Ататүрк Ала-Тоо университети  “Манасты” англис тилинде окутат

Ушул жумада Эл аралык Ататүрк Ала-Тоо университетинде “Манас эпосундагы мотивдер” деген аталыштагы конференция болуп өттү. Конференцияга КРнын Эл баатыры Б.Жакиев, Манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев, Түркиянын коомдук ишмери, окумуштуу, сүрөтчү Мехмет Шахин, манас таануучу, профессор Ж.Орозобекова катышты. Иш-чарага окумуштуулардан тышкары белгилүү манасчылар, сүрөтчүлөр студенттер катышты. Конференциянын демөөрчүсү LION соода маркасы болду.

Аталган  окуу  жайдын  проректору Алмазбек Бейшеналиев конференцияны ачып жатып, университетте Манас таануу багытында аткарылып жаткан иштерине токтоло кетти.

– Ала-Тоо университети 2006-жылдан тартып улуу эпосубуз “Манасты” таанытуу сабагын биринчилерден болуп колго алга-нын баса белгилегим келет. Ошондон ушул күнгө дейре бул багытта илимий-методика-лык иштер жакшы колго алынып, олуттуу көӊүл бурулууда. Азыр окуу жайыбызда атайын Манас таануу борбору иштеп, анда окутуунун бардык шарттары каралууда. Буга чейин биз эпосубузду кыргыз тилинен тышкары орус тилинде окутуу багытын иш-теп чыкканбыз. Эми Манас таануу сабагын окутуунун методикасын англис тилинде жа-зып, иштеп чыктык. Бул эӊ чоӊ жаӊылыкты кубануу менен сиздерге кабарлап олтурам. Окуу китебин буюрса Гейдар Алиев атын-дагы фонд чыгарып бергени турат, – деди проректор А.Бейшеналиев.

Андан кийин сөз алган жазуучу Б.Жакиев “Манас” бир эле кыргызга эмес бардык адамзатка тиешелүү рухий мурас экенди-гин айтып, анын ичинде түрк дүйнөсүнүн тарыхы, баскан жолу чагылдырылганын, идеясы элди ынтымакка, биримдикке ча-кырып турарына токтолуп, Ала-Тоо универ-ситетине “Манасты” окутууга ылайыкталган хрестоматиясын белек катары тартуулады.

– “Манасты” билбеген үчүн биз жол та-лашып, мансапкор, алдамчы, ууру болуп жатабыз. Манасты түшүнгөн кыргыз буга барбайт эле, – деди Эл баатыры каӊырыгы түтөп.

– Мамлекетибизде идеология жок деп келебиз. Аны ойлоп табыштын кереги жок. Ал “Манаста” катылып жатат. “Манасты” жайылтуу  бүтүндөй  түрк  туугандардын милдети. Ал эми азыр эпосубузду биз дүйнө жүзү тургай, өз элибизде жайылта албай турганыбыз эӊ өкүнүчтүү болуп ту-рат. Мисалы, ЖОЖдордо мыйзам боюнча 60 саат окулушу керек болсо, 36 гана саат берилүүдө. “Манасты” изилдөө жагын болсо “чала молдолорго” бербей, нагыз адистер-ге каратып, андагы чалагайым окуяларды тазалашыбыз керек, – деди Манас таануу институтунун директору Т.Тургуналиев.

“Манас”  эпосундагы  исламдык  мо-тив” деген темада доклад менен чыккан түркиялык окумуштуу алгач сөзүн Ала-Тоо университетин бүткөн балдар дүйнөнүн бардык тарабында иштеп жатканын көрүп суктанганын айтып келип, аларга “Мана-стын” духунда мындан да тереӊдетип билим берсек жакшы болот эле деди.

– “Манаста” шумдук тарбия бар. Жакып хандын Манаска айткан акыл кеби, Ногой хан өлөрдө элине биримдигибиз, ынтыма-гыбыз, улуу-кичүүгө сыйыбыз, наркыбыз кетип, жеӊилип турабыз деп айтканы эмне деген улуу кеп, – дейт Мехмет Шахин. Андан ары ал докладында “Манастагы” исламдык салттардын, жорумдардын, ырым-жырым-дардын бар экендигине кеӊири токтолду.

“Манас” эпосу боюнча жакында доктор-лугун жактаган окумуштуу Ж.Орозобекова “Манас” эпосундагы негизги мотив” аттуу докладында эпостун 7-8 катмардан турарын, анда адамзат туш болгон миӊдеген жылдар-дагы цивилизациялар, коомдук формация-лар камтылганын, негизги идеясы эркиндик, демократия экендигине басым жасады.

–  Эпосто  бир  эле  Ислам  дини  эмес, 8-9 диндик түшүнүктөр орун алган. Анда төрөлүү, өлүү, достук ж.б. философиясы-нан тартып мифтик көрүнүштөр толтура. Бул эпикалык эпосту тарыхый чыгарма деп баалап, ага олуттуу мамиле жасоого тийиш-пиз, – дейт баяндамачы.

Конференцияда окумуштуу Р.Ачылова, “Г.Алиев” фондунун жетекчиси Н.Мамедов, манасчы,  окумуштуулар  Т.Бакчиев, Т.Абдракунов, “Дилазык” басма үйүнүн директору М.Жумалиев чыгып сүйлөшүп, эпоско байланышкан ойлорун, сунушта-рын айтышты. Аталган фонддун жетек-чиси Н.Мамедов эпосту тектеш тилдерге которуунун колго аларын айтса, Т.Бакчиев университетте эпосту изилдөө үчүн атайын чоӊ борбор ачуу идеясына көӊүл бурууну суранды. Иш-чарада 2-класстын окуучу-су, кичинекей манасчы Үмөт Болот уулу “Манас” айтып, келген конокторду таӊ кал-тырды.

Орустун белгилүү изилдөөчүлөрү бир кезде манасчылык Саякбай менен бүтөт деген  эле.  Алар  жаӊылышыптыр.  Үмөт жадакалса  тамга  тааный  элегинде  эле күргүштөтүп Манас айтып баштаганы алар-дын оюн таш каптырууда. Манас айтуучулар уланууда. Ал түгөнбөй, түтөй берери турулуу иш болуп калды. Бул эмне деген керемет, – деди конференциянын алып баруучусу, белгилүү окумуштуу К.Мамбеталиев.

Кечеде Эл баатыры Бексултан Жакиев, университеттин негиздөөчүсү Мехмет Ша-хин окуу жайдын “Ардактуу профессору” наамына ээ болушту. Ардактуу наамдар-ды Ала-Тоо университетинин ректору Ос-ман Гекалп салтанаттуу түрдө тапшыр-ды. Мындан тышкары, Кыргызстандагы жаш сүрөтчүлөр Р.Чукушова, З.Илипов, К.Кайыпов, А.Алакуновдун “Манас” эпосу-на карата тартылган сүрөттөрүнөн турган көргөзмө ачылып, келгендерди кубантты.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*