АЗ БОЛСО ДА МАЯНАМ, ААЛАМ СЫЗГАН АКЫЛЫМА ТАЯНАМ

Элетте да эртеден кечке мугалимдер балдарга билим берүү менен алек. Бул ирет Нооруз майрамынын алдында Чүйдөгү Жайыл орто мектебине бардым. Билимдин куттуу очогу болгон мектептеги иштерге көӊүлүм толуп, кубанып кайттым. Нооруз майрамынын алдында алар сүмөлөк кайнатып, чоӊ салтанатка даярданышууда. Нооруз демекчи, алар жаз майрамына зор ийгиликтер менен келишти.

Жаӊылкан НИЯЗБЕКОВА, Чүй облусунун Панфилов районундагы А. Раимкулов атындагы Жайылма орто мектебинин директору, КР Билим берүүсүнүн отличниги:

“Нооруз майрамына ийгилик менен келдик

Мектеп – билим куту. Анда жаш муундардын адамдык, инсандык улуу сапаттарынын пайдубалы түптөлөт. Билим, тарбия жараяны өз ара жу-урулушуп, синтезделип, бир бүтүн организмге  бириктирилип,  асыл ойго  уютулуп,  келечек  ээлеринин жан дүйнөсүнө сиӊирилет. Алардын жүрөгүнөн орун таап, сезимдерин канат  байлатат.  Мындай  татаал, жооптуу, ары ардактуу жумуш «Аз болсо да иштеп тапкан маянаӊ, аалам сызган акылыӊа таянам» дегендей, агартуу тармагынын азаматтары та-рабынан жүзөгө ашырылат.

Туура. «Каруусун казык, кара ба-шын токмок» кылган иштермандар-дай педагогикалык философиянын маани-маӊызын бийиктеткен, тамы-рын тереӊдеткендердин бири – Чүй облусунун, Панфилов районундагы Курама айыл округуна караштуу Асан Раимкулов атындагы Жайылма орто мектеби.

«Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк» болгон, багыты бирдиктүү максат-тарга ширетилген педжамаатта 15 мугалим эмгектенип, 136 окуучуга сапаттуу  билим,  татыктуу  тарбия беришет. Кош кабаттуу, материалдык-техникалык базасы чыӊдалган элеттик мектеп 1990-жылы негизделген. Чейрек кылым педагогикалык-методикалык чыгармачылык жолдо чыйралган, жиптей чыӊалган чакан мектепте тыкан иштер арбын.

КР Билим берүүсүнүн отличниги, Айылдык Кеӊештин депутаты, айылдын ардактуу атуулу Ж.Ниязбекова орошон ойлор топтолгон А. Раимкулов атындагы Жайылма орто мек-тебин 2000-жылдан бери жетектеп келет. Интеллектуалдык потенциалы жогору, дилинде аруулук, сезиминде назиктик, наздуулук, жүрөгүндө жылуулук, сөздөрүндө кайраттуулук, жан дүйнөсүндө жаӊылык уялаган Жаӊылкан Ташболотовна Жайыл-ма айылында төрөлүп, торолуп өстү. Элет жергесиндеги жаштардын, элдин психологиясын жакшы билген мектеп директору алгачкы кадамын мугалимдердин аброюн, кадыр-баркын көтөрүүдөн баштады. Көрсө, ал мектеп директорлугуна дайындалган жылдарга (2000-жыл) чейин педжамаатта бир да мугалим КР Билим берүүсүнүн отличниги төш белгисине ээ болбоптур. Мүмкүн бул жагдайдын объективдүү, субъективдүү себептери бардыр. Бирок кайсы өӊүттөн алып карабайлы мугалимдерди моралдык жактан колдоо, эмгегине реалдуу баа берүү – турмуштун мыйзам ченемдүүлүгү эмеспи.

«Убакыт – баарынан улуу тарбиячы» дегендей, мезгил өзү таразалайт тура. Учурда КР Билим берүүсүнүн мыктыларынын  саны  онго  жетти. Тактап айтканда, педжамааттын 65 пайызын түзөт.

Мектебим менин түнөгүм, бала үчүн согот жүрөгүм

– Элет жергесиндеги мектептин түйшүгү түмөн. Ааламды таануу – кичи Мекенден башталат эмеспи. Кайда  жүрсөм  да  үч  тал  чачтай өрүлгөн, орчундуу үч маселе жан дүйнөмдө жашап келет.

Алар: Мектептин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо; Мугалим, ата-эне,  коомчулук  үчилтигинин байланышынын ийкемдүү жолдорунун механизмдерин иштеп чыгуу; Мугалимдин коомдук беделин, кадыр-баркын көтөрүү аркылуу сапаттуу билимге ээ болуу.

Жогорудагы актуалдуу маселелердин түрмөктөлгөн түйүндөрүн жандырууда, биринчи таянычым – мугалимдерим. Ар бир сабагы чы-гармага тете болгон тажрыйбалуу, чыгармачыл англис тили мугалими Медетова Ирина, орус тили жана адабияты  мугалими  Рыспекова Бактыгүл жана математика мугалими Сулайманова Күлүмкан ж.б.у.с. кесиптештерим менен сыймыктанам. Баарына бирдей мамиле түзүү – башкы максатым. «Кишини ичинен бил, ичинен биле албасаӊ, ишинен бил» деп төгүн жеринен айтылбаса керек. Өмүрдү билим берүүгө арнаган соӊ, мектебим менин түнөгүм, бала  үчүн  согот  жүрөгүм,  дегим келет,  –  дейт  мектеп  директору Ж.Ниязбекова.

Мугалим үчүн да, окуучу үчүн да стипендия

Мыкты мугалим – мектеп күзгүсү, элдин  сыймыгы.  Алардын  эмгеги жаш муундардын тарбия жана билим сапаттарынын деӊгээли менен аныкталат. Буга далил катары окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн, моралдык жана материалдык жактан колдоо  максатында  жылына  бир жолу берилүүчү стипендиялар уюштурулганын айтсак болот. Маселен, мектеп атын алып жүргөн маркум Асан Раимкуловдун үй-бүлөсү тарабынан алдыӊкы окуучуларга окуу жылы аягында 500 сомдон стипендия ыйгарылат. Ал эми класс-кааналарга (чет тили – Клара Кнатова, география – Шаршен Кибраев, тарых – Акматбек Алыкулов) аттары ыйгарылган атуулдардын үй-бүлөлөрү тарабынан предметтик стипендия берүү адатка айланган. Башкача айтканда, олим-пиадада байгелүү орундарды ээлеген окуучуларга 300 сомдон, ал эми предметтик мугалимине 500 сомдон сыйлык тапшырылат.

Окуучуларга  жеткиликтүү  билим берүү максатында жетишсиз үй-бүлөдөн  келген  окуучуларды кийим-кече, окуу куралдары менен камсыздоо, мектептин педагогикалык жамааты тарабынан жакшы жолго коюлган. Маселен, өтө муктаждарга беш миӊ сомдон он миӊ сом жардам берилсе, социалдык жетим деп белгиленгендерге эки миӊ сом, жарым жетимдерге бир миӊ сом акчалай жардам көрсөтүлгөн.

Туулуп өскөн айылдан орто мектепти бүтүрүп, ЖОЖдон билим алып, кайрадан өз айылына келген физика мугалими Иманкадырова Нурпери жана башталгыч класстардын мугалими Рамисова Айгерим башкаларга үлгү болууда. Мындай өз айылына кайтып келген мугалимдер азыр аз эмеспи.

«Желбиретип Жайылманын желегин, чыйралтабыз булчуӊдарын дененин» дешкен спорт ышкыбоздору футбол, волейбол боюнча көчмө кубокту колдон чыгарышпайт. Мында жеӊиш ээлерин такшалткан мугалимдер Кутманалиев Доктурбектин жана Дөлөталиев Жаныбектин са-лымы зор.

Мектепте бала бакча да бар

Мектеп алдындагы «Бүчүр» балдар бакчасы 2009-жылдан бери иштеп келет. Эмеректер Курама айыл округунан камсызданылса, каржылоо ма-селеси ата-энелер тарабынан жүзөгө ашырылат. Анда дасыккан тарбия-чылар: Көчөрбаева Гүлиза жана Касенова Бакытгүл чыгармачылык менен эмгектенип келишет.

Кыскасы, Жайылма айылында жаӊылыктар көп. Жан дили менен бе-рилип, билим куту болгон сүйүктүү мектебинде таӊдан-кечке талыкпай, ак эмгек менен алпурушкан агартуунун азаматтарын алкоо сөз менен кубаттап туруу – атуулдук парзыбыз. Ооба, ааламды таануу, анын керемет дүйнөсүнө сүӊгүп кирүү – туулуп өскөн кичи Мекенден башталат. Аны көп учурда унутуп коебуз. Ошентип, Нооруз майрамынын алдында Жайылмада жандуу иш жүрүп, жазды жакшы тоскону турушат…

Ибраим ЧОТОВ, КР Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*