СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМИН СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕР КОШТОЙТ

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайда ЖОЖ универсиадасынын салтанаттуу ачылышы болду. Ага өлкөбүздүн 36 жогорку окуу жайынын 28 жашка чейинки студенттери катышып, спорттун 36 түрү боюнча күч сынашууда.

Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен уюштуруу комитети тарабынан даярдалып өткөрүлүп жаткан ЖОЖ Универсиадасы – 2015 студент жаштарынын күнүмдүк турмушуна дене тарбия маданиятын жана спортту айкалыштыруу, алардын арасынан республикалык жана эл аралык мелдештерге ат салыша турган күчтүү  спортчуларды  табуу максатын көздөйт.

“Жаштык” спорттук-массалык жана ден соолукту чыӊдоо иштери боюнча республикалык борбору ишке ашырып жаткан. Бул спорт таймашына 36 жогорку окуу жайдын студенттери,  курсанттары, магистранттары жана ординаторлору катышып, спорттун 17 түрү боюнча күч сынашмакчы. Жогорку лигада сегиз, I лигада сегиз жана II лигада 20 ЖОЖдун студенттери катышкан бул мелдеште спорт-тун оор жана жеӊил атлетика, сууда сүзүү, шахмат, самбо, баскетбол, волейбол, күрөш, эркин күрөш, бокс, стол тенниси ж.б. түрлөрүнөн башка улуттук оюндардан тогуз коргоол, ордо оюндары да бар. 21-апрелде аяктала турган ЖОЖдордун универсиадасын студенттердин самбо боюнча күрөшү жыйынтыктайт.

Жалпы командалык зачетто 1-3-орунду алган жогорку лигадагы  оюнчулар  кубок, диплом жана 40, 35, 30 миӊ сом суммага сертификаттар менен сыйланышса, I жана II лигадагы 1-орунду ээлеген оюнчулар да ошондой эле кубоктор, дипломдор жана 25, 20 миӊ сом сумма өлчөмүндөгү сертификаттарга ээ болушат. Ал эми программадагы спорттун түрлөрү боюнча биринчи орунду  ээлеген  бардык  ли-гадагы командалар ошондой эле кубок жана 1 даражадагы дипломдор менен сыйланыш-макчы.

Мыкты оюнчуларды даярдаган машыктыруучулар, дене тарбия кафедра башчылары, спорт клубдардын төрагалары ж.б. тиешелүү адамдар да кур кетишпей, мыктылардын мыктыларын даярдаган машыктыруучуларды атайын медаль жана грамоталар менен сыйлоо каралган.

ЖОЖдордун универсиадасына катышып жаткан спорттук делегациялар:

Жогорку лига

1. Кыргыз мамлекеттик техни-калык университети.

2. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы.

3. Кыргыз улуттук универси-тети.

4. Кыргыз-Россия Славян уни-верситети.

5. Кыргыз-Түрк “Манас” уни-верситети.

6. Кыргыз мамлекеттик куру-луш, транспорт жана архитектура университети .

7. Кыргыз мамлекеттик юри-дикалык академиясы.

8. Ош мамлекеттик универ-ситети.

I лига

1. Ош технологиялык универ-ситети.

2. Кыргыз мамлекеттик меди-циналык академиясы.

3. И.Арабаев атындагы Кыр-гыз мамлекеттик университети.

4. Баткен мамлекеттик уни-верситети.

5. Бишкек гуманитардык уни-верситети.

6. Кыргыз экономикалык уни-верситети.

7. ИИМ академиясы.

8. Кыргыз улуттук агрардык университети.

II лига

1. Жалал-Абад мамлекеттик университети.

2. Ысык-Көл мамлекеттик уни-верситети.

3. КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академи-ясы.

4. Ош гуманитардык педаго-гикалык институту.

5. «Ата-түрк Ала-Тоо» эл ара-лык университети.

6. Ош мамлекеттик юридика-лык институту.

7. Ош социалдык универси-тети.

8. Талас мамлекеттик укук, финансы жана бизнес башкаруу эл аралык академиясы.

9. Талас мамлекеттик универ-ситети.

10. КР Куралдуу күчтөр аскер-дик институту.

11. Чыгыш университети.

12. Жалал-Абад  экономика жана ишкердик университети.

13. Бишкек финансы-экономи-калык академиясы.

14. Кыргызстан  Эл  аралык университети.

15. Маалымат технологиялар эл аралык университети.

16. Нарын мамлекеттик уни-верситети.

17. Ислам университети.

18. Борбор Азиядагы Америка университети.

19. Дипломатиялык академия.

20. Социалдык өнүгүү жана ишкердик институту.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*