Элет маданиятын маданият үйлөрү менен мектептер өнүктүрөт

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети республикадагы искусство жана маданият кызматкерлерин даярдаган жалгыз окуу жайы болуп эсептелет. Университет жыл сайын жүздөгөн маданият кызматкерлерин бүтүрүп жатканы менен окуу жайда чечилбей жаткан бир катар маселелер бар. Учурдагы маданият жана искусство адистерин даярдоодогу көйгөйлөр жана ал көйгөйлөрдү чечүү үчүн жасалып жаткан иштер тууралуу окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов “Кутбилимге” маек куруп берди.

– Бул окуу жайдын босогосун акыр-кы жолу мындан бир жыл мурун ат-таган элем. Ошондо университеттин өнүгүшүнө көӊүл бурулбай калгандыгы ачык-айкын эле көрүнүп турган. Эми болсо кадимкидей жанданып, “Эши-гин көрүп төрүнө өт” дегендей, окуу жайга кире бергенде эле жакшы ма-анай түзүлүп, оӊдоп-түздөө иштери жүрүп, талаптагыдай жасалгаланып калыптыр. Албетте, кандай гана меке-ме болбосун анын өнүгүшү жетекчиден көз каранды болот эмеспи. Окуу жай-дын университет макамын алганына бир жылдан ашуун убакыт өттү жана сиздин ректор болуп шайланып, окуу жайды жетектей баштаганыӊызга бир жыл толо элек. Ушул аралыкта окуу жайда кандай өзгөрүүлөр, ийгиликтер болду?

–  Туура  айтасыз  биздин  окуу  жай 2013-жылдын 28-августунда өкмөттүн токтому менен университет деген макамга ээ болгон. Бирок тилекке каршы, институт кезибизде кандай болсо ошол бойдон жа-шап келген. Университетте бүгүнкү күндө хор жана оркестр дирижерлугу, социал-дык-маданий ишмердүүлүгү, театр жана кино, телекоммуникация, сырттан окуу, адистерди кайра даярдоо жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу факультет-теринде студенттер билим алышууда.

Менин жетекчи болуп келгениме се-гизинчи айдын жүзү болду. Окуу жай Со-веттер Союзу таркагандан кийин өнүкпөй калган окуу жайлардын бири болчу. СССР кезинде институт кандай болсо, ошол эле бойдон жашап келген. Тактап айтканда, буга чейин эч өзгөрүү болгон эмес, совет мезгилинин нугунда эле иштеп келген. Мисалы, азыр технология өнүккөн за-ман. Бирок бизде эӊ жөнөкөй эле уни-верситеттин иши автоматташтырылган бирдей системага түшкөн эмес, интер-нет да болгон эмес. Илгеркидей эле бүт бардык иштер колдо жасалып келген. Жетекчиликке келген күндөн тарта эӊ алгач ушул ишти алдыга жылдырууга ки-риштик. Университеттин бүт ишин бирдей компьютердик системага өткөрдүк, ин-тернет менен камсыз кылдык жана уни-верситеттин сайтын (KGUKI.KG) иштеп чыктык. Жогорку окуу жайларда корруп-ция маселеси орчундуу болуп жатпайбы, бизде чыгармачыл окуу жай болгондук-тан андай нерсе кездешпейт. Ошондой болсо да мындай түшүнүктү алдын ала жок кылуу максатында видео көзөмөл орноттук. Абитуриенттерди кабыл алууда дагы ар кандай пикирлер жаралбасын деп быйылкы кабыл алуу ишин бүт ви-део көзөмөлдүн алдында өткөрдүк жана бирдей электрондук системага киргиздик.

Өзүӊүздөр билгендей, биздин окуу жайга чыгармачыл балдар гана тапшы-ра алышат. Окуу жай чыгармачыл бол-гондуктан, башка окуу жайлардагыдай жалпы республикалык тестирлөөнүн жый-ынтыгын карабайбыз. Андыктан алгач тапшырууга келген абитуриент менен окутуучулар баарлашып, шык-жөндөмүн байкап көргөндөн кийин гана документте-рин тапшырууга уруксат берилет. Болбосо окуш оӊой деп келген студенттер биздин окуу жайдан окуй алышпайт.

Биздеги эӊ биринчи проблема – окуу театрынын жоктугу. Мындай окуу жайда окуу театры сөзсүз болушу керек эле. Тилекке каршы, бюджеттин тартышты-гынан биз буга жетпей келе жатабыз. Анан “Алма быш, оозума түш” деп отура бербей кырдаалдан чыгуунун жолдорун өзүбүз издеп, таба баштадык. Жакында эле ички булактардын эсебинен жатака-нада жүз орундук концерттик зал ачтык. Бизде жада калса чоӊураак дарс окулчу, атактуу, таланттуу адамдар менен чебер-чилик сабактарын өткөрүү үчүн зал жок эле. Окуу имаратынан 130 орундуу чоӊ дарс окулчу залды жасап, учурда пайда-ланууга бердик. Театр, телевидение жана кино адистигинде окуган студенттердин дипломдук иштерин көрө турганга жакшы шарт түзүлүп калды.

Андан сырткары театр жана кино фа-культетинин бүтүрүүчүлөрүнүн экзамен-дерин кабыл алууда жаӊылык киргизели деген максатта дипломдук иштерин чоӊ сахнадан гана ала тургандай кылып шарт түздүк. Ал үчүн ТЮЗ театры менен мемо-рандум түзүп, былтыркы окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук спектаклин чоӊ сахнадан көрө алдык. Мындай саама-лык студенттер, окутуучулар, эӊ негизгиси бүтүрүүчүлөр үчүн эӊ жакшы кубаныч бол-ду. Себеби алар өздөрүн чоӊ сахнадан көрүп, алардын эмгегине тууган-уруктары, жоро-жолдоштору кошо күбө болуп турса бүтүрүүчүгө чоӊ дем-күч берет экен. Ал тургай ТЮЗ театры биздин эӊ мыкты он студентибизди дароо жумушка алды. Биз бул иш менен бир эле учурда эки масе-лебизди чечип алдык.

Эми бул ишти таштап салбай, андан ары улантуу максатында Жалал-Абад-дагы “Барпы” атындагы театры менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларда актерлер жетишпейт, бизде болсо даяр адис бар. Андыктан театрдын директо-ру, режиссеру менен макулдашып, он студентти даярдап төрт спектакль менен алып баралык деп жатабыз. Бир гана балдардын жатаканасы проблема болу-уда. Бул маселени чечүүдө жергиликтүү бийликтин жардамына муктажбыз. Учур-дан пайдаланып Жалал-Абад облусунун жетекчилерине жана Жала-Абад шаа-рынын мэриясына жардам сурап кайры-лып кетким келет. 2013-2017-жылдарда-гы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүгүү  стратегиясынын  5-бөлүмүнүн 4-пунктунун негизинде алардын бизге көмөк көрсөтүүсүнө толук ишенем. Эӊ негизгиси быйыл ошол балдардын ди-пломдук спектаклин Жалал-Абаддагы театрга барып жактаталык деп жатабыз. Ошол жерден экзамен алып, ошол жерден ишке жайгаштырып келсекпи деген аруу тилектерибиз бар.

Андан сырткары азыр кайсы аймактык театрда канча адис жетишпейт деген мо-ниторинг жүргүзөлү деп жатабыз. Анткени аймактагы бардык театрлар актерлорго муктаж. Бирок бүтүрүүчүлөр дагы ал жакка барбай жатышат. Себеби ал жакта түркүн проблемалар бар.

– Сиз жогоруда аймактарда актерлер жетишсиз экендигин баса белгилеп кеттиӊиз. Ошол эле учурда бир жылда жүздөгөн актерлер, маданият кызмат-керлери даярдалып жатат. Алар каякка кетип жатышат, жаш адисти кантип театрга алып келип, канткенде ал жакта кармап калса болот?

– Мисалы, Жалал-Абадга бара турган балдар Кыргызстандын ар тарабынан кел-гендер. Алар патриоттук сезими күчтүү, маданияттын өнүгүшүнө салым кошобуз деген балдар, биз аларды ошондой тар-биялап жатабыз. Маселе башкада бо-луп жатат. Азыр айыл жеринде актерлер гана эмес маданият кызматкерлеринин жетишсиздиги башкы маселе болууда. Себеби биз канчалык адистерди даярдап жатканыбыз менен алардын көбү ша-арда калып калууда. Андыктан быйыл максаттуу кабыл алууну киргизелик деп жатабыз. Анткени биз окуткан балдар аймактарга барбай, элет жериндеги ма-даният өнүкпөй, өнүкмөк тургай артка чегинип жатат. Ошондуктан биз быйыл үч-төрт окутуучудан турган комиссия түзүп, Баткен облусуна жөнөтүп, ошол жактан жок дегенде он баланы кабыл алып келсек деп жатабыз, он бала менен беш жылдын ичинде төрт, беш жакшы спектакль да-ярдаса болот. Анан ошол он бала чогуу даяр спектакль менен театрга барышы керек. Себеби айылда эмне деген чы-гармачыл балдар борборго келип тап-шырганга шарты жок калып калышууда. Ошол жерге барсак бизге тандоо көбүрөөк болот. Мисалы, жок дегенде элүү бала келсе, ошонун эӊ таланттуу деген онун тандап алсак, аларды биз окутуп, кайра

жерине жөнөтсөк, келишим боюнча алар иштеп берсе, аздыр, көптүр маданият-тын өнүгүшүнө салым кошмокпуз. Анан жаӊы барган жаш адистерди жергиликтүү бийлик кармап калганга аракет кылса да жакшы болмок. Алар шарт түзүп берип, эптеп бир жыл кармашса, анан бир жыл иштеген маданият кызматкери эч качан кесибин таштап кетпейт. Биз ошол он баланы беш спектакль менен жөнөтсөк, ал бир-эки жылга жетет. Ал эми ал бир-эки жылдын ичинде балдар жөн жатпайт, дагы башка репертуарларды даярдашат. Ошентип, алар кетпей калышат.

– Элетте маданият өнүкпөй калды, маданият үйлөрү өз функциясын аткар-бай калды деп коомчулукта айтылып эле келет. Чындыгында учурда күндөп эмес айлап эшиги ачылбай, эшигин кара кулпу кайтарып калган маданият үйлөрү өтө көп. Мүмкүн ишти элет-теги маданиятты көтөрүүдөн баштоо керектир?

– Негизи сунуш болмоюнча суроо-та-лап болбойт. Ошондуктан биринчиден, биз сунуш кылышыбыз керек. Себеби аймактарда таланттар өтө көп. Талант-туулардын 90% ашыгы айылдан чыгат. Бир эле мисал, бир айылдын маданият үйүнө барсаӊ аябай жакшы иштейт. Бир айылдыкы сиз айткандай, кара кулпу кай-тарып турат, эшигинин астын күрөп да койгон эмес. Бул албетте, ошол клубдун жетекчисинин билим деӊгээлин көрсөтүп турат. Ушул көйгөйдү чечүү максатында бизде сырттан окуу бөлүмүн сырттан окуу, адистерди кайра даярдоо жана кесиптик чеберчиликти жогорулатуу факультети кылдык. Мурда союз мезгилинде минис-трликтин ичинде кайра даярдоо жана ке-сиптик чеберчиликти жогорулатуу деген бар эле. Азыр ал иштебейт, жок. Мада-ният тармагындагы жогорку окуу жайы катары бул жаатта биз иштебесек башка киши иштегидей эмес. Себеби айылда-гы клубдун башчысын айыл өкмөттөрү өздөрү эле коюп коет экен. Каалагандай эле, тууган-урукка карайт же тааныш-билиштик менен, же бул аккордеон, тиги комуз черте алат экен, ошол жетектесин деп коюшат. Ошону менен клубдун таг-дыры чечилет. Ошондой жетекчи бол-гон жердин клубунун эшигин кара кулпу кайтарып турат. Эми биз ошол маданият үйлөрүнүн жетекчилерин окуталык, ке-сиптик чеберчилигин жогорулаталык деп аракет кылып жатабыз. Учурда окуу про-граммасын иштеп жатабыз. Буюрса Билим берүү министрлигинен лицензия алып алсак, ишти баштайбыз деп турабыз.

Тилекке каршы, азыр керек болсо клуб деген эмне экендигин, анын максаты эм-неде экендигин билбеген, бирок эмгек акыны алганды билген клуб жетекчилери бар. Биз ошолорго менеджмент деген эмне, экономика деген эмне, уюштуруу деген эмне, базар экономикасынын шар-тында клуб кандай иш аткарышы керек экендигин окутабыз.

Айылдык маданиятты көтөрөбүз де-сек, айылдагы клубдар менен мектептер тыгыз байланышта болушу керек. Себеби клубда ийримдерди ачып иш алып баруу үчүн адис керек, ал адис мектепте гана бар, ал музыка мугалимдери. Качан гана экөө биргелешип иштешкенде клубдун иши алдыга жылат. Ошондо экөөнүн ор-тосундагы байланыш болот дагы ал бай-ланыш чыгармачылыкка алып келет. Ал чыгармачылык балдардын бир аз болсо дагы көзүн ачат, алдыга максат койгонго үйрөтөт жана патриоттуулукка үндөйт. Мына элеттик маданияттын өнүгүүсүнүн негизги максаты ушунда.

Маектешкен

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*