САБАКТЫН МАКСАТЫ ЭМНЕ?

Ош шаарындагы №52 мектептин окуучулары сабакта.

Максат — мугалим аркылуу алдын   ала пландаштырылган натыйжа же акыркы   каалаган   натыйжа. Ага мугалим гана   жетишпестен, окуучулар да   жетишиши   керек.

Максат   коюу баалоонун   ажырагыс   бөлүгү болуп   саналат жана   пландалган ишти   жүзөгө   ашырууга   жардам   берет. Максат   канчалык   анык   белгиленсе, баалоо   ошончолук так болот.

Баалоо — бул окуучунун окуу   жана   таанып   билүү   ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн   сапатын жогорулатуу максатында окуучу жөнүндө   маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси.

Сабактын   максаттары мугалим   аркылууу сабактын башында   айтылышы   керек.Максатты   коюуда биз   бере турган нерсени бала   аткара   ала   тургандай   кылып өлчөп алганыбыз   дурус. Колубуздан келбей турган   нерсени максат кылып койгонго болбойт.

Сабактын   максаты үчкө бөлүнөт:

  1. Билим   берүүчүлүк — билимдердин жыйындысы.

М: билет, билими   тереңдейт, билим алат, ж.б.

  1. Өнүктүрүүчүлүк – багыттардын   жыйындысы, б.а. окуучуну   багыттайбыз.

М: үйрөнөт, талдай алат, түзө алат, айырмалайт, тарта алат, ж.б.

  1. Тарбия берүүчүлүк – мамилелердин жыйындысы.

М: топто иштөөдө тартипти сактайт, кол көтөрүп сүйлөйт, биринин сөзүн бири угат жана компетенттүү боло алат.

Сабактын максатын коюудагы критерийлер:

  • Максаттарды окуучуларга   түшүнүктүү болгон так жана кыска сөз айкалыштары менен формулировкалоо керек.

М: тема . Арифметикалык амалдар.

Максаты: Окуучулар арифтетикалык амалдарды билишет   жана ал амалдар   менен иштей   алышат.

  • Бир конкреттүү максат   коюш керек. Окуучуларды сабакта   бир нече максаттар менен   тааныштырып, алардын   көңүлүн алагды   кылбоо маанилүү, мындай жагдай аларды негизги   натыйжага   жетүүдөн алаксытышы   мүмкүн.

М: тема. Жаныбарлар   дүйнөсү.

Максаты: Окуучулар жаныбарлар жөнүндө билишет   жана   аларды   адамдардан   айырмалай алышат.

  • Мындан сырткары максатты коюда   корсөткүчтөрдү аныктоо   зарыл, анткени алар мугалимге   жана окуучуга ишке ашкандыгын аныктоого   жардам берет.

М: тема. Менин туулган   жерим.

Максаты: Окуучулар өздөрүнүн туулган жеринин өзгөчөлүктөрү жөнүндө   айтып бере алышат.

Көрсөткүчтөр:

  1. Туулган жер   эмне   зкенин билишет.
  2. Туулган жердеги токойлорду, жайлоолорду айтып беришет.
  3. Өзү туулган жердеги өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, маданий очокторду атап   беришет.
  4. Туулган жери   жөнүндө аңгеме түзө алышат.

 

  • Окуучуга натыйжага кантип   жетээрин гана түшүндүрбөстөн, алган билимди турмушта   кантип колдоноорун дагы түшүндүрүш керек.

М: Тема. Осүмдүктөр –аларды кайда колдонобуз?

1. Тамак катары: нан, печенье, салат ж.б.

2. Мебелдерди, ар кандай буюмдарды ж. б.

3. Билим алууда: китеп, дептер, кагаздарды   керектейбиз.

  • Окуучулардан айтылган тема боюнча сабактын максатын коюуну сурануу.

М: Клетка жөнүндөгү окуу.

Бул учурда теманы   доскага жазып, бул тема   боюнча силер   эмнелерди   билгиңер   келет?- деп   балдардан   суранат.

Окуучулар   ойлонуп   туруп, жооп беришет:

  1. Клетканы   ким ачкан?
  2. Клетка   жөнүндөгү илим эмне деп   аталат?
  3. Клетканын   тузулушу кандай?

Мугалим балдардын   оюн доскага   жазып коет:

  1. Клетканы ким   ачканын, ким   изилдегенин   билем.
  2. Клетка   жөнүндөгү     илимди айта алам.
  3. Клетканын   түзүлүшун тартып айтып   берем.

Мугалим   сабактын аягында анын максаттарына кайрылат. Жооп алынбай калган   суроолорду мугалим үй тапшырмага берет.

Кээде   мугалим сабакта   төмөнкүдөй фразаларды колдонот:

  1. Биз бүгүн дарыяларды өтөбүз, 53 — бетти ачкыла дагы окугула.
  2. Китебиңерди ачып, 15 — сүрөттү тарткыла.
  3. Китептеги § 16ны окуп, дептериңерге жазгыла.

Мындай фразалар окуп-үйрөнүүнүн максатын түшүндүрүүнүн таасирин   азайтат. Мугалимдин мындай мамилеси окуучуну мотивациялабайт, аларга стимул бербейт. Тескерисинче, билим алуу, билгичтиктерди, көндүмдөрдү калыптандыруу процессин начарлатат.

Мугалимдин көз карашына ылайык белгиленген максат салттуу окутууга мүнөздүү, ал эми окуучунун көз карашына ылайык келген максат ишбилгиликке б.а. компетенттүүлүккө багытталган азыркы окутуу   усулдарына туура келет.

Мисал келтирели:

Сабактын максатын мугалимдин көз   карашына ылайык белгилөө.

  • Окуучуларды өсүмдүктөр менен тааныштыруу.
  • Осүдүктөрдүн органдарын көрсөтүп, айтып берүү же
  • Окуучуларга зат атоочту түшүндүрүү.
  • Зат атоочту   катыштырып сүйлөм түздүрүү.

Ушуну эле окуучунун көз карашына тууралап   жазабыз.

  • Окуучулар өсүмдүктөр жөнүндө билишет.
    • Осүмдүктөрдүн органдарын көрсөтүп, айтып бере алышат же
    • Окуучулар сөз түркүмдөрүн билишет.
    • Зат атоочту катыштырып сүйлөм түзө алышат.

Алкактык Улуттук Куррикулумда   сабактын максатын коюуда, аны окуучунун позициясына карата коюу зарылдыгы эске алынат.

 Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак орто мектебинин

биология мугалими   Давлетова Аймира.

 

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*