БОРОНБАЙ МЕНМУРАТ УУЛУНУН ТАРЫХТАГЫ ОРДУ

2015-жылы көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмер Боронбай Менмурат уулуна 235 жыл болот. Бүгүн кыргыз коому эл аралык аренада Боронбай чапкан жол менен баратат, ошондуктан мамлекеттик ишмер катары, анын басып өткөн жолун изилдөөнүн актуалдуулугу ушунда.

230 жыл мурун Атаке-баатырдын элчилери Россия мамлекетине барышып, келечектеги стратегиялык өнөктөшкө кол сунушса, 160 жыл мурун Ысык–Көлдүн бугу уруусу Боронбайдын жетекчилиги астында, көп жылдык аракеттен кийин өз эрки менен Россия мамлекетинин карамагына өтүшкөн. Ошону менен бирге Евразия биримдигинин биринчи этабы башталган жана бул биримдик ар кандай формаларда болуп бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулууда. Мына ушул иш-аракеттер мындан эки кылым мурун биздин ата-бабалар туура чечим кабыл алышкандыгын далилдейт.

ХIХ кылымдын башында бугу уруусу Текес аймагын, Ысык–Көлдү толук ээлешкен. 1812-жылы бугулардын элчиси Шералы, анын баласы Качыбек Россиянын Батыш Сибирь генерал- губернатору ме-нен кездешкен. 1820-жылдардын биринчи жарымында бугу уруусунун белек, арык, желден уруктары өз өкүлдөрүн Россияга жиберишкен. Бул мезгилде Кокон хандыгы Түндүк кыргыздарга чабуул жасап, алар-ды толук басып алганга аракет кылып турушкан.

1825-жылдын жазында Жыргалаӊ суусунун боюндагы элдик жыйында бугу уруусу Кокон хандыгынын элчисинин сунушун четке кагып, Россия менен кызматташууга багыт алышкан.

1830–жылдын башында бугулардын ага манабы Бирназар болгон. Бул мезгилде Ысык–Көлдүн түштүгүн Кокон хан-дыгы басып алып Каракол, Барскоон, Коӊур-Өлөӊ чептерин курушуп, аларга аскер жайгаштырып, салык чогултуп турушкан. Кокондуктардын салыгы эки түргө бөлүнгөн; малдан — зекет, жерден — харадж. Зекет түрлөрү боюнча түтүн — ар бир үйдөн бир кой, мал зекет боюнча 40 койдон бир кой, 30 уйдан бир уй, 40 жылкыдан бир жылкы, беш төөдөн бир кой төлөшкөн. Харадж боюнча эгиндин, жер-жемиштин түшүмүнүн ондон бир бөлүгүн беришкен.

ХIХ кылымдын биринчи жарымындагы кыргыздардын мамлекеттик–саясий биригүү мезгилиндеги башкаруу системасындагы манаптар, бийлер меритократия принциби боюнча тандалып алынып, эл тарабынан бул кызматтарга шайланып, аларга жоопкерчиликтүү болгон, бул коомду башкаруунун демократиялык жолу эле.

Бирназар каза болгондон кийин Боронбай меритократия принцибинин негизинде бугу уруусунун ага манабы кызматына элдик шайлоодон өтүп келген. 1830-жылдардын аягында Боронбай бугу уруусун бириктирип, ички жана сырткы маселелер боюнча биргелешкен чечим кабыл алууга жетишкен.

Боронбай  Кокон  хандыгынын агрессивдүү саясатына каршы турган. ХIХ кылымдын 30 жылдын аягында Ысык–Көлдүк кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшкө чыгып, Боронбай ири кол топтогон, тарыхый маалыматтар боюнча жоокеринин саны 20000 жеткен. Бир нече согуш аракетинен кийин кыргыз-дар кокондуктар ээлеп турган чептерди толук бошоткон. Ысык–Көлдүктөрдүн бул көтөрүлүшү жалпы түндүк кыргыздардын Кокон хандыгына каршы күрөшүн ак-тивдештиришкен.

Боронбайдын кокондуктарга каршы ийгиликтүү аракеттери анын аброюн кыргыз ууруларынын арасында жана коӊшу мамлекеттердин астында жогору көтөрүп кой-гон. Россия, Кытай мамлекеттери менен дипломатиялык мамилелерди түзгөнгө өбөлгө болгон. Кытай императору Боронбайга султандык бийликтин белгиси болгон алтын канжар, алтын жалатылган кызыл чепкен жиберип, аны Ысык–Көлдүн, Текестин мыйзамдуу жана толук укуктуу башчысы деген. Айрым кокондук, бухаралык, кытайлык тарых булактарында Боронбайды Ысык–Көлдүн жана Текестин султаны, Бугу уурусунун жогорку мыйзамдуу башчысы деген титулу жазылган, ошондуктан эл арасында азыркы күнгө чейин Боронбай султан деген сөз калып калган.

1842–жылы  Орто-Токойдо  түндүк кыргыздар  мамлекет  түзгөнгө  аракет кылышып, хан шайлоодо Боронбайга сунушталган хандык титулдан жашы келип калгандыгына ылайыктуу баш тартып, кудасы Ормондун талапкерлигин колдогон. Уруулар союзунун негизинде пайда болгон конфедерациялык мамлекет түзүлгөн, ошондуктан борбордош-кон күчтүү саясий системаны түзө алган жок. Мамлекеттик бийлик борбордо гана орноп калып, аймактарга өзүнүн таасирин тийгизе алган эмес. Жергиликтүү феодалдык төбөлдөрдүн бийлиги мамлекеттик деӊгээлге жеткен эмес. Мунун себеби болуп, уруулардын ортосундагы араздашуулар, Ормондун өзүнүн жеке сапаттары болгон.

1843–жылы Боронбай Жууку суусунун боюндагы Кызыл-Үӊкүрдө чеп куруп, элдин коопсуздугун сактаган. 1844–жылы Россия бийлигине элчилерин жиберип анын тутумуна кирээрин билдирген, бир нече аракеттерден кийин соода келишими түзүлүп, орус каравандардын коопсуздуктарын камсыз кылууга макул болгон.

ХIХ кылымдын ортосунда Боронбай башында турган бугу уруусу Россияга багыт алышкан, анын себеби төмөндөгүдөй эле. Ал мезгилде кыргыздар үч мамлекеттин ортосунда калган, алар чыгыштан Кытай, түштүктөн Кокон хандыгы, батыштан Россия империясы болгон, алар бул аймакка көз артышып, экспансиянын ар кандай формаларын колдонушкан. Россия империясы менен Англиянын Орто-Азиядагы чоӊ оюну күч алган. Сырткы душмандар коркунучту түзүп тургандыгы боюнча Кененсары Касымовдун баскынчылык жүрүштөрү далил болот. Уруулар ортосундагы араздашуулар дагы себеп болгон.

Кытай өкмөтү кыргыздарды өзүнө каратыш үчүн ар кандай жолдорго барышкан, кээде куралданган күчтүү армия жиберсе, айрым учурда баалуу белектерди тартуулашкан. Кытай мамлекети ар дайым Боронбай менен эсептешип, аны керектүү учурда пайдаланууну көздөшкөн. 1849-жылы кы-тайлык бийликтер бугунун айрым манаптарына баалу сыйлык берип, Боронбайдын жылдык маянасына он жамбы белгилеп, жогорку мамлекеттик деӊгээлдеги кызыл шарик  белгисин  тапшырган.    Жогорку деӊгээлдеги кызыл шарик белгиси мамле-кеттик кызматтын реестринде генералдык чинге татыктуу болгон.

Кокон хандыгы ачык агрессияга барган жана 1860–жылга чейин кокондуктардын Бишкек чебиндеги коменданты Атабек датка бугу уруусун өзүнүн букарасы деп эсептеп, салык төлөп турууну талап кылган. Бул мезгилде көпчүлүк уруу башчылары Кокон хандыгы менен кызматташса аз гана адамдар Боронбай, Жантайлар кызматташуудан баш тартып, Россия тарапка оогон, бул кадам ал адамдардын кыргыз элинин келечегин көрө билгендигинде жатат.

Уруулардын  араздашуусу,  сырткы күчтөрдүн баскынчылыгы коомдогу турук-туулукту бузуп, коопсуздукка зыян келтирген. Ички туруксуздук, тышкы коркунучтар күчөп турган убакта эл аралык аренада саясий туура чечим кабыл алуу даанышмандыкты талап кылат. Ушундай касиет Боронбайда болуп, ал өзүн кыргыз элинин келечегине туура багыт берген, стратег экендигин далилдеп койду.

Аймактагы геосаясий абал Боронбай-ды элчилерин үч мамлекетке теӊ жиберип, алардын саясий, укуктук, экономикалык түзүлүштөрүн изилдеп чыгып, алардын ичинде прогрессивдүү жол менен өнүгүп жаткан Россияга кошулууга чечим кабыл алган.

1844-жылы Боронбай Батыш Сибирь генерал-губернатору  П.Д.Горчаковго Россия бугу уруусун коргоп туруусун суранган. 1848-жылы Боронбай Россия бийликтерине Ысык-Көлдө администра-тивдик аймак ачуу боюнча кайрылган. 1850-жылы кыргыздардын элчилерин кабыл алып, алардын өтүнүчүн угуп коюну суранган. 1844, 1848, 1850, 1853-жылдардагы бугу уруусунун Россияга кайрылуулары өз жыйынтыгын берип, алардын Россиянын курамына өтүү боюнча суранычы канааттандырылган. 1854-жылы сентябрда Качыбек баш болгон бугу уруусунун өкүлдөрү Россияга келишкен.

1854-жылдын 13-октябрында бугу уруусунун Россияга кирүү боюнча шарттары иштелип чыгып, келишим кабыл алынган. Ал 14 бөлүктөн туруп, эки жактын укуктары, милдеттери кеӊири жазылган жана эл аралык укуктук маанидеги документ болгон. Бул документ боюнча кыргыздар өз менчигин, башкаруу системасын толук сактап калышкан, алар Россияга салык төлөбөй жана ар кандай чыгымдарды аткарышкан эмес. Россия мамлекети кыргыздарды сырткы душмандардан коргоого милдеттенген. Боронбай бугулардын ага манабы болуп бекип, анын ыйгарым укугу кеӊири жазылып, аткарган кызматы үчүн 343 рубль маяна чектелип, орус армиясынын подполковник чинин алган.

1855-жылдын 17-январында Качыбек бугу уруусунун атынан салтанаттуу ант берип, кыргыздардын Россия мамлекетине кирүү процесси башталган. 1855-жылга карата бугулардын саны он миӊ түтүн болгон. 1856-жылы 3-ноябрында Ысык–Көл өрөөнү Семипалатинск областынын Алатау округунун тутумуна кирип, аны Боронбай манап Россия мамлекетинин атынан башкарып, административдик, соттук, коопсуздукту сактоо маселелерин тейлеген.

Россиянын карамагына киргендигине карабастан Боронбай Ысык–Көлдө аскер чебин курууга каршы болгон. Себеби айрым уруу башчылары антироссиялык көз карашта болуп, орус аскерлерине каршы ар кандай иш аракеттерди жасашкан.1854–жылы уруулар ортосундагы кагылышта Боронбай Кытай мамлекетинен жардам сураган, бирок колдоо тапкан эмес. 1854–1857–жылдардагы уруулар ортосундагы кагылышта Боронбай Рос-сиядан жардам ала алган эмес. Ошол себептен 1857–жылы Боронбай Кулжага көрүнүктүү элчи Тилекмат Жылкыайдар уулун жиберип жардам сураган, бирок Кы-тайлыктар жардам берүүдөн баш тарткан. 1858–жылы гана орус бийлиги Боронбайга жардам бергенден кийин уруулардын ор-тосундагы кагылыш токтогон жана ошол эле жылы Боронбай каза болгон.

Боронбай ар кандай себептер менен Ысык-Көлгө келген башка уруулардын, элдердин өкүлдөрүнө жергиликтүү эл менен бирдей шарт түзүп, аларды бөлүп, жарган эмес. Ал өз доорундагы көрүнүктүү инсандар менен баарлашып, алар менен жакшы мамиле түзгөн. Ысык-Көл аймагынын геосаясий абалына туура баа берип, ошону элдин кызыкчылыгына пайдалан-ган. Анын ушундай касиеттерин Россия империясынын өкүлдөрү Ч.Ч.Валиханов, П.П.Семенов-Тян-Шанский туура баалап белгилешкен. Ч.Валиханов Боронбайды жакшы билип, аны өтө акылдуу адам деп баалаган. П.П.Семенов-Тян-Шанский кыргыздардын саясий системасындагы Боронбайдын ордун кеӊири ачып берген. Боронбай кыргыздардын бий, манап, Кытайдын султан, Россиянын расмий ага манап деген титулдарын, орус армиясынын подполковник наамын алып, ардактуу чепкендер, баалуу кылыч менен сыйланган, алтындан жасалган мөөрү болгон.

Боронбай турмуштун татаал сыноолоруна такшалган, бугу уруу бирикмесинин ага манабы болуу менен элинин камын көргөн чарбачыл, башкаруучу, жерди тыш-кы душмандардан коргоого жарамдуу, кайраттуу жетекчи, кыраакы саясатчы, айлакер, дипломат болгон.

Боронбайдын адамдык мыкты сапатта-ры катары төмөндөгүлөрдү баалап кетсек болот; алысты көрө билген даанышмандыгы, эрки күчтүү, кажыбас кайраттуулугу, кара кылды как жарган калыстыгы, ар-намыстуу жана абийирдүү инсан болгон.

Тегерегине акылман акелерди, айла-кер элчилерди, баатыр жигиттерди топтогон, ички жана сырткы маселелерди чечкенде кеӊешчилердин ой-пикирин угуп, жагдайга туура баа берип, иштин келечегин карап, жети өлчөп бир кескен, акылга таянган, тубаса таланттуу адам болгон.

Боронбай Россия, Кытай мамлекеттери, кошуна казак эли менен дайыма байланышып, көп тараптуу тышкы саясат жүргүзгөн, кыргыз элинин келечектеги сырткы саясатынын Европалык багытта өнүгүшүнө көрүнүктүү роль ойногон, ар кандай күч колдонууга, зордук-зомбулук-ка, тышкы агрессияга каршы турган жана аларга чыдабастык менен мамиле кылган инсан болгондугун тарых далилдеп турат.

Бекбосун БОРУБАШОВ,

юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*