КЫРГЫЗДЫН ЧЫГААН ИНСАНЫ 65 ЖАШТА

Белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу-педагог, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими, Эл аралык педа-гогикалык билим берүү академиясынын академиги, педагогика илимдеринин доктору, профессор Жангороз Каниметовдун 65 жылдыгына арналган “Билим берүүнү демократиялаштыруу” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция 30-мартта Бишкекте өтөт.

Өрнөктүү өмүр жолу менен өз элинин чыныгы патриот, кесипкөй эмгекчил инсаны катары жалпы кыргыз журтуна таанымал Жангороз Каниметов 1950-жылы 30-мартта Ысык-Көл областынын Түп районундагы Токтоян айылында туулган. 1966-жылы Караколдогу Киров атындагы орто мек-тепти, 1971-жылы Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун аяктап, Түп районундагы Каркыра сегиз жылдык мектебинде мугалим, директор (1971-1979), Арал орто мектебинин директору (1979-1984), Түптөгү Кайкин атындагы орто мектептин директору (1984-1987), Ак-Суу райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы (1987-1988), Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигинин Мектептер башкармалыгынын башчысы, министрликтин коллегия мүчөсү (1988-1991), Ысык-Көл областтык билим берүү башкармалыгынын башчысы (1991-1997), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары (2007) кызматтарын аткарган.

Ж.Каниметов мамлекеттик жана коомдук иштерге айылдык, райондук, областтык, о.э. Жогорку Кеӊештин депутаты катары жигердүү катышкан.

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Эл өкүлдөр жыйынына, 2000-2005-жылдары Жогорку Кеӊештин Мыйзам чыгаруу жыйынына жана 2007-2010-жылдары Жогорку Кеӊешке депутат болуп шайланып, эки чакырылышта (1995-2005) Жогорку Кеӊештин Би-лим, илим жана маданият комитетин жетектейт.

Депутаттык ишмердигинде Парламентте Кыргыз-Түрк достук коомун башкарып, эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарын түзүүдө жана аны өнүктүрүүдө, ошондой эле Ысык-Көл областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн (1999-2009) он жылдык планын Өкмөттө бекитип, аны ишке ашырууга ж.б. иштердин ийгиликтүү жүрүшүнө салымын кошуп, де-путаттык ишмердиги жемиштүү болду.

«Мугалимдердин статусу» (2000), «Билим берүү жөнүндө» (2003), «Экологиялык-экономикалык «Ысык-Көл» системасынын туруктуу өнүгүшү жөнүндө» (2004) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка кыргыз коомчулугунун кызыкчылыгын сактоого багытталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө демилгечи болуп, Ж.Каниметов аны Жогорку Кеӊеште мыйзамдын автору катары коргогон.

1995-2010-жылдары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясына мүчө болуп, 2005-жылы «Мугалимдер статусун» кайрадан иштеп чыгып, ал моделдик мыйзам катары кабыл алынган. Бул мыйзамдар бүгүн улуттук билим берүүнүн базалык-укуктук документи катары кызмат кылууда.

Ж.Каниметовдун  «Ысык-Көл»  коомдук  фондусунун уюштуруучусу катары Ж.Абдырахманов, К.Тыныстанов, К.Карасаев, Боронбай бий ж.б. улуу инсандарды даӊазалоого, китептерин чыгарууга, эстеликтерин курууга карата жасаган коомдук иш-аракеттери, кылган кызматы алкоого татыйт.

Ал 1999-жылы педагогика адистиги боюнча кандидаттык, 2009-жылы «Билим берүү системасын башкарууну демо-кратиялаштыруу» аттуу темада докторлук диссертациясын жактап, педагогика адистиги боюнча профессордук илимий наамын алган. Педагогика адистиги боюнча Адистештирилген диссертациялык кеӊештин мүчөсү, үч монография, эки окуу-методикалык эмгектин, төрт окуу куралдын, 75 илимий, 30 публицистикалык макаланын автору.

Азыркы учурда И. Арабаев атындагы КМУ жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенүүдө. Кыргыз ССРинин жана КР Мугалимдеринин сьезддеринин бир нече жолку, 1988-жылы СССРдин Билим берүү кызматкерлеринин I сьездинин делегаты (Москва) болгон.

Ж.Каниметов «Манас – 1000», «Даӊк» медалдары, Кыргыз ССРинин, СССРдин Билим берүүсүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген мугалими деген ардактуу наамдарга татыктуу болгон. Ал Кыргыз Республикасынын II класстагы мамлекеттик кеӊешчиси, Ысык-Көл облусунун жана АКШдагы Флорида штатынын ардактуу атуулу.

Алтымыш беш жаш мааракесин белгилеп жаткан чыгаан ишмер, белгилүү илимпозубузга чыӊ ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш, чыгармачылык ийгилик жана буга чейинки илимий табылгаларын мындан аркы саамалыктары менен бекемдеп, мекени үчүн ак кызмат кыла беришине тилектешпиз.

Уюштуруучулар:

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык универ-ситети;

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик универ-ситети;

Кыргыз-Түрк «Манас» университети;

Диалог Евразия платформасы;

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы;

«Ата Түрк Ала-Тоо» эл аралык университети;

Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университети.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*