БИШКЕКТЕ ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаарындагы А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы старт алды.

     Олимпиаданын 4-турун Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаева ачты.
– Билимдүү жаштар аз, балдардын тарбиясы жок ж.б.у.с. сындар бизге көп айтылат. Демек, ошондой сындарды укпаш үчүн бүгүн залда отурган ар бир инсан өзүнүн ишине так, жоопкерчиликтүү караса, ак дилинен эмгектенсе сөзсүз түрдө республиканын алдыңкылары алдыга озуп чыгат. Калыстар тобу окуучулардын иштерин объективдүү, таза баалайт деп ишенем. Ал эми олимпиаданын ар бир катышуучусу терең ишенич менен «мен мыктымын, мен сөзсүз ийгиликке жетемин» деген чоң максат койсо, бул келечектеги иштерине чоң импульс болот деп ишенем, – деди Т.Ашымбаева.
Быйылкы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы эки топко бөлүнүп өткөрүлүүдө: статустуу мектептер тереңдетилген программа боюнча жана жөнөкөй мектептер базалык программанын негизинде катышууда. Эки топту тең бир эле калыстар тобу баалашат.
Республикалык олимпиаданын 1-туру №5 УКГнын базасында өтүүдө. Мөөр басылган конверттер окуучулардын көзүнчө ачылды. Быйыл тапшырмаларды И.Раззаков атындагы техникалык, Кыргыз-Түрк «Манас» жана И.Арабаев атындагы университеттердин окутуучулары даярдап, конвертти чаптап жана окуу жайдын мөөрүн коюп, алып келишти. 1-турда видеого тартуу каралбаптыр, бирок сынактын экинчи турунда И.Раззаков атындагы техникалык, Кыргыз-Түрк «Манас» университеттеринде катышуучулардын ар бир жообу видеого тартылып, керек болсо сыртта турган күйөрмандар да көрүүгө мүмкүнчүлүктөрү болот.

           Олимпиаданы өтүүгө бардык шарттар түзүлгөн
А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын кире беришинен баштап олимпиада өтүп жаткан ар бир класс кабинетине чейин бардык шарттар түзүлгөн. Ар бир кабатта күзөтчү жана байкоочу мугалимдер коюлган. Ар бир катышуучуну класска киргизүүдөн мурда анын паспорту, мектеп берген справкасы жана каттоодон өткөн баракчасы текшерилгенден кийин гана кирүүгө уруксат берилди.
– Республикалык олимпиаданы өткөрүү үчүн материалдык-техникалык базабызды дагы бир сыйра жаңылатып алдык. Окуучулардын, мугалимдердин ден соолугуна кам көрүү максатында быйыл жылуулукту өчүртпөй, 1-апрелге чейин узарттык. Класстар, жатакана абдан жылуу. Окуучулардын жатаканасына, тамак-ашына, канцтоварга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каражат бөлүнүп берилген. Учурда 275 окуучу жатаканага жайгашты. 290 баланы тамак-аш менен камсыз кылуу үчүн смета түзүлүп, күнүнө 55 сомго меню түзүлгөн. Мындан сырткары, атайын программаларды иштеп чыктык. Олимпиаданын катышуучулары сынактан кийин жакшы эс алыш үчүн: волейбол, футбол, теннис, баскетбол, тогуз коргоол боюнча оюндар уюштурулат, ошондой эле атайын мектеп-гимназиянын окуучуларынын күчү менен даярдалган концерт да тартууланат. Баса, быйыл биздин мектептин олимпиадачылары шаардык турда 2-орунду камсыз кылышты. Былтыр шаарда жана республикада 1-орунду алганбыз. Быйыл эки окуучубуз республикалык турга катышып жатышат. Алар биздин ишеничибизди аткарышат деген ойдомун, – дейт А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиянын директору Мурат Жумалиев.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*