АРАКТАН АЛЫС БОЛОЛУ

Окуучуларыма бул ирет арак жөнүндө, анын кесепетин, кендирди кескен азабын айтып, ал туурасында атайын кино тасмаларды көрсөттүм. Алар ойго батып, суроо узатышты. Айрымдары ата-энесинин аракты жакшы көрөрүн да айтышты. Биз чоӊ талкуу кылдык. Бул тарбия эмеспи…

III-IV кылымдарда арабстандык бир оку-муштуу картошканын калдыктарынан, канттын ширесинен суюктук жасап, аны татып көрүп таӊ калган. Анан «Мен карыганды жашарта турган, чарчаганды эс алдыра турган укмуштуу эликсирди таптым» деп жарыя кылган. Анын аты Араб тилинде «Аль-коголь» кыргызча-сы «Баш айланткыч» дегенди түшүндүрөт. Мына ушул күндөн тартып ичимдик коомго кеӊири жайылып, убагында ага кайрылбаган жазуучулар, сүрөтчүлөр болгон эмес. Негизги темаларынын бири ошол арак болгон.

Сый тамакты ый тамак кылбайлы…

Кыргыз эли меймандос келет эмеспи. Көптөгөн аш-тойлор ар бир үй-бүлөдө өткөрүлүп келет. Баарынан аянычтуусу – ошолордун баары, жада калса, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты да ичимдиксиз өтпөй, арактын сыйлуу тамактардын бирине айланып калганы, илгертен бери атадан балага, урпактан урпакка мураста-лып келген салт-санаа, үрп-адаттарыбыздын башка нукка бурулуп, башкача мааниге ээ болушу. Той берген адам арак-шарапты мол берсе: «О-уу, кыйын экен, өткөн тойдо ящиктеп арак берди, март адам экен!» – деп, көпкө дейре макташат. Дасторкон четинде отурганда, жакшы каалоо-тилектер араксыз айтылбайт. Сөзсүз колго стаканды кар-матып: «Ичпесеӊ таарынам, ачууӊду калтырба!» – дешип, бири-бирин кыйнамай.

«Эжени көрүп сиӊди өсөт, аганы көрүп ини өсөт» де-мекчи, аксакалы жайкалган абышкадан тартып кыл мурут жигиттерибизге чейин баштары арактан чыкпаса, аларды көргөн жаштардан кандай келечекти күтүүгө болот. Окуу-чуларга сабакта ушулар жөнүндө көп айтам. Мектепте буга байланышкан атайын ачык сабактарды өтүүгө тийишпис.

 Аракечтин арманы

«Менин  бул  дүйнөдө  тирүүлөй  өлүк  болуп жүргөнчө, кара топурак кучактап жатканым оӊ бо-лоор. Себеби менин эч кимге керегим жок, таянар жөлөгүм да жок. Менден баары эбак эле кол жууп коюшкан. Буга ким күнөөлүү? Албетте, өзүм. Мен си-лерге айтаарым – эч качан аракечтикке берилбегиле, менин кылган кылыгым, менин жашаган жашоом эч кимдин башына түшпөсө экен!»

Жогорудагы аракечтердин жашоосу менен та-анышкандан кийин, окуучуларга төмөнкү ырымды окуп бердим.

Талкаланган тагдыр, талаадагы жашоо

Оо селсаяк, селсаяк,

Көрүнгөндөн жеп таяк,

Бөтөлкөгө кирип алып,

Аракты абдан «сүйүп» алып,

Жаз-кыш дебей талаада,

Жашап жүрөт арманда.

Термелишет көчөдөн бөтөлкө издеп,

Жегенче адам өӊдүү жарты бөлкө.

Андан көрө жутуп алып 100 граммды,

Аз да болсо унутулат кыйналганы.

Кеч киргенде түнөк издеп шашышат,

Курсак ачып, ичи аябай ачышат.

Болду эми оӊолом деп сөз берет,

Ичпе десеӊ алыс, оолак качышат.

Мындай күнгө салган сени ким болду,

Уул-кызыӊ кое берип тим болду.

Неге мынча берилдиӊ сен аракка,

Убакыт бар оӊолууга оӊ жакка…

 Ушуларды  айтып,  балдарды  карадым.  Алар чоӊойгондо биз такыр арак ичпейбиз – деп сөз бе-ришти. Ошондой болсо кана…

Нурила КУЛТАЕВА,

Жала-Абад областы, Сузак району, №35 Комсомол орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*