын  айты-мында, мындай оюндар тарых, география, адеп, кыргыз тили жана адабияты, биология сабактары менен байланыштырылып өткөрүлөт. Балдардын сөз таанусун, сүйлөө речин  өстүрүүгө карата атайын макал-лакаптар да суроолорго киргизилген. Ма-калдын башын мугалим айтса, аягын окуучу улап кетип жатты. Маселен, «душман күйдүрүп айтат, … (дос сүйдүрүп айтат), ачууну таттуу кылган сөз,… (алысты жакын кылган кыз) ж.б.у.с. Ошон-дой эле улуттук тамак-аштардын жасалышы, «Манас» эпосундагы каармандар тууралуу берилген суроолорго окуучулар кыскача эмес, кенен жооп бергендери му-галимдердин сабак берүүдөгү жугумдуулугун көрсөттү.

– Бул иш-чара класстан тыш-каркы  болуп  саналат.  «Акыл ордо»  интеллектуалдык  оюн-ду эки жылдан бери уюштуруп келатабыз. Максатыбыз – балдардын билимин жогорулатуу, предметтерге кызыктыруу. Бүгүн 7-8-класстын окуучуларынын ор-тосунда өттү. Кийинки жумада 9-класс, андан кийин 10-11-класстын  деӊгээлинде  өткөрөбүз. Ушундай ыкмалар окуучулардын сабакка кызыгуусун жаратып, катышуусу дагы жакшы болот экен. Мындай  мелдештерге  начар окуган окуучу деле катышкысы келип, аракет кылып калат экен. «Акыл ордо» оюну окуучулардын предметтик олимпиадаларга да-ярдоого да жакшы түрткү берет.Мындан сырткары, тегерек стол, КВН ж.б.у.с. өтүп турабыз, – дейт секция жетекчиси.

Салттуу жана жаӊы ыкмалар бирдей колдонулат

Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Назира Сыдыкованын жетекчилик кызматка келгени-не үч жылдын жүзү болду. Анын жетекчилиги алдында мугалим-дер дайыма заманга ылайык сабак бергенге аракет кылышат. Билимдерин  жогорулатуунун үстүндө иштешет.

– Мектепте 39 мугалим эмгек-тенет. 316 окуучу бар. Бир клас-ста 18ден 25 чейин окуучулар отурат. Мейли пенсия курактагы эжей-агайлар болсун, мейли жаш мугалим болсун баары бирдей жаӊы  усулдарды  үйрөнгөнгө аракет кылышат. Бирок биз советтик, салттуу ыкмалардын жак-шыларын алып, инновациялык ыкмалар менен бирдей өтөбүз. Балдарды да жаӊы ыкма деп эр-кин койбой, эки ыкманы бирдей алып жүрүү пайдалуу экен. Биз-дин кендирибизди кескен кара-жат маселеси. Каражаттын тар-тыштыгынан элдердей заманбап техникаларга жетпей жатабыз. Болгону DVD пайдаланабыз, – дейт окуу бөлүмүнүн башчысы.

Мектепте интернет жок. Бирок дүйнө жүзүндөгү жаӊылыктар менен информатика сабагынын му-галими өзүнүн ноутбугу аркылуу интернетке кирип, мугалимдерге бардык маалыматтарды чыгарып берип турат. Терексуулук мугалимдердин караганы жал-гыз «Кутбилим» менен «Кутбилим-сабак» экен. Жаӊы жылдан баштап мугалимдердин жалгыз басылмасына жамаат баары бирдей жазылат деп бөлүм башчысы билдирди.

Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүнө көп маани бурул-бай калып жатканын мугалимдер баса белгилешти. Анткени окуу программасынан  чыга  албай, жалаӊ гана жаттамайга көнүп калышкан экен. Ал эми логикалык ой жүгүртүү боюнча сабактан сырткаркы иш-чараларда гана көбүрөөк пайдаланышаарын бил-диришти.

– Мисалы, ЖРТда быйыл терексуулук окуучулар 146 балл менен чектелип калышты. Бирок 19 бүтүрүүчүдөн жетиси жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмүнө өтүшсө, калгандары контракттык бөлүмдө окуп жатышат. Негизи эле жашоого керектүү нерселерге мектеп партасынан баштап көӊүл буруу керек, – дейт Назира Сыдыкова.

Этнопедагогика тартипке чакырат

Мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Сарика Бекжанова он жылдык тажрыйбасын коридор чөлкөмүндө көрсөткөнгө ара-кет кылды. Анын иштерманды-гы сүйлөгөн сөзүнөн эле бай-калды. Анын демилгеси менен жасалган дубалда илинип тур-ган «Ата салтын үйрөн», «Эл ичи — өнөр кенчи», «Бизге жеткен ата салты мурасын, ыйык сактап урпактарга бе-рели», «Элдик оюндар жана тамак-аштар»,   «Ата-баба мурастары акылдын кенчи», «Сөздүн  бермети  өткөндүн табериги», «Асан Кайгынын философиясы», «Табият — тарбиянын ачкычы», «Салам айтуу», «Бата тилөө», «Мал союу»,  «Дасторкон  жаюу», «Колго суу кую», «Эт бышы-руу», «Табак тартуу», «Улут-тук каада-салттар», «Жолдо жүрүүнүн эрежесин үйрөтүү» ж.б.у.с. толгон токой тарбиялык мааниси зор такталар, дубал газеталар келген адам-дарды кайдигер калтырбайт экен.

Бишкек шаарындагы мен-менсинген мектептерде дагы жолдо жүрүү эрежесин үйрөтүүүчүн атайылап жасалгаланган залдар жок. Ал эми тээ алыскы Кытай мамлекети менен чектеш  айылда  жайгашкан мектепте жолдо жүрүүнүн эре-желерин 1-класстан баштап окутканын  көрүп  кубандым. Эми айылда шаардагыдай светофор да жок. Бирок ошого карабастан мектеп окуучуларын жол этикасына көрсөтмөлүүүйрөтүп жатышканы мактоого арзыйт.

Ушул залга тушташ дубалда мектеп парламентинин иш структурасы, милдеттери или-нип турат.

– «Ажибек урпактары» де-ген жаштар уюму бар. «Манас» уюмуна 9-11-класстардын окуучулары, «Семетейге» 5-8-класстар,  «Сейтекке» 1-4-класстар киришет. Негизги мектептин ишин «Манас» уюмунун мүчөлөрү алып ба-рышат. Мектеп ичиндеги иш аракетти окуучулардан шай-ланган президент, премьер-министр жүргүзүшөт. Ар бир үч муундун өкүлдөрү өздөрү президент шайлап алышат. Алар менен бирге биз окуучулар-дын тазалыгынан баштап тар-тип, сабакты өздөштүрүүсүнө чейин кийлигишебиз. Андан сырткары, мектеп ичинде де-путаттык шайлоо өткөрөбүз. Айылды төрт регионго бөлүп алганбыз. Төрт региондон төрт депутат шайланат. Депутаттыкка татыктуумун деген окуучулар талапкерлигин көрсөтүп, тарбия завучка арыз менен кайрылышат. Ошондон кийин окуучулар арасында «ке-лечекте  мектептин  ичинде кандай иштерди алып барам, мен эмнеге жетише алам?» деген үгүт иштерин талапкер-окуучулар жүргүзө башташат. Бул иш-чарага эки жума уба-кыт берилет. Ошол учурда талапкер-окуучулар тил комис-сиясынан өтүшөт, жат жазуу жазышат, бир сөз менен айтканда бардык жакшы жактарын көрсөтүшөт. Шайлоо дайын-далган күнү кадимкидей эле шайлоо өтөт. Кандидаттарга бюллетень даярдайбыз. Ай-ылдардан байкоочуларды ча-кырабыз. Эртеӊ мененки класстарга түштөн кийин, түштөн кийин окугандарга эртеӊ менен өткөрөбүз. Окуучулар өзүнө жаккан, ишенген кандидаттарды шайлап беришет. Добуш жашыруун өтөт. Комиссия бай-коочулардын көзөмөлү менен добуштарды санашат. Эӊ көп добуш алгандар депутат бо-луп шайланышат, – дейт тар-бия завучу.

Мектепте  бешинчи  жана алтынчы  күндөрү  социал-дык педагог менен бирдикте түзүлгөн иш пландар боюн-ча  иш-чаралар  өтүп  турат. Маселен, насвай тартуу, чы-лым чегүү ден соолукка зыян келтирери,  кылмыштуулук, рэкетчилик, экстремизм туу-ралуу слайддар көрсөтүлүп, тегерек  столдор  өткөрүлүп турат. Өзгөчө дин өкүлдөрү менен  түшүндүрүү  иштери байма-бай жүргүзүлөт. Эгерде мындан эки жыл мурда мода сыяктуу хиджаб кийген окуучулар пайда болсо, азыр ошол түшүндүрүү  иштеринин  натыйжасында баары бирдиктүү формага өтүшкөн.

– Башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурганбыз. Мамлекеттен тоолуу район деп он сом бөлүнгөн, ага Мерсико уюмунан берилген 4 сом 50 тыйындык азык-түлүктөрдү кошуп, беш күндө ар түрлүү ысык тамак бергенге жетиштик. Бир күнү компот, каша берсек, эки күн уйдун эти менен тамактар жасалат. Мерсико уюмуна долбоор жа-зып бардык шарттарды ошол аркылуу мектепке түзүп алдык. Ашканага ысык, муздак суусун киргизип бергенбиз. Кы-скасы, башталгыч класстын балдарынын  тамак-ашына ата-энелерден бир дагы сом албайбыз. Мерсико уюму бир жылдык азык-түлүк менен камсыз кылган: күрүч, байытылган ун, буурчак, суу майы менен, – дейт Сарика Бекжанова.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кутбилим»

Бишкек – Ача-Кайыӊды – Терек-Суу – Бишкек

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*