ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАР АДИСТЕШТИРИЛЕТ

Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларын оптималдаштыруунун критерийлерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык окуу жайлар адистештирилип, бирин-бири кайталаган же профилине туура келбеген адистиктер жабылат.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жогорку окуу жайлардын ректорлору менен болгон жолугушуу да окуу жайларды жасалмалуу түрдө жабуу менен маселе чечилбестигин практика көрсөтүп жаткандыгын айтып, жождорду оптималдаш-тыруунун башка жолдорун су-нуштап, ректорлорду министрлик менен биргеликте билимдин са-патын көтөрө турган чектерди жана эрежелерди иштеп чыгуу-га чакырды. Буга чейин минис-трликте түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия ректорлордун, депутаттардын  коомчулуктун өкүлдөрүнүн сунуштарынын не-гизинде ЖОЖдорду баалоонун критерийлерин кайрадан карап чыккан.  Бул  критерийлердин негизинде бардык жогорку окуу жайлар текшерилип, анализден-ген. Натыйжада эки жылдан бери 12 жождо айрым адистиктерге абитуриенттерди кабыл алуу ток-тотулган. Бирок дагы деле кээ бир окуу жайларда профилине туура келбеген адистиктер бар экендигин  министр  баса  бел-гилеп, сапатка жетүү үчүн окуу жай жетекчилеринин каалоосуна карабай чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин айтты.

Андан сырткары магистранттарды даяр-доо уруксатын талапка жооп бер-ген чоӊ-чоӊ окуу жайларга гана берүү зарылдыгын белгиледи. Себеби учурда заман талабына жооп берген дагы, жооп бербеген дагы окуу жайлар магистраттар-ды даярдоодо. Буга чейин окуу жайларда ачылып кеткен юриди-калык жак статусундагы бардык структуралык  бөлүмдөр  дагы жабылууга тийиш.

– Быйыл мүмкүнчүлүктөн пай-даланып бардык мамлекеттик жогорку окуу жайлар сапаттуу иш жүргүзүп жатканын көрсөтүп калуусу керек. Өзгөчө структу-ралык бөлүмдөр жабылып, бир окуу жайда бир гана юридикалык жак болушу зарыл. Бул Өкмөттүн ЖОЖдорду оптималдаштыруу концепциясынын талаптарына туура келет, – дейт министр.

Буга чейин министрлик жо-горку окуу жайлары оптимал-даштыруу  боюнча  «Өзүн-өзү каржылоого  өткөрүлө  турган мамлекеттик жогорку окуу жай-лардын тизмеси жөнүндө» жана «Эффективдүү иштебеген мам-лекеттик жогорку окуу жайлары-нын тизмесин аныктоо жөнүндө” Өкмөттүн токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Долбоордо Бишкек гуманитар-дык, Кыргыз-Өзбек, Ош техно-логиялык, Талас мамлекеттик университеттерин  өзүн-өзү каржылоого өткөрүү жана бир катар эффективдүү иштебеген окуу жайларын бириктирүү су-нушталган. Коомчулуктан келип түшкөн  кайрылууларды  жана сунуштарды эске алуу менен, Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт ко-митети өкмөттүн бул токтомун кароонун мөөнөтүн узартуу че-чимин кабыл алган. Жогорку окуу жайлардын же-текчилери болсо министрликтин жождорду оптимизалдаштыруу боюнча мындай сунуштарын кол-доо менен учурда ар бир окуу жай өзү эле билим берүүнүн эл аралык алкагына кирүү үчүн ин-теллектуалдык, профессионал-дык жана адамдык потенциалына жараша алдыга умтулуп, изденип жаткан учуру экендигин айтышат.

–  Ар  бир  окуу  жайдын  ке-лечеги рынок шарттары жана керектөөлөрү талап кылган кон-куренцияга чыдамдуу адистер-ди кандай деӊгээлде даярдап жатканына байланыштуу болот. Рынок өзү эле бара-бара окуу жайларды иргеп, талдап, тан-дап алат. Эгерде бардык окуу жайларга бирдей талап, бирдей жоопкерчилик жүктөлсө, кайсы бир  окуу  жайга  артыкчылык берилбесе,  иш  жүзүндө  окуу жайлар  мезгил  өтүшү  менен өзүнөн-өзү кыскарат. Андыктан азыр бизге тереӊ ойлонулган, Кыргызстандын билим берүү си-стемасы жабыр тартпай турган, тескерисинче, өнүгүүгө жол ача турган реформаларды, кадам-дарды жасоо керек, – дейт Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков.

            110 баллдан жогору топтогон абитуриентке жол ачык

            Быйыл  жогорку  окуу  жай-ына  жалпы  республикалык тестирлөөдөн 110 баллдан жогору топтогон абитуриенттер гана кабыл алынат. Мурунку жылдардагыдай босого  баллы  төмөндөтүлбөйт. Мунун негизинде окуу жайга тап-шырган абитуриенттердин саны дагы төмөндөшү мүмкүн. Бирок ми-нистрлик санга эмес сапатка карай багыт алып жатканда, эч кандай төмөндөтүүлөргө барбайт.

–  Былтыркы  кабуу  алуу өнөктүгүндө айрым окуу жайларда босого баллдын төмөндөтүлүшү негизги тартип бузуулардын бири болгон. Бирок биз быйыл андай төмөндөтүүгө  барбайбыз.  Жо-горку окуу жайга аз болсо дагы жөндөмдүү, билимдүү жаштар ба-рышы керек. Ошондуктан быйыл негизги тесттен 110, предметтик тесттерден  60  баллдан  жогору топтогондор гана кабыл алынат. Тийиштүү балл топтой албагандар орто кесиптик окуу жайына тапшы-рышат, – дейт Э.Сариева.

Министрликтин мындай чечи-мин жогорку окуу жайлардын жетек-чилери дагы колдоп, кабыл алууда босого баллды төмөндөтүүнүн ка-жети жок деп эсептешет.

– Жогорку окуу жайга өтүүдө босого  баллды  110  балл  кы-лып бекитүүнү колдойм. Себеби 110  балл  тест  тапшырууда  эӊ төмөнкү көрсөткүч. Андан ылдый-кы көрсөткүч абитуриенттин би-лиминин начардыгын далилдейт жана келечекте кайра эле начар адистердин даярдалуусуна өбөлгө болот, – дейт Кыргыз экономикалык университетинин ректору Төлөбек Камчыбеков.

ОшМУнун  ректору  Каныбек Исаков болсо жалпы республика-лык тестирлөө жогорку окуу жай-га тапшыруудагы коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюп, окуу жай жетекчилигинин дагы ишин бир ка-тар жеӊилдетээрин белгиледи.

 Ошол эле учурда министр жо-горку окуу жайларга бүтүрүүчүлөр арасында  багыт  берүүчү  иш-чараларды эрте баштап, кабыл алуу өнөктүгүн адилеттүү, сапат-туу жана ачык-айкын өткөрүү тап-шырмасын берди. Өзгөчө грантты корундарга  кабыл  алууда  ачык-айкындыкты  камсыздоо  зарыл экендигин ректорлорго эскертип, бардык кабыл алуу ишин автомат-таштыруу тапшырды. Себеби был-тыркы кабыл алуу өнөктүгүндө бир катар тартип бузуулар болгондугун министрликтин жумушчу комисси-ясы  аныктап  чыккан.  Андыктан быйыл  кабыл  алуу  өнөктүгүндө эч кандай тартип бузууларга жол берилбеши керек. Министрлик бол-со зарыл нормативдүү актыларды кечиктирбей бекитип, кабыл алуу өнөктүгүнүн шарттарын эрте жа-рыялайт.

Белгилей кетсек, былтыр грант-ты корундарга кабыл алуу үчүн ба-шында босого баллы 110, контрак-ттык окууга 105 балл деп коюлуп, акырында орундар толбой калган педагогикалык, айыл чарба, курал-дуу күчтөр жана укук коргоо ади-стиктерине кабыл алуунун босого баллы 95 ке чейин төмөндөтүлгөн. Бирок ага дагы карабастан грант-тык орундар толбой калган.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

«Кутбилим»

1 Kомментарий

  1. 110 & 60 балл тест билим беруудогу эн коррупцияланган адам баласынын онугуу жолуна болгон тоскоолдук, келечектин шагын сындыруу механизмдеринин бири деп билебиз.
    Откоон учурга кайрылсак мугалимдердин студент окуучуларга берген чыныгы педагогикалык кесиптик бааларынын негизинде тандалган кесипкойлор оз кесиптерине берилип иштегени сезилчу, оздору да сыймыктанып эл алдында, туугандарыма, дос чарыма, ата энеме уят болбоюн деп алдыга ымтылчу. Азыр эмне тест 110&60 балл кана 11 жыл 4,5ке окуган эмгектери адептуу оздорун алып жургондору же жогорку окуу жайдагы студенттердин 5-8 жыл окуган эмгектери, кана педагогикаклык баа обурой.
    ТЕСТ- андан коро окуучуларды, студенттерди окутпай эле мугалимдерди кыйнабай эле жашына карап убактысы келген учурда тест боюнча консультация отуп 3 ай жаттатып компьютерден тапшыртса анын отушот, окумотко да чоон пайда келмек.
    Урматтуу билим беруучулор тумандан чыгуу керек келечекти ойлоо, бироонун башы эмес кыргызстандын башын иштетуу зарыл, олконун келечеги силердин колунарда.?.?.?.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*