БАЛДАРГА ЫРЛАРЫН ЭЛЕ ЭМЕС, ЖҮРӨГҮН ДА АРНАГАН АМАНАТ

Аманат КАЧИЕВА кесиби боюнча журналист. Ал 20 жылдан ашык Тоӊ райондук “Эмгекчил” газетасында, андан соӊ ошол эле райондогу Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте тилчи мугалим болуп эмгектенип келди. Билим берүүнүн отличниги. Мектеп окуучуларынын окуу программасына ылайыкталып жазылган “Ата сөзү”, “Өчпөс үмүт”, “Учкул сөздөр урпактарга мурасым” китептеринин автору.Ал өзү туулуп-өскөн Тоӊ районундагы Жумаш Эшперов айылындагы М.Дөгдүров атындагы орто мектебинде уюштурулган адабий ийрим “Аманат Качиева атындагы адабий ийрим” деп аталат. Ошондой эле мектептин китепканасында анын эмгектери, эстелик буюмдары коюлуп, учурда мектепте иштебесе да, окуучулар менен тыгыз байланышта болуп келет.

Кичинекей Аманат жана “Кыргызстан пионери”

Аманат эже эс тартканы ыр китептерди сүйүп окуп чоӊойду. Кичинекей кызынын ырга кызыгып жүргөнүн байкаган атасы Качы ага балдар үчүн жазылган атайын ыр китептерди сатып берчү. Алгачкы окуган, автору эсинде калбаган “Карыя печтин тоюнда” деген орус акынынын жана Б.Асаналиевдин “Жаз боегу” деген китептери түбөлүккө эсинде калды. Эженин өзгөчө сүйүп окуган гезити “Кыргызстан пионери” гезити боло турган. Бул гезит учурунда бардык окуучулардын сүйүп окуган гезити болчу. Чыгармачылыкка кызыккан далай жаш таланттардын тушоосу да ушул гезиттен кесилчү эмес беле.

Айткандай эле Аманат эженин да “Пионер” деген алгачкы ыры ушул “Кыргызстан пионери” гезитинин бетинде жарык көрдү. Ал кезде Аманат эже 7-класста окуп калган.

– Атам Качы өз заманынын билимдүү кишилеринин бири эле. Менин китеп окууга кызыгуумду чын пейилинен колдоп, ыр китептерди сатып берчү. Мен ал китептердин ичинен айрым ырларын жаттап, түшүнүп, өзүм да ыр жазууга кызы-гып калдым. Мектепте ыр сабагы болгондо ошол ырлардын айрымдарын жатка айтып берип, классташтарымдын көӊүлүн бурчумун. Ошол китептердеги ырлардын тарбиялык таасири чоӊ эле. Мен 7-класска окуп жаткан кезимде «Кыргызстан пионери» газетасына аймактардагы мектеп окуучуларынын ырлары көбүрөөк жарыкка чыга баштады. Аларды кызыгып окуп жүрдүм. Өзүм да ыр жазууга шыктанып, колума калем алдым. Эӊ алгачкы жолу «Пионер» деген ыр жазып, газетага жөнөттүм. Андан кийин «Жаш Ленинчи» журналына «Сүйүндүн кыялы» аттуу ырым жарыяланды. Ушундан кийин республи-калык газета-журналдарда көптөгөн ырларым чыга баштады.

Поэзия дүйнөсү чындыгында жан дүйнөмдүн байлыгы деп эсептеймин.

Кайда  жүрсөм алтындан да эӊ кымбат,

Поэзия–бул   көөнөргүс байлыгым.

Тартуу кылам окурмандар            окусун,

Ырга   арнайм бүт күчүмдүн бардыгын– деп бир жылдарда

поэзия тууралуу жазган элем, – деп эскерет Аманат эже.

“Эмгекчилге” жуурулушкан жаштык кез

Тоӊ райондук «Эмгекчил» газетасында Аманат эженин жаштык кезинин далай кызыктуу күндөрү өттү. Ал кез совет доору эмес беле, редакцияда тартип күчтүү болчу. Газета-журналдарды компар-тия өзүнүн көзөмөлүнө алчу. “Эмгекчилде” Сабыр Калканов, Кеӊеш Баратбаев, Тукай Ибраимов, Жак-шылык Жээнчороев, Чогулуш Такенов, Жээнбай Түркөбаев, Мээркан Токсобаева, Турдугул Усупов сыяктуу сөз устаттары менен бирге иштеп, алардын бай тажрыйбаларын үйрөндү. Кагаз менен кара май жыттанган типографиянын цехи, андагы арип терүүчү машиналар эсинде унутулбай сакталып калды. Кээ бир күндөрү арип терүүчү машиналар техни-калык ар түрдүү себептерге байланыштуу бузулуп калганда түнкү саат 2-3кө чейин иштеп, үйгө таӊга жуук барган канча күндөрү болду дейсиз… Аманат эже 20 жыл ак эмгегин арнап, журналистиканын каза-нында кайнап, калемин такшалткан “Эмгекчил” газе-тасы 1941-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келатат. Аманат эженин калемдештеринин бири Айгүл Абдымомунова эже тууралуу “Өзүнүн кайраттуу-лугу, эркинин күчтүүлүгү жана ташкындаган чыгар-мачылыгы менен ооруну жеӊип, балдар дүйнөсү менен аралашып, жүрөгүнөн чыккан ыр саптарын жазып келет. Эже менен баарлашканда анын жан дүйнөсүнүн тунуктугу, адамгерчилигинин бийиктиги жана өтө жумшак мүнөзү менен адамды өзүнө тартып турганын баамдайсыӊ. Өтө эле жөнөкөй, мээримдүү эженин калеминен жаралган ырлары дагы ак кагазга шурудай тизилип, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап турат. Аманат эжеден кеп-кеӊеш сурап, сыр бөлүшүп, чыгармачылыгындагы жаӊылыктарынан ар дайым кабардар болуп турам. Акын эжеме каа-ларым ойлогон ойлору ишке ашып, дени сак болуп, калеми колунан түшпөй, чыгармачылыгы ташкындап, ар дайым арабызда аман жүрсүн” – деген каалоо тилектерин билдирди.

Журналистикадан мугалимдикке

Кайра куруунун капшабы менен көп адамдар өз кесибин өзгөртүшүп, күнүмдүк көр оокаттын айынан мурда үч уктаса түшүнө кирбеген кесиптерге өтүп ке-тишти. Көбү соодагер, дыйкан, фермер болушту. Ама-нат эже мугалим болду. Айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп орношту.Мектепке барган күндөн баштап ага ишеним көрсөтүшүп, «Жаш калем» адабий ийримин иштетүүнү сунуш кылышты. Бул ийримдин иши жандуу болуш үчүн окуучуларга ар кандай жанрдагы чакан чыгар-маларды жаздырып, алардан тандап алып мектептин дубал газетасына жарыялап турду. Тандалгандарын райондук газетадан атайын бет алып, окурмандарга сунуш кылышчу.

Аманат Качиева 2000-жылы «Кыргызстан-Со-рос» фондусуна адабий ийримди өнүктүрүү боюнча долбоор жазган. Бул мектеп турмушундагы биринчи долбоор эле. Ал жактырылып, ишке киргизилгенден кийин ийримдин мүчөлөрүнө таасири зор болду.Тоӊ  районунун  Ж.Эшперов  айылындагы М.Дөгдүров атындагы орто мектебинин директору Муратбек уулу Назар акын эжекеси Аманат Качиева менен айылдаштары ар дайым сыймыктанаарын айтат.

– 2010-жылы мектебибиздин китепканасына Ама-нат эженин байсалдуу чыгармачылыгын, өрнөктүү өмүр жолун чагылдырган «Аманат Качиева атындагы музей» уюштурулган. Китепканадагы музейде бүгүнкү күндө эженин эмгектери менен колдонгон буюмда-ры жана алган сыйлыктары коюлган. Ошондой эле мектептеги адабий ийрим «А.Качиева атындагы адабий ийрим» деп эженин ысымын алып жүрөт. Эже бул ийримге жыл сайын демөөрчүлүк кылып, жаш жеткинчектерге акыл-насаатын айтып, мектепке байма-бай келип турат. Акын эжебиздин балдар темасына арнап жазган курч ырларынын мектеп окуучулары үчүн тарбиялык мааниси өтө зор деп ойлойм, – деген оюн билдирди.

Чын жүрөктөн чыккан төрт сунуш

– Былтыркы окуу жылында жүрөгүмдө жүргөн төрт сунуш менен Билим берүү министрлигине кайрыл-ган элем. Ошол сунуштарды мугалимдердин август кеӊешмесинде талкууга алышып, ылайыктуу болсо кабыл алышса деген тилегим бар. Биринчи сунушум – билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмге-ги жөнүндө өзүнчө китеп жарык көрсө деп ойлойм. Ошондой эле ардагер агартуучуларды унутта кал-тырбай, алардын иш тажрыйбаларын пайдаланып мектептерде байма-бай жолугушууларды өткөрүп турсак, жаш мугалимдерге тарбиялык таасири күчтүү, тажрыйбалык ыкмасы пайдалуу болмок. Мындан тышкары Адеп сабагы боюнча ар бир класска жы-лына эки жолу ата-энелер менен баарлашуу сабагы өткөрүлүп турса, окуучуларды ыймандуулукка тар-биялоодо кыйла үзүрлүү натыйжа бермек. Ал эми дагы бир сунушум, окуучулардын эле эмес, алардын ата-энелеринин да жоопкерчилигине байланыштуу.

Эгерде мектептен тышкаркы убактарда окуучу күнөө кылса, ата-эненин жоопкерчиликтери каралса деген сунушту айтаар элем, – дейт түйшүктүү мугалимдик кесибинин түйшүгүнөн али да арыла албай. Аманат Качиева акыркы беш-алты жылдан бери ден соолугуна байланыштуу иштебей үйдө. Улам бир жаӊы ой-тилектерге жетеленип жанын карч уруп иштеп көнгөн эже азыр деле үйүндө тынч отура албайт. Балдарга нускалуу кеп-кеӊештерин айтып, жүрөгүндө уялаган ыр саптарын, учкул сөздөрдү кагазга түшүртөт. Өзү айткандай көзү жакшы көрбөсө дагы көөдөнүндөгү акыл-насааттары жаштарга өрнөк болсо деген ниетте.

Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат

Аманат эже көп жыл иштеген педагог катары да учурда коомдо болуп жаткан терс, ыплас иштерге зээни кейип, адамдардын арасынан ыйман арылап баратканын, ата-энелер балдарына аз көӊүл буруп, көпчүлүк убактыларын көр оокатка арнап жатканын айтып кейийт. “Ар бир ата-эне балдарына таасирдүү тарбия бербесе, кайдагы ыйман? Тарбия башаты үй-бүлөдөн башталат эмеспи. Эгерде ата-эне бал-дарга жакшы тарбия берсе, алар сөзсүз ыймандуу, адептүү, боорукер, эмгекчил болуп чоӊоёру шексиз. Эгерде ата-эне балдарына начар тарбия берсе, ал балдар сөзсүз начар болуп чыгары турмуштук тажрыйбадан белгилүү. Ар бир ата-эне балдарына күнүгө жок дегенде 4-5 насаат сөздөрдү айтып тур-са, бул балдардын кулагына сиӊип, жүрөктөрүндө калат. Мисалы, улууларга салам айт, ууру кылба, ушак сүйлөбө, тамакты шашпай ич, кийимиӊди таза күт” деген сыяктуу сөздөрдүн тарбиялык мааниси эӊ эле чоӊ, – деген эженин ырларынын көпчүлүгү бал-дар үчүн жазылгандыктан, өзүн да балдардын жан дүйнөсү менен жашагандай сезет. Жарыкка чыккан үч китебинин үчөө теӊ балдарга арналган. Азыркы күндө «Адам жетпес дарак» аттуу китебим каражат-тын тартыштыгынан жарыкка чыкпай турат. Эгерде бул китеби жарыкка чыкса, башталгыч класстын окуучулары үчүн өтө пайдалуу китеп болмок. Андагы балдар үчүн атайын ылайыкталып жеӊил жазылган көнүгүүлөр адабий окууда, тарбиялык саатта, физ-минуталык сабактарда колдонулса, таасирдүү болуп, мындан да мыкты жетишкендиктер жаралаары айкын.

Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*