КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ АБАКИР МАМЫТОВ: “АПРЕЛЬ РЕВОЛЮЦИЯСЫ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНА САЛДЫ”

Март революциясынын он жылдыгына, апрель революциясынын беш жылдыгына арналып өткөрүлгөн Бишкектеги конференцияда кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытовдун сүйлөгөн сөзү билим берүү тармагындагы үч тенденция жөнүндө болду.

Биринчи тенденция – эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары билим берүү тармагында принципиалдуу жана келечектүү өзгөрүүлөр орун алды. Ага мисал катары, КМШ өлкөлөрүнүн арасында Кыргызстан биринчилерден болуп реформага баргандыгын, жаӊы концепцияга негиз-делген “Билим берүү жөнүндө” мыйзам кабыл алгандыгын (1992-ж.) белгилээр элем. Мыйзамдын талаптарына ылайык билим берүү системасы структуралык, мазмундук, менчиктик, башкаруучулук белгилерин өзгөрттү, аларды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча туура кадамдарды шилтеди. Постсо-веттик адистик чөйрөдө Кыргыз билим берүү системасынын укуктук мыйзамдык маселелерди туура чечкендиги, ири өзгөрүүлөрдү демилгелегени тууралуу жылуу пикирлерди 2000-жылдарга чейин байма-бай айтылып жүргөнүнө далай жолу  күбө  болдум.  Бирок  бара-бара мындай ой пикирдин деми басаӊдай баштады. Абалды 2003-жылы кабыл алган билим берүү жөнүндөгү экинчи мыйзам жана түрдүү программалар деле оӊдой алышкан жок. Анткени коомдо сенектиктин белгилери кадыресе сезиле башталды.

Экинчи тенденция– эки ыӊкылап ортосунда кыргыз билим берүү системасы жетиштүү деӊгээлде өнүгө алган жок. Анын бирден бир себеби тармактын жана билим берүү процессинин натыйжасын адистик эмес өӊүттөн баалоодо жана керексиз реформаларды демилгелөөдө деп айтаар элем. Анткени турмуштун ыргагынан артта кала баштаган билим берүү системасы албетте кардиналдуу чараларды көрүүнү талап кылаары талашсыз эле. Бирок аны ишке ашырууда мыйзам сакталбады, саясий көз караш алдыӊкы орунга чыгып, окуу жайлардын жетекчилери массалык түрдө алмаштырылды. Окуу жайлардын билим берүү укуктарын аныктоодо волюнтаристтик чечимдер арбын кабыл алынды. Алардын бир тобу соттук териштирүүлөрдө утулуп калуу менен коштолуп, 2005-жылдары иштеген министрдин кадыр-баркы кадыресе кетти, анын адистик даярдыгын жетишсиздиги ашкереленди.

Ага  да  карабай  билим  берүүнү өнүктүрөбүз деген ураан байма-бай чакырылып, бир катар иш-чаралар уюштурула башталды. Билим берүүгө жардам беребиз деген эл аралык уюмдардын курамы, алар бөлгөн грант жана кредиттердин көлөмү көбөйдү. Бирок тийиштүү демилгелердин ээси министрлик болбой, сырттан келген инвестицияларды башкаруу агенттиги боло баштады. Анткени тийиштүү каржы булактары үй-бүлөлүк кызыкчылыктын туткунуна дуушар болду. Аталган агенттик билим берүү Стратегиясын жана улуттук программаны иштеп чыгууну убада кылып, ага түрдүү, жетишээрлик тажрыйбасы жок адистерди тартты. Кызыгы, аталган Стратегия жана улуттук программа баш аягы байкалбаган талкуулардын курманы болгондугунда жана расмий бекитилбей калганында.

Ал эми тармактын өнүгүшүн аныктаган мыйзамдын талаптары эмне болду деген суроо туулат эмеспи. Бул багытта бир катар жаӊылануу орун алышы керек эле. Алардын өзөктүүсү төмөндөгүлөр эле: 2003-жылы кабыл алынган мый-зам билим берүү программаларынын типтерин аныктап, “мектеп жана университет тибиндеги билим”, “формалдуу жана бейформал билим”, “чоӊ кишилерге берилүүчү билим” жана “атайын берилүүчү билим” деген түшүнүктөрдүн мазмунун тактады жана алардын ордун жана өнүгүшүн мыйзамдык өӊүттө аныктады. Ошону менен бирге билим берүү мекемелерин, статусун рынок шарттарына дал келтирүүнү жана келечекте бул тармакта конкуренция абалын күчөтүүнү көздөдү. Жогорку окуу жайларын мамлекеттен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдаштырды. Билим берүү мекемелеринин статусун, билим берүү уюмдарына айлантты. Окуу процессин уюштуруу формаларын тактап, дистанттык окутуу технологияларын колдонууга уруксат берди. Аталган мыйзам аркылуу билим берүү программаларынын багыттары эл аралык тажрыйбага ылайыкташтырылды. Натыйжада билим берүү системасына “академиялык” жана “адистик багыттагы программалар” түшүнүгү киргизилди. Мыйзамдын эӊ бир орчундуу өзгөчөлүгү, билим берүү деӊгээлиндеги тийиштүү белгилерди эл аралык тажрыйбага дал келтирүүнү талап кылды. Мына ушул себептен үч циклдүү жогорку билим берүү сунушталды. Биринчи циклдеги жогорку билим “бакалавр” академиялык даражасын, экинчи циклдеги жогорку билим – “магистр” академиялык даражасын, ал эми үчүнчү циклдеги жогорку билим илимдин кандидаты жана илимдин док-тору илимий даражаларын ыйгарууну мыйзамдаштырды.

Мыйзамдык өзгөрүүлөр экинчи му-ундагы мамлекеттик адистик жогорку билим берүү стандарттарын киргизүүнү, жогорку окуу жайлардын статустарынын өзгөрүшүн шарттады. Тармактык институттар  академияларга,  ал  эми комплекстүү жогорку окуу жайларды университеттерге айландырып, кайра түзүү процесси орун алды. Анткени жогорку билим берүү программалары жаӊы мый-замдын талабына ылайык университеттик билим берүү тибин өздөштүрүп, фундаменталдык жана комплекстүү тереӊ билим берүүнү көздөй баштады. Ал эми тармактык “тар” кызыкчылыкка багытталган мурдагы окуу программалары мезгил талабына жооп бербей калды жана ошол себептен институт статусундагы жогорку окуу жайлар кескин кыскарууга дуушар болушту.

Жалпысынан аталган мыйзам жогорку окуу жайларга коюлуучу талаптарды, окутуу программаларын оптималдаштыруу маселелерин тартипке келтирүүнү талап кылды. Бирин бири кайталаган адистиктери бир окуу жайлардын ар түрдүү структуралык түзүмдөрүндө ача берүү практикасын чектеди, окуу жайды башкаруу маселелерин демократизалаштыруу миссиясын аткарды.

Жаӊы мыйзамдын бардык талаптары толук кандуу жана комплекстүү ишке ашты  деп  айтууга  болбойт.  Өзгөчө жогорку окуу жайларды жетишээрлик деӊгээлде каржылоо, аларды мамлекеттен ажыратуу идеясы, түрдүү менчик формасындагы окуу жайлардын конкуренциясын түптөө жумушу, көз карандысыз аккредитациялоо механизмдерин киргизүү ишке ашпай калды. Анткени 2005-жылы  март  революциясы  орун алып коомчулук өз башынан бир топ баш  аламандыкты  кечирди.  Жогорку билимге болгон көз караш өзгөрүп, окуу жайларды башкаруу саясатташып кетти. Тармактын жана жогорку окуу жайлардын жетекчилеринин дээрлик бардыгы алмаштырылды. Жаӊы муундагы жетекчилердин адаптациялануу этабы бүткөнгө чейин эле экинчи революция жүрүп кетти

(2010-жыл, апрель). Эки революциянын ортосундагы билим берүүнүн актуалдуу маселелерин тийиштүү деӊгээлде чечүүгө бийликтин шайы жеткен жок. Ага байланыштуу жогорку билим берүүдө чечкиндүү жүрүштөр орун албай, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүндөгүөнүгүү ыргагынан артта калды.

Натыйжада билим берүү системасы сенектик абалдан чыга алган жок. Ал эми билим берүү кызматкерлеринин социалдык абалы төмөндөө жолунда жүрүп олтурду.

Үчүнчү тенденция– Апрель революциясы билим берүүнүн өнүгүү жолуна түшүүсүнө өбөлгө болду. Анткени тармактын 2012-2020-жылдарды камтыган Стратегиясы иштелип чыкты, ал расмий бекиди. Өнүгүү үч этапка бөлүнүп, конкреттүү багыттар жана индикаторлор аныкталды. Эӊ негизгиси, билим берүүдө мазмундук реформа демилгеленди. Аны дүйнөлүк  алдыӊкы  тажрыйбага  дал келтирүү маселеси колго алынып, мектеп билиминде да, кесиптик билим берүүдө да окутуунун натыйжасына басым жасоо түпкү максат катары таанылды. Тийиштүү мамлекеттик билим берүү стандарттары иштелип чыкты. Билим берүү кызматкерлеринин социалдык абалын оӊдоо маселеси да колго алынды. Үч циклдүү жогорку билим берүүгө өтүү да реалдуу жүргүзүлө баштады. Билим берүү тармагындагы коррупциялык кубулуштар менен күрөшүү, системдик деӊгээлде уюштурула баштады. Анын эӊ бир орчундуу багыты, студенттерди окуу жайга кабыл алуу аймагында орун алды. Экономикалык оор шартка карабай, 2011-жылы эмгек акы жогорулады. Мына ушулардын бардыгы айтканга жеӊил, бирок аткарууда адистик чечкиндүүлүктү талап кылган татаал маселе экендигин ар бирибиз сезишибиз керек.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*