Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу институтунун директору: «МАНАС КЫРГЫЗДЫ САКТАП КАЛАТ»

Үч жыл мурда сиздин демилгеӊиз боюнча И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте Манас таануу институту ачылды эле. Ушундай илимий борбор ачуунун кандай себептери жана зарылдыгы бар эле?

— Жакынкы 40-50 жылда дүйнөдөгү ондогон элдердин аты да, заты да өчөт дешет изилдөөчүлөр. Мындай пикир БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мундун үч  жыл  мурдагы  баяндамасында  да айтылган. «Жок болот» дегендердин арасында кыргыздарды да айтышат. Саны аз, тилин, дилин жоготкон, биротоло маӊкурттукка ооп, өзүнүн ата тегин билбей калган, улуттук улуу мурастарын жоготуп, өз байлыгынан ажырап, космо-политтик өнөкөткө өтүп, же улуттук касиети жок, же жалпы адамзаттык нукура маданият дүйнөсүн өздөштүрө албаган, айтор, эт менен челдин ортосунда кал-ган элдер жок болуп кетиши мүмкүн экен.

Экинчи себеби, XX-XI кылымдар-да жер жүзүндөгү бардык өлкөлөрдүн, элдердин карым-катнаштары, байла-ныштары жыл сайын эмес мурдагыдай, күн сайын уламдан-улам күчөп баратат. Муну жалпы-текши дүйнөлөшүү (глобализация) дешет го. Анын жакшы жагы да, жаман жагы да толтура.

Өзгөчө  балдарды,  жаштарды  ал-барстыдай азгырган жагы мени кооп-тондурат.  Эротиканы   ачыктан  ачык даӊазалагандан тартып, зордук-зомбу-лукту, ыймансыздыкты, адепсиздикти таркатканга чейин жетти бу дүйнө. Атасы кызын, агасы карындашын зордуктаган айбандыкты кыргыз мурда миӊдеген- миӊдеген жылдарда уккан эмес. Азыр бар. «Адамзаттын улуу мурасы» атал-ган керемет үлгүлөргө караганда азыр «массалык  маданият»  атка  конгон, көпчүлүгүнүн идеясы паз, деӊгээли төмөн чыгарма сөрөйлөр Жер жүзүн топон суу-дай каптап жатат. Балдарга үй-бүлөнүн, ата-эненин таасирине караганда, ин-тернеттин, чөнтөк телефондун, кулакты тундурган калдыр-шалдыр музыканын, боевик фильмдердин таасири күчтүү… Мына, коркунуч! Мындай коркунучтар-дын алдын алыш үчүн биз улуттук асыл-нарктарыбызды, анын ичинде биринчи кезекте “Манас” дастаныбызды сактап, анын духунда жашап үйрөнүшүбүз керек.

— Азыркы учурда кыргыздардын ичинде совет мезгилинде орусташып кеткендери бар, бир бөлүгү батыштын маданиятын пир тутуп жашап жатат, кайсы бир бөлүгү, анын ичинде жаш-тар дин таасири менен арабдашып кетип баратат. Сиздин баамыӊызда, кыргыздын өздөрүнүн ичинде канча-сында улуттук касиет бар, канчасында кур?

— Өӊү кыргыз көрүнгөнү менен жан дүйнөсү улам улуттук касиеттен оолак-тап бараткандар кичинекей балдардын, жаштардын арасында, мүмкүн, 20-25 пайыздыр, өзгөчө шаарларда. Бул сан жылдан-жылга жогору жылып баратканы сестендирет.

Ошондуктан окуунун, тарбия-таа-лимдин бардык тепкичтериндеги үй-бүлө — бала бакча – мектеп – атайын орто – жогорку окуу программаларын оӊ жакка буруу зарыл. «Улуттук», «жалпы адамзаттык» дегендердин асыл жакта-рын туура айкештирүү тараза чене-ми боюнча программа түзүп ошонун негизинде окутуу, тарбиялоо жөнүндө айтып жатам.

—  Тараза  ченеми  кандай  болсо дейсиз?

—  Менин  пикирим:  Улуттук  үлүшү сексен  пайыз,   жалпы  адамзаттык бөлүгү жыйырма. Бул ортолук ченем. Айрым байлыктардын үлүшү жогору же төмөнүрөөк болушу мумкүн. Айтсак, улут-тук рухту даӊазалаган улуу мурастар-дын токсон-токсон беш пайыз болсо да орундуу. Мисалы, «Манас» эпопеясында улуттук гана ой-максаттар эмес, жалпы адамзаттык маанидеги баалуулуктар бар. Демек, «улуттук», «жалпы адам-заттык» дегендер «Манаска» шайкеш.

Келечекте кыргыз эли да жок болот деп кыргыздын улуттук рух кубатын, касиетин билбегендер айтып атат. «Жок болот» дегендердин тилине айыкпас тибиртке  чыксын!  Жоголбойт.   Бай-ыркы доордон XX кылымдын аягына чейин кыргызды тукум курут кылабыз деген максатта бери жагы он-он эки жолу кыргын болгон. Жок, кылалган жок. «Түгөнгөн сайын түтөгөн түбөлүк экен түбүнөн» деген учкул сөз кыргызга да айтылган. Муну бир деӊиз. Экинчиси – жандүйнөсүн «Манасы» ээлеп турганда; теӊдеши жок уулу Манас Атабыздын ыйык арбагы, өлбөс- өчпөс генийлик ка-сиети колдоп турганда, анын асыл руху күч-кубат берип турганда кыргыз өлбөйт. Адамзат дагы канча мезгил аман болсо, кыргыз да ошончо жашай берет.

Жанын, канын аябай башын канжы-гага байлап элге кызмат кылуу, демек, мекенчилдикке тарбиялоо, такшалтуу байыркы ата-бабаларыбыздан калган. Кээде ынтымагы жок, чабышып турган кырк уруу кыргызды улуу бирикме мам-лекетке чогултуп, улуттун биримдигин камсыз кылуу Манастан мурас. Туш та-раптан душман аӊдып, өздөн чыккан жат, көзкаманчы чыккынчылар кошул-ташыл болуп турганда конфедератив-дик жеӊилбес өлкө куруу “Манастан”. Адилеттүү, нукура демократиялык шай-лоо, мамлекетти, элди үзүрлүү башка-руунун  үлгүсүн  көрсөтүү  «Манаста», адамдын ыймандуу Адам болушунун сабагы, ажырагыс достук, бактылуу үй-бүлө, куттуу өмүрлүк жар болуу сабакта-ры «Манаста». Ошондуктан мен бүгүнкү- эртеӊки Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясынын, саясатынын негиздери «Манас» эпопеяда деп билем. Ошондук-тан кыргыздын улуттук көөнөрбөс касиет-терин сактоо сабагы, келечек жолун кеӊ чабуу үлгүсү «Манаста» дейм.

— Ушул керемет өрнөктөрдү окуу, тарбия-таалим боюнча мамлекеттик программаларга киргизүүнүн зарыл-дыгын айтып атасыз. Ишке ашыруу жолу кандай болуу керек?

— Бул мамлекеттик программаны ка-был алуу, ишке ашыруу үчүн, эӊ оболу баш жетекчилердин саясий эрки керек. Эгерде саясий чечим болсо, анда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга «Кыргызстан-дын бардык мектептерине (кыргыз, орус, өзбек) атайын орто окуу жайларына, бал-дар бакчаларына жумасына эки сааттык Манас таануу сабагы, программалары киргизилсин» деген бөлүкчө кошуу за-рыл. Ал эми программаларды, окуу ки-тептерди, куралдарды даярдоо Билим берүү жана илим министрлигинин, Билим берүү академиясынын, Манас таануу институтунун мойнунда болот.

— Манас таануу сабагы жогорку окуу жайларда киргизилген. Ошондой эле мектептерде да адабият сабагын-да “Манас” үчилтигин окуп үйрөнүп жатышпайбы.

— Бар. Адабияттын алкагында бир саат деп жүрүшөт, бирок Манас таануу билими боюнча атайын адистер жок, даярдалган  эмес.  Эми  гана  биздин институтта даярдап жатабыз. Биздин сунушубуз – Манас таануу сабагын өз алдынча кылуу керек.

— Мектеп окуучуларынын окуу жүгү өтө көп деп бир катар сабактардын сааттары кыскартылып жатпайбы. Манас таануу жумасына эки саат бо-луп кирсе ого бетер оор болот го?

— Өтө оор кылбоо керек. Ал эми Манас таанууга келсек, анда бир сааты азыр эле бар, адабияттын ичинде дебедимби. Дагы бир саатты кошуу зарыл. Табылат. Мүмкүн, кээ бир сабактардын көлөмүн азайтса болот. Ачык айтайын: айрым сабактарды азайтса мейли, бирок кыр-гыздын келечегин ойлоп, Манас сабагын киргизүү, көбөйтүү биз үчүн абадай, су-удай керек!

2011-жылы кабыл алынган «Манас» эпосу жөнүндөгү мыйзамда эпопеябыз-дагы улуу ой, асыл идеяларды кеӊири жайылтуу, илимий тереӊ изилдөө, көздүн карегиндей ыйык сактоо негизги мамле-кеттик максат-милдет болуп коюлган. Төрт жыл өтүп баратат, бирок «мамле-кеттик бул максаттарды аткаралы» деп чечкиндүү киришкен бийликти көрбөй жатам.

Жыл сайын, жок дегенде эки жыл-да бир, күздүн бир жумасында, бардык окуу жайларда, бардык аймак, айыл-шаарларда «Манас» майрамын өткөрүү максатка ылайык. Ал улуттук оюндар, олимпиадалар, талкуулар менен кош-толгон майрам болушу керек. Кеп Кыр-гызстанда тынымсыз, кеӊири жайылган Улуттук мурас, Улуттук рух – «Манас» аурасын, руханий аба-ырайын түзүүдө болуп жатат.

— Сиздердин институт даярдаган мугалимдер кандай артыкчылык же өзгөчөлүктөргө ээ болуп чыгышат?

— Институтубуз адистерди үч багыт-та даярдайт. Бүткөндөр Манас таануу боюнча мугалим, экинчиден, элдик оо-зеки чыгармаларды, Манасты изилдөөчү болот, кийин колунан келсе окумуштуу болот. Үчүнчүсү – улуттук, дүйнөлүк фольклорду аныктоочу боло алат. Бый-ыл аспирантура ачтык, беш аспирант кабыл алдык. Алдыда – докторантура.

— Манас таануу боюнча азыр ади-стер жок дедиӊиз. Сабак өтүп жаткан-дар кимдер, аларга кандай жардам берип жатасыӊар?

— Адабиятчылар, тарыхчылар өтүп жатат. Манас таануу билими, илими тиги адистиктер менен чектеш, бирок башка, өтө кеӊири, өтө татаал чөйрө. Ушуларды эске алып, биздин инсти-тут мугалимдер үчүн 72 сааттык атайын курс-программа түзүп, министрликтен лицензия алганбыз. Чүйдө, Бишкекте, Ош, Талас дубандарында өткөрдүк. Кур-сту бүткөндөргө мамлекеттик атайын күбөлүк-сертификат беребиз.

— Манасты мектепте окутуу үчүн адистешкен мугалимдер эле эмес, атайын окуу китептер да жок эмеспи. Бул жагынан мугалимдерге кандай жардам бере аласыздар?

— Институт түзүлөр замат биз Манас таануу боюнча илимпоздор, мугалимдер окуу китеп, хрестоматия, бардык окуу жайларда  сөзсүз  өтүлө  турган  тема-ларды камтыган атайын, мамлекеттик калып-стандарттык программа чыгардык 2014-жылда. Быйылкы жылдын аягына чейин дагы 5-6 окуу китеп чыгарабыз.

Ошондой эле «Манас Ааламы» аттуу интернет сайт ачтык. Андагы маалымат-тар да биздин мугалдимдерге кесиптик жактан пайдалуу болот деп ойлойбуз.

Маектешкен

К.ЧЕКИРОВ, «Кутбилим»

Кыргыз Республикасынын Президенти А.АТАМБАЕВге,

КР Жогорку Кеӊешинин төрагасы А.ЖЭЭНБЕКОВго,

КР Өкмөт башчысы Ж.ОТОРБАЕВге,

ЖК Маданият билим, илим комитетинин төрагасы К.ОСМОНАЛИЕВге,

бардык депутаттарга,

КР Билим берүү жана илим министри Э.САРИЕВАга

Жалпы текши дүйнөлөшүү-глобалдашуу эртеӊки эле келечекте жер жүзүндө оӊдогон, саны аз, чакан элдердин жок болуп кетишине алып барары шексиз. Бул жөнүндө 2011-жылдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да өз баяндамасында айткан. Материалдык байлыктардын, турмуш-тиричи-ликтин, руханий тарапта стандартташуусу, “массалык маданият” аталган көпчүлүк көрүнүштөрүнүн сапаты, идеялык мазмуну төмөн, ыймансыздыкка, зордук-зом-булукка толгон чыгармалары Кыргызстанды селдей каптап баратат. Жаш муундарга өтө жаман таасирин тийгизип, улуттук касиеттен улам оолактатып жатат.

Эгерде кыргыз элинин келечек өмүрүн сактап ка-лалы десек, эгерде адамзаттын маданиятын көкөлөтө байыткан кыргыздын “Манас” эпопеясы баш болгон пассионардык улуу мурастары кылымдардан кылым-дарга уланып жашай берсин десек, анда:

а. 2011-жылдын 28-кулжа күнү КР Жогорку Кеӊеши кабыл алган “Манас” жөнүндө мыйзамда;

б. Бул мыйзамдын аткарылышына арналган өкмөттүн “Улуттук программасына” (2011–ж. бештин айы);

в. Улуттук мурастарды өздөштүрүү, кеӊири жайылтуу боюнча КР Президентинин 2011-2012-жылдарындагы буйруктарына;

г. “Манас” эпопеясын дүйнөлүк руханий мурас ката-ры каттоодогу ЮНЕСКОнун талаптарына жана Кыргыз-стандын милдеттерине ылайык, республиканын бардык кыргыз, орус, өзбек мектептеринин, атайын орто окуу жайларынын окуу пландарына манастаануу сабагын өз алдынча киргизүү зарыл. Бул үчүн Манас таанууну өз алдынча предмет катары орто билим берүүнүн мам-лекеттик стандартына киргизүүнү расмий чечүү керек.

“Манас” эпосу жөнүндө мыйзамда, бул эпопеяны өлкөдө, дүйнөдө кеӊири таркатуу, илимий тереӊ изилдөө, жана ыйык сактоо деген үч талап, милдет коюлган. Бирок бул талаптардын аткарылышы азырынча абдан начар.

“Манас” жана башка эпикалык улуу мурастарды өлкөнүн бардык окуу жайларында, балдар бакчаларында окутуу менен гана аларды кеӊири жайылтуу, жаштардын жан дүйнөсүн, улуттун руху менен байытуу мүмкүн.

Ошондуктан:

1. 2015-2016-окуу  жылынан  баш-тап Манас таануу сабагын өз алдынча мектептердин 9,10,11-класстарына жана атайын орто окуу жайларга киргизүү зарыл. Манас таануу адабий сабагынын алка-гында жумасына бир саат өтүлсүн деген чечим болгон. Бирок адистердин жоктугуна байланыштуу, кайдигерлик мамиленин кесепетинен начар өтүлөт же өтүлбөйт. Демек, адабияттан бир саат алып жана дагы бир саат кошуп, Манас таануу сабагын өз алдынча, бир жумада эки саат өтүү керек. Ошондо таасирдүү болот.

2. 1-8-класстарга Манас таануу сабагын, бир жумада эки саат көлөмүндө, 2016-2017-окуу жылынан баштап киргизүү абзел.

3. Ал эми бала бакчаларга Манас таануу програм-масын 2016-жылы баштоо максатка ылайык.

Манас таануу программасын мектептер, атайын орто окуу жайлар жана бала бакчалар үчүн (Манас таануу институту жогорку окуу жайларга атайын программа, окуу китеп, хрестоматия чыгарган, 2013-ж.) Манас та-ануу институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана мектептердин, бала бакчалардын тажрыйбалуу муга-лимдери, тарбиячылары менен бирдикте түзүп берет.

Мындай сунуш Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлгөн.

Азыр балдарыбызга, жаштарга өзүбүздүн улуттук руханий байлыгыбыздан көрө Батыштын маданияты катуу таасир берип жатканы талашсыз. Албетте, биз улутубуздун көөнөрбөс мурастары менен адамзаттын керемет байлыктарын айкештире өздөштүрүшүбүз парз.

Кыргыз улутунун тарыхый келечек тагдырына түздөн-түз тиешеси бар мамлекеттик маанидеги олуттуу бул маселени бийлик органдары тез арада чечет деген үмүт менен,

Т.ТУРГУНАЛИЕВ– филол. и.к., ардактуу профессор, Манас таануу институтунун жетекчиси,

С.БАЙГАЗИЕВ– Кыргыз билим берүү академиясынын вице–президенти, профессор,

Р.КЫДЫРБАЕВА– филол.и.д. , КУИА корр. — мүчөсү,

А.АКМАТАЛИЕВ– академик, филол.и.д., КУИА

Ч.Айтматов ат. институтунун жетекчиси,

Р.ИСАКОВ– манасчы, «Манас» — мурас коомунун төрагасы,

Д.СЫДЫКОВ– манасчы, «Саякбай манасчы» коомдук фондунунун жетекчиси,

Б.РОМАНОВ– Республикалык «Манас» жаштар ордосунун жетекчиси,

Т.АБДЫРАХМАНОВ– тарых.и.д., профессор, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору,

Ж.БАЙСАЛОВ – пед.и.д., профессор, Педагогика институтунун жетекчиси,

Г.АКИЕВА– пед.и.д., профессор, М.Р. Рахимова атындагы ИПК, ПК жетекчиси,

З.ТУРДУКУЛОВ– экон.и.д., профессор, Экономика институтунун жетекчиси,

М.ЧОРОВ – пед.и.д., профессор, ФБиХ факультетинин деканы,

Ш.АЛИЕВ– физ-мат. и.д., Маалыматтык технология институтунун жетекчиси,

Ч.ДҮЙШӨНАЛИЕВ– Гуманитардык билим берүү институтунун жетекчиси ж.б

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*