ТАЛБАГАН ЭМГЕКТИН ҮЗҮРҮ

Ат-Башы айылындагы К.Мамбеталиев атындагы мектепте бир топ жыл башталгыч класстын мугалими болуп иштеген Роза АСАНАЛИЕВА эжейди ким гана тааныбайт. Анткени кезегинде ал райондук эле эмес, облустук, республикалык деӊгээлдеги мыкты методист экенин иши менен тастыктап келген. Өткөн жылы анын 1984-жылкы бүтүрүүчүлөрү эжейдин эмгегин баалап, өздөрү окуган классын заманбап жасап, келечектин жаш муундары тереӊ билим алуусуна шарт түзүп, эжейдин атындагы кабинет ачышкан.

Роза  Асаналиева  Кошой  айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Абдыраев Асанаалы кыргыз тили жана ада-бияты мугалими, апасы Касканова Айымгүл башталгыч класстын мугалими, баатыр эне. Роза эжей 1969-жылы орто мектепти аяктап, Нарын педагогикалык окуу жайына кирип, аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1972-жылы В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин башталгыч классынын мугалими болуу менен эмгек жолун баштаган.

Ал көпчүлүк сабагында өзүнүн колдон жасалган көрсөтмө куралдарын колдонгон. Ошол кездеги мектептин ди-ректору К.Мамбеталиевдин көрсөтмөсү менен жаӊы курулган мектепке, райондо биринчилерден болуп өз демилгеси ме-нен кол эмгек кабинетин түзгөн болчу. Ал кабинетте секциялык иштер өтүлүп, рай-ондогу башталгыч класстын мугалимдери көрсөтмө алып турушкан.

Советтик мезгилде иштеген Асаналиева Розанын педагогикалык пландары союз-дук республикага жайылтылган. Класста-гы окуткан окуучуларынын билим сапаты жогору болуп, бардык окуучу алфавитти бир окуучудай окшош жазышканын кесип-тештери дайыма айтып келишет.

Достук кызматташтыктын негизинде таж-рыйба алмашуу боюнча Кытай Республика-сынын Кызыл-Суу жеринин кыргыз мугалим-дери, мектеп директорлору келип, анын ачык сабагына катышкан. Келген меймандарга өзүнүн чыгармачылыгы менен кагаздан, аппликациядан ар түрдүү гүлдөрдү жасап тартуулап, салттуу эмес ыкма менен сабак өтүп, меймандарды таӊ калтырган муга-лимдердин бири болгон. Советтик мезгилде стандарттан сырткары сабак өткөндөр көп учурда куугунтукка алынчу. Бирок эжейдин башка мугалимдерден айырмаланып сабак бериши, окуучулардын 90% сапаттуу билим алышына түрткү берген. Роза Асаналиева окуучуларынын   таза,  сулуу  жазганына өзгөчө басым жасап, так сүйлөп, так окуганга үйрөттү. Эмгек жерде калбайт дегендей, анын эмгеги 1985-жылы жогору бааланып, Кыргыз ССР Билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1986-87-окуу жылдарында Ат-Башы райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн жиберүүсү менен Ысык-Көл облусунда өткөн семинарга барып, Ат-Башы району-нун агартуу тармагынын намысын коргоп, тажрыйбасы менен бөлүшүп, «Улуу мето-дист мугалим» деген төш белгиге татыктуу болгон. 1990-91-окуу жылдары катуу оорудан кийин эки кулагы теӊ укпай калып, арга-сыздан өзү сүйгөн кесибин таштоого туура келди. Жолдошу Жумакадыров Өскөнбек менен 5 кыз, 2 уулду татыктуу тарбияла-шып, турмуш жолуна узатышкан. Бир кызы Роза эжейдин жолун улап, учурда мугалим болуп эмгектенет. Роза Асаналиева 21 не-беренин сүйүктүү чоӊ апа жана таенеси. Учурда ардактуу эс алууда жүрсө дагы, неберелерине татыктуу таалим-тарбия берип, көнгөн ыкмалары менен үйдө сабак өтүүдөн тажабайт.

Роза Асаналиеванын 1984-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө арнап жазган ыры.

«Ай өтсө калат сый эсте,

Окуткан балдарыма ыр десте!»

Мезгил өтсө учкан куштай зыпылдап,

Канат кагып учкан куштай зымырап.

Ойлогон ой, максатыӊар ишке ашып,

Жолугуштук уябыздан чынардай.

Бир класста окудуӊар жанашып,

Билимди да чогуу алдыӊар талашып.

Билинбестен өтүп кеткен убакыт,

Бийик болсун Ала-Тоодой жарашып.

Мотурайган бир кездеги бөбөктөр,

Жөжөлөрдөй тизилишип ээрчишкен.

Көз алдыма элестеди ал күндөр,

Жаш курактын жылт эткени үзүмдөй.

Ошондогу татынакай бөбөктөр,

Аппак көйнөк, аппак жака тагынган.

Азыр мына алдыбызда залкардай,

Мекенине кызмат кылган солдаттай.

Аппак фартук, аппак көйнөк сүрөтүӊөр колумда,

Ар бириӊдин мүнөзүӊөр түшөт оюма.

Толкунданам көрүп туруп силерди,

Сыймыктанам, балдарым деп жүрөктөн.

Ат-Башынын атыр жыттуу абасында,

Босогомдун гүлдөгөн талаасында.

Балалыкты айтышып жетелешип,

Баарлашып баскылачы жай гана.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*