АК ЭМГЕКТИН АКЫБЕТИ

На мир взгляни, ты, разумным оком,

Не так как раньше ты глядел.

Мир это море,

Плыть желаешь?

Построй корабль из добрых дел…

(Рудаки).

 

Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан кандай иштер аткарылып жаткандыгы гезит окурмандары үчүн кызыктуу болсо керек деген ойдо ушул чакан макаланы жазып олтурабыз. Азыркы мезгилде райондук билим берүү бөлүмүндө алты кызматкер эмгектенип жатат. Чакан жамаатты таалим-тарбия тармагында түркүн-түстүү түйшүктөрдүн күтүп жаткандыгын сөз башында айтып коелу.

Икрам Абдиев, Фазилет Ула-мова, Бурхан Набиев, Борукул Максутов,  Мажит  Алдакулов, Бабакул Осмонов, Эшназар Та-жибаев өӊдүү кечээги жетекчи-лердин эстафетасын азыр Аб-дулхак Жамилов жаӊы замандын талабына  ылайык  жаӊыртып, улантып олтурат.

Алыска барбастан, жакынкы эки-үч жылдын ичинде аткарыл-ган иштерге, айрым ийгиликтерге көӊүл буралы. Каржы булагынын жетишсиздигине байланыштуу, мурдагы  методикалык  каби-неттин иштерин жандандыруу максатында «Усулдук автобус» аттуу жаӊылык Кыргызстанда биринчи  жолу  жаралды.  Ал-бетте, бул саамалык «Лейлек жаштары»  коомдук  фондусу менен тыгыз кызматташуунун негизинде ишке ашырылды. Бул жөнүндө Кыргызстан Жазуучу-лар кошуунунун мүчөсү, акын Өмүрзак Саттаров абдан сонун ыр жазып, жергиликтүү гезиттер-ге жарыялады.

33 жаӊычыл-мугалим коом-дук башталышта 67 мектептин мугалимдерине усулдук жардам-дарын беришти.

Мугалимдердин республика-лык «Кутбилим» гезитинин 60 жылдык мааракеси 2013-жылдын 29-30-март күндөрүндө Лейлек-тен башталды. Ооба, бул аземди өткөрүүгө районубуздун акими Тилеберди  Арипов,  акимдин орун басары Марипат Ташпо-лотова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулхак Жамилов  жана  билим  берүү кызматкерлеринин  райондук кошуунунун төрагасы Аюбжан Мамажановдор өтө чоӊ салым кошушту.

Жыйырма  жылдан  бери бүтө  элек  Манас  орто  мекте-бинин  имараты  бүткөрүлдү. Х.Боронбаев,  Ш.Ташполотов атындагы  орто  мектептердин жаӊы имараттары пайдалануу-га берилди.

Балдар  бакчаларынын саны  кыркка  жетти.  Ак  Суу айыл  өкмөтүндөгү  Курулуш, Эгемендүүлүк,  М.Горький, А.Шаматов,  Ю.Пулатов  жана Э.Матмуратов атындагы орто мектептер  Бириккен  Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбооруна кошулду. Башталгыч класстар-дын окуучулары үчүн ысык тамак мектеп ашканасында даярдалат. Ак Суудагы алты орто мектепке 1 млн. 58 миӊ сомдук ашкана жабдыктары БУУнун ДАТПсы та-рабынан берилди. Дал ушул дол-боорго Маданият орто мектеби тартылды. Учурда Сары-Дөбө, Манас, Ак-Булак орто мектепте-ри аталган долбоорго кошулууга даярданып жатат.

Мектеп окуучуларына тамак-аш  берүүнү  оптималдашты-руу багытында жүргүзгөн иш-аракеттерин  баалап,  БУУнун ДАТП долбоорунун Кыргызстан-дагы жетекчилиги А. Жамиловду «Мыкты райондук билим берүү бөлүмүнүн  башчысы»  наамы жана «Ыраазычылык барагы» менен сыйлады.

Жогорку класстарынын оку-учулары үчүн кесиптик, инсан-дык багыт берүү айлыктарын өткөрүү салтка айланды. Пред-меттик олимпиаданын област-тык, республикалык турларын-да  лейлектик  окуучулардын көрсөткүчтөрү жыл өткөн сайын жогорулап баратат. Өткөн 2013-2014-окуу жылында №3 гимна-зиянын 11-классынын окуучусу Турабаева Мадина орус тили предметинен, ушул эле гимна-зиянын 11-классынын окуучусу Мирсаидова Гүлчирай биология предмети боюнча биринчи орун-ду ээлешти. Ал эми Козу-Баглан орто мектебинин 11-классынын о к у у ч у с у  А с а н  к ы з ы  А й н а з и к кыргыз тили жана адабияты са-багынан республикалык таймаш-та үчүнчү орунду ээледи.

№3 гимназиянын директору, атактуу агартуучу Гапыр Мада-миновдун  Лейлектеги  билим сапатын жогорулатууга кошкон салымы абдан чоӊ экендигин айтуу – биздин парзыбыз.

«Мугалимдер үчүн сабактар-ды бөлүштүрүүдө адистикке ма-ани берүү керек. Билим сапаты дал ушул жерден башталат», – деп айтат А.Жамилов.

Мугалимдер, окуучулар үчүн жагымдуу  чөйрөлөр  азыр  ар бир мектепте бар. А түгүл, бак-чалардагы шарттар деле көӊүл борборунда. Наристе, Барчын, Шекерим жана Тынчтык бакча-ларындагы  түзүлгөн  шарттар жүрөктү жылытат.

Жогоруда белгиленген жы-лыштардын,  оӊ  маанайдагы көрүнүштөрдүн  көч   башында аймактык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Абдулхак Жамиловдун тургандыгы – талашсыз чындык.

Эӊ негизгиси, кадрларды туу-ра тандап, багытты так белгилеп, иштерди  ийкемдүү  жүргүзсөӊ гана ийгилик жаралат эмеспи?!

Албетте, ак эмгектин акыбе-тин областтык «Баткен таӊы» гезити калыс карап, 2014-жыл-дын мыктыларынын катарына биздин райондон эки адамды аким Тилеберди Арипов менен Абдулхак Жамиловдорду кошту. Сүлүктү менен Лейлектин орток гезитине айланган «Сулей-Инфо» басылмасы А.Жамиловду «Жылдын мыкты адамы» деп тааныды.

Демек, эл үчүн жаш муундар-дын келечеги үчүн арналган мэ-энет аз-аздан өз жемишин бере баштаптыр. А алдыда опол то-одой оор иштер, чечимин күткөн маселелер турат.

Кыбыраган кыр ашат…«Ким болсоӊ да, кайсы жерде болсоӊ да чоӊ тамгадагы АДАМ бол!» деген позицияны сөз кы-лынган башкы каарманыбыз туу тутуп келет.

Тайир А Ш И Р Б А Й

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*