ТӨЛӨБЕК АБДРАКМАНОВ — БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ЛИДЕРИ

Кыргызстандын билим берүү мейкиндигинде Төлөбек Абдырахманов деген ысым пайда болду. Ал кээ бирөөлөрдөй уран көтөрүп, барабан уруп, төшүн какпастан эле көпчүлүктүн арасында басмырт жүрүп, көмүскөдө өзүн тымызын кайрап-бүлөп, жеке устаканасында тер төгүп, илим-билимди казып, күн-түн мээнеттенип, бир күнү алды жака жасай турган секириги үчүн трамплинди алдыртан дыкат даярдай берген экен. Бир мезгилде ошол “пружина –трамплин” ныгыра басылып туруп, кайра серпилди да, Төлөбек АБДЫРАХМАНОВдеген интеллектуал күтүүсүздөн өйдө карай ыргып чыгып, билим берүү аренасынан дароо жарк этип көрүндү.

Чет өлкөлүк жана кыргызстандык абройлуу  гезит-журналдарга, илимий басылмаларга капыстан жааган жамгырдай Төлөбектин кыргыз, орус тилдеринде жараткан салмагы сайдын ташындай олуттуу макалалары, изилдөөлөрү байма-бай жарыяланып, чынын айтыш керек, билим берүү жаатындагы элита-нын оозун ачырып койду. Төлөбек Кыргызстандын оӊой менен жүрөк даабаган олуттуу чоӊ, чоӊ проблемаларына дароо эле “тиш салып” чыкты. Анын 2006-жылдан баштап, гезит-журналдардын беттерин кооздогон макалаларынын, илимий ой жүгүртүүлөрүнүн,  изилдөөлөрүнүн,  китептеринин аттарына эле байкоо салып көрөлүчү. Мына, караӊыз: “Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын негизги этаптары”, “Идеология образования: Что имеем?”, “Өлкөнүн жогорку билим берүүсүнүн структурасын модернизациялоонун  актуалдуу  маселелери”, “Многоуровневая система подготовки специалистов как ключевой фактор в интеграции образовательных программ стран СНГ и ШОС”, “Почему необходимо акционировать вузы Кыргызстана”, “Мектеп – өлкөбүздүн билим берүү системасынын фундаменти”, “Проблемы финансирования высшего образования в контекста Болонского процесса”, “Переходные процессы и особенности демократического транзита Кыргызстана” (Бишкек, “Maxprint” басмасы, 2013), “Кыргызстандын жана дүйнөнүн билим берүү системалары XXI кылымда: реформалар, тенденциялар, проблема-лар” (Бишкек-“Maxprint” басмасы, 2013), “Анотомия политического кризиса”, “Кыргызстанская модель постсоветского развития”, “Трофейная” экономика транзитного Кыргызстана: где выход?”ж.б.

Мурда  ЖОЖдо  көпчүлүктүн  ара-сында көп деле билинбей жүргөн окутуучунун күтүүсүздөн жогорудагыдай үлкөн, кеӊ кулачтуу, глобалдуу маселелерди биринин артынан бирин көтөрүп, басма сөз аренасына чыгышы, чыкканда да ошол чоӊ-чоӊ проблемаларды тереӊ аналитика менен түбүнөн түрө талдап, мас-штаб менен ишеничтүү жазышы Төлөбек Абдырахмановдун жана айтылгандай, көп жылдар бою илимий-интеллектуалдык, коомдук-публицистикалык күжүрмөн ишке өзүн катуу даярдагандыгын, көөдөндөгү көрөӊгөсүнүн, тула боюндагы тубаса кудурет-талантынын күчтүү экенин айгинелеп койду. Бүгүнкү күндө Төлөбек Абдырахманов коюу чаӊдан күлүктөй бөлүнүп чыккан, билим берүү сферасында кадимки “Тай-торудай” жүгүргөн (“Манас”), өлкөбүздүн окуу-тарбия системасынын лидерлеринин бири. Биз аны республиканын ири окуу жайынын ректору болгону үчүн гана эмес, өзүнүн нукура илим-билими, интеллектуалдык даярдыгы, ой жүгүртүүсүнүн озгундугу боюнча лидер деп эсептейбиз.

Ой жүгүртүүсүнүн озгундугу дегенде, мына муну айтып өткүбүз келет. Мисалы, жогорудагы аты аталган “Переходные процессы и особенности демократического  транзита  Кыргызстана”, “Кыргызстандын жана дүйнөнүн билим берүү  системалары  XXI  кылымда:  реформалар, тенденциялар, проблемалар” аттуу китептеринде кыска айтканда, бир коомдук системадан экинчи коомдук системага, бир жээктен экинчи жээкке өтүп жаткан  эгемендүү  Кыргызстандын   20 жылдык демократиялык өткөөл доорунун кризистүү, драмалуу социалдык-саясий, социалдык-экономикалык бейнеси жана билим берүү реформасынын карама-каршылыктуу картинасы тартылып берилет. Бул жерде биздин белгилейли дегенибиз, мына ошол татаал, социалдык динамиканын “портретин” тартууда жана талдоодо Т.Абдырахмановдун дүйнө таанымынын, дүйнө көрүүсүнүн бийиктиги, саясий кругозорунун  кенен-чонондугу,  интеллек-туалдык, социомаданий камылгасынын тереӊдиги, ой чуркатуу чабытынын кеӊ кулачтуулугу болуп отурат. Автордун мындай артыкчылыгы транзит мезгилиндеги кыргыз социумунун тагдырына дүйнөлүк геосаясий, демократиялык процесстердин контекстинен жана эл аралык билим берүү мейкиндигинин ыӊгайынан серп таштап, ынанымдуу талдоолорду, чечмелөөлөрдү, жалпылоолорду, конструктивдүү сунуштарды бере билгендигинен ачык көрүнүп турат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүүсү жөнүндө конкреттүү педагогикалык кыртышта өтүп жаткан реалдуу процесстерге таянбаган, абстрактуу, риторикалуу ой жүгүртүүлөргө толгон, орусча булактардагы даяр илимий постулаттарды перефразалап чеченсинген, билим берүүгө утопиялык  идеяларды,  долбоорлорду таӊуулаган эмгектер абдан көп. Окусаӊ баардыгы туура. Бирок мындай эмгектерден реалдуу, турмуштун жандуу илеби уруп турбагандыгы өкүнүчтүү.

Төлөбек  Абдырахмановдун  эмгектериндеги  картина  башкача. Т.Абдырахмановдун өйдөкү эки китебин эле кайра күбөгө тарталы. Бул эмгектеринде автор ар дайым өлкөнүн билим берүүсүнүн реалдуу айдыӊында өтүп жаткан конкреттүү көрүнүштөргө, социологиялык, эксперименталдык иликтөөлөрдүн, жүргүзүлгөн мониторгдордун натыйжаларына, республиканын статистикалык кызматы берген маалыматтарга, окуу-тарбия ишинин конкреттүү кырдаалдарынын көрсөткүчтөрүнө  таянып  ой-жүгүртүп, жергиликтүү кубулуштарды дүйнөлүк би-лим берүү мейкиндиктериндеги фактыларга салыштырып, негиздүү корутундуларды жасай билет. Анын эмгектери, жандуу практикадан сузулуп алынган мисалдар, түркүн цифралар жана таблицалар, диаграммалар, көрсөтмөлүү иллюстрациялар менен коштолуп жүрүп отурат. Мунун өзү Т.Абдырахмановдун окумуштуу катары конструктивдүүлүгүн, ой жүгүртүүсүнүн историзмин, иликтөө-изилдөө методологиясынын ийкемдүүлүгүн айкындап, жасаган тыянактарынын ынанымдуулугун күчөтүп турат. Автордун түрдүү аспектиде дайыма туруктуу жана ыктуу колдонгон салыштырма методу Кыргызстандын билим берүүсүнүн тенденцияларын, жаӊылыш, чабал жана өксүк жактарын, кемчиликтерин, инерттүү көрүнүштөрүн, алардын себептерин жана детерминанттарын ачык көрүп, ой толгогонго окурманды аргасыз кылат. Айрыкча, Т.Абдырахмановдун алыскы, жакынкы өлкөлөрдүн жогорку билим берүүнү финансылоосу менен Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык абалын салыштырган аналитикасы, биздеги жагдайдын кейиштүүлүгүн алаканга салгандай көрсөтүп, чечкиндүү реформаны баштоонун, радикалдуу чечимдерди кабыл алуунун зарылдыгына ынандырып жиберет.

Китептеринде,  эмгектеринде,  макалаларында  Т.Абдырахманов Кыргызстандын билим берүүсүн реформалоонун жолдорун, билим берүүнүн мындан аркы келечегин, ийгилигин эмнеден көрөт? Кенен алганда, билим берүүнүн келечегин XXI кылымдын постиндустриалдык-маалыматтык мүнөздөгү жагдай — шарттарына ылайык келген, ошону менен бирге Кыргызстандын спецификасын, эсепке алган жаӊыча билим идеологиясын жана философиясын иштеп чыгуудан, көп тепкичтүү окутуу системасынын чындап, толук кандуу ишке чегилишинен, өлкөнүн билим берүүсүнүн эл аралык мейкиндикке интеграцияланышынан, билим берүү долбоорлорунун, илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларына негизделип түзүлүшүнөн, илим-билимди, интеллектуалдык ресурсту – мекендин социалдык-маданий, экономикалык, илимий-техникалык, өнүгүүсүнүн локомотиви катары эсептеген, мамлекеттик саясаттын активдүү жүргүзүлүшүнөн, бала бакча, мектеп, ЖОЖ аттуу институттардын биринин ишин бири улаган, өз ара тыгыз ишкердүү байланышынын жолго коюлушунан, мектеп билиминин профилдешишинен көрөт. Ошондой эле билим берүүнүн перспективасын, жогорку окуу жайларына көбүрөөк экономикалык эркиндиктин берилишинен, алардын билим тармактары боюнча диверсификацияланышынан, диференцияланышынан, ЖОЖдордун көп каналдуу финансылык булактарга жетишишинен, административдик-бюрократиялык тушамыштардан бошотулушунан,  акционерлештирилишинен, алардын рынок мамилелеринин чыныгы субъектилерине айланышынан, билимдин мазмунунун заманбап модер-низацияланышынан, билимди баалоонун инновациялык технологиясынын кабыл алынышынан, окуучунун, студенттин, ин-санын, ой жүгүртүүсүн, өз алдынчалыгын, компетенттүүлүгүн, ички маданиятын, улуттук-этникалык иденттүүлүгүн өнүктүрүүгө басым койгон педагогиканын жигердүү иштешинен көрүп турат. Чынында эле, ушундай стратегиялык идеялардын жана багыттардын жолуна чындап түшсө, анда Кыргызстандын билим берүүсү ырасында, жемиштүү да, жеӊиштүү да болор эле демекчибиз. Мына ошентип, ректордун билим берүү концепциясы азыркы кылымдын чакырыктары менен үн алышып, мезгилдин бийиктигинде туруп жатат.

Ошондой эле, ректордун көз карашы боюнча республиканын билим берүүсүнүн алга жылышына кедергисин тийгизип, тормоздоп жаткан факторлор абдан көп. Т.Абдырахмановдун бул багыттагы диагностикасы объективдүү жана субъективдүү себептер менен шартталган далайлаган көйгөйлөрдү фактылар менен ачып көрсөтөт. Ошолордун ичинен ректордун жан дүйнөсүн өзгөчө кейиткен нерсе, республиканы коррупциянын туташ басып турушу, билим берүүнүн “артканын берүү” принциби менен каржыланышы, өлкөдө илим-билимдин культу эмес, “дипломдун” культунун өкүм сүрүп тургандыгы, окуу жайлардын контракттык бөлүмдөрүнө кабыл алуунун негизги критерий, абитуриенттин билим жөнтөктүүлүгү эмес, чөнтөктүүлүгү болуп калгандыгы, өлкөдө муундардын жөндөмү, шыгы, таланты, тандаган профили боюнча окутуу системасынын  жолго  коюлбагандыгы, мектептерде окуучулардын билимин баалоонун, эффективдүү методикасынын жоктугу, жапайы капитализмдин учурунда мектепке чейинки билим-тарбия берүүнүн кыйратылгандыгы,  чет  өлкөлүк  билим берүү моделдерин сыртынан механикалык түрдө тууроо, окуу жайлардын сапат жагынан эмес, сан жагынан экстенсивдүү өсүшү, жогорку инстанциялардын административдик бюрократиясы жана өзүм билемдик тейлеп-тескөөсү ж.б. Өлкөнүн билим берүүсүнүн жаӊы цивилизациялык жолго түшүшү үчүн, ректордун ою боюнча, мындай кейиштүү абалдын сазынан респу-блика тезинен суурулуп чыгууга тийиш. Т.Абдырахманов теориялык, иликтөө-изилдөөчүлүк, жазуу, жарыялоо, инте-лектуалдык  ишмердик  жагынан  гана активдүүлүктү көрсөтпөстөн, реалдуу иш жасоо жагынан да, өзүнүн конкуренцияга жөндөмдүү экенин коомчулук алдында тастыктап берди. Ал ректордук кызматка отурганда, И.Арабаев атындагы университеттин 20 миллион сом карызы бар эле. Окуу жайдын структураларында бир дагы интерактивдик доска болбогон. “Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт” дегендей, ректор биринчи иретте, универ-ситеттин экономикасын көтөрүүнүн үстүндө катуу ойлонду. Бир сөз менен айтканда, эмгек жамаат менен бирге чарбалык-эко-номикалык ишмердиктин альтернативдүү жолдорун издеп, жаӊы долбоорлор менен иштөө боюнча күжүрмөн жетекчилик ишти алып барууга үлгүрдү. Натыйжада 2013-2014-окуу жылында университеттин жалпы кирешесинин көлөмү 197947,3 миӊ сомго өсүп келди. Мына ошентип, кыска мөөнөттө университет 20 миллион сом карызынан кутулуп чыкты. Окуу жайдын ар бир струк-турасында бирден-экиден интерактивдүү доска пайда болду. Электрондук китеп-кана түзүлдү. Кыскасы, университеттин материалдык-техникалык, окуу-педагогикалык базасы кыйла чыӊдалып чыга келди. Окуу жайга тыштан 10 миллион сомдук тышкы инвестиция жана спонсордук жар-дам тартылды. Окутуучулардын маянасы көтөрүлдү. Илимдин докторунун айлыгына кошумча 6000 сом, илимдин кондидаттары-нынын маянасына кошумча 3000 сом төлөө боюнча жакында Камкорчулар Кеӊеши тарабынан чечим кабыл алынды.

Ректордун жаӊычыл жана иштемчил жетекчилигинин аркасында, окуу жайдын окуу процесси жагында да жагымдуу жаӊылыктар жана илгерилештер болуп өткөнү көзкөрүнөө. Университетте көп тепкичтүү окутуу системасы чыӊдап, активдешти. Азыр окуу жайда бакалавр даярдоо 34 багытта, магистр даярдоо 12 багытта, аспирантура, докторантура иши 13 тармак боюнча жүргүзүлүп жатат. 604 компьютер интернетке кошулган. Университетте педагогикалык багыттагы бакалаврдык, магистирдик 18 жаӊы мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыгып, “Билим берүүдөгү менеджмент” стандарты Кыр-гызстандын, Казакстандын, Тажикстандын негизги стандарты катары кабыл алынган. Азыркы күндө окуу жай жана окутуучулар эл аралык ар кандай 10 долбоор менен иштешип жатат. Кыскасы, мындай жаӊы жөрөлгөлөр жана ийгиликтер универси-теттин эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланууга, жөндөмдүүлүгүн арттырган жемиштүү көрүнүш болуп эсептелет. Мына ошентип, кийинки убактарда И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика-лык жогорку билимдин өрнөктүү ордосуна айланууга жана окуу тарбия процессинде инновациялык, маалыматтык технология-нын желегин желбиретүүгө, болочок мугалим адистерди жалпы адамзаттык жана улуттук маданият менен сугарууга карата болгон аракети күч.

Айтмакчы, Т.Абдырахмановдун жетекчилиги менен улуу агартуучу И.Арабаевдин педагогикалык мурастарын изилдөө, жарыкка чыгаруу, жайылтуу жагы-нан да чоӊ иштер бүткөрүлүп жаткандыгы коомчулукка дайын. Жыйынтыктап айтканда, илимий-интеллектуалдык, аалымдык-агартуучулук сөзү менен да, реалдуу атуулдук күжүрмөн иши менен да, айланасына аттын кашкасындай таанылып, алдыга суурулуп чыккан, өзүн ар дайым жөнөкөй, калыс, адамгерчиликтүү нарк менен алып жүргөн, жалпы улуттук, мамлекеттик деӊгээлде ой жүгүртө билген Төлөбек Абдырахмановдой мекенчил уулдун, билим берүүдө алысты көргөн жаӊычыл жетекчинин бар экени кубандырбай койбойт.

Советбек БАЙГАЗИЕВ,

филология илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жагындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын ээси

2 Comments

  1. Ой это же алкаш, бывший член бакиевской команды, получил доктора наук революционным путем как только стал ректором свергнув своего же друга ректора во время беспорядков 2010 года

  2. Толобек Абылович Абдрахманов эн мыкты РЕКТОР! Менин РЕКТОРУМ! Бул киши ушунчалык жонокой киши. Бизге 4-курста сабак берчу. Билими терен, ар тараптан онуккон мыкты инсан десем жанылышпаймын. #менинРЕКТОРУМ!!!

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*