ТОО ИЧИНДЕГИ ФАНТАЗИЯ

Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Камбар-Ата тоолорунун түштүк-чыгыш жагы менен зыпылдап жүрүп отуруп, Аркар-Атуу зоосунун ашуусуна келип жетесиз. Алдыӊыздагы өзөн-сайлар, адыр-кырлар, жылгалар, жайлоолор, күтүрөгөн, жайылып жүргөн төрт түлүк малдар, шаркырап аккан өзөндөгү суулар, бактын ичиндеги, көк чатырлуу үйлөр көзүӊүзгө көрүнөт. Маӊдайыӊыздагы Боз тектир тоо кыркасынын түбүндө, тектирчеде, алма-бактарга чөмүлгөн, ак кутуга окшогон, үстүндө кыргыз туусу желбиреген мектеп турат…

Бул  №33  Убалдакан  Артыкбаев атындагы жаӊы салынган орто мектеп. Азыркы замандын өлбөс-өчпөс, билим храмы болуп калды десек жаӊылбайбыз. Орто мектептин директору Динара Исмаилова шыӊга бойлуу, жайдары мүнөздүү, жаш мугалимдердин бири экен.  Англис  тили  боюнча  мугалим. Жаӊы курулган мектептин баардыгын көрсөтүп, айтып берип жатты.

Мектеп ак мрамор менен, эки кабаттуу болуп салыныптыр. Ал бир гектардан ашыгыраак аянтты ээлейт экен. Мектептин короосу чугун-темир решеткалар менен мыктап тосулган. Айланасы асфальт – бетон менен төшөлгөн. Мектептин кире бериши эки-үч чоӊ коллоналар менен сүйкүмдүү, кооз көрүнөт. Бул жаӊы мектеп 2012-жылы сентябрь айында толук бүткөрүлүп, окууга мүмкүнчүлүк алышкан. Директор Динара Исмаилова андан ары сөзүн улап, төмөнкүлөргө токтоло кетти:

–  Кызыл-Ураан  айылында  18-20 миӊге жакын эл жашайт. Бул №33 Убалдакан Артыкбаев атындагы орто мектеп 202 окуучуга ылайыкталган. Окуучулар эки нөөмөт менен окушат. Жалпы муга-лимдердин саны – 18. Жаӊы мектеп 2012-2013-жылдан баштап пайдаланууга берилген. Эски мектебибиз да жаныбызда турат. Бул устатыбыз У.Артыкбаев агайдын 40-50 жылдагы топурак, ылай, саман менен салынган мектеби илгерки өткөн заманды унутпагыла дегенсип бизди карап турат, – дейт эжей.

У.Артыкбаев  агайдын  дагы  бир окуучусу, элин, жерин сүйгөн, патриот Убалдакан агайдын талантын үйрөнгөн, эл агартуунун отличниги, физик Бешкемпиров Жумагул менен сүйлөшүп калдык Жумагул да ушул мектепте 12 жыл директор болуп иштептир. Өз сөзүн улап төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Убалдакан агай согуштан келип, башталгыч үчүнчү класска чейин окуткан. 1952-жылдан баштап жети жылдык билим берүү мектебин түзгөн. 1997-жыл-дан баштап №33 У.Артыкбаев атындагы орто мектеп деп аталды.

Жетекчи  болуп  турганында  барбаган,  кирбеген   кабинеттер  калган жок. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлигинде болдум, областа да болдум, райондук демөөрчүлөрдү, таптык. Ошентип, бюджет менен кошулуп, мектепке  каралган  жалпы  суммасы 63000000 (алтымыш үч миллион) каражат менен тургузганга жетиштик. Бул жерде айыл элинин, айыл өкмөтүнүн салымдары да көп, – дейт директор.

Эл  агартуунун  отличниги У.Артыкбаев агай жалаӊ мугалимдик эле милдетти эмес, жетекчилик, коомдук кызматтарды да аткарып, көп сандаган муундарды даярдап чыгарды. Башкаларын айтпаганда, өзүнүн окуучуларынын ичинен 15-20га жакыны институтту аяктап келишип, Убалдакан агайдын таалим-тарбиясын алышкан. Мисалы: А. Жумашева, А. Омурбеков, А. Акматалиев, К. Сулайманов, С. Сарпбаев, Исаков, А. Чаргынова, А. Ажыканов, С. Шүкүрбаев, Б. Калдарбаев ж.б.

Мектепте 2014-жылдан баштап Динара Исмаилова жетекчилик кызматын аткарып жатат. “У.Артыкбаев жалаӊ эле биз үчүн эмес өзүнүн өлбөс-өчпөс эмгеги менен, акыл-насияты менен келечек үчүн жаркырап күйүп турган чырагыбыз болуп калды. Ушул күйүп турган отко, чырагыбызга, таалим этип сыйынабыз, дайыма куран окуп, башыбызды ийебиз” – дешет аны менен чогуу иштешкен мугалимдер. Убалдакан Артыкбаев 1920-жылы Үч-Терек районундагы Кызыл-Ураан айылында туулган. 1941-жылдын октябрь айынан баштап 1942-жылдын август айына чейин Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согушта алган жараатынын кесепетинен өз элине кайрып келген жоокер согуштан кийин өзүнүн мектебин ремонттоп, жакшыртууга жетишкен.

Жалаӊ эле бул жерде иштебестен, өкмөт менен партиянын тапшырмасы боюнча эӊ жаман, начар Ак-Жар мектебинде жана Саргата орто мектебинде 22 жыл жетекчи болуп иштеп, көп-көп ийгиликтерге жетишкендиги маалым. У.Артыкбаев агай «Улуу Ата Мекендик» согуштун, «Тылдагы каарман эмгектери» үчүн орден, медалдардын кавалери. Көп жылдар бою айылдык Кеӊештин, областык Кеӊештин депутаты болуп иштеген, «Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги», Согуштун жана эмгектин ветераны медалдары, эл чарбасын өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн «Ардак белгиси» орденинин ээси. Областык, райондун Ардак грамоталардын ээси.

– Жакын арада Убалдакан агайдын айкелин тургузалы деген максатыбыз бар, – дейт Ж.Бешкемпиров. Эӊ туура. Эл эмгектен эскерүүгө тийиш.

Султанмурат ЧОЛПОНБАЕВ,

СССР саламаттыкты сактоонун отличниги, ардагер пенсионер

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*