Мугалимдин эмгек акысы жогорулайт

Жаӊы жылдын алгачкы жумасында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алып, мугалимдердин айлык маянасын 50 пайызга көтөрүүнү тапшырды. Ушул жумада Каржы министри журналисттер менен болгон жолугушуусунда жылдын экинчи жарымында Бажы союзуна киргенден кийин, түшкөн каражаттын эсебинен айлыкты көтөрүүгө мүмкүн болорун тастыктады.

Жону жука мугалим же 3 млрд. сом жөнүндө

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева Мугалимдердин айлык акысы 1-сентябрдан баштап көтөрүлөрү күтүлүп жатканын ММКда билдирди. – Каржы министрлиги билим берүү тармагын калдык принцибинин негизинде каржылайт. Алдыӊкы эки кварталда дайыма бюджеттин киреше бөлүгү боюнча иш жүрөт. Ал эми билим берүү тармагы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө киргендиктен 1-сентябрдан тарта гана айлык акыны жогорулатуу мүмкүн, – дейт Э. Сариева. Азыркы учурда орто мектептин мугалимдери орто эсеп менен беш миӊ сомдун тегерегинде маяна алып, күн кечирип келүүдө. Айлык көбөйөт деген кабар мугалимдерди кубантып турган чак. Демек, алдыда үмүттүн шамы жанып, жарык көрүнө баштады десек аша чапкандык болбос.

Мектептерде математика, физика, химия, орус жана англис тили жана баштал-гыч класстын мугалимдери жетишпей келет. Санын тактасак, бүгүнкү күндө 1333 мугалим керектелүүдө. Бул да болсо алардын айлыгынын аздыгынан болуп жатышы айныгыс чындык эмеспи. Айлыктын көбөйүшү менен бул боштук да толтуруларынан үмүт үзбөй туралы. Ошол эле учурда бир парадокс: Улуттук статистика комитети-нин маалыматына караганда, окуучулардын ата-энелеринин мектепке берген ар кандай төлөмдөрүнүн жалпы суммасы жылына 3 млрд. сомго жетип барат экен. Конституция боюнча Кыргызстанда мектептеги билим берүү бекер деп жазылган шартта мындай каражат кайдан сапырылууда, бул акчанын эсебин ким алат де-ген ой жаралбай койбойт. Албетте, мунун баары ошол эле мугалимдердин айлык маянасынын ит жеминдей экендигинен болуп жатканынан күмөн санабай туралы. Жетиштүү айлык бакубат турмушту түзүп берсе мындай көмүскө да, көрөсөн да алешемдик жоюлар деген ойдобуз. Неси болсо да, жаӊы жылдын босогосун аттап жатып, Президентибиз мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү учурдун маселеси катары карап, камкордук көрүп жатканы кубанарлык көрүнүш болуп калды.

Жаӊы муундагы стандарттар келечекке өбөлгө

5-9 жана 10-11-класстар үчүн жаӊы муундагы сабактардын стандарттары жөнүндө да бир-эки ооз сөз кыла кетели. Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруу максатында өткөн жылы Кыргыз Өкмөтү жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартын бекитти. Аталган токтомду ишке ашыруу максатында жана Мамлекеттик стандарттын негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тара-бынан иш-чаралар көрүлүп, 5-9 жана 10-11-класстар үчүн «Тил» билим берүү тармагынын жаӊы муундагы сабактардын стандарттары иштелип чыгып, 2014-жыл-дын 30-декабрындагы коллегияда жактырылды. Бул нормативдик документтерди иштеп чыгуу билим берүү тутумун реформалоонун жалпы принциптеринин нугунда жүргүзүлгөндүгүн белгилөө зарыл.

Мындан тышкары дагы социалдык, математикалык, табигый-илимий, технологи-ялык, искусство жана ден соолук маданияты аттуу алты билим берүү жааттарынын сабактары боюнча да стандарттар даярдалууда. Жаӊы муундагы сабактардын стандарттарын иштеп чыгуу жана кабыл алуу натыйжага багытталган билим берүүгө өтүүнү бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы орто билим берүү стандартынын принциптерине дал келет. Жаӊы муундагы сабактардын стандарттарын иштеп чыгуу окуу-методикалык комплекстерди (окутуу программалар, китептер, усулдук колдонмолор, хрестомати-ялар, иш дептерлер, карталар ж.б.) калыптандыруунун өзөгү жана алар мектептик билим берүүсүнө компетенттик негизди киргизүүнү камсыздайт.

Сабактардын стандарттарын иштеп чыгуу учурунда апробация өткөргөн мек-тептердин мугалимдери үчүн семинарлар өткөрүлөт, экспертиза уюштурулат. Экспертизанын жыйынтыгы аналитикалык маалым-кат түрүндө жазылып, анда окуу-методикалык комплекстерди даярдаган авторлор үчүн баалоо жана сунуштар берилет, анын негизинде кийинки жумуш улантылат. “Тил” билим берүү тармагынын сабактарынын стандарттары Кыргыз билим берүү академиясынын экспертизасында үч жолу өткөрүлгөн.

Мисалы, 2011-2012-окуу жылынан баштап “Тил” билим берүү тармагынын жаӊы муундагы сабактардын стандарттарын апробациялоо башталган: 2011-2012-окуу жылында апробация сегиз мектепте, 2012-2013-окуу жылында апробация төрт мектепте жана 2013-2014-окуу жылында апробация алты мектепте жүргүзүлгөн.

Сабактардын стандарттарын жана пилот үчүн иштелип чыккан материалдар-ды апробациялоонун жыйынтыгы боюнча жылына аналитикалык маалым-каттар даярдалып, жыйынтыктары боюнча маалымат Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрине, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Аппаратына жеткирилип турат.

Улуттук тест сапатты аныктайт

Улуттук  тест  жүргүзүү  борбору быйылкы жылда жалпы орто билими жөнүндөгү артыкчылык аттестатын алуу-га талапкер бүтүрүүчүлөрдүн рейтингин аныктоо багытындагы ишин улантат. Ошондой эле шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнүн эффективдүүлүк рейтинги да аныктал-макчы. Ал эми Сокулук жана Ысык-Ата райондорунда  бүтүрүү  экзамендери үчүн тест өткөрүү иши пландалууда. Мындай пилоттук иш-чара кийинки эки жылдын  аралыгында  окуучулардын билим деӊгээлин татыктуу баалоого, анализдөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп келет. “Кыргыз тест” болсо өз концеп-циясына  ылайык  кийинки  жылдары жалпы эле билим берүү тармагынын бүтүрүүчүлөрүнүн кыргыз тили боюн-ча деӊгээлин аныктоо боюнча чоӊ иш баштоонун алдында турганын эскерте кеткенибиз жөн. Мектептерде 1-4-класстар үчүн тамак уюштуруу маселеси да катуу көзөмөлдө болот. Санитардык нормага туура кел-ген бардык мектептерде ашпозчунун штаттык бирдигин киргизүү долбоору да каралып жатканын айта кетели.

100 инновациялык мектептердин арышы кеӊейет

Билим, илим тармагы тирүү ор-ганизм, ал кандай шарт болбосун жаӊылануунун, өзгөрүүнүн шартын-да кете бермейи бар. Бул өӊүттөн алып караганда жылдагыдай эле алдын ала мерчемделген бир топ иштер жаӊы өӊүт, жаӊы сапатка өтүп, өрүш ала берери анык. Мектептерде жаӊы технологияларды колдонуу максатында мамлекет былтыр 100 млн. сом бөлүп берген эле. Натыйжада, республикада 100 инновациялык мектептер  пайда  болгон.  Бул долбоор жаӊы жылда да ары-шын кеӊейтип, оожалганы турат. Ошондой эле инновациялык мек-тептердин  өзүнүн  концепциясы кабыл алынышы мүмкүн болууда.

– Ошентип, республикабызда “100 инновациялык мектеп” дол-боору эӊ мыкты табылгаларды берүүдө.  Азыркы  күндө  ал  мек-тептерде мугалим менен окуучу интерактивдүү доскалар менен ка-димкидей иштеп, үйрөнүп калыш-ты. Үстүбүздөгү жылы бул боюнча атайын концепция кабыл алынат, – дейт министрликтин башкы адиси Зоя Пак. Мындан тышкары жан башына каржылоо долбоору пилоттук ыкмадан өтүп, буга тийешелүү республиканын бардык аймактарын-дагы мектептер кадыресе мындай ыкмада иштөөсүн уланта бермекчи.

Жогорку билимге жаӊыча көз караш

Бизди түйшөлткөн жогорку кесиптик билим берүү тармагы да сапаттык секириктерди жасоо багытында бир топ максаттарды алдыга коюп турат. Жылдагыдай эле жогорку окуу жайларындагы коррупциялык элементтерге каршы иштер күчөтүлүп, студент менен окутуучунун ортосундагы экзамендик байланышы катуу көзөмөлгө алынмакчы. Буга карата атайын Коргоо кеӊеши менен бирдикте иш-чаралар бе-китилген. Ал эми ЖОЖдорду оптималдаштыруу багытында да өкмөттүн токтому менен атайын концепция бекип, иштеп жатат. Ошонун негизинде ЖОЖдогу кесиптик кайталоолор каралмакчы.

– Азыр эл саны бар сапаты жок ЖОЖдор көбөйүп кетти деп көп айтышат. Анын чындыгы бар. Ушундай бирин-бири кайталаган, бирдей адистиктердин кенедей мамлекетке кереги барбы деген ой туулат. ЖОЖдорду оптималдаштыруу – бул чоӊ маселе. Ал ЖОЖдорду жабуу деген сөз эмес. Мында өкмөттүн атайын планы бекип, мекемелер аралык жумушчу тобу түзүлгөн. Ошол топ элдин пикирин эске алып, оптималдаштырууну этап менен иш жүзүнө ашырганы турат, – дейт Кесиптик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А.Исраилов. Анын айтымында жылдагыдай эле ЖОЖдорго абитуриенттерди кабыл алууда ЖРТнын жыйынтыгы катуу сакталат. Кирүү экзамендери жүрүп жаткан жайларга видео көзөмөлдөр орнотулат. Мындан тышкары Коргоо кеӊеши менен түзүлгөн иш-чаралар да буга тартылат.

Чет өлкөдөн окугандар көбөйүүдө

Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө билим алуусун камсыз кылуу шарты да кеӊейүүнүн алдында турат. Студенттер буга чейин онлайн шартында Түркия, Россия өӊдүү чоӊ өлкөлөрдөн билим алып келишсе, эми Араб өлкөлөрүндө, Кувейтке, Катарга, Латвияга барып окуп келүү үчүн мамлекеттер аралык келишимдер түзүлүүдө. Жакында ШКУнун алкагында билим, илим министрлеринин кеӊешмеси Кыргызстанда өтүүсү күтүлүүдө. Бул жолугушууларда ар түрдүү кызматташтыктардан тышкары өзгөчө илимдеги жаӊы технологияларга байланышкан маселелер көбүрөөк каралышы айтылууда.

– Быйыл биз этникалык кыргыздардын билим алуусун камсыз кылган Жобонун үстүндө иштеп жатабыз. Мында сырттагы боордошторубуздун Кыргызстандагы ЖОЖдордо билим алуусуна карата биртоп шарттар каралган. Ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын билим алуусу тууралуу Жобо жакында эле министрликтин коллегиясында бекиди. Маалымат технологиясы өнүккөн Индияда, Польшада окутуучуларыбыз, мугалимдерибиз кесиптик чеберчилигин өнүктүрүп келүү үчүн эки тараптуу келишимдерибиз ишке ашууда. Бюджеттик негизде чет өлкөдө окуп жаткан адистерибиз эми ал жактан окуусун бүткөн соӊ, сөзсүз өз өлкөсүнө кайтып келүүгө милдеттеме алат. Катардагы келишим боюнча айтсам, алар бизге эки заманбап мектеп куруп беребиз дешкен. Бул иш аткарылып калса билим жаатында инновациялык эӊ жакшы жылыш болмокчу. Ал эми баардык чет жерден билим алып жаткан жаштарыбыз менен элчиликтер аркылуу байланышып туруу мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеӊейте беребиз, – дейт Эл аралык кызматташуу секторунун жетекчиси С.Адрешева.

Анын айтымында, бизден чет өлкөлөргө барып, окуп, билим алып жаткандар-дын жалпы саны 7700гө жеткен. Бул сан жылдан-жылга өсүүсү мүмкүн. Себеби, жаӊы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Ошондой эле сырттагы окуу жайлар да ал жак-тан көбүнчө контракттык негизде окугусу келгендерге абдан кызыкдар. Ал эми бюджеттик орундар мамлекеттер аралык келишимдин негизинде бөлүнүп келет.

Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*