АБДЫЛДАЖАН АКМАТАЛИЕВ: КООМДУК ИЛИМДЕР – МАМЛЕКЕТТИК ИДЕОЛОГИЯНЫН НЕГИЗИ, КООМУБУЗДУН РУХАНИЙ КҮЗГҮСҮ

a_akmataliev

УИАнын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев “Кутбилим” газетасына берген маегинде академиянын гуманитардык жана экономикалык институттары 2014-жылда-гы аткарган иштерге токтолуп, ошондой эле академияны реформалоодо акыл-эстүү мамиле жана этияттык керектигин баса белгиледи.

– УИАны бюджеттик каржы-лоонун өтө төмөн болуп келат-каны белгилүү. Каражат каат шартында академия илимий изилдөөлөрдү кантип жүргүзүп жатат?

– Өзүӊүздөр билесиздер, ко-омдук илимдерге гранттарды тар-туу оӊойлукка турбайт. Ошондой эле демөөрчүлөрдү табуу да өтө кыйын. Бирок ошентсе да ара-кеттер бар. Гуманитардык жана экономикалык  илимдер  тара-бынан бюджеттен сырткары ко-шумча каражаттар тартылды. Ар бир институт, ар бир кызматкер өздөрүнүн  эмгек  айлыгы  жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен гана эмгектерди коомчулукка жет-кирип жатышат.

Мисалы, эгерде биз ондогон конференция  өткөрсөк,  анын бир-экөөнө гана чымчылап бир аз каражат бөлүнбөсө, калганына жок. Же болбосо, “Улуттук идея – гуманитардык илимдерде” деген серияны баштадык эле, каражат жоктугунан быйылкысы чыкпай калды. Мен эч бир түшүнбөйм, бизден  жылына  канча  китеп чыгарасыӊар деген суроо-талап коюшат. Биз бир да китеп чыгар-бай койсок, бизге эч ким эч нер-се дей албайт. Себеби ал үчүн баягы каражат деген бөлүнгөн жок. Ошентсе да биз жантала-шып чыгарып жатабыз, ар-намыс менен аткарып жатабыз. Азыр бир директор жөн эле директор эмес, менеджер-директор. Гуманитар-дык илимдерде директорлор – менеджерлер.

–  УИАны  реформа  кылуу жөнүндө коомдук талкуу кызып турган чагы. Академияны жоюп жиберүү керек деген дагы ради-калдуу сунуштар болуп жатат. Мындай сунуштар академия-нын окумуштууларында кандай реакция жаратып жатат?

– Улуттук илимдер академия-сын реформалоо жөнүндөгү коом-чулукта айтылган пикирлер ишке тескери таасирин тийгизгендигин баса белгилегим келет. Сентяб-рдан баштап бүгүнкү күнгө чейин чынында кызматкерлердин ишке болгон кызыгуусу кайдигерликке алып келди. Бирок академияны сактап калуу үчүн басма сөздөрдө, теле-радиодо өздөрүнүн позици-ясын көрсөтүштү.

Илимди реформалоо деген-ди “бөрк ал десе, баш албай”, түшүнүү  менен  кабыл  алсак. Эффективдүү  структураларды жана  приоритеттүү  проблема-ларды  иштеп  чыккан  жана  ал мамлекеттин кызыкчылыгына дал келсе. Мамлекет да гуманитардык багыттагы илимдерге чоӊ камкор-дук кылып, ошону менен бирге заказдарды берип турса.

Адатта, реформалоо десе эле көбүнчө чочуп турабыз. Албетте, аны колдошубуз керек. Бирок ре-формага жамынып алып аны жок кылуу оӊой. “Кайра куруу” деп жа-тып килейген СССРди жок кылып деле албадыкпы?! Ооба, илимди оптималдаштыруу сөзсүз керек, өтө актуалдуу маселе. Бирок, кан-тип?! Элибизде жакшы макал бар эмеспи: “Жети өлчөп бир кес” – де-ген. Анын сыӊарындай, ойлонуп, өтө этият мамиле кылуу керек.

Биз дароо Казакстанды ми-салга тартабыз, бирок анын ички мазмунуна  көӊүл  бурбайбыз, оош-кыйыштарын эске алышы-быз зарыл. Чынында Казакстан Улуттук академиясы, анын пре-зиденти,  вице-президенттери жана институттары мурдагыдай эле  иштеп  жатышат.  Болгону Билим министрлиги тарабынан илимий  долбоорлор  каржыла-нат  жана  академиянын  жаӊы шайланган академиктери менен корреспондент-мүчөлөрүнө сти-пендия төлөнбөйт. Азыр алар-да академияны кайрадан толук кандуу калыбына келтирүү ма-селесин Өкмөттүк деӊгээлде көтөрүлүүдө. Казак Респу-бликасынын     Президенти Н.Назарбаевдин демилгеси менен бюджеттин негизинде Түрк акаде-миясынын эки жыл мурун ачылы-шы эле илимге болгон чоӊ көӊүл буруу экендигин билдирет. Түрк академиясын куруу, түзүү ишин биздин Президентибиз Алмазбек Атамбаев да кызуу колдоп, кубат-таган. Ал гана эмес түрк тилдүү элдердин Президенттеринин сам-митинде “Бишкек декларациясын-да” кабыл алынган.

– Улуттук идеология – аалам-дашуу заманында улутту сактап калуунун бирден-бир жолу бо-луп жатат. Коомдук илимдер ушул  улуттук  идеологияны ишке ашырууда четте турбай, кандай жүк көтөрүп жатат деп айта аласыз?

– Академик Чыӊгыз Айтматов мындай дейт: “Улуттук идеология деген абдан бардык жагынан ка-ралган, текшерилген, анализден өткөн көп ой-санаалар. Ошолорду кандайдыр бир топтоп, жыйынтык-тап, макулдашып баарыбыз ошого жан-дилибиз менен берилгендей болушубуз керек. Болбосо улуттук идеология бош сөз эмес, ал аб-дан бардык турмуштун тармагына тиешелүү ой-санаалар”.

Гуманитардык  багыттагы улуттук  илимдер  мамлекеттин идеологиясы үчүн өтө керек, ал –  мамлекеттин,  улуттун  жүзү, атрибуттарынын  бири.  Тили, адабияты, тарыхы, философия-сы жок мамлекет болбойт, булар Кыргыз Республикасы деп атоо-го мүмкүндүк берет. Ошондуктан тил, адабият, тарых, философия Илимдер академиясы ачылган-да  илимий  фундамент,  база болгон. Тилибиз, адабиятыбыз, тарыхыбыз жана маданиятыбыз дүйнөнүн башка эч бир жеринде изилденбейт, чет элден инвести-ция да келбейт. Улуттук илимдер мамлекеттик идеологиянын неги-зи, коомубуздун руханий күзгүсү. Эгерде мамлекеттен эне тилин, адабиятын, тарыхын, философи-ясын алып койсок, мамлекеттин маани-маӊызы жоголот.

Президентибиз А. Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана “Манасты”, Кыргыз кагана-тын изилдөөнүн зарылдыгын беке-ринен белгилеген жок. Түрк мам-лекетинин даанышманы Ататүрк гуманитардык илимдерди жогору баалап, өз мамлекетинде “Тил, тарых, адабият жана маданият академиясын” 30-жылдарда эле түзүп, түптөп кеткени көрөгөчтүк болгон. Гуманитардык илимдерге көӊүл бөлбөө дегендик – акын-жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, композитолордун, маданият иш-мерлеринин   бүгүнкү  абалына туш келүү дегендик, жыйналган, топтоштурулган илимий потенци-ялдын таралышы дегендик.

Маектешкен

К.ЧЕКИРОВ

2014-ЖЫЛЫ УИАНЫН ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР ИНСТИТУТТАРЫ ТАРАБЫНАН АТКАРЫЛГАН ИШТЕР:

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институнун кызматкерлери

“Кыргыз көркөм сөз өнөрү: “Манас”, оозеки жана жазма адабияттын проблемалары (2011-2015-ж.)” жана “Махмуд Кашгари жана азыркы кыргыз тили” деген эки илимий долбоордун алкагында иш алып барышты. Атап айтканда, «Манас» үчилтигинин негизги ва-рианттарынын академиялык басылмаларын басмага даярдоо иштери улантылды. “Манас” эпосундагы мифологиялык мотивдер, архаикалык катмарлар, эпостогу жаныбарлардын көркөм чагылдырылышы жана тотемдик белгилери сыяктуу ж.б. проблемалар, фольклордун жана акындар чыгармачылыгынын актуалдуу маселелери, алгачкы кыргыз прозасындагы көркөм мейкиндик; драма жанрындагы көркөм кара-жаттарды колдонуу чеберчилиги; 60-80-жылдардагы кыргыз адабий сынынын өнүгүш тенденциялары изилдөөгө алынды. Мындан сырткары «Айтматовдук энциклопедия” долбоору боюнча иш алып барышууда.

“Дивани лугат ит-түрк” сөздүгүнүн лексикалык, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн  изилдөө  улантылып,  азыркы  кыргыз  тили  менен М.Кашгаринин “Дивандагы” этиштердин семантикасы; терс эмоция-луу тилдик бирдиктер, макал-лакап, ырлар, кошоктор; кыргыз тилинин грамматикасынын, лексикологиясынын, терминологиясынын актуалдуу проблемалары изилдөөгө алынды.

Тарых жана маданий мурастар институтунун  кызматкерлери

“Кыргыздардын жана Кыргызстандын байыркы доорлордон азыркы учурга чейинки тарыхы: маданий мурастарды изилдөө, сактоо жана пай-далануу маселелери”; “Дунган маданияты жана учурдагы полиэтностук чөйрө” долбоорунун үстүндө илимий-изилдөө иштерин алып барышты:

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын жана өнүгүшүнүн байыркы доорлордон азыркы учурга чейинки тарыхын камтыган «Кыр-гызстан тарыхынын» үч томдугунун үстүндө изилдөө иштери улантылды. Отчёттук жылда академиялык басылманын негизги бөлүмдөрү жазылып бүтүп, учурда даяр болгон кол жазмаларды талкуулоо, редакциялоо иштери жүргүзүлүүдө;

Институттун археологдор тобу отчёттук жыл ичинде үч экспедиция-лык талаа жумуштарын уюштурушту. Саймалы-Таш жаратылыш паркы-нын аймагында, Жалал-Абад үзүгүндө, Нарын шаарынын батышында курулуп жаткан Ага-Хан атындагы Борбордук Азия университетинин аймагындагы жүрүп жаткан археологиялык казуу иштерине катышты. Эрмитаждын илимий кызматкерлери менен бирге Кызыл-Суу, Ново-покровка-2 шаар калдыктарында казуу иштери чет жерден тартылган каражаттын эсебинен улантылды.

Маданий мурастарды изилдөө тобунун 2015-жылдан баштап өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан орто кылымдагы Мады, Ак-Буура жана Өзгөн эстеликтерин дүйнөлүк маалымат базасына өткөрүү сунушу жана жаш адистерди тартуу боюнча программасы япон өкүлү жана Алматыдагы ЮНЕСКОнун кластердик бюросунун өкүлү тарабынан каралды.

Улуу жибек жолунда жайгашкан үч өлкөнүн (Казакстан, Кыргызстан, Кытай) археологиялык эстеликтери Транс-улуттук номинациянын алка-гында Бүткүл дүйнөлүк мурастардын тизмесине Кыргызстандын атынан Кызыл-Суу, Ак-Бешим жана Бурана эстеликтери кабыл алынды. Бул эстеликтердин номинациялык файлын даярдоо жана аларды комитетте жактоо иштеринде Бакыт Аманбаеванын эмгеги чоӊ.

Ошондой эле институттун илимий кызматкерлери А.Жапаров жана Ч.Бексултанова дагы ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий му-растарынын тизмесине «Салттуу боз үйдү жасоо боюнча билимдер» деген көп улуттуу номинациялык файлды даярдоо иштерине активдүү катышты. Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-сессиясында, Парижде «Боз үйдү» дүйнөлүк тизмеге киргизүү чечими кабыл алынды.

Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун кызматкерлери эки жаӊы долбоордун үстүндө илимий-изилдөө иштерин алып барышты: “Кыргыз элинин байыркы замандан азыркы мезгилге чейинки коомдук-саясий жана философиялык ойломунун тарыхы” (фило-софия боюнча); “Эгемендүү Кыргызстандагы конституциялык-укуктук реформалардын калыптануусу жана өнүгүүсү” (юриспруденция боюнча).

Кыргыз элинин философиялык ойломунун булактары; XIX–XX-кылымдардагы  уйгурлардын  коомдук-философиялык  ойломунун өнүгүүсү; Кыргыздардын дүйнө түшүнүгүнүн аксиологиялык негиздери; Кыргыздардын идеологиясынын калыптануусунун булактары; Кыр-гыздардын мусулмандык ишенимдерине чейинки дүйнө көз караштык маӊызы; Кыргыз элинин мурасындагы гуманизм идеялары изилденди.

Саясат таануу илими боюнча: Кыргыз Республикасында илим ка-тары калыптануусунун негизги этаптары; Заманбап Кыргызстан өткөөл демократиялык жана социалдык-экономикалык процесстердин контек-стинде; Мамлекеттик коопсуздук маселелери компаративдик анализ айдыӊында; Кыргызстан коомундагы саясий маданияттын түзүлүшүндө ММКнын ролу, ж.б. изилденүүдө.

Декоративдик кол өнөрчүлүк; Оозеки чыгармачылык мурастар; Кыргыздардын салттуу музыка өнөрү; Сахна өнөр башаттары (улуттук оюндар, үрп-адаттар, каада-салттар) проблемалары изилдөөгө алынды.

Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту

«Кыргыз Республикасынын рыноктук институттарын жакшыртуу проблемалары жана өнүгүүөзгөчөлүктөрү” деп аталган илимий долбоор боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүздү.

Изилденген негизги проблемалар:

Трансулуттук корпорация-лар менен Кыргыз Республикасынын карым-катышынын теориялык негиздемеси; Кыргызстандын экономикалык ойлорунун тарыхы; Эко-номиканын реалдуу секторлорунун атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу жана ресурстук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу жолдору; Трансулуттук корпорациялар глобалдык атаандаштыктын инновация-лык агенти катары.

Илимдин усулу жана социалдык изилдөөлөр борбору

Кыр-гызстандын социалдык-этникалык жана коомдук-саясий турмушун со-циологиялык анализдөө: тобокелдик факторлору жана аларды чечүү жолдору, комплекстүү дисциплиналар боюнча иш алып барды.

Илимий китепканада 2014-жылы БИКтин фондуна бардыгы 6740 нуска жаӊы илимий адабияттар топтолду. Жаӊы келген адабияттардын 2545 нускасы мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми 4195 нускасы чет тилдериндеги адабияттар болуп эсептелет.

Отчёттук мезгилде илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары Кыргызстандагы илимий жыйнактарда, мезгилдүү басма сөздөрдө жа-рыяланды. Жалпы алганда Бөлүмдүн илимий мекемелери тарабынан 423 иш жарыкка чыккан, анын ичинен 29 монография, 10 окуу китеби, 384 илимий, илимий-популярдык, илимий-публицистикалык макалалар болду. Булардын ичинен 54 макала чет өлкөдө жарыкка чыкты.

Бул отчёттук мезгилде Гуманитардык жана экономикалык илим-дер бөлүмү тарабынан 24 ар кандай эл аралык, республикалык деӊгээлде конгресстер, симпозиумдар, конференциялар, тегерек стол-дор өткөрүлдү. Ошондой эле бөлүмдүн илимий кызматкерлери 141 эл аралык, республикалык илимий конференция, форум, симпозиум ж.б. иш-чараларга катышып, докладдар менен чыгышты.

КР  УИАнын  Гуманитардык  жана  экономикалык  илимдер бөлүмүндө жалпы 271 кызматкер бар, алардын ичинен 250 илимий кызматкер катары эмгектенет. Беш академик, 22 корреспондент-мүчө, 36 илимдин доктору, 84 илимдин кандидаты иштейт. Бөлүмдө төрт институт бир борбор жана борбордук илимий китепкана бар.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*