Туратбек ДУЙШЕНАЛИЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН КИРГИЗҮҮ КЕРЕК”

Республикадагы жогорку окуу жайлардын эки баскычтуу билим берүүгө өткөнүнө үч жылга жакындап калды. Бирок Болон процессинин принциптеринде адистер даярдалып жатканы менен бул тармакта дагы эле чечилбей жаткан маселелер арбын экендигин, өзгөчө Мамлекеттик стандартты кайрадан иштеп чыгуу, окуу пландарын түзүү маселеси орчундуу болуп жатканын эксперттер, жож жетекчилери айтып келет. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Дуйшеналиев Туратбек Мамлекеттик стандартты иштеп чыгууда эске алына турган жагдайлар жана жогорку билимдин сапатын арттыруу үчүн кандай кадамдарга баруу керектигин “Кутбилимге” берген маегинде айтып берди.

— Туратбек Болотбекович, Билим берүү жана илим ми-нистрлигинде өткөн жыйында ЖОЖдор Болон процессине то-лук өткөнү менен бир катар про-блемалар жаралып жатканын, билимдин сапатын арттыруу үчүн  тез  арада  Мамлекеттик билим берүү стандарттарын кайрадан иштеп чыгуу зарыл-дыгын  айтып,  адистиктерге жараша айрым сабактардын саатын  кыскартуу  сунушун киргиздиӊиз эле.

— Учурда бул жогорку билим берүү тармагындагы көйгөйлүү маселелердин   бири  болууда. Биздин окуу жай дагы башка окуу жайлардай эле 2012-жылы эки баскычтуу билим берүүгө толук өткөн. Бирок ага чейин эле Кыр-гыз-Герман техникалык институту толук бойдон Болон процессинин принциптери менен адистерди даярдап келе жаткан. Андан сырт-кары машина куруу технологиясы, электр энергетика багытындагы айрым адистиктер пилоттук негиз-де эки баскычтуу билим берүүгө өтүп, иштеп жаткан. Ошондо биз-дин окуу жайды он жылдан ашуун убактан бери топтогон тажрый-басы бар окуу жай десек болот. Мен ошол он жылдык тажрыйбага таянып бул проблеманы көтөрүп жатам. Себеби бизде гана эмес башка жогорку окуу жайлардын баардыгында беш жылдык про-грамманы  бакалаврдын  төрт жылдык программасына сыйды-рып салдык дагы, ошол жүктөм менен студенттерди окутуп жата-быз. Ал биринчи эле студенттер-ге ашыкча жүк болуп калды. Ми-салы, бир семестрде он бир, он эки экзамен тапшырып жатышат. Бул албетте, студент үчүн абдан оор. Өзгөчө татаал сабактарды студенттер өздөштүрө албай ка-лышты. Анан алар эптеп окууну бүтүштүн айласын табыш үчүн ар кандай кадамдарга бара баш-ташты. Натыйжада коррупцияга жол ачылды.

Экинчиден,  сабактардын санын  көбөйтүү  сыяктуу  терс көрүнүштөр  пайда  болду. Үчүнчүдөн, 90-жылдардан кий-ин мектептеги билимдин сапаты төмөндөп кетти. Эгерде жогорку окуу  жайларда  мурдагы  совет кезиндегидей талапты сактасак, анда  студентсиз  калмакпыз. Ошондуктан жогорку окуу жайла-рында билим деӊгээли төмөндөп кетти.

Азыр министрлик дагы, өкмөт дагы билим берүүнүн сапатын жо-горулатууга басым жасап, бизден дагы талап кылып жатат. Бирок ал талаптарга жооп бериш үчүн жогорку окуу жайларга дагы мам-лекет тарабынан жардам, колдоо керек. Окуу жайлардын сапатты жогорулатуу үчүн жасаган ара-кеттери көп учурда колдоо жок-тугунан жакшы жыйынтык бербей калууда. Мисалы, жогоруда ай-тылгандай, окуу стандарттарын-да, окуу пландарда көп кемчилик-тер бар. Негизги кесипке таасири тийбеген  сабактар  стандартка кирип калган, ошолорду мүмкүн болушунча азайтышыбыз керек. Мисалы, тилдерди айтсак. Орус, кыргыз тилдерин мектепте 11 жыл окушат. Анан жожго келип дагы окушат. Менимче, өзгөчө инже-нердик, техникалык адистиктерди даярдаган окуу жайларда дагы эки жыл тилдерди окутуунун за-рылдыгы жок. Балким филология же гуманитардык багыттагы ади-стерди даярдаган окуу жайларда ал сабактар керектир, бирок инже-нерлерге, тоо кенчилерге, энер-гетиктерге анын кереги деле жок. Аларга мектептен алып келген билими эле жетиштүү болот. Би-рок акыркы күндөрү тескерисин-че ал сабактардын сааты көбөйө баштады. Андан сырткары соци-алдык илимдердин таасири дагы чоӊ болуп жатат.

Кыргызстандын тарыхын балдар мектептен эле жакшы өздөштүрүп келишет. Бул сабак дагы зарыл адистиктерде гана окутулуш керек. Бул жалаӊ эле менин пикирим эмес. Муну кафедра башчылары дагы айтып, тастыктап жатышат. Башка сабак-тарды алсак мүмкүн философия керектир, бирок культурология, политилогия, Манас таануу сыяк-туу сабактарды бир факультатив-ге чыгаруу зарылдыр. Албетте, менин бул пикириме айрымдар каршы чыгышы мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө техника илиминин бакалаврын даярдап чыгарууда ал сабактар убакытты көп ээлеп жатат. Биз ага караганда жалпы инженердик сабактардын саатын көбөйтүшүбүз керек эле. Анткени жалпы инженердик кесиптерди жакшы окуп алса, кийин калга-нын өзү эле өздөштүрүп кетмек. Ошондуктан жаӊы стандарт жа-зылып жатканда ушул маселелер-ди эске алышыбыз керек. Эгер-де эч нерсеге карабай ушундай өзгөрүүлөргө барсак, мыкты ади-стерди даярдоого жетишебиз. Се-беби азыр көп инвестиция келип жатат. Мамлекет Бажы союзуна киргенден кийин көп инвестици-ялар, өндүрүштө илимге, инно-вацияга таянган технологиялар келет. Биз ошондой шартта иштеп кете ала турган жаш муунду да-ярдашыбыз керек.

Анан сөзсүз түрдө магистрату-раны өнүктүрүшүбүз керек. Айрым кесипке  тийиштүү  сабактарды магистратурага калтырсак деле

болот. Бирок магистратура бүгүн анчейин өнүгө элек. Биз ушундай маселелердин баарын эске алып, 2012-жылы тоо-кен тармагында параллелдүү  түрдө  эки  багыт-та: бакалавр жана магистратура жана беш жылдык билим берүүнү эксперимент катары калтырдык. Учурда баарын салыштырып, ана-лиздеп жатабыз.

—  Мамлекетте  эне  тилди өнүктүрүүгө басым жасалып жатканда жогорку окуу жайлар-дан кыргыз тилинин, Кыргыз-стандын тарыхы сабагынын сааттарын  кыскартып  салуу Улуттук  идеологияга  каршы чыгып калбайбы?

—  Албетте,  бул  өтө  татаал маселе.  Улуттук  идеология-ны баштапкы планга чыгарып, кыргыз  тилин  өнүктүрүшүбүз, өздөштүрүшүбүз керек деп жа-табыз. Кыргызстандын намысын коргогон, экономиканы алдыга жылдырып кете ала турган, чы-ныгы патриот жаштарды тарбия-лашыбыз керек. Бирок ушул жер-ден бизге ким керек экендигин жакшылап түшүнүп алуубуз за-рыл. Сапаттуу энергетиктерби же тилди, культурологияны жакшы билген сапатсыз энергетиктер-би. Ошондуктан алгач өндүрүшкө таянуу менен Улуттук квалифи-кациялык чектерди иштеп чыгы-шыбыз керек. Өндүрүшчүлөр, иш берүүчүлөр менен тыгыз иште-шип, кандай квалификациялар, компетенциялар менен биздин бүтүрүүчүлөр рынокто өз ордун таба алат, атаандаштыкка кандай туруштук бере алат деген чек-терди аныкташыбыз керек болчу. Бирок бул иш жүргүзүлгөн жок.

Эми гана Билим берүү жана илим министрлигинде биринчи жолу ев-ропалык долбоорлор аркылуу бул иш жүргүзүлүп жатат. Эми анын негизинде Улуттук жана сектор-дук квалификациялык чектерди аныкташыбыз керек. Андан кийин гана ага таянып Улуттук билим берүү стандарттарын кайрадан иштеп чыгуу зарыл. Анын неги-зинде окуу пландары өзгөрөт. Ал эми окуу пландарын өзгөрткөндө сөзсүз түрдө жогоруда айтылган кемчиликтердин баардыгын эске алуу зарыл. Ошондо гана заман талабына жооп берген адистерди даярдай алабыз.

— Мамлекеттик билим берүү стандартын  иштеп  жатканда дагы  кандай  кемчиликтерге көӊүл буруу керек?

— Бул ишти баштоо үчүн жого-руда айтылгандай алгач квали-фикациялык чектерди аныктап алышыбыз керек. Ал дагы чоӊ жумуш. Анан ошонун негизинде кайрадан стандарт иштеп чыгуу зарыл. Чындыгында бул сабак-тарды сөзсүз түрдө окутпастан адистиктерге  жараша  кыскар-туу же саатын азайтуу, балким, тандап  алуу  курсуна  киргизүү сыяктуу өзгөрүүлөргө барбасак, сапаттуу адис чыгара албайбыз. Муну ишке ашырууну окуу жай-лардын өздөрүнө койсо, аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилсе жакшы болмок. Себеби ар бир окуу жай даярдаган адистикте-рине жараша иштин кайсы жа-гынан  аксап  жатканын  жакшы билет. Мүмкүнчүлүктөр бардык окуу жайларга берилбесе дагы эксперимент  катары,  2-3  уни-верситетке берилсе, алар Мам-лекеттик  стандарттарды,  окуу пландарын өздөрүнүн жана чет мамлекеттердин тажрыйбасына таянуу менен даярдаса жакшы болмок. Дүйнө боюнча Германи-яда эӊ мыкты инженерлер даяр-далат. Эгерде немистердин таж-рыйбасына таяна турган болсок, аларда 1-курстан баштап окууну бүткөнчөктү жалаӊ өзүнүн кесиби боюнча окутушат. Бизге окшоп жалпы курс деген жок. Машина куруу технологиясы адистиги бо-юнча алсак, 1-курстан баштап эле кесибине тиешелүү сабактарды гана окушат. Окуу планы дагы ошого  жараша  түзүлгөн.  Анан кесиптик  практикага  көбүрөөк көӊүл бурушат. Айрым жождору студенттерин жарым жылга чейин завод-фабрикаларга практикага жөнөтүшөт. Албетте, ал жакта алдыӊкы завод-фабрикалар, кор-порациялар көп, өндүрүш башка-ча. Бирок биз дагы мүмкүнчүлүккө жараша практиканын мөөнөтүн көбөйткөнгө аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана студентке теориялык алган билимин прак-тика менен айкалыштырууга шарт түзүлөт.

Бирок бизде эӊ чоӊ проблема мектепте болуп жатат. Балдардын 50% математика, физика, химия, информатика сабактарынан өтө төмөнкү билим менен келип жа-тышат.

Дагы бир орчундуу маселе — Билим берүүнүн сапатын баш-каруу системасын ар бир окуу жайга киргизүү керек. Эл аралык мыкты окуу жайларда бул система жакшы ишке ашырылып жатат. Ал киризилсе эч ким кийлигише албай калат. Система өзү эле сапаттуу адистерди даярдаганга окуу жайды мажбурлайт. Анда окутуучулардын квалификациясы, деӊгээли, лабораториялардын жабдылышы, студенттерге, окуту-учуларга болгон бардык талаптар эске алынат. Эгерде бул систе-ма киргизилсе, жаӊы стандарт, жаӊы окуу планы иштелип чыкса, каалайбызбы, каалабайбызбы, жож эч кимге көз каранды болбой калат дагы, сапаттуу адистер да-ярдала баштайт.

Албетте, мунун баарын кыска мөөнөттө жөнгө салуу кыйын. Буга чоӊ каражат, чоӊ күч, убакыт анан аракет керек. Азыр муз ордунан козголуп, акырындык менен иш-тер башталды, бирок жыйынтыкты бүгүн же эртеӊ эле ала албайбыз.

— Сиз жогоруда тоо-кен тар-магында параллелдүү түрдө эки багытта: бакалавр, магистра-тура жана беш жылдык билим берүүнү эксперимент катары калтырдык, учурда баарын са-лыштырып, анализдеп жатабыз дедиӊиз. Кандай жыйынтыкка келип жатасыздар, эки систе-мадан кандай өзгөчөлүктөрдү, айырмачылыктарды  байкай алдыӊыздар?

— Болон процессине каалай-бызбы, каалабайбызбы өтүшүбүз керек. Анткени бул дүйнөлүк тен-денция. Бирок ошол эле учурда со-вет мезгилинен бери түптөлүп кал-ган системаны дагы такыр сыртка сүрүп салбашыбыз керек. Анткени өзгөчө инженердик, техникалык кесиптер, табигый илимдер дүйнө боюнча советтик өлкөлөрдө мыкты окутулчу. Бүгүнкү күндө дүйнөдө илимий макалалардын көбү англис тилинде жазылып жатканы менен алардын көбү, тактап айтканда, 60% орус тилиндеги китептерге, илимий ачылыштарга таянышат. Демек, бул советтик билим берүү системасынын топтогон багажы бүгүнкү күнгө чейин талап кылы-нып жаткандыгын айкындап турат. Ошондуктан Кыргызстан үчүн эски система дагы деле зарыл.

Маектешкен

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*