ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУДАГЫ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн комиссия айрым окуу жайларда  ЖРТнын жыйынтыгы жок же болбосо босого чектен төмөн балл алган абитуриенттер кабыл алынып, мыйзам бузууларга жол берилгенин жарыялады.

Жогорку окуу жайлардын кабыл алуу комиссияларынын ишин текшерүү үчүн Билим берүү жана илим министри Э.Сариеванын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, бир айда 17 мамлекеттик жана үч мамлекеттик эмес окуу жайы текшерүүгө алынган. Натыйжада КММА, Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине жана ИСИТО, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Чыгыш университети, Кыргызстандагы эл аралык университети, КМЮА сыяктуу бир катар окуу жайлардын айрым адистиктерине кабыл алууда тартип бузуулар болгондугу аныкталган.

– Жалпысынан алганда бардык окуу жайларда ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу тартиби сакталып жаткандыгын текшерүү көрсөттү. Бирок айрым окуу жайларда белгилүү себептер менен тартип бузууларга жол берилген. Буга кимдин канчалык күнөөсү бар экендигин укук коргоо органдары иликтеп чыгышы керек. Мисалы, КММАнын, Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине босого баллынан төмөнкү балл алган абитуриенттерди кабыл алуу Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен жүргүзүлгөн, – дейт комиссиянын төрагасынын орун басары Алмазбек Акматалиев.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына 2012-жылы 42 абитуриент, анын ичинен 20 контракттык бөлүмгө, 2013-жылы 14 абитуриент, 2014-жылы тогуз абитуриент Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен кабыл алынган. Алардын ичинен 11 ЖРТнын сертификаты болгон. Калган 17 абитуриент этникалык кыргыздар. Бирок текшерүү учурунда аларды ички экзамен менен кабыл алынгандыгын тастыктаган эч кандай документ болгон эмес. Акыркы үч жылда Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен КММАга босого баллынан төмөнкү балл менен төрт абитуриент кабыл алынган.

Ушуга окшогон тартип бузууларга Кыргыз-Орус Славян университетинде дагы жол берилген. 2013-жылы Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы К.Осмоналиевдин өтүнмө каты жана министрликтин буйругу менен медициналык факультетине 26 абитуриент кабыл алынган.

– Бул студенттер эки окуу жайга тең министрликтин алдында түзүлгөн гранттык комиссиянын чечими менен жана Жогорку Кеңештин депутаты К.Осмоналиевдин өтүнмө каты аркылуу кабыл алынган. Бирок министрликтин алдында түзүлгөн гранттык комиссиянын мындай чечим чыгаруусу канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендиги талаш нерсе. Себеби комиссиянын максат, милдеттери жана укуктары эч жерде жазылбаптыр, – дейт А.Акматалиев.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*