ЭНЕ ТИЛДИ БАРКТАЙЛЫ же «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын аткарылышындагы көйгөйлөр жөнүндө

Ушул күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» эки жолу мыйзам кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Президенттери мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 5-6 Жарлыкка кол коюп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча үч жолу мамлекеттик программа кабыл алып, 10го жакын Өкмөттүн токтому чыгарылган. Кабыл алынган расмий документтердин баардыгы мамлекеттик тилдин өнүгүп-өсүшүнө кандайдыр бир деӊгээлде түрткү болгон. Бирок Кыргыз Өкмөтү тарабынан кабыл алынган мамлекеттик программанын бири да толук кандуу ишке ашпай, эмес кагаз жүзүндө калганын ачык эле айтып коюшубуз керек.

Жетиштүү каражат бөлүндү, эми иштейбизби?..

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча төртүнчү программа 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Респу-бликасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндөгү» жарлыгынын  негизинде  кабыл алынды. Мурда кабыл алынган мамлекеттик тилди өнүктүрүү бо-юнча үч программага Өкмөт тара-бынан жетишээрлик деӊгээлде каржы бөлүнбөй келсе, кийинки программага мамлекеттик бюд-жеттен мамлекеттик тил програм-масын ишке ашыруу үчүн 243 мил-лион сом акча каражаты бөлүнүп жатат. 25 жылдан бери мындай акча каражаты таптакыр бөлүнгөн эмес. Көрүнүп тургандай жетишэ-эрлик деӊгээлде каражат бөлүндү, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бо-юнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Ачыгын айтканда Республиканын Президенти дагы, Жогорку  Кеӊеш  дагы,  Кыргыз Өкмөтү дагы мамлекеттик тил-дин өнүгүшү үчүн жакшы шарт түзүп берди. Эми аны аткаруу милдети калды. Эгер биз – оку-муштуулар, коомчулук бизге та-гылган милдетти аткара албасак, келечек муун бизди кечирбейт. Мамлекеттик тил боюнча кабыл алынган индикатордо 100дөгөн окуу  китептерди,  сөздүктөрдү, окуу куралдарын жазуу каралган. Ошонун баарын беш жыл аралы-гында жазып берүүгө тийишпиз.

Мына, «Кыргыз Республикасы-нын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынганды-гына 25 жылдан ашып баратат. Албетте бул жылдардын ичин-де мамлекеттик  тилдин  өсүп, өнүгүшүндө бир топ жакшы ий-гиликтер болду. Бул жерде аны санап отуруунун кажети жок. Алар ансыз деле белгилүү. Негизги маселе болгон мамлекеттик тил мыйзамын турмушка ашырууда кандай көйгөйлөр жаралып жа-тат? Сөз оролу ошол жөнүндө болсун.

Мамлекеттик тилде сүйлөө уятпы?

Биринчи маселе, ушул кезге чей-ин «Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамын коомчулук толук аӊдабай, айрым учурларда бир жактуу түшүнүктөр жаралып  келет.  Кыргыз  тилинде сүйлөгөн көпчүлүк жарандар мам-лекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды көбүнчө орус тилинде сүйлөгөн Кыр-гызстандын жарандары үчүн кабыл алынгандай сезишсе, тескерисинче, орус тилинде сүйлөгөн жарандар мамлекеттик тил жөнүндөгү мый-зам алардын кандайдыр бир укугуна шек келтирип жаткандай көрүшөт. Мамлекеттик тил десеӊ эле итатайы тутулгандар кездешет. Чындыгында мамлекеттик тил жөнүндөгү мый-зам  үч  багыттан  турарлыгын:  1) кыргыз тили мамлекеттик тил ка- тары мамлекеттик ишмердиктин, коомдук чөйрөнүн, илим-билимдин баардык деӊгээлдеринде колдону-лаарын; 2) орус тили – расмий тил катары республикада колдонула бе-рерлигин; 3) республикада жашаган улуттук жана этностук топтордун (өзбектер, тажиктер, немистер, та-тарлар, дунгандар, уйгурлар ж.б) чогуу жашаган жерлерде улуттук тилдердин  колдонулушу   жана калктын улуттук маданий муктаж-дыктарын  канааттандыруу  жагы каралгандыгын айрым министрлик-тердин, ведомстволордун, ишкана жана мекемелердин жетекчилери өздөрү  түшүнүшпөйт  жана  эмгек жамааттарына да түшүндүрүшкөн эмес. Мындай түшүндүрүүлөрдүн жоктугунан 25 жылдан бери мамле-кеттик тилге болгон мамиле өткөн кылымдын 90-жылдарында кандай болсо, дале ошол бойдон калууда. Тил – саясат, тил-идеология. Тил саясаты жана тил – идеологиясы туура жүргүзүлбөсө улуттук тилдин баркы кетет, түшүнбөөчүлүк пайда болот. Ага болгон негилизм күчөп, өз улутунун тилин чангандар көбөйөт.

Мына бүгүнкү күндө да Бишкек ша-арындагы жаштардын арасында, ишкана, мекемелерде, министрлик-терде иштеген кыргыз жаштары мам-лекеттик тилге караганда расмий тилди жогору коюшат. Мамлекет-тик тилде сүйлөөдөн уялышат. Бул чындык. «Орууну жашырсаӊ, өлүм ашкере кылат».

Массалык маалымат каражат-тарында кыргыз адабий тилинин нормасы сакталбай калды. Азыр өзүнчө бир «аралашма» тил пайда болду, же кыргызча эмес, же орусча эмес «минтип» отурсак элүү жылдан кийин «кодура кыргыз тили» пайда болооруна шек жок.

Эне тилибиз котормо тилге айландыбы?..

Экинчи  маселе,  25  жылдан бери мамлекеттик тил мыйзамынын 10,14,15,16-17-статьялары, тактап айтканда,  «Кыргыз  Республика-сында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документте-ри ченемдик укук актылары жана башка  чечимдери   мамлекеттик тилде кабыл алынат жана иш ка-газдарын жүргүзүүдө мамлекеттик тил колдонулат» деген талаптары борбордук бийлик органдарында, министрликтерде, ведомстволордо жана ишкана, мекемелерде жарым жартылай аткарылып келет. Дагы эле болсо борбордук бийлик орган-дарынан баштап, дээрлик бардык министрликтерде расмий документ-тер орус тилинде даярдалып, андан кийин мамлекеттик тилге которулат. Мамлекеттик тилде жүргүзүлгөн иш кагаздарын «котормо тил» деп эле эсептесек болот. Котормо тил бол-гондон кийин расмий документтерди ар кайсы котормочу өз билгениндей которот, бирдей иш кагазынын стили сакталбай, терминдер чар жайыт, андай документтерди жөн жаран тургай, адис тилчилердин түшүнүшү кыйын.

Бул жерде бир жактуулукка жол берип, жалаӊ эле котормочуларды күнөөлөй бербей, тил адистерине да күнөө койгубуз келет. 25 жыл-дан бери тил адистери, анын ичинде илимдин докторлору, илимдин кан-дидаттары дагы бар, мамлекеттик тилде жазылуучу иш кагаздарынын стилин , формасын иштеп бербей койду. Рас, орус тилинен которулуп алынган котормо иш кагаздарынын үлгүлөрү боюнча китептер чыгып жа-тат. Ал деле котормо иш кагаздары болуп жатпайбы. Кыргыз тилинин лексикалык байлыгын камтыган, стилистикалык түзүлүшүнө дал кел-ген, окуганда жеӊил, түшүнүктүү иш кагаздарынын үлгүсүн жазып бер-дикпи? Жок жана да жок! Тилчи-лер мага таарынбасын, биз акыл үйрөткөнгө кыйынбыз, ишке келген-де чабал болуп жатабыз. 25 жылдан бери Кыргызстандагы мамлекеттик тилдин өнүгүшү, андагы жаралып жаткан көйгөйлөр боюнча бир дагы илимий изилдөө болгон жок. Кошу-на республикаларда мамлекеттик тилди турмушка ашыруу боюнча 4-5 докторлук, бир нече кандидаттык диссертациялар  корголду.   Кыр-гызстанда ушул кезге чейин мам-лекеттик тилдин өнүгүшү боюнча бир дагы илимий иш корголо элек. Муну кандай түшүнсө болот? Демек, тил адистери да мамлекеттик тилге кайдигер карап жатат. Жеке менчик ишканаларда иш кагаздары дээрлик орус тилинде гана жүргүзүлөт. Алар мамлекеттик тил мыйзамын ойлоп да коюшпайт.

Мамлекеттик тилди чанбайлы

Үчүнчү маселе, мамлекеттик тилдин 18-статьясында каралган «Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунда мамлекеттик тил республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден  каржылануучу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, кесиптик билим берүүнүн башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларында окуту- унун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат, 19-статьясын-да каралган «Кыргыз Республика-сында илимий эмгектердин тилинэркин тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилет; илимдин бардык тармак-тары боюнча мамлекеттик тилде изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды жарыялоо жана илимий жетишкен-диктерди ар тараптан колдоо үчүн кеӊири шарттар түзүлөт жана мам-лекет тарабынан колдоого алы-нат» деген талаптар аткарылган жок. Кыргызстандын кесиптик орто жана жогорку окуу жайларында дээрлик көпчүлүк сабактар орус тилинде жүргүзүлөт. Жок деген-де коомдук жана гуманитардык сабактарды мамлекеттик тилде жүргүзүүгө болот го. Улуту кыр-гыз, кыргыз тилинде сайрап жүргөн профессорлор, доценттер кыргыз тилинде лекция окуудан качышат, а кыргыз тилинде лекция окуу үчүн эмгектениш керек, издениш керек. А орус тилинде Москвадан чыккан китептер даяр, алат да көчүрүп коёт. Эмне үчүн мамлекеттик тил-дин өнүгүшүн кыргыз интеллиген-циясы өзүнөн баштабайт, өздөрү аракет кылбайт. Бул өтө чоӊ суроо жана чоӊ көйгөй.Кыргызстанда  кыргыз  тили, адабияты, Кыргызстандын тарыхы боюнча айрым гана илимий эмгек-тер кыргыз тилинде – мамлекеттик тилде жазылат. Дээрлик баардык илимий монографиялар, диссерта-циялар, илимий макалалар орус тилинде жазылат. Кыргыз  окумуштууларынын арасында мамлекеттик тилди же-риген учурлар кездешет. «Кыргыз тилинде илим жазууга болбойт» деген жалган көз караштар өкүм сүрүп келет. Улуттук нигилизм күч алган. Кыргыз тилине, тарыхына күйүп бышсаӊ «улутчул» деген жарлык тагыла баштады. Улуу ин-сан Исхак Раззаковдун сөзү менен айтканда «улутка мен күйбөсөм, сен күйбөсөӊ, ким күйөт?».

Жарнактар кыргызчаланса

Төртүнчү маселе, мамлекеттик тил мыйзамынын 27-статьясында «Кыргыз Республикасында жарнак-тар, кулактандыруулар, прейску-ранттар жана башка көрүнөө маа-лыматтар адегенде мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде, зарыл учурларда башка тилдерде да жол-жоболоштурулат» деген талап бар. Кыргызстандын башка жерлеринде бул талап аткарылып жаткандыр,  бирок  Кыргызстан-дын борбору – Бишкек шаарында аталган статья ишке ашкан жок. Өлкөнүн борбору – мамлекеттин жүзү. А, мамлекет жүзүнөн Кыргыз мамлекети көрүнбөй жатат. Жо-горку Кеӊештин бир отурумунда депутат Курманбек Абдиев айтып кетти:  «Бишкек  шаарынын  Ал-ма-Ата көчөсүнөн Ош базарына чейин жөө басып көргүлөчү, кай-сы өлкөдө жүргөнүӊөрдү өзүӊөр да билбейсиӊер» деп. Туптуура айтылган сын. Мунун себеби эмне-де? Себеби бир эле жагдайга бай-ланышкан. Көркөм-жарнактарды, кулактандырууларды жазуу ком-мерцияга айланып кеткен. Көркөм-жарнактарды мамлекеттик тилге которуу мэрияда бир бөлүмүндө, аларга уруксат берүү башка меке-меге жүктөлгөн. Алар бири-бирине баш ийишпейт. Анын кесепетинен баш-аламандыктар жаралып жатат. Жеке менчик ээлери «өздөрүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» жатышат. Кыргызстандан чыккан товарларда-гы түшүндүрмөлөр жалаӊ расмий тилде. Бизнес чөйрөсүндө мамле-кеттик тил жөнүндө түшүнүк да жок.Мамлекеттик тил мыйзамынын 8-главасында «Мамлекеттик тилди сактоо жана коргоо» жагы карал-ган. Ал главанын 33-статьясында «Ушул мыйзамды бузгандыгы жана аткарбагандыгы үчүн мамлекеттик органдардын, менчиктин бардык түрүндөгү уюмдардын жетекчиле-ри, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарынын чегинде жоопкерчиликке  тартылышат» деген жобо бар. 25 жылдан бери Кыргызстанда бир дагы мамлекет-тик органдын жетекчиси же жеке жактардын башчылары мамлекет-тик тил мыйзамын аткарбагандыгы үчүн жок эле дегенде «сөгүш» да ала элек. Демек тил мыйзамынын 33-беренеси таптакыр эле иште-бейт деп ачык айтып коюшубуз керек.

Баарына өзүбүз күнөөлүбүз

Бешинчи маселе, мамлекеттик тилдеги термин чыгаруу жаатына такалат. 25 жылдан бери термин-дер чар-жайыт болуп, бирдейлеш-тире албай койдук. 60 жыл бою термин чыгаруу жана термин жа-ратуу Кыргыз улуттук илимдер ака-демиясында болуп келген. Кийин ал мамлекеттик тил комиссиясына өттү. Алар кайра илимдер академи-ясына өткөрүп берди. Илимдер ака-демиясы ишти жаӊыдан эле баш-таганда кайрадан Кыргыз Өкмөтү өзүнө алып койду. Эми өзүӊүздөр ойлоп көрүӊүздөрчү, термин жара-туу жана которуу Өкмөттүн ишиби? «Чымчыкты сойсо да касапчы союш керек» го? Биздеги мамлекеттик тилде иш кагаздарын жазуудагы эӊ көйгөйлүү маселе термин чыгаруу-да жатат. Бирдейлешкен термин-дердин жоктугунан мамлекеттик тилге которулган расмий иш ка-газдарын түшүнүү кыйын. Мам-лекеттик расмий иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөндөн кийин мамлекеттик тил турмушка ашат деген куру кыял бойдон калат. Алтынчы  маселе,  жыйырма беш жылдан бери мамлекеттик тилди башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөтөбүз деп эле убара болуп келе жатабыз. Ачыгын айтканда алар жарытылыктуу деле үйрөнүп кетишкен жок. Канча деген акча каражаты  кетип  жатат.  Тилди үйрөнгүсү  келгендер  үч  айдын ичинде эле үйрөнүп алса болот. Ага анча акылдын деле кереги жок. А, үйрөнгүсү келбегендер өмүр бою кур шылтоону айтып жүрө бери-шет. Ошондуктан биз тилибизди бирөөнү үйрөнсүн деп зордобой, ошого кетип жаткан акча каражатын кыргыз тилин өнүктүрүүгө жумша-сак, тилибиздин өнүгүп-өсүшүнө пайда келтирмек. Ачыгын айтканда аталган маселенин бардыгы мам-лекеттик  тилдин  өнүгүшү  жана турмушка ашырылышы боюнча илимий анализдин жоктугунан ке-лип чыгууда. Биз мамлекеттик тил мыйзамын «кыргызча» аткарып келе жатабыз.

Жогоруда  айтылгандардын  негизинде  биз төмөндөгүдөй сунуштарды айтар элек:

1. Иш кагаздарынын мамлекеттик стандартын жана стилисти-касын иштеп чыгуу;

2. Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, спорт жана мадани-ят комитетинин алдында терминология комиссиясын түзүү жана комитет тарабынан ал терминдерди бекитүү;

3. Мамлекеттик тилдин өнүгүшүн илимий жактан изилдөөгө алуу;

4. Мамлекеттик-кыргыз адабий тилинин тазалыгы үчүн күрөшүү.

5. Мамлекеттик тилди окутуунун мамлекеттик концепциясын иштеп чыгуу.

 

Курманбек ТОКТОНАЛИЕВ,

филология илимдеринин доктору, профессор, КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору

1 Kомментарий

  1. Ар намыстуу, кылым башчылары болгон Улуу Кыргыздар!
    Мээрим менен бүт Дүйнөнү башкаргыла!

    Кыргыздын менталитети – Кайып Дуйно менен байланышып, кызматташкан, Аян алган Эл!

    Аян-буйрук:

    “Башкаруу Манас Илим үйрөнүп, Келечекке көзү жетип,
    Тарыхтын дөңгөлөгүн буруп, ДҮЙНӨЛҮК Аренага чыксын!”

    БИРИКТИРЕТ Кыргызды ТУУ көтөргөн Максатыбыз –
    Бир баштай болуп баарыбыз ошону түшүнүп,
    жана
    МАНАС Атабыздын ЖЕТИ Осуятын, Кыргыз Идеологиясын, Жаны Доордун Мыйзамын бир колдой болуп аткарып!

    (7 Осуят – бул ЖАҢЫ ДООРДУН, Бардар жашоонун, Кең Келечектинтин МЫЙЗАМЫ!)
    (Ошону учун 1995 жылдарда берилген, Эл Жаңы Доорго даярдана берсин, деп)

    Мындан Наары Ааламдан келген Аяндар аркылуу – (Жол-Жобо, акылман-кенештер) жашайбыз!
    Ал Шамандардын тилектери менен такталат! Же болбосо алааматтар болот!

    Ошону үчүн Тезинен Идеологияны Аяндар аркылуу тактап, элге туурасын окутканга
    мекеме ачып, ӨКМӨТ аркылуу окутуш керек! Туура түшүнүк бериш керек. (Киши үйрөнгөнүн кылат) Орусчага туура котормосу менен Мекемелердеги Плакаттарды алмаштырыш керек!

    Өкмөт аткарылуусун ТАЛАП кылыш керек!

    (Алтын Доор – Тез жасасаң тез болот!, дейт, аянда.)
    Манас Эпос мыйзамдаштырылды, демек, КЫРГЫЗ Аян алган Эл экени мыйзамдаштырылды!
    Анткени Эпос АЯН менен айтылат! Нукура Манасчы – Шаман!

    Кыргыз Идеологиясы – Манас Атабыздын 7 Осуяты, Жаңы Алтын Доордун МЫЙЗАМЫ:

    1. «Эл журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги». «ОБЪЕДИНЕНИЕ Земли и народа в Единый Организм, Единую Душу и Сознание».

    2. «Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык».
    «Межгосударственные согласие, дружба и сотрудничество».

    3. «Улуттук ар намыс жана атуулдук ариэт». «Благородство, достоинство и патриотизм».

    4. «Арыбас мээнет, алдынкы өнөр-билим (Манас Илим) аркылуу бакыт дөөлөткө умтулуу жана жетүү».
    «Устремление и достижение возвышенного процветания (Золотой Век) через современную науку Манаса и соответствующий труд (Работать Силой МЫСЛИ, мозгами)».

    5. «Адамкерчилик, айкөлдүк, мээрим, сүйүү, сабыр, чынчылдык ж.б. Жан дүйнө Дил байлыктары. “духовные ценности – великодушие , безусловная любовь, правдивость и др.”

    6. «Табият менен таттуу мамиледе болуу» – «Гармония с Природой,»

    7. “Кыргыз Республикасын чыңдоо жана көздүн карегиндей сактоо»
    «Возвышение Кыргызского государства и беречь его, как зеницу ока».

    Эксперт по Науке Манаса из среды народа
    Муратбекова Замира. Т. 0778 91 96 95; 0701 63 73 99 Zamira55.55@mail.ru; Фейсбук

Добавить комментарий для Муратбекова Замира Абдыкеримовна Отменить ответ

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*