ИЛИМ МЕНЕН ПРАКТИКАНЫ АЙКАЛЫШТЫРГАН ПЕДАГОГ

Ар бир адам өмүрүндө башынан ар кандай окуяларды өткөрөт. Алардын тагдыры да бири-биринен кескин айырмаланат. Бирок алардын өмүр жолунда кайсы бир деӊгээлдеги окшоштуктар, дал келүүлөр, карама-каршылыктар орун алып турары белгилүү. Алардын тагдырынын өйдө-төмөндөрү ачык-айкын белгилүү болбосо дагы, айрым иш-аракеттери, алардын көзгө көрүнгөн жыйынтыктары жөнүндө сөз айтууга ар ким акылуу жана кесиптештик милдети деп эсептеймин. Ошондуктан мен педагогика илимдеринин доктору, профессор, кесиби боюнча физик-таалимчи Жангороз КАНИМЕТОВдун агартуу тармагындагы ишмердиги жөнүндө кыскача маалымат берүүнү туура көрдүм.

Мен Жангороз Каниметовичти 1988-жылдан, башкача айткан-да, Кыргыз ССРинин Элге би-лим берүү министрлигинде мек-тепке чейинки, мектепте жана мектептен  тышкаркы  таалим-тарбия берүүчү мекемелеринин ишмердүүлүгү боюнча башкар-малыктын башчысы, андан кий-ин Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын башчы-сы болуп иштеп жүргөн учурдан баштап билем. Андан бери далай суулар акты, далай өзгөрүүлөр болду. Бирок менин эсимде ту-руктуу  сакталып  калганы  ток-сонунчу  жылдардын  биринчи жарымында Ысык-Көл областы-нын борбору Каракол шаарында Кыргыз Республикасынын мек-тептериндеги жаӊылануу про-цессинин проблемалары деген республикалык илимий-практика-лык конференциянын Жангороз Каниметовичтин демилгеси жана жетекчилиги  менен  жогорку деӊгээлде өткөрүлгөндүгү. Кон-ференцияга Республиканын көп жерлеринен мектеп жетекчиле-ри, тажрыйбалуу жана жаӊычыл мугалимдер келишкен. Алардын билдирүүлөрү менен катар Ка-раколдогу Токтогул Сатылганов атындагы областтык лицей-ин-тернатынын жаӊычыл иштери менен жаӊы типтеги орто окуу жайынын үлгүсү катары тааныш-канбыз. Ал республикада алгач-кылардан болуп уюшулган жаӊы типтеги мектеп болучу. Азыркы күндө да алдыӊкылардын ката-рында келе жаткандыгы, анын фундаментинин бекем куюлган-дыгын, ишин жаӊы баштаганда эле багытынын түз болгондугун айгинелеп турат. Ошол мектепти түптөшкөн жетекчилер Байсер-кеев Аскар, Өзүбекова Жибек азыркы учурдагы тажрыйбалуу педагогдор, эли-журту кадырла-ган адамдар. Бири Кыргыз Ре-спубликасынын Эмгек сиӊирген мугалими болсо, бири Кыргыз Республикасынын Эл мугалими.

Жангороз  Каниметовдун жаӊычыл  эмгеги  жөнүндө  сөз болгондо,  мен  анын  илимий изилдөөсү, алардын жыйынтык-тары жөнүндө айтышым керек. Ал иштеп жүрүп, болгондо да Жо-горку Кеӊештин депутаты кызма-тында жүргөн убакта педагогика илимдеринин кандидаты (2001) жана педагогика илимдеринин доктору (2010) окумуштуулук да-ражаларын изденип алуу үчүн диссертацияларды жазып кор-гогон. Бул катардагы көп адам-дардын колунан келе бербеген көрүнүш.  Мындай  ийгиликке жетүүнүн себеби кызматынын мазмуну менен өзүнүн адисти-ги, ошондой эле илим-изилдөө ишинин багытынын дал келип калгандыгында болсо керек деп ойлойм. Кандай болгон күндө да, бул – талыкпаган аракеттердин максаттуу жасалгандыгынын на-тыйжасы.

Жангороз Каниметовдун или-мий иши кыргыз педагогикасында жаӊы багыт болгон проблема-га, башкача айтканда, Кыргыз Республикасында билим берүү процессин  башкарууну  демо-кратиялаштыруунун  илимий-педагогикалык  негиздерине арналган. Изилдөөнүн жыйын-тыктары 2013-2014-жылдарда жарык көргөн төрт китепчесинде жарыяланган.

Биринчиси,  “Билим  берүү жана демократия” деп аталып, анда демократия түшүнүгүнүн мазмуну саясий жана социалдык өӊүттөн талданып, анын эволю-циясы билим берүүнүн өнүгүшү менен  биримдикте  каралган. Мында  негизги  көӊүл  билим берүүнү демократиялаштыруу процессин  оӊ  жолго  коюунун негизги багыттары көрсөтүлгөн. Автор  негизинен  үч  багытты бөлүп көрсөтөт. Биринчиси, би-лим берүү системасында демо-кратиялык принципте уюшулган чөйрөнү түзүү жана анын ишин алга жылдыруу тармагындагы мамлекеттик саясат. Экинчиси, билим берүү процессин уюшту-руу үчүн демократиялык шарт-тарды түзүү. Үчүнчүсү, билим берүүнү башкарууну демокра-тиялаштыруу.

Экинчи китеп “Билим берүүнү демократиялаштыруу саясаты” деп  аталат.  Анда  негизинен Кыргыз Республикасында билим берүүнү демократиялаштыруу-нун укуктук маселелери, улуттук программалар менен эл аралык келишимдердин орду жана ма-аниси, ошондой эле орто жана жогорку кесиптик билим берүүнү демократиялаштыруудагы же-тишкендиктер менен кемчилик-тер көрсөтүлүп, ал процессти өркүндөтүүнүн  стратегиялык багыттары белгиленген.

Үчүнчү китеп, билим берүүнү демократиялаштыруу багытын-дагы инновациялыкпроцесстер-ге арналган. Анын мазмунунда билим берүүнү демократиялаш-тырууда инновациялардын тео-риялык өбөлгөлөрү талданып, айрым  жоболор  сунушталган. Алардын ичинен негизги дели-нип, билим берүүнүн мазмунун жана  окуу  процессин  уюшту-рууну  демократиялаштыруу бөлүнүп алынган. Албетте, би-лим берүүнүн мазмунун демокра-тиялаштыруу гумандаштырууга караганда,  бир  кыйла  татаал жана карама каршылыктуу. Ал эми окутууну уюштурууну демо-кратиялаштыруу – бул өтө акту-алдуу, орундуу жана аны ишке ашырууда кайсы бир деӊгээлдеги жаӊылыктарды киргизсе болот.

Китептин кийинки бөлүгүндө Кыргызстандын  жогорку  окуу жайларына Болонья система-сын киргизүү – билим берүүнү демократиялаштыруунун шарт-тарынын бири катары каралат. Албетте, мында зарыл шарттар түзүлбөсө, башкача айтканда, заманбап  маалыматтык  жана телекоммуникациялык  техно-логиялардын  базасы,  окутуу процессин камсыз кылуучу окуу комплекстери жогорку деӊгээлде түзүлбөсө,  студенттердин  өз алдынча иштөөсү үчүн шарттар болбосо – бул иштин натыйжа-сы канааттандырарлык абалга жетпей тургандыгы көрсөтүлгөн. Корутундуда бир эле учурда жо-горку билим берүүнүн сапатын көтөрүүнү жана аны демократи-ялаштырууну жалпы республи-калык тестирлөө, көп каналдуу каржылоо жана жогорку билим берүү тармагында башка өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү жана башка көптөгөн маселелер-ди чечүү Кыргыз Республикасы-нын билим берүү системасынын алдындагы чоӊ милдет экендиги баса белгиленген.

Автордун төртүнчү китеби би-лим берүүнү башкарууну демо-кратиялаштыруу проблемасына арналган. Чындыгына келгенде бул эмгек жогоруда келтирил-гендерди жалпылоо, учурдагы абалын теориялык жана практи-калык жактан талдоого алып, ал процессти өнүктүрүү келечегин аныктоочу мүнөзгө ээ. Өзүндө да ушул сыяктуу милдет коюлуп, ошол өӊүттө мазмуну түзүлгөн.

Китепте  башкаруу  жана башкарылуу маселелери, баш-каруунун негизги милдети, баш-каруучулук  маданият,  билим берүүдөгү  лидерлик,  билим берүү уюмдарынын жетекчиси менен билим берүүдөгү лидер-дин өзгөчөлүктөрү, жамааттын өзүн-өзү  башкаруусу,  педаго-гикалык өзүн-өзү башкаруунун натыйжалуулугу, башкаруунун социалдык-педагогикалык шарт-тары, окуучулардын жана сту-денттердин өзүн-өзү башкаруусу, өзүн-өзү башкаруунун принцип-терине  окшогон  түркүн  түмөн маселелер жөнүндө сөз болот. Ал  түшүнүктөрдүн  теориялык мазмуну ачылып, орто мектептин жана жогорку окуу жайлардын шартына ылайык интерпретация-ланган. Акырында окуучулардын өзүн-өзү башкаруусу, ата-эне-лердин мектептеги башкарууга катышуусу,  билим  берүүдөгү мамлекеттик-коомдук башкаруу маселелерин изилдөөнү уюшту-руу методикасы жана алынган натыйжалар жөнүндө сөз болот.

Жыйынтыктап  айтканда, Ж.Каниметовдун биз талдоого алган  эмгеги  билим  берүүнүн психология-педагогикалык гана маселесине эмес, мамлекеттик деӊгээлдеги маселесине арнал-ган олуттуу иш болуп эсептелет. Анын теориялык маселелери бо-юнча тийиштүү жоболор жана тыянактар  иштелип  чыкканы менен  практикалык-колдонмо маселелери дагы да изденүүнү, прикладдык изилдөө иштерин жүргүзүүнү талап кылат. Демек, бул  проблема  алдыда  дагы көптөгөн маселелерди чечүүгө жол ачат.

Мен илимий кесиптеши ка-тары Жангороз Каниметовичке ушундай келечектүү проблема-ны  көтөрүп  чыкканына,  анын чечилүү жолдорун изилдеп ал-гачкы чыйырларды салганына ыраазычылык билдирем. Мын-дан ары өзүнүн санаалаштары, сапарлаштары,  ошондой  эле окуучулары менен биргеликте уч-кундан жалын тутантып, элибиз, мамлекетибиз үчүн аба менен суудай керек болгон маселени дагы да тереӊдетип чечет деген ишеничтемин.

Урматтуу  Жангороз  Кани-метович! Сизге таза жан дүйнө, адамзаттык  бийиктик  менен тереӊдикти, эл алдындагы ка-дыр-баркты, нарктуулукту каа-лайм!

Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ,

педагогика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты

Махмуд Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университети педаго-гика илимдеринин доктору, профессор Жангороз  Каниметовду  65  жылдык юбилейи менен куттуктайт жана чыӊ ден соолук, иштерине ийгилик, чыгарма-чылык эргүү каалайт.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*