БЕЛСЕНГЕН АШАТ БЕЛЕСТИ

Профессор Токторбек Өмүрбековдун 60 жылдык торколуу тоюна

Кыргызстандын тарых илиминде ырааттуу эмгеги жана жаңычыл көз карашы менен жогорку илимий сереге жол чаап жаткандардын бири – тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков. Ал заманбап кыргыз тарых илимине жана агартуу тармагына бараандуу салым кошуп жаткан чыгаан окумуштуу катары дурус таанымал.

Кыргызстандын тарых илиминде ырааттуу эмгеги жана жаңычыл көз карашы менен жогорку илимий сереге жол чаап жаткандардын бири – тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков. Ал заманбап кыргыз тарых илимине жана агартуу тармагына бараандуу салым кошуп жаткан чыгаан окумуштуу катары дурус таанымал. Ал эгемен Кыргызстандагы тарыхты калыс, бейтарап, объективдүү жазуу кыймылынын бараандуу өкүлү, атажуртубуздун жаңы муундагы окуу китептеринин автору.

Токторбек Наматбек уулу (биз аны урматтап “Токо” деп койобуз) 1955-жылы 27-мартта Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы ооданындагы Кара-Суу айылында туулган. Азыркы тапта дал ушул кыштактын четинде Кошой-Коргон шаар чалдыбары (орто кылымдарга таандык айтылуу Атбаш шаарынын урандылары) жана ажайыпкана бар экендиги баарыбызга маалым. Балким, ушундай куттуу жерде чоңоюп-өскөн Токторбек тарых сырларына жаштайынан кызыккандыр? (Кийинчерээк, 2007-жылы, ал Кошой-Коргон тууралуу чакан илимий китепти археолог кесиптештери менен калемдешип жарыялады: Москалев М. И., Солтобаев О. А., Омурбеков Т.Н. Кошой-Коргон – древний Атбаш. – Б.: Учкун, 2007. — 119 бет).

Атасы Наматбек Өмүрбеков Кара-Суу айылын да камтыган «Коммунизм» колхозунда бухгалтер, апасы Күлүмбүбү Орозобекова колхозчу болуп эмгектенген. Алар балдарынын таалим алышы, жогорку билимге ээ болушу үчүн бардык шарттарды түзүшкөн.

Токторбек Наматбек уулу 1962-1972-жылдары Кара-Суу орто мектебинде таалим алган. Ал эми 1972-ж. сентябрдан 1973-ж. июлуна чейин Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарындагы кондитер ишканасында жумушчу болуп иштеген.

Тарых илимдеринин ирегесин Токторбек Наматбек уулу студент кезинде эле аттаганын айтууга болот. Мурдагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетинде окуп жүргөн чагында (1973-78-жылдары) эле Токо студенттик илимий жыйындарга жигердүү катышкан. Коомдук иштерге да үзүрдүү катышып, студенттик кечелерде өз оюн ыр менен айтып, курсташтары менен жамакчылык жаатында мелдешкен учурлары да көз алдыбыздан кетпейт.

Тоо койнунан келген жигиттин илимге умтулуусун байкаган Кыргызстан ИАсынын мүчө-кабарчысы, профессор Анварбек Хасанов (1914-1984) Токого студент кезинен эле илимге жолдомо берген; ал эми 1978-жылы өз кафедрасына окутуучу кылып жумушка алып, 1982-жылдан тартып өзүнө сырттан окуучу аспирант кылган.

Кээ бир тар көз карашты туткан адистер Кыргызстандагы 19-кылымдын экинчи жарымы – 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук көтөрүлүштөрүн “реакциячыл” деп “жерип” жаткан кезде, профессор А. Хасанов, тескерисинче, бул кыймылдардын прогрессивдүү экенин баса белгилеп, өз шакирттерин да тайманбастан ушундай багытта иликтөө жүргүзүүгө чакырган керемет устат болчу.

Бул окумуштууга шакирт болуу – Токонун да бактысы эле. Ал жана өмүрлүк жары Жаңыл бул аалымдын урматына өздөрүнүн 1980-жылы төрөлгөн тун уулуна “Анварбек” деген ысымды койгону да ата-энеси менен кесиптештеринин жактыруусуна арзыган. (Айтмакчы, Жаңыл менен Токо кийинчерээк, 1984-жылы, Асел аттуу кыздуу жана 1987-жылы Элзар аттуу уулдуу да болушту).

Токо, кээ бир кесиптештери СССРдеги беш жылдыктардын “тарыхы” боюнча оңой-олтоң жактап жаткан чакта, айрымдары чындап жалтайлаган өзгөчө маанилүү тема боюнча, – 1916-жылдагы Борбордук Азиядагы, анын ичинде Жети-Суудагы улуттук боштондук кыймыл жана ага майда этностордун өкүлдөрүнүн катышуусу жөнүндө, — көп жыл бою падышалык архивдик маалыматтарды казып, иликтөө жүргүзгөн. Акыры мээнети кайтып, кандидаттык диссертациясын 1986-жылы Алматы шаарында ийгиликтүү коргогон. Анын бул эмгеги азыр да жалпы чөлкөм үчүн илимий баасы жогору бойдон кала берүүдө.

Токторбек Наматбек уулунун доктордук диссертациясы да бузула элек дыңды өздөштүргөндөй жаңычылдыгы менен айырмаланды. 2004-жылы Бишкекте коргогон бул эмгегин ал Кыргызстанда мурда айтылбай келген, же айтылса да, бир беткей бурмаланып чагылдырылып калган залкар инсандардын өмүр таржымакалына жана коомдук өнүгүүдөгү тарыхый ордуна арнаган. Саал мурдараак анын ушул темадагы илимий монографиясы (Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX к. ортосу — XX к. башы). — Б.: Бийиктик, 2003.) жарык көргөн.

Токо 160тан ашуун илимий, окуу-усулдук эмгек (анын ичинде 6 монография, 15тен ашуун окуу китептери менен окуу-усулдук куралдарын) жарыялаган. Маселен, Кыргызстандын тарыхына астейдил назар салган окурмандар Токо калемдешип орто мектептердин 6-, 7-, 8-класстары үчүн жазган «Кыргызстан тарыхы» окуу китептерин, андан тышкары жогорку окуу жайлар үчүн жазган окуу китебин окуп жүрүшөт. Профессор Токторбек Наматбек уулунун жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация корголгон. Анын шакирттери да илимде мурда калыс чагылдырылбай келген орчун темаларды терең изилдеп келишет.

(Профессор Токторбек Өмүрбековдун 60 жылдык торколуу тоюна)
Профессор Токторбек Өмүрбеков менен профессор Тынчтыкбек Чоротегин.

Профессор Т. Өмүрбеков – мээнеткеч коомдук ишмер. Ал бир катар жылдар бою КУУнун тарых факультетинин деканы болуп иштеди, айрым учурларда аталган университетин проректору да болду. “Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын”, “Кыргызстан Тарых Коомунун” жана анын азыркы улантуучусу “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинин багыттоочу өкүлдөрүнөн болду; бул коомдордун тарыхка жаңыча кароого чакырган далай илимий жыйындарына жана жаңы муундагы окуу китептерин программалоо жана жазуу долбоорлоруна катышты жана катышып келет.

Профессор Т. Өмүрбеков КМШдагы бир нече мамлекетте (Орусия, Казакстан, Өзбекстан ж.б.) архивдерде иштеди, илимий жыйындарга катышты жана азыркы тапта дагы агартуучулук тармагындагы эл аралык иш-чараларга үзүрдүү катышып келет. Ал Түркия, Германия, Франция, Чехия, Кытай сыяктуу мамлекеттерде да болуп, илимий баяндамалар жасаган, ар кыл илимий иликтөө саякаттарын жүзөгө ашырган жана кыргызстандык илимий борборлор менен чет өлкөлүк илимий институттардын алакасын чыңдоого жекече салымын кошкон. Маселен, 1994-жылы ал Түркияга, 1997-жылы Кытайга илимий сапар менен барган. 2009-жылы июлда орто мектептер үчүн заманбап окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча эл аралык долбоорго катышуу үчүн Кыргызстандан Германияга (Георг Эккерт институту, Брауншвейг шаары) барган.

Профессор Т. Өмүрбеков “Манас” дастанынын 1000 жылдык шарттуу мааракесин уюштурууда да белсемдүү катышып, бир катар илимий жыйындарды өткөрүүгө жана “Манас” дастаны менен кыргыз тарыхына арналган китептерди, илимий макалалар жыйнактарын бир нече тилде жарыкка чыгарууга олуттуу үлүш кошкон.

Токторбек Өмүрбековдун илимий-педагогдук жана коомдук ишмердиги атажуртубузда азыноолак бааланып жатат (албетте, анын ала элек сыйлыгы арбын деңизчи). Маселен, Токо «Манас» эпосуна 1000 жыл» эстелик медалын (1995-ж.), «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» (1999-ж.) төшбелгисин, «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» (2011-ж.) наамын алган жана ТаласМУнун ардактуу профессору наамына татыган. Т. Өмүрбековго орто мектептин окуучуларына арналган «Кыргыздардын жана Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы: (17 — 20-к. башы)” аталыштагы автордошуп жазган китеби (Бишкек, 1995) үчүн Кыргызстан Тарыхчылар Жамаатынын Белек Солтоноев наамындагы сыйлыгы ыйгарылган (1996-жылдын 25-декабры).

Токонун соңку монографиясы (Өмүрбеков Т.Н. Эл башылар, эрендер жана эл тарыхы: (Тарыхий очерктер). — Бишкек: Макспринт, 2014. — 228 бет. — «Тарых жана мурас» түрмөгү. — ISBN 978-9967-12-386-1.) да жаңычыл мазмуну менен айырмаланып, күндүз да чырак менен издеп табылбай турган китепке айланды. Бул жана башка эмгектеринде Токторбек Наматбек уулу кыргыздын тарыхый инсандары (Барсбек, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Эсенгул баатыр, Атаке баатыр, Бердике баатыр, Садыр баатыр, Жайыл баатыр, Тайлак баатыр, Ормон, Жантай, Жангарач, Боромбай, Осмон датка, Шабдан, Курманжан датка, ж.б.) жөнүндө буга чейин кеңири айтылбай келген мол маалыматты кеңири окурманга жатык тилде баяндап келди. Учурунда ал “Азаттык” үналгысы аркылуу да дүйнөдөгү кыргыз тилдүү коомчулукка кыргыз тарыхы жаатында баяндап турган.

Азыркы тапта ал КУУнун профессору кызматынан тышкары “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсынын кыргыз тарыхы боюнча жети томдук илимий-жамаагаттык чыгарылышынын бир томуна редактор болуп илимий-чыгармачыл иш алып барууда.

Токо менен биргелешип иштөө – ушул саптардын ээсине шыбагаланган мыкты мүмкүнчүлүк болду. Ал автор катары жаңы архивдик жана башка булактык маалымат иргөөгө умтулат, жаңы илимий жоболорду кабыл алууга дилгир, өзү да эски муундар кылчактап айта албай келген бүтүмдөрдү тайманбастан сунуштайт жана колдоого алат. Маселен, Токо кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн байыркы башаттары, Энесай Кыргыз каганатынын жаркын барактары, Теңир-Тоо кыргыздарынын аймагынын бир бөлүгүнүн падышалык Орусияга каратылышы тууралуу жана башка темаларда новатор тарыхчы авторлордун алдыңкы сабында болуп келет.

Алтымыштын белесин ашып жаткан чыгаан илимпоз калемгерибизге чың ден соолук, узак өмүр, үй-бүлөлүк бакыбаттык, ошондой эле, буга чейинки илимий табылгаларын мындан аркы саамалыктары менен бекемдеп, андан ары байытышын, өзү калыптандырып келген айырмалуу илимий мектебинин жаркын келечегин каалайбыз.

 

 

Тынчтыкбек Чоротегин (Чороев),

«Мурас» коомдук фондунун Башкармалыгынын төрагасы,

«Кыргыз Тарых Коому» эл аралык коомдук бирикмесинин президенти,

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору

2015-жылдын жалган куран (март) айы.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*