ОКУУЧУЛАРДЫН ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК БИЛИМИН ОЛИМПИАДА БЕКЕМДЕЙТ

27-28-мартта Бишкекте мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы өтөт. Республикалык олимпиаданын IV туру А.Молдокулов атындагы улуттук гимназияда салтанатуу ачылып, эки турда өтүп жаткан окуучулардын олимпиадасы 30-мартта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармонияда жыйынтыкталмакчы.

Окуучулардын интеллектуалдык талантын өөрчүткөн олимпиадалык кыймылдын СССР өлкөсүндө башталышы 1930-жылдарга барып такалат. Тагыраак айтканда, 1934-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарында математика боюнча биринчи олимпиада өткөн.

Экинчиси, кийинки жылы эле Москва шаарында болгон. Ал эми физика боюнча биринчи олимпиаданын тарыхы Москвадагы Ломоносов атындагы университет менен байланыштуу. Анткени жаш физиктер 1939-жылы ММУнун имаратына чогулушкан. Адегенде ушундай ири шаарларда уюштурула баштаган бул турнирлер кийин 1960-жылдары бүткүл өлкөгө жайылтылып, кеӊири кулач жайган. 1990-жылдардан баштап дээрлик бардык предметтер боюнча өткөрүлө баштаган мектеп олимпиадасы бир нече этаптар менен жүргүзүлүп, жыйынтыктоочу этабында бардык региондордон мыктылардын мыктысы, акылдуулардын акылдуусу финалдык акыл таймашында өздөрүнүн чыгармачылык билимин тастыктап келишет.

Олимпиада чындыгында балдардын табигый талантынын өөрчүшүнө кеӊири жол ачып, жеӊүүчүлөрдү түз эле жогорку окуу жайга алып баруучу реалдуу трамплин. Олимпиададагы акыл таймашында математика, физика, химия, информатика сыяктуу так илимдер боюнча эл аралык мелдештерде тарыхый советтик системанын орду орчундуу болгондугун, ошол доордо тарбияланган ушул тармактын белгилүү окумуштуу-ларынын ысымдарынан билүүгө болот.

1990-жылдарга чейин жана андан кийинки деп шарттуу түрдө бөлүнгөн кийинки доорго келсек, мурда алдыӊкы орундарды ээлеп келген так илимдерде россиялык окуучулардын билим деӊгээли эл аралык олимпиадаларда соӊку мезгилде кадыресе солгундап келатканын белгилешкен адистер анын себебин мектептерде жалпы билим берүү деӊгээлинин төмөндөп баратканынан жана билим берүү тармагындагы жетекчилер адистештирилген мектептердин көйгөйлөрүнө жакшы көӊүл бурбай жатышкандыгынан көрүшөт.

Алсак, акыркы 4-5 жылдар аралыгында математика, физика, химия, информатика жана биология предметтери боюнча россиялык окуучулар эл аралык олимпиадада алдыӊкы орунга жетпей келет.

Ушул эле учурдагы көрсөткүчтөрдү карасак, дүйнөнүн 100дөн ашык мамле-кеттери катышкан математика боюнча олимпиадада, акыркы жылдары Кытайдын жаш математиктери алдыӊкы орунду эч кимге бербей келатышат. Экинчи орунда АКШ (катышуучулардын жарымына жакыны кытайлыктар), үчүнчү орунда Сингапур, төртүнчү орунда Россия, андан соӊ Тайланд, Турция мамлекеттери ээлешкен.

Акыркы 10 жылда физика боюнча олимпиадада Кытайдын жаш физиктери алдыда келишкен. Физика боюнча Тайвань мамлекетинде зээндүү балдар менен иштөө боюнча мамлекеттик программа иштелип чыккандыктан, бул мамлекеттин окуучулары да, эл аралык акыл таймаштарында алдыга озуп чыгышууда. Америкалык командалар да олимпиадаларда артта калышпайт, бирок алардын командадагы беш катышуу-чусунун үчөө кытай улутундагы балдар экендиги да маалым.

Мектеп  олимпиадасында жеӊүүчүлөрдү аныктоодо курама командалардын  алдыӊкы  орундарга жетиши медалдардын санына эмес, баллдардын жалпы санына жараша болоорун эстен чыгарбоо керек. Окуучулардын  билим  деӊгээлин аныктоочу таймаштарды кээ бирде чыр-чатактар  коштой  калып  жүрөт. Лидерлик орунда келатышкан кээ бир мамлекеттер уюлдук телефондун жардамы менен катышуучуларга алдын-ала тапшырмаларды берүүгө үлгүргөн фактылар да бар.

Арийне, билим берүү системасына сырттан көз салып турган адистер, катышуучулардын байгелүү орундарга илинбей калышына жеке эле адилетсиз чечимдер себеп болбостон, жалпы эле билим берүү системасында чечилбей келаткан айрым мүчүлүштүктөрдүн жана эӊ негизгиси, окуучулардын жана мугалимдердин би-лим деӊгээлинин көз-көрүнө солгундап баратышынан көрүшөт.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*